Кыргыз Поэзиясы
649 subscribers
262 photos
749 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
#Абдилаат_ДООРОВ

ЖҮГӨРҮДӨЙ БАЛА КАРМАП АЛЫПСЫҢ


Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
— Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
«Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр».

Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

http://kmborboru.su/2015/01/09/abdilaat-doorov/
#Абдилаат_ДООРОВ

БҮГҮН МЕН ТИКТИМ КӨЧӨТ

…Бүгүн мен тиктим көчөт,
мойнума түштү милдет.
Арык казып, суу коюу,
олтурбай
күндү күн деп, түндү түн деп.

…Бүгүн мен өмүрлүк жар,
жөнөкөй кызга тоолук.
Балбылдайт көздөрүбүз,
бакыттын кушу конуп!

…Бүгүн мен болдум ата,
болдум жар жана багбан.
Турмушка кирип келдим:
уялчаак балалыктын
ыпысык кучагынан!


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

АЙ КЕЛИПТИР

Ача салсам көзүмдү бүгүн түндө,
Алтын нурун төгүлтүп асыл мүлдө
Аза бойго жүрөгүм, өзөгүмө,
Ак жайылган ыпысык төшөгүмө,
Ай келиптир, аруу жан, ай келиптир.
 
Агатайын сагынткан карындаштай,
Атилес шай көйнөгүн жамынбастан.
Капилеттен тарынтып алган асман,
Каш-кареги, эринин жалын баскан
Ай келиптир, азада, ай келиптир.
 
Алды мага жөлөнүп, таштап боюн,
Алоолонуп, өрттөндү ичи койнум.
Кумарга мас алакан, манжа, колум,
Кучакташсаң ай менен кандай сонун
кандай сонун, кандай сонун, кандай сонун.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

САГЫНДЫМ

Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн
шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк.
Асыл жар чачын бөлүп жик салгандай
асманды саманчынын жолу бөлүп.

Койчунун коңур үнү созолончу,
селкинин козгоп жүрөк делебесин.
Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып,
ай нуру өпчү боз үй керегесин.

Сагындым нымдуу, салкын жайлоо түнүн,
эскен жел – сырдуу жомок баянындай.
Аппакай мөңгү жатчу качанкы бир
акындын актай калган барагындай.

Эсепсиз арча, чөп, гүл жыты аңкыган,
эзели түн көрбөдүм ошол түндөй.
Көл жатчу – качанкы бир учурдагы,
айымдын унут калган күзгүсүндөй.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

* * *

Сени сүйүү мага болду эң азап,
сүйбөөгө жок эч кудурет, аргам да.
Жамалындан жалгыз ирет өбө албай,
жаштык өттү кайгы менен арманда.

Каттарымдын барактары апакай,
карарганын билем, күлгө айланып.
Тээ аскадан ашат дагы... Пардасыз
терезеден жүзүңдү өбөт Ай барып...

Машакатка салып мүшкүл сарсанаа,
максат ойду, үмүтүмдү бүлүнттүң.
Тээ чыгыштан чыгат дагы... Жай гана
терезеден жүзүңдү өбөт күлүп Күн…

Болалбадым аларчалык өтүмдүү,
боорумду эзип боздотууда кайгы, ырас.
Менин сүйүүм ошол Ай, Күн нурлары,
үйүңөргө уя салган карлыгач...


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

КЫШ ЖӨНҮНДӨГҮ ЫР

Жүрөгүмө аппак куштай кыш конду,
кар канатын желге, күнгө таранып.
Жалжылдаган жарыктыктын көзүнөн
жатат улам жамгыр эмес, кар агып.

Периштедей бул аймакка конгон куш
миң кубултуп ажардантат ырайын.
Анын назик көрк-тулкуна суктанып
алаканым ысып-күйүп сыладым.

Үй багыма чексиз конгон бакыттай,
үр кызындай тагдырыма жолуккан.
Кыдыр кушка кымбат жолдош боломбу,
аламынбы же чочутуп кокустан?..

Мойнундагы муз шөкүлө нурлардын
сыныгындай сыяктанат түркүн түс. 
“Пыр-р” деп учса гүл жыттанган ай келчү
планетанын ак жолтою ушул куш.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

АВГУСТ

Таш үстүндө өскөн гүл,
чөптүн таншык ыры бар.
Суу жөнүндө созот үн,
өрөөн жарып шар аккан.

Жел аймалап жүзүнөн,
жеңил, ыйбаа ыргалат.
Чемирчек сөөк жаш кызга,
окшотомун бир карап.

Жай эрини ыпысык,
Жагымсыз, суз өпкөнсүйт.
Дилинде жаз турса да,
имерет аны өктөм күз.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

ЖАЙЛОО ТҮНҮНДӨ

Сапар улайт жетилген ай
санаадар кыздай ак тамак,
Сүтак гана тагдырына
наалыгандай үн салат.

Сансыз гүлдүн жыты бурап,
ичиркентет тоо жели.
Ырдайт чабан жаш селкисин:
“Сагынттың го, – деп, – мени”...

Тээ төмөндө көл чалкаят,
жылдыздарды чөгөрүп.
Арча ыргалат өмүр шерик
ак кайыңга жөлөнүп…


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

* * *

Убада бердиң мага,
бардым сага.
Башка бир ишиң менен кезикпедиң.
Бейкапар түн түшүмдө калдым көрүп,
белгисиз айылдын бек эшиктерин.
Кайрадан убада алып,
келсем кечте,
Кандайдыр ишиң менен жолукпадың.
Дал ошол түнү көрдүм түн түшүмдө,
дайынсыз аска-зоонун оюктарын…


____________________
👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

* * *

Карегиң — деңиз…
Кайыкчан бирөө бардай,
Турам тааныбай.


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Абдилаат_ДООРОВ

* * *

Буудай талааны аралап баратам,
Сабагы салмактуу ийилген,
Мени да жүк басат ийнимден...


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Келечек_КУБАТБЕК_уулу
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
#Роза_МУКАШЕВА
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ