Кыргыз Поэзиясы
651 subscribers
263 photos
750 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
#Махабат_КАСЕЙИНОВА

*  *  *

Турмуштук көйгөйлөр түбү жок,
Сен мага гүл албай келдиңби?..
Айтууга көп сөздү камынам
Тиштедим эрдимди...

Айрылып барактар ар жерде,
Атакты сүйбөсүн дечи ким?.. 
Теңирден тилеген бактым да,
Термелет бешигим.

Ананчы, айтууга негиз жок,
А жаным эңседи эмнени?..
Карадым артыңдан умсуна
Кеттиңби гүл алып келгени?..

Чыдамым...
Тиштедим эрдимди,
Же дагы гүл албай келдиңби?..
#Махабат_КАСЕЙИНОВА

* * *

Ушул чөйрө, уңгу сөздө маани жок,
Уккан ушак, салыштыруу тажатты.
Ишеничим бирок дале өчпөдү
Издеп барам суусу мөлтүр башатты.

А чынында булар мага керекпи?
Бирөөлөрдүн нанды кандай жапканы,
Бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы,
Бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы…

Карегимде калган изди жашырып,
Көр оокатты улап кеттим дапдаяр.
Кагаз акчаң жетпей жатса бирине
Калем алба, камыр жайчу тактай ал!

Жайбаракат күн кечирип эрте-кеч,
Жашасаң да өмүр өтүп бир кылым.
Алып-учкан кыялыңды токтотчу
Акындыгың алар үчүн бир тыйын.

Көз жиберип алыс-алыс жактарга,
Көрүнгөнгө ага берчү жаш кайда?
Ызалыкты алмаштырып күлкүгө
Ыр чиймеле камыр жайчу тактайга!..


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Махабат_КАСЕЙИНОВА

* * *

Мен бир бакыт издеп жүрүп өмүрдөн,
Өзүмдү-өзүм таппай калган шекилдүү...
Жүрөгүмдө боштук турат көрүнбөй,
Деги Кудай, өзүң мени кечиргин!..

Кайда адамдар мен сырымды айта алаар?
Кайсы бир күн канат байлап учамбы?..
Эмнени издеп жатканымды байкабайм,
Кай тарапка баратканда тушалдым?..

Башканы айтып, бакчаны айтып не кылам?
Багытымды кайсы туштан өзгөртөм?..
Жүрөгүмдө турган ошол боштукту,
Жаңы жазган ырым менен бөксөртөм.

Көкүрөктү ээлеп алган боштуктан,
Жыйнай албай акылымды, эсимди.
Мен бир бакыт издеп жүрүп өмүрдөн,
Өзүмдү-өзүм таппай калган шекилдүү...


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Махабат_КАСЕЙИНОВА

* * *

Бир өмүрдүн жартысынан көбү өлдү,
Бүтпөс түйшүк, басып турган төбөмдү.
Тагдырынан кабары жок эртеңки,
Ушул таңда канча бөбөк төрөлдү?

Билем, билбейм, билбейм билем эмнени?
Ойлор, ойлор... жүдөтүшөт мендеги.
Туулган күнүм мендик дедим сүйүнүп,
Куттук айтпай капа кылдың сен мени.

Табышмактуу суроо бүтпөйт күнүгө,
Улуу ойлор, жетпей койдум түбүнө.
Мен өлгөндөн аалам деле өзгөрбөйт,
Мен өлгөндөн кыйрап кетпейт дүнүйө...


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Келечек_КУБАТБЕК_уулу
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
#Роза_МУКАШЕВА
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ