Кыргыз Поэзиясы
622 subscribers
245 photos
730 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан.
Күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

КҮЗ

Учат сенин жүрөгүңө каргалар,
шамал илкип барат аста аңыздан,
көпкөк бойдон түшүп калган алмалар
көз жашындай – эң акыркы агызган.

Ташыңдын да, талааңдын да табы жок,
тамды чертип жамгыр гана ыр ырдайт,
эгин төккөн кампалардын жаны бош,
бригадирдин тааныш үнү угулбайт.

Чатырына чыгып алып үйлөрдүн,
тоону тиктейт, тиктейт, тиктейт морулар,
жалгыз бактын жанындагы жүргөн ким —
жалбырагы кулап жерге колунан?

Сен белең, күз бутагындан үзүлгөн,
өңдөн азып күттүң кимди мынчалык,
бороон боздоп кыш кирдиби түшүңө,
чана тарткан көрдүңбү аяз зыркаарын?

Бакыт, сүйүү, чарчоо сиңген жолуңа
баштагыдай жакпайт эми үптү күн,
аял өңдүү бошоп турган боюнан
аялуу да, аруусуң да күз бүгүн…


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

КАРАГАН-ЖАЙЫК

Караган-Жайык... караган,
кайран кеч чөптөн тараган.
Каракөз түнүн кучактап,
кайтчу эле тоого таң араң.

Эх, күндөр, күндөр эзилген,
эриндер күйүп кесилген.
Кесилген менен ошол жер
бейиштин төрү сезилген.

Чаңкоосун жандын кандырып,
чалгыны сууга малдырып.
Кымыздык жыттуу биз өпкөн,
кыздардын эрди албырып.

Из жатчу изге учкашып,
из түшкөн жолдор бутташып.
Кош сызык бойдон канчообуз,
кошулбай кеттик жупташып.

Жан курбу достор, жаш достор,
жаштыктан бөлөк чак жоктой.
Адашып кеттик канчообуз,
алтындай кызга баш кошпой.

Мөндүрдөй бир жаап көрүнгөн,
мөлтүр кез өттү өмүрдөн.
Мөлтүрөп түштүк ар кайда,
мөмөдөй шактан төгүлгөн.

Беде аңыз басып ой-түздү,
чөп бүттү, чөңөр сол түштү.
Агарган аппак максатка,
агарган таза жол түштү.

Келинге салган жоолуктай,
кеч кирди, кеттик жолукпай.
Сагыныч зары жүрөктө,
саргайды сары конуштай.

Кайран кез, кайран кечең күз,
кадыр түн тосуп эчен биз.
"Бактылуу болсок дечү элек!",
бактылуу болдук бекенбиз?


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

* * *

Аңызды бойлоп түздөгү,
ак чаңгыл  кечти сүзгөнү.
Талаалар, алтын талаалар,
мен чуркап өткөн күздөгү.

Баладан чыккан үн калып,
басканы торун түн жайып.
Балбылдап чуркап баратам,
батканы калган Күндү алып.

Күн болсо күйбөй түбөлүк,
күнсүгөн жолдор түгөнүп.
Күүгүмдөн качып баратам,
күкүктөй отко сүйөнүп.

Айылга жакындаганда,
жүрөгүм лакылдаганда.
Караган, чийлер, бейиттер,
кар болуп лапылдаганда.

Капкара боек сүйкөгөн,
караңгы каптап чүмкөгөн.
Чымылдап чуркап баратам,
мүрзөдөн качып, мүрзөдөн.

Балалык ырын бакыттын,
мен кайда ырдап ашыктым.
Качам деп көрсө мүрзөдөн,
мүрзөмө келе жатыпмын…


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

КЕЧ

Кеберсийт талаа, чөккөн Күн,
чөл сүйрөп келет аптабын.
Өрөөнгө түшкөн өрттөгү,
өзөндүн онтойт таштары.

От жаккан мештей ысылап,
үйлөр үп, үймөк чөп – жошо.
Кызыл ат кырга – кызыл от,
төө өркөч тоого көз – бото.

Арыктын суусу жалбырттап,
айыл тынч өткөн түндөрдөй
Жалгыз бак – жалгыз булмуздак,
жамгырсыз күндөр – күйгөн жер.

Коруктан тынбай кыйкырган
короздун үнү түгөнүп.
Кол чалгы турат шылкыйган,
короого башын сүйөнүп.

Таранчы чоктой бүркүлгөн,
жалбырттап жатат бул аңыз.
Ак түтүн болуп илкиген
жол гана алсыз чубалып…

Закымды жиреп унчукпай,
желесин тартат зым мамы.
Учалбай турат чымчыктар,
шишкебек болуп зымдагы…


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

ТУУГАН ЖЕР

Шамал менен сызып жетсем элет жер,
гүл кучактап адыр-түзүн, белестер.
Гүл кучактап мени көздөй чуркашты
тегерегиңдин аркасынан теректер.

Салам дедим сагынычтын оту уруп,
салам деди сагызганың озунуп.
Айлангөчөк болуп кетти ай-талааң,
ат жолдоруң таш жолуңа кошулуп.

Атчан, жөөчөн төмөн өткөн, өйдө өткөн,
жай сурашат, келем ысып көйнөкчөн.
Кумурскалуу уюктарың кудуңдап,
таранчылар тааныш учат сенде өскөн.

Аңыздарың күнгө кактап далысын,
тамдарыңан балдар дуу деп жарышып.
Күлүп турду барбалактап наристең,
үрүп турду чамгарактап сары итиң.

Жытын төгүп жылгаларың үргүлөп,
булактарың бут алдыма үйрүлөт.
О, тууган жер! Манасыңды тоскондой,
тосуп чыктың маңдайымдан дүңгүрөп!..


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

БИЙИКТИК

Учат куштар, казат жерди чычкандар,
уктап туруп кайра отуңду жагасың.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек, бирок барбы канатың?

Учуш керек, ураалашат учасың,
дарек дайның өтөт колдон колдорго.
Ким бирөөдөн мамилеңди бузасың,
ким бирөөнүн буту керек конгонго.

Ким бирөөнүн күчү керек басканга,
каалагандай ыргытканга ташыңды.
Аңыраңдап сайдан сайга акканга,
атак-даңкка айлантканга атыңды.

Акыйкаттык! Сага канча чакырым,
жолдосуңбү? Көктөсүңбү көгөргөн?
Кимдин башы? Сеникиби? Акырын
ким бирөөнүн ийинине жөлөнгөн?

О, бийиктик! Сага канча аткан таң,
дагы канча жылдыз күйгөн бар ашууң?
"Бийиктикти издебегин асмандан,
бийиктикти жерден гана табасың?"

"...Жерден гана, селт этесиң куштардай,
мейкиндикте чагылгандын талашы.
Учуш керек дешет сага учкандар,
учуш керек! Бирок барбы канатың?


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

ТАҢ

Кылаңгыр нурга жык толуп,
булуттар булайт үлбүрөп.
Атка окшойт бул таң нык тоюп,
акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып,
жылт этет тоого төнүп жол.
Арчалар жерди таянып,
адырлар чубайт өгүз жон.

Жээгинде мелт-калт шыкалып,
жең болуп жерде агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып,
чарчаган чычырканактар.

Жашыл төр, жалбыз аңкыган,
бел, бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар түшөт кайкыдан,
туяктар көктө шаңгырап.

Жалгыз там, бешик ыргалган,
ээр токум, жалгыз сарай тур.
Ашкана, керме кир жайган,
аш үстөл, жаайт таранчы.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

* * *

Кылчылдайт, аппак кийгени,
– Кыш белең? - десек:
– Ии, - деди.
– Үйгө кир, даам сыз? - деди энем,
Үй муздак болчу, кирбеди.

Очоктун оозу тегерек,
Ой жакты мени тебелеп:
"От жагып койсок эмине,
Олтуруп кетпейт беле!" - деп...


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

АК-САЙ ТУУРАЛУУ АЗЫРКЫ ЫР

Москванын карын кечип, муз миндим,
мактап жүргөн кышын көрдүм Пушкиндин.
Жер үстүнөн, бирок сендей көрбөдүм,
жети ай бою кирип турган кыш жиндин.

Күйүккөндө күндүк жолдон күрсүнүп,
күүлөнгөндө күрткү болуп түртүлүп.
Күндүр-түндүр күкүктөнүп кыш жатат,
Күн чыгыштан Күн батышка бүркүлүп.

Уч-кыйрына көз жетпеген талааңдын,
ууртунда жашайт үйү чабандын.
Ошол үйдө малай болуп кыш жүрөт,
оту менен кирип-чыгып шамалдын.

Бар экенин, жок экенин сездирбей,
жымжырттыктын үнүн бойлоп мезгилдер.
Чыккан күнүн баткан кечи өчүрүп,
актай бойдон тунуп жатат эх, күндөр.

Жээликкенде жер табалбай сыйгандай,
жел да тоңуп, желип-жортор кыр калбай.
Жээгин бербей мелт-калт болуп жатат кыш,
жер шарынын кышын мында жыйгандай.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

КЕРЕГИ ЖОК АТ-БАШЫНДАЙ АЛТЫНДЫН

Күнү бөлөк күйүп турган шамдардын,
күүсү бөлөк күндөр менен айлардын.
Күркүрөгөн күчүн небак унуткан,
күн биерде күү-шаа түшүп жаагандын.

Алтүндөгү сууда калган кийиздей,
асманы да үнү жок жаайт жиникпей.
Агып түшчү чагылган да көрүнбөйт,
ата берип жок кылышкан кийиктей.

Ортосунда чындык менен жалгандын,
ойноок болду окугандан калган муун.
Оюнчуктар батпай турат дүкөндө,
оюну жок, бирок бүгүн балдардын.

... Бала кез ай, бастырманын жанында,
бакыт деген ата-энеңдин тамында.
Кереги жок ат башындай алтындын,
алпар мени Ат-Башыга – айылга?

"Дүңк!" эткенде бүткөн боюң дүрүлдөп,
дүйнө кыйрап, тоолор көчүп күрүлдөп.
Буркан-шаркан кыян жүрүп заматта,
булуттарын шамал айдап күжүлдөп.

Аласалып алай-дүлөй акканын,
Ат-Башынын "шаңк" дей түшкөн асманын.
Арча, четин, шыбактардын жыты аңкып,
айылдардын жаз кучактап жатканын.

Таңын, кечин, тасмал болуп төгүлгөн,
таш жолдорун тарамыштай өрүлгөн.
Тамчылары талды кармап мөлтүлдөп,
таранчынын көздөрүнөн көрүнгөн.

Чагылганы тилинде ойноп жалындын,
"чарт!" эткенде жер солк эткен айылдын.
Жаалы-жамгыр, жашы-мөндүр, жаны-сел,
жасалмасыз накта жазын сагындым!..


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

КҮЗДӨГҮ ЫР

Араба. Талаада кеч,
араба талаа кезет.
Кыңылдап ырдайт, ырдайт,
кыйшайган арабакеч.

"... Өзөндүн ташы калды,
өмүрдүн казы калды.
О, Кудай, чөп деп жүрүп,
өзүмдү ташыгамбы?

Саманга салат, келем,
сабизге бала апкелем.
Сан кылым өткөн экен,
санасам сары ат менен.

Жамандык, жакшылыкты,
кылдымбы? Кимге, кимге?
Кылдымбы жашчылыкты,
жашчылык... билбейм, билбейм.

Сүйдүмбү? Булуттагы
жылдызды ойлободум.
Жашадым, урушпадым,
жамгырда жолдо болдум.

Кыздарым сыйлашам--деп,
күйөөгө тие качкан.
Уулдарым жыргатам --деп,
калаага кире качкан.

Кемпирим... бейитине,
кез-кезде куран окуп.
Кабарды жер үстүндө,
гезиттен турам окуп.

Арабам ашчу төштө,
күндөрдү шыңгыратып.
Күн батар жакты көздөй,
баратам кылдыратып... "

Араба талаа кезет,
араба. Талаада кеч.
Кызарган Күн батаар жак,
кыйшайган арабакеч…


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

МАНАС ТҮНӨГӨН ҮЙ

Эшиктеги бурганакка туш болуп,
Эптеп жетип томолонуп, муз болуп.
Энекемдин от калаган колуна,
Ээрип, көлкүп кетер элем кут болуп.

Үйдөгү отту энем күндө тамызчу,
Үшүгөн суук сопсоо болуп айыкчу.
Көсөө тийген көлөкөлөр тарбаңдап,
Көңдөн чыгып дубалдарга жабышчу.

Ээн талаанын кыш кайтарып үмүтүн,
Ээн сарайды биз кайтарып күнү-түн.
Эртели-кеч эрмек кылып жүрчү элек,
Эне-бала бактыбызды бир үзүм.

Туура жолдун асты туташ сай эле,
Туш-тушубуз тунуп жаткан кар эле.
Тутка кылар атам, агам жок, бирок
Тутка кылар Манасыбыз бар эле.

Оңду-солду окуур элем күпүлдөп,
От алоолоп, жүрөк тынбай дүкүлдөп.
“Арбагыңан айланайын!” – деп энем,
Алкай берчү, тыңшай берчү бүкүлдөп.

Алда кайда алып учкан, азгырган,
Алка-шалка тердеп, ыйлап, каткыргам.
Жиниккендей “Манас” айтып киргенде,
“Жин тийди!” – деп, энем эптеп жаткырган.

Бир тепкедей жаман тамдын кичине,
Бир сыр бары билинчү эмес кишиге.
Баатырларын коштоп алып күүгүмдө,
Бакай түнөп кетер эле ичине.

Кейпи жүдөө кепе тамдын кичине,
Керемети байкалчу эмес кишиге.
Мааникерин коштоп алып күүгүмдө,
Манас түнөп кетер эле ичине...


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү