Кыргыз Поэзиясы
590 subscribers
219 photos
699 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан.
Күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
Төмөнкү саптар кайсы акынга таандык:

“Асты жыртык батинкенин ичинде, Майтак бутум күлүк минип баратчу”?
Anonymous Quiz
43%
Бурулкан Карагулова
40%
Алмаш Чойбекова
18%
Айгүл Узакова
#Жумалы_ОРОЗО_уулу

МАКТАП ЖҮРӨМ

Мен сени оозумда мактап жүрөм,
Адам болуп калар деп сактап жүрөм.
Жакшылыкка жамандык жандырсаң да,
Жамандыгың эсебин тактап жүрөм.

Ичимде эмес сыртымда мактап жүрөм,
Жок жеринен бир кычык табабы деп.
Чам алдырбай баркымды сактап жүрөм,
Чаян болуп тар жерде чагабы деп.

Мен сени калптан эле мактап жүрөм,
Туйдурбастан туурасын жактап жүрөм.
Көөдөктүгүң эл билет айтпасам да,
Мактап коюп баркымды сактап жүрөм.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Бекмырза_РАХМАН_уулу

КҮН

Чоң атам экөө ойгонуп эрте,
Кыраңдан карап турушат элге
Биринин ысык илеби тарап
Биринин ою чачылып желге.

Көр дүйнө көзү ачыла түшүп
Жылуу нур Жерге чачыла түшүп
Күлдүрүп салат гүлдөрдү түркүн
Түнөрө түшкөн түңкүсүн үшүп.

Желеси жетип, жибитип өтсө,
Жердеги чөптөр желбирейт көпкө
Көөнү кир, ою бузуктан сактап
Көтөрүп жүрөм Күнүмдү көктө.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ

* * *

Мен бул дөңдү
Бала кезден ашкамын,
Укпай коюп апакемди
Чыбыгынан качкамын.

Келбеймин деп сөз бергемин,
Уулу болом башканын.
Кеч киргенде бирок баргам,
Курсак ачып ач карын.

Азыр болсо мен бул дөңдө
Жыйырма бир жаштамын.
Мурункудай эле экенсиң,
Өзгөрбөптүр таштарың.

Ал кездеги мендей болуп
Ачкарынбы башка ким?..


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Бектуруш_САЛГАМАНИ

ТАЯК

— Жыл бою не келбедим? – деп кадалып,
карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап,
калган экен апам таяк таянып.

Көзү нурсуз – карай берчү жолума,
бели үңкүйүп, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса таяк өбөк-жөлөгү,
минтерлиги келбептир эч оюма.

Ичтен аяп үтүргө окшош апамды,
имериле карап түптүз таякты,
кудурети күчтүү аспап өңдөнүп,
кайра эстедим Муса алейхис-саламды.

— Мени төрөп, жууп, чоңойткон адамга,
жарым кулач келген ушул таякча
өбөк, жөлөк болалбаймбы?! – деп ичтен,
өзүмдү-өзүм турам сөгүп, аяп да...


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
Кыргыз Поэзиясы pinned «АКЫНДАР А #Айзада_АБАЗОВА #Фатима_АБДАЛОВА #Гүлзира_АБДИМАМАТ #Алиман_АБДЫКЕРИМОВА #Кадырбек_АБЛАБЕКОВ #Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА #Тенти_АДЫШЕВА #Элмира_АЖЫКАНОВА #Зайырбек_АЖЫМАТОВ #Атантай_АКБАРОВ #Алик_АКИМАЛИЕВ #Бүкадича_АКИМЖАН #Сагын_АКМАТБЕКОВА #Азима_АКУНОВА…»
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ

МАНАС ТҮНӨГӨН ҮЙ

Эшиктеги бурганакка туш болуп,
Эптеп жетип томолонуп, муз болуп.
Энекемдин от калаган колуна,
Ээрип, көлкүп кетер элем кут болуп.

Үйдөгү отту энем күндө тамызчу,
Үшүгөн суук сопсоо болуп айыкчу.
Көсөө тийген көлөкөлөр тарбаңдап,
Көңдөн чыгып дубалдарга жабышчу.

Ээн талаанын кыш кайтарып үмүтүн,
Ээн сарайды биз кайтарып күнү-түн.
Эртели-кеч эрмек кылып жүрчү элек,
Эне-бала бактыбызды бир үзүм.

Туура жолдун асты туташ сай эле,
Туш-тушубуз тунуп жаткан кар эле.
Тутка кылар атам, агам жок, бирок
Тутка кылар Манасыбыз бар эле.

Оңду-солду окуур элем күпүлдөп,
От алоолоп, жүрөк тынбай дүкүлдөп.
“Арбагыңан айланайын!” – деп энем,
Алкай берчү, тыңшай берчү бүкүлдөп.

Алда кайда алып учкан, азгырган,
Алка-шалка тердеп, ыйлап, каткыргам.
Жиниккендей “Манас” айтып киргенде,
“Жин тийди!” – деп, энем эптеп жаткырган.

Бир тепкедей жаман тамдын кичине,
Бир сыр бары билинчү эмес кишиге.
Баатырларын коштоп алып күүгүмдө,
Бакай түнөп кетер эле ичине.

Кейпи жүдөө кепе тамдын кичине,
Керемети байкалчу эмес кишиге.
Мааникерин коштоп алып күүгүмдө,
Манас түнөп кетер эле ичине...


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
 · 
НУРИЗА ПАЙЗИДИНОВАГА

Жазмаанайым, жаркылдаган жакшы кыз,
сени көрүп жаштыгымды эстедим.
Ысымыбыз окшош экен, бактыбыз
окшобосун! Мен бар-жоктон четтемин.

Жүрөгүңдүн жүзүн ачпай баарына,
адамдарды азыр таанып үйрөнгүн.
Жарык издеп, жанашкандар жаныңа,
караңгыга сүйрөйт кайра дүйнөңдү.

Караңгынын капшабында  жанчылып,
жашап жүрөм, көздөн далдаа жан сактап.
Сен от көрсөң, жарыгына талпынып,
мен от көрсөм, качып турам жалтактап.

Качып жүрүп, жүрөгүмдү мокоттум,
кыйын экен коркоктордун жеңмеги.
Күн желелүү, кыял-наздуу, жомоктуу,
мокобосун бала жүрөк сендеги.

Сүйүнчүңдү, кайгыңды да коругун,
болбойт өмүр дайым тегиз, бир кылка.
Ойно, чурка, шамал жолун тооругун,
бирок ага кыялыңды жулдурба.

Мен айтпайын кыялдарды кыйраган...
Не жашасам, өз ичимде жашадым.
Дүйнө мерез, гүлдү айланып ырдаган,
көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.

Дүйнө мерез, сен дүйнөгө ишенбе,
көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ

ИЗДЕП КЕЛЕМ

Үстүм жука, суук какшайт карандай,
Ээ болалбай сай-сайлаган санаама.
Издеп келем бакыт өңдүү табалбай,
Жалдаганга жалгыз бөлмө калаада.

Үйлөр батпайт сай ташындай шагырап,
Үлкөн калаа жашоосу бар мол, бекем.
Мында кеткен жаман-жакшы жамырап,
Бакыт деген кандай неме болду экен.

Башымда ойлор жаңжалдашып ич ара,
Таппай калып кээде өзүмдүн атымды.
Издеп келем арзаныраак ижара,
Анан дагы Дүйшөн деген акынды.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ

НУР ААЛАМ

Тепчип алып айын кышкы жакама,
Топчу кылып жетигенин көйнөккө.
Жылуу денем, а түн үшүп аязда,
Башын катат айрык булут төшөккө…

Айрык ойдон сезимдерим менин да,
Жылуулукту туйбай ушул кышында.
Түнмүн үшүп жанган менен жылдызым,
Өчүк турат көөдөндө от учурда…

Топчуланбай өткөн жайдак күндөрүм,
Жаз жыттана таң да тура баштады.
Бирок кетпей койду кышкы түндөрүм,
Жетигенде калып сезим аптабы...

Чыбыр гүлдүү жашыл азыр көйнөгүм,
Күндөн кадап седеп-топчу төөнөгүч...
Ак булуттар алыстарга кол булгайт,
Кош, түндөрүм, Нур мейкинге жөнөдүм!


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Назгүл_ОСМОНОВА

ТАҢКЫ ЭЛЕГИЯ

Өмүрдүн чынын, жалганын,
Өксүгүн, муңун, арманын.
Толкуткан назик кыялдар,
Толготуп ойго салганын.

Туйлаткан тунук махабат,
Марага жетпей калганын.
Айткым бир келди өзүңө,
Алдымдан чыксаң ардагым.

Күлдүрүп, бирде ыйлатып,
Кууратып, бирде жыргатып.
Бир келээр асыл өмүрлөр,
Алыстан шыңгыр үн катып.

Мелтирейт даркан талаалар,
Мелжегис түркүн сыр катып.
Ойлорго батып миң түркүн,
Сапарга чыктым түн катып…

Январдын ушул таңында,
Жашоонун бейиш багында.
Жалгыздык болуп жан жолдош,
Келемин турмуш сабында.

Кабарсыз кетсем узакка,
Кымбатым мага таарынба.
Сен деген сүйүүм жүрөктө,
Сермелип анча сагынба...


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Кемел_БЕЛЕК

ЖЕҢЕМДИ ЭСТЕП ОТУРАМ

Көпүрө болуп дайрадай тунук сезимге
кат ташып жүрчү кездерим эсте,  Жеңеке.
Жолукчу элек "үчөөбүз" болжоп кечинде,
Экөөңөр – жерде,
а кайниң чыгып терекке.
Кечиргин Жеңе, катыңды далай окугам,
"Бактымсың!.." десең балалык ышкым козголуп,
Эр жетип эми өзүңдү эстеп отурам,
Бактылуу күнгө уйкусуз түндө ой жоруп,
Акыркы жолу кат берген элем бешимде,
Аймалап беттен өпкөнүң алгач ошол го.
Ал кезек өттү,
кечиргин, мейли, кечирбе,
эх, билсең кандай чоңойгум келген ошондо.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА

К...га

Таба албай турам көзүңдөн нурду баягы,
Тамашаң кайда жолуккан кезде сүйүнтчү.
«Табымды сураар сырдана жандан айрылып,
Таарынып жүрөм тагдырга» дейсиң күйүттүү.

Бөксөрбө досум, ансыз да арбын бөксө жер,
Бир эле саамда сындырып коет куса да.
Билемин сени, кайраттуу жансың башынан,
Бүттү эми, чыйрал, алдырып койбой ызага.

Кымбаттуу досум, кадырлаш адам өттү деп,
Кыйкырсак дагы мына бул жерди тепкилеп,
Кылчайып койбойт, билесиң аны өзүң да
Кыйнаарын, бирок, жүрөктү мыжып, эсти жеп.

Баратат ооба, суюулуп катар акырын,
Биликтей улам азайып күндөр көңүлдүү.
Бийлиги менен жүргөндө ошол жаштыктын,
Биз кайдан билдик аз экендигин өмүр бу.

Алкынып аккан дайраны тосор күч барбы,
Агарган таңды атпа деп кантип тыябыз?
Айланган күндү көрөргө өмүр түгөнүп,
Акыры бир күн биз дагы аста жыларбыз.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ

* * *

Сен келип кайсы дүйнөдөн,
Сезимге салдың дүрбөлөң?
Өзүңдөн чыктым өрт болуп,
Өзүңдөн чыгат күл дөбөм...

Күнүгө күндөр жок болуп,
Күл күйбөйт кайра от болуп.
Жалыным турмуш жаап алса,
Жашаймын кызыл чок болуп.

Күнөөсүз ырлар жазылып,
Күү болуп боздойм жаңырып.
Бир тамчы жашым тып этсе,
Бир барак онтоп жабылып...

Жан сырым катып ичиме,
Жашырам айтпайм кишиге.
Сейилдеп чыгам ааламды,
Сен кирген түнү түшүмө.

Көбүктө эмес – көлдөсүң,
Көз жетпес алыс – жердесиң.
Жар болуп жашап – андасың,
Жан болуп жашап – мендесиң.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Рахат_АМАНОВА

КӨҢҮЛ ЧӨККӨНДӨ

Негедир бардыгынан тажап турам!
Негедир ушунчалык чарчап турам!
Сүйлөшүп, сырдашууга дарманым жок,
Сен гана түшүнөсүң жакын адам.

Көөдөнүм боштук ээлеп, көңүлүм суз,
Көңүлсүз карайм баарын, жүрөгүм муз,
Кайдыгер карап жатам бир чекитти,
Какшыган чөлмүн азыр тамчы суусуз…

Жүзүмдө жылуулук жок басып барам,
Жүрөмүн азыр эптеп илең-салаң…
Көрмөксөн болуп койчу, суранамын,
Көчөдөн көруп калсаң тааныш адам…


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ

КЫЗГАНЫЧ

Дегдеп жүрөк, жолукканда жаркыным,
Делбе болуп, демим жетпей сүрдөнүп.
Сүйлөй албай, тилден калып, тартынып,
Сүйөөрүмдү кайдан билдим бир көрүп? 

Кайдан билдим? Кара баскыр ошол күн,
Каңтарылып кеткен өңдүү дүнүйөм.
Карайладым, жер кучактап төшөлдүм,
Кайтып бара жатып сенин үйүңөн. 

Жоопсуз сүйүү. Жол басылбай токтогон,
Жогум, барым билинбестир сулууга.
Күндөргө мен бир чайналып жок болом,
Күчүм жетпей кайра экинчи турууга. 

Түгөнөмүн, түгөл жашоом өтөлбөй,
Түнөк таппай махабаттын айлында.
Куюлармын чөлгө төккөн нөшөрдөй,
Кумга сиңип күйүтүм да, кайгым да. 

Сезимсизим, сен бир убак ай жарык,
Сейил бакка чыккан кезде акырын.
Албууттанып мен шамалга айланып,
Алып учам колуңдагы чатырың. 

Жааган кардай жаның койбой кучактап,
Жазгы желдей алкымыңдан аймалап.
Күздү узатып, жазды коштоп, кыш аттап,
Күтүүм менин төрт мезгилге айланат. 

Көңүл муздап, таңды тосуп кеч менен,
Көөдөнүмдө жылдар тоңуп, ай үшүп.
Кыйрап турам сен келаткан кезде мен,
Кызганычтан сынып түшүп, майышып. 

Бар дүйнөдө бак айтпаган делбирим,
Байкабастан жамгыр жууган жашымды.
Башка менен колтукташып сен бүгүн,
Баратасың жөлөп коюп башыңды.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Мелис_МАМАТЖАНОВ

СЕНИН АТЫҢ ЫР-БАЛА

(Балам Элмирбекке)

Тыңшап турам тагдыр созгон ыргакты,
Тар бөлмөмдө угулбаган, угулган.
Балам сенин алаканың сыяктуу,
Жашоо ушул жумулбаган, жумулган.

Жасалмасыз каткырганың талашам,
Жаштыгымды көздөрүңдөн караймын.
Сен асмандан жылдыздарды санасаң,
Мен аскада өмүрүмдү санаймын.

Эркетайым, сенин атың ыр-бала,
Аймалай бер тагдыр жулган жакамды.
Бекимбечек ойнойбуз деп кыйнаба,
Өзүн-өзү таппай жүргөн атаңды.

Туйдуң бекен жан дүйнөмдүн жашоосун,
Коргойм көздү чыкпай калган жашыман.
Жамгыр жааса сен жүзүңдү тососуң,
А мен болсо кол чатырга жашынам.

Тилегиңди тагдыр менен туштап ал,
Турмуш-мара жарыштагы тулпарсың.
Мен уктабай жүргөн кезде уктап ал,
Мен чуркабай калган кезде чуркайсын.

Мен уктабай жүргөн кезде уктап ал,
Мен чуркабай калган кезде чуркайсын.


____________________

👉 Башка каналдар: "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү