Кыргыз Поэзиясы
651 subscribers
263 photos
750 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

* * *

Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай.
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек,
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.

Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө,
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей.
Жашырасың жалгыз башың өлбөгөн,
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.

А гезит не? Көчө, кече, чыр, сурак,
Жайнаган бу алдым- жуттум, сойкулук.
Жана да бу көйрөң артис ырчыга,
Үйлөнгөнү ой жетпеген той кылып…

Күндө ушул айтылаар сөз дүйнөгө,
Күндө ушул угаар сөзүң дүйнөдөн.
Сен аргасыз мени эстейсиң үн дебей…
Унчукпоону мен өзүңдөн үйрөнгөм…

http://kmborboru.su/2010/11/03/narsuluu-gurgubaeva/
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

САНАА-СЫРКООҢ МЕНЕН, ЖУРТУМ, АМАН БОЛ!


Алыстыкты жазыш азыр кандай оор,
Алыстыктан арзыш сага андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа сыркооң менен, журтум, аман бол!

Келем дебей сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
«Аманбыз» дейт үнү менен апамдын,
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Биз мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.

Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөөлүү.
Сен аман бол себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!

Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү...
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

НУРИЗ ӨМҮРБАЕВАГА


Силер жакта жамгыр... Канттиң, саргалдак?
Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?
Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,
Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.

Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.
...Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...

Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.

Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?
Ким бакыттын өңүн даана айта алат?
...Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,
Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап...

Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,
Жаңырыкпыз аскаларга урунган.
...Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз,
Жолуң арбын артты карай бурулган...

Каалаганда чертип, серпип ойногон,
Дүйнө - сага шыңгырак гүл, шыңгырак.
Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,
Эми алдыга алдап-соолап жылдырат.

Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,
Күзгү кылып күндө үч маал карандың.
Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,
Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым...

Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,
Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.
Жакшылары көкөйүмө жеткирген,
Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм.

…Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…

Ошол үйдө жашабаган үчүнбү?
Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста.
Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,
Дүңгүрөгөн да бир өмүр карыздар.
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

СИҢДИМЕ
 
Сага таандык асман, жылдыз, Ай, булут,
Жаз жарашат сага, жийде бурагым…
Муңая албай шаттыгыңдан айбыгып,
Жаштыгыңдан жүдөп, сүрдөп турамын.
 
Сүйүүнү ырдап сурабай да, суратпай,
Торгойдоюм, безеленген бар сырын…
Сүйүү, бакыт сурап сендей куракта,
Мен Кудайды өзүм издеп барчумун.
 
Мен ал кезде жүрөгүмдү таптаза,
Жашачумун жан-ааламга булгалап.
…Бул жашоодон адам чарчай баштаса,
Дүйнө деле карыйт, чарчайт, буйдалат…
 
Дүйнө деле адам менен бир кемип,
Адам менен кошо толкуйт, төгүлөт.
…Менин азыр Күнүм дайым бүркөлүү,
Эстегенден унутканым көбүрөөк…
 
Мен өзүмдү, өмүрдү да бир тутам,
Автобусту… жазды күтүп короттум…
Бир билгеним – жашоого өзүң ый-куса,
Өзүң гана сүйүү, бакыт, жомоксуң!
 
Мен жомоктоп махабаттын маанайын,
Сага айтып бере албаймын көркөмдөп.
… Тозот сүйүү, жарашпаса таалайы,
Кирдейт сүйүү, караласа көрпенде…
 
Маңдайында маржан көкүл жаз туруп,
Маанайы суз согот далай бул жүрөк.
… Сүйүү деле жаңылганды жазгырып,
Сүйүү деле бүлүнгөндү бүлдүрөт…
 
Жомокто эле айкөкүлдөр, перилер,
Чоң сүйүүгө, ханзаадага жолугат.
Жашоо андан кыйла бери, берирээк,
Сезимдер бар сүйүүдөн да чоңураак.
 
Дүйнө деле адам менен бир арып,
Адам менен бирге туулуп, бирге өлөт.
…Асманыңда өзүңө окшош чырайы,
Чарчай элек дүйнө бары  - чоң дөөлөт…
 
Асманыңда өзүңө окшош чырайлуу,
Таза  Дүйнөң бар экени - чоң дөөлөт!


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

СИҢДИМЕ

Сага таандык асман, жылдыз, Ай, булут,
Жаз жарашат сага, жийде бурагым…
Муңая албай шаттыгыңдан айбыгып,
Жаштыгыңдан жүдөп, сүрдөп турамын.

Сүйүүнү ырдап сурабай да, суратпай,
Торгойдоюм, безеленген бар сырын…
Сүйүү, бакыт сурап сендей куракта,
Мен Кудайды өзүм издеп барчумун.

Мен ал кезде жүрөгүмдү таптаза,
Жашачумун жан-ааламга булгалап.
…Бул жашоодон адам чарчай баштаса,
Дүйнө деле карыйт, чарчайт, буйдалат…

Дүйнө деле адам менен бир кемип,
Адам менен кошо толкуйт, төгүлөт.
…Менин азыр Күнүм дайым бүркөлүү,
Эстегенден унутканым көбүрөөк…

Мен өзүмдү, өмүрдү да бир тутам,
Автобусту… жазды күтүп короттум…
Бир билгеним – жашоого өзүң ый-куса,
Өзүң гана сүйүү, бакыт, жомоксуң!

Мен жомоктоп махабаттын маанайын,
Сага айтып бере албаймын көркөмдөп.
… Тозот сүйүү, жарашпаса таалайы,
Кирдейт сүйүү, караласа көрпенде…

Маңдайында маржан көкүл жаз туруп,
Маанайы суз согот далай бул жүрөк.
… Сүйүү деле жаңылганды жазгырып,
Сүйүү деле бүлүнгөндү бүлдүрөт…

Жомокто эле айкөкүлдөр, перилер,
Чоң сүйүүгө, ханзаадага жолугат.
Жашоо андан кыйла бери, берирээк,
Сезимдер бар сүйүүдөн да чоңураак.

Дүйнө деле адам менен бир арып,
Адам менен бирге туулуп, бирге өлөт.
…Асманыңда өзүңө окшош чырайы,
Чарчай элек дүйнө бары  - чоң дөөлөт…

Асманыңда өзүңө окшош чырайлуу,
Таза  Дүйнөң бар экени - чоң дөөлөт!


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

ГРУЗ 200

Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Тирүү калган... Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт...
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы сен, бирок алар билишпейт.
...Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт…

Жүк-200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?..


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

* * *

Аяп турдуң, аяп турдум... Билгендей,
Кар аярлап жаап жатат ал тургай.
...Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,
Кеткен менмин кезегинде таптырбай.

...Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү
калып кеткен далдаасында жылдардын...
Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн.
Мен болгону үшүп турган бир жанмын.

Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт?
Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат.
Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип,
айыптуулар гана алдында актанат.

Кардан парда кайкып турган мунарык,
кайрылышка чейин гана көз жетет.
...Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу,
«оо, жөн эле, жөн эле бир сөз» дешет…

Кабагыңда кардын калтар бүртүгү.
Каяктандыр качанкынын шарпы урат.
...Бизге таандык болгон менен бул сүйүү,
Ар ким ага өз туйганын калтырат…

Көк да, жер да карлайт бура бастырбай,
Кадам шилтейм, калат артта мүнөттөр...
Да бир ирет таштап сени, баш бурбай,
Басып кетиш үчүн, Теңир, жүрөк бер!

Аяп турдуң, аяп турдум... Билгендей,
Кар аярлап жаап жатат ал тургай.
...Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,
Кеткен менмин кезегинде таптырбай.

Кыя чаап, карабастан кыр- жарды,
Экөөбүзбүз басып кеткен  бир кезде.
... Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын,
Сыйынган оң көңүлдөгү күмбөзгө.

... Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын,
Сыйынган оң көңүлдөгү күмбөзгө.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

* * *

Башынан башаламан бул өмүрдө
Биз азыр жат эмеспиз, өз эмеспиз.
Сүйүлгөн, сүйгөн үчүн күнөөлүүдөй,
Болгону тагдырлашпыз, көчөлөшпүз.

Жашоонун туура көргөн катасы үчүн
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.

Мен азыр сенин ыйын кошо ыйлап,
Кайгырсам көрөм сенин кайгырганың.
Азаптан экөөбүздү бошотчудай
Бактысын тилейм кээде жалгыздардын.

Билбеймин, кайда барам, кагылайын,
Өзүнө буйрубаган сүйүүм менен?! 
...Сен - менин үзүлбөгөн жалбырагым.
Мен - сенин жалбырагын үзүлбөгөн…

Бар туруп, бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп...
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт.

...Мен - сенин үзүлбөгөн жалбырагың...
Сен - менин жалбырагым үзүлбөгөн...


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

* * *

Өтөөр күндү элдей эле узатып,
Келээр күндү элдей эле тоскум бар.
Элдикиндей кыялдардан жаралган,
Элдикиндей күндөр, неге жоксуңар?

Азга арсар, көпкө чалпоо мендейге
Жарыгы эле жетет беле бир үйдүн...
Мен бакыттын баасын качан көтөрүп,
Андан көптү качан каалап үлгүрдүм?


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

ДҮЙНӨЛӨШҮМ

Дүйнөлөшүм, көтөрө албай тулкумду, 
сага келдим, угасыңбы дартымды?
Жаным  бүгүн көктү  карай булкунуп,
жаным бүгүн жерди карай тартылды.

Жагалданган жашоо токтоп калбады,
жаз төгүлүп гүлдөп жатат биз жакта...
Тыңдабадым, тыңдаганы даабадым,
сен тууралуу жаман-жакшы ырдашса…

Карегимде жамгыр, обон, булбул, ыр,
бир түп сирень бүрүн төккөн күлмүңдөп...
...Тагдырыңдын канат-шагын жулдуруп,
тамырыңды сактаганың, ким билмек?!

Дүйнөлөшүм, коштоп биздин сапарды,
ыр да болду, өмүр болду бир өксүк.
“Акын болом... Акын!” деген, качандыр,
тилегимди тиктеп турам жүрөксүп…

Көптү билбейм.., жашаганды билбеймин,
эрежени  ким мага айтат болжолдоп?
...Жайкаган жок жаздын муңун бүрлөрү,
жашоо деле мен күткөндөй болгон жок…

Айбыгамын Күндүн көзүн кароодон,
алып учпайм, ак чардактар кайкыса...
Какшап кайрып жаткан, билбейм, кай обон,
көкүрөктү көзөп өткөн  кай куса?

Сага келдим көтөрө албай тулкумду,
Дүйнөлөшүм, үндөбөсүм,  кыйбасым...
Жаным бүгүн көктү карай булкунду...
Жаз гүлдөдү... Апрелдин жыйырмасы...


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

КЕЧИККЕН КАТ

(Элмирбек Иманалиевге)

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз...
...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?

(Жүдөттү го... Кай тарапты караба:
Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар.
Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,
Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар).

Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,
Жараласа, жаралады бир сени...
Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?
Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?..

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
...Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?...

Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,
Оңой бекен күйүп турган от болуу?
...Канча жолу карайлаган жолдордо,
Сенин ырың бүт өмүргө окшоду…

Доорду доорго, кылымдарды кылымга,
Туташтырган тунук, улук добушум.
...Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,
Айтылбаса - доордун деле жогу чын…

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?

(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы...
...Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?...)

Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт ко бул кылым.

Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албастыр бул кылым...

____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

*   *   *

Бирде сургулт, бирде киргилт, түнөргөн,
амансыңбы, ырдын жүдөө асманы?
Ыңгайына карап жашап жүрөм мен,
жашоону да, сүйүүнү да, башканы.

Бир кепти угуп, бирин укпай... Уксам да,
унуткарып, арсыз көңүл алаксыйт.
Үзүл-кесил, ойгонгондо, уктаарда,
эске келген жашоом ырга жараксыз!

Кездер болгон, жаалданып, жабыгып,
дүйнө кара тартып калса, муңканып,
жамгырында жүрдүк жаштык жамынып,
добулунда добушту улай чуркадык...

Кездер болгон, алча албырып гүлдөсө,
аалам кошо гүлгө айланчу, эркелеп...
...Көңүлүңдүн сынган жерин билбесең,
өлөт экен жаштык, сүйүү,  эрк деле.

Жолдон жолго ыргытылган өмүрдүн,
болбойт экен жообу, суроо-сопкуту.
Кантип ырдайт өмүрдүн бир өңүрүн,
канатчандын катарында жок киши?

Билбей калдык, биз барбаган кечелер,
майрам, тойлор суз өттүбү, шаңдуубу?
Жашоо өзү билгениндей жетелеп,
жардан жарга такайт экен жандууну...

Оо, биз эмне? Бизсиз деле жашоонун,
жанып-өчөт жалтылдаган жарыгы.
Жүрөгүбүз жүз жеринен бошошуп,
Оюбуз да бизден эрте карыды.

Бирде сургулт, бирде киргилт, түнөргөн,
амансыңбы, ырдын асыл асманы?
Ыңгайына карап жашап жүрөм мен,
жашоону да, сүйүүнү да, башканы…


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Келечек_КУБАТБЕК_уулу
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
#Роза_МУКАШЕВА
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ

КЕТЕРДЕГИ ЫР

Кетпе дешет деңиз, толкун, көчөлөр,
кежирленет кетип көнгөн бул башым!
Н. Өмүрбаева

Байкуш апам, кетпегин деп айта албай,
ак жол тилеп, кайраттанат калп эле.
Тагдырыма шамал тийсе чайпалган,
тээ башынан караманча каршы эле.

Өзүм көрүп, өзүм көнүп-көнбөгөн,
тагдырыма апам акыр көнгөнбү?
Тек айтпады ак-карама көр жеме,
тек айтпады ыйымды, ылдый-өйдөмдү.

Сөзү кемип, көөнү сынып көп жерде,
анча неге мүнөзүмдөн көп күйдү?
...Балким, мени, кадам сайын өрттөнгөн,
дүйнө өзү башкачараак өстүрдү…

...Аянычтуу апам, асман, жаз, талаа,
аянычтуу айыл, көчө, үй ичи...
Мекенге да, тууганга да, башкага,
жалганга окшоор кетчү жандын сүйүүсү…

Жалган эмей! Жаздын өңү ачылбай,
өрүк турат бөртүп, бирок гүлдөбөй...
Бери жылган бейиттердин башында,
ата мага топуга окшош бир дөбө…

...Аяп турам жанды, жазды үшүгөн,
кантсем экен, кардын суугу урганын?
...Кеткен сайын кемип жүрүп ушу мен,
билбейм, нени, качан, кантип ырдадым?


__________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү