Кыргыз Поэзиясы
649 subscribers
262 photos
749 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
Кечээ, 9-январда, акын, жазуучу, журналист #Жыпар_АКУНОВА эже бул дүйнө менен коштошту деген суук кабарды угуп, буга азыркыга чейин ишене албай турам. Ыйманы саламат, жаткан жери торко болсун. Мындан башка айтаар сөзүбүз жок. Бирок эже ырларында жашай берет.

МЕН СЕНСИЗ…

Мен сенсиз жашап жүрөм жашай албай,
Бир үмүттү көпөлөктөй айланып.
Жетпей келем талпынып сен тарапка,
Өткөн күнгө наристедей алданып…

Бекинип канча жылдын далдасынан,
Ошол күндөр келет мени азгырып.
Тинтип турат дүйнөмдү тааныш кыял,
Түгөй жүрөк эми минтип азгырык.

Бул турмушта экөөбүз эки өйүз,
Үмүттүн көпүрөсү агып кеткен.
Чебеленип жээк бойлоп жүгүрсөк да,
Аруу сезим капкачан сууга чөккөн.
Мен сенсиз жашай албай жашап жүрөм…


ЖАҢЫ АЧЫЛГАН КЫЗГАЛДАКТАЙ ЖАН КЫЗЫМ…

Жаңы ачылган жоогазындай алоолоп,
Көзгө өтө сүйкүмдүүсүң ай кызым.
Мен өзүмдү көрүп турам өзүңдөн,
Жаңы ачылган кызгалдактай жан кызым.

Таң аткандай жарык түшүп сен тарап,
Тиктеп-тиктеп көркөмүңдөн көз талат.
Шилекейин тарталышпай боз балдар,
Ширин-ширин шыпшынышат бир карап.

Апкаарышып батына албай өзүңө,
Тик карабай телмиришип көзүңө.
Имерилип, не кылаарын билишпей,
Кошаматты кош айтышат өзүмө.

Жаштыгың бар, тал чыбыктай чырагым,
Андан ашат сулуулугуң, чырайың.
Акылдуу бол, намыскөй бол көлөкөм,
Мен теңирден сенин бактың сурайын.

Үйүбүздү шаңга, нурга бөлөгөн,
Перисиңби, ананайын ай кызым.
Жаңы ачылган гүлдүн баары сага окшош
Көз тийбесин, аман жүрчү жан кызым!!!


АЛГАЧКЫ КАР

Түшүмө да кирип далай эңсетип,
Балалыкта аруу, сонун күндөр бар.
Дегдеп, дегдеп, демимди ичке каталбай,
Уктасам да көздү жумуп жаталбай,
Сени кандай күтчү элем аппак кар…

Жүрөгүмдө учуп-конуп жаткандай,
Жагымдуу бир сезим төгүп көңүлдөн.
Бийлеп учуп жааганыңда сампарлап,
Бакытымдай сезилчү элең сен анда,
Асманымдан аппак болуп төгүлгөн.

Балалыкка алып кетчү жалгыз жол,
Чыйырыңда, муз жолуңда калгандай.
Адам жоктур сага сугун артпаган,
Сыйкырыңа, сымбатыңа арбалып,
Акын жоктур сени жоктоп жазбаган…


PS. Азыр сыртта сиз жакшы көргөн аппак кар жаап жатат...

Эженин башка ырлары менен бул жерден тааныша аласыздар.
____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Жыпар_АКУНОВА

* * *

Жылдыз түшүп калган өңдүү төгүлүп, 
Ысык-Көлдө асман сүзүп баратат. 
Чалкып жатса түндө уктап мемиреп, 
Баканын да чардаганы жарашат.

Таңда ойгонсоң айнегиңден чулдурап,
Булбул тынбай сайраганы сайраган. 
Ысык-Көлгө канча келсем ошончо, 
Он сегизге кайткандаймын кайрадан!


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Жыпар_АКУНОВА

ИЗДЕП ЖҮРӨМ

Өзүмдү-өзүм мен бүгүн издеп жүрөм,
Издеп турам жазыла элек ыр болуп
Шыбыр болуп тынч албай тыбырчылап,
Көңүлүмдө төгүлө элек сыр болуп.

Бул өмүргө жазда эңсетип, көксөтүп,
Жазбай койгон сүйкүм, жылуу жаан болуп.
Көрген барбы, үмүтүмдү, оюмду, клоном
Мен өзүмдү жылдардан издеп жүрөм.

Ырлардан кусаланып издеп жүрөм,
Жазбай калган сабым ойдон суурулуп.
Учуп кетип уясына кайтпаган,
Ырларымда мен кеткендей туюлуп.
Мен өзүмдү ырлардан издеп жүрөм…


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Келечек_КУБАТБЕК_уулу
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
#Роза_МУКАШЕВА
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ