Кыргыз Поэзиясы
649 subscribers
278 photos
766 links
Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.
Download Telegram
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

* * *

Кыпкызыл, кыпкызыл көйнөгүм,
Кырды али аша элек курагым.
Кызарган күн нуру сыңары.
Кудайдан бейкуттук сурадым.

Жапжашыл, жапжашыл көйнөгүм.
Жаз сымал толукшуйт жамалым.
Жанымда өмүрлөш болордун
Жароокер болушун сурадым.

Апапак, апапак көйнөгүм,
Ай сымал агарат көңүлүм.
Артымда изимди калтырар
Ак эмгек үзүрүн сурадым.

Кыпкызыл, жапжашыл, апапак
Көйнөктөр көөлгүйт да, желбирейт.
Сурадым түбү жок жакшылык,
Жаш киши тилесе берет дейт.

2005-жыл


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

КҮТҮҮ

Көчөдөн өттү топ караан,
Көлөкө тушта олтургам.
Көчөдөн өттү бир караан
Бирөөнү күтүп олтургам.

Кыз өттү кызыл көйнөкчөн,
Таякчан шашпай чал өттү.
Жаш балдар топ кууп өтүштү.
Чаң каптап турду көчөнү.

Бир келин өттү шамдагай
Тыпыйган сумка көтөргөн.
Бир киши өттү сумсайып
Жупуну эски күрмөчөн.

Колдорун бекем кармашып
Кыз-жигит өттү капарсыз.
Жол четин бүтүн шимшилеп
Жолбун ит өттү. Көчө суз.

Күн өттү ушул көчөдөн,
Күбүрөп өттү күүгүм да.
Баары өттү ушул көчөдөн,
Күткөнүм гана өтпөдү.

Күүгүмдөп барып, түн кирди.
Күткөнүм менин чыкпады.
Үргүлөп кетти дарактар,
Көчө да тынчып уктады.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

* * *

Сагынган элем, кирипсиң түндө түшүмө.
Ойгонуп кетип, ыйладым көпкө шолоктоп.
Балалык кезден тараган бойго кусадан
Арылар бекен, жазылар бекен толгон бук.

Сагынган элем, кирипсиң менин түшүмө.
Кирипсиң... кандай, эмнелер болду эсте жок.
Билгеним жалгыз жадыма сиңген кусалык
Күчөдү кайра... ыйладым көпкө шолоктоп.

Билгенге кандай балалык таза сезимге,
Кусаны артып, сурабай тагдыр чечилип.
Кайран баш бакыт-таалайга тунган чакта да,
Өтөрү бышык кусадар өмүр кечирип.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | “Жол VIP" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Канал ээсине колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

ЭСКИ КАТ

Эркин созгон ээнбаш цыган ырындай
Ээликтирди эчаккы бир эски кат.
Эңгиреди журтсуз калган айылдай
Көз алдынан жаштык өттү сабалап.
 
Унут болгон качанкы бир ызасы
Толуп-ташып… ый чакырат көөн бошоп.
Жаштыкта бир жаза баскан катасы
Кыя жолдон алгансыды жол тороп.
 
Үйүн жыйнап, эшик алдын ирээттеп,
Илкий басып кармады өзүн күн кечке.
«Эч ким менин бузбаса деп оюмду»,
Салды өзүн, салды оюн кишенге.
 
Кеч киргенде… тынч алганда айлана,
Жай табалбай, жерге-сууга сыйбады.
Эрдин тиштеп, укпашсын деп акырын
Эчкирип бир өксүп көпкө ыйлады.


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
 
КҮТҮҮ

Көчөдөн өттү топ караан,
Көлөкө тушта олтургам.
Көчөдөн өттү бир караан
Бирөөнү күтүп олтургам.

Кыз өттү кызыл көйнөкчөн,
Таякчан шашпай чал өттү.
Жаш балдар топ кууп өтүштү.
Чаң каптап турду көчөнү.

Бир келин өттү шамдагай
Тыпыйган сумка көтөргөн.
Бир киши өттү сумсайып
Жупуну эски күрмөчөн.

Колдорун бекем кармашып
Кыз-жигит өттү капарсыз.
Жол четин бүтүн шимшилеп
Жолбун ит өттү. Көчө суз.

Күн өттү ушул көчөдөн,
Күбүрөп өттү күүгүм да.
Баары өттү ушул көчөдөн,
Күткөнүм гана өтпөдү.

Күүгүмдөп барып, түн кирди.
Күткөнүм менин чыкпады.
Үргүлөп кетти дарактар,
Көчө да тынчып уктады.

____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

(Гүлзада Станалиеванын жакында жарык көргөн “Иңир” аталыштагы биринчи ыр жыйнагынан)

* * *

Жашыл, жашыл, жашыл дүйнөгө
Жапырт жааган жазгы жамгырдай
Жанга жакын жумшак жан элем,
Турмуш мени такыр өзгөрттү.

Аруу, аруу, аруу дүйнөгө
Арзып жааган кардай апапак
Аялуу бир аяр жан элем,
Тагдыр мени такыр өзгөрттү.

Сары, сары, сары дүйнөгө
Сапырылган сары бариктей
Санаасы жок сергек жан элем,
Жашоо мени такыр өзгөрттү.

Жашыл, аруу, сары дүйнөнү
Жолуктурсам эгер кайрадан
Жалбарынып өтүнөр элем:
«Абалкыдай мени өзгөртчү».


____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

“Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,
Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөмүн?”
Шербет КЕЛДИБЕКОВА

Жашыруун бир жараат сындуу а балким,
Көкүрөктө али тирүү жүрөмүн.
Балким ысмым сыйрып турмуш пардасын,
Селт эткендир капилеттен жүрөгүң.

Бу жалгандын мыйзамы ушул, пендеге
Канча сыймык ыйгарса да, зор тура.
Ар көңүлдүн өз кайгысы. Ошентип,
Армандуу бир ойго батып олтурам.

Карайм күңүрт терезени, качандан
Түн чүмбөтү чөгүп аткан дүйнөнү.
Балким канча кайгы өрттөдү көңүлдү,
Балким сени качандыр бир сүйгөмүн.

Тагдыр кушу мээримдүү да, мерез да,
Мен тагдырдан укпаганмын жемени.
Ташкын өтөр, таштар калар, а көңүл
Жанса, жанар, өчсө, өчөр дегемин.

Неге дебе, бузба учкан санааны,
Эгер билсең тарткан жоксуң запкысын
Ал сезимдин. Сүйүү кандуу дайра экен,
Калсын дегем суу болбой өз бактысы.

Ойлор термейт, ойлор термейт, а бир кез.
Сүйүү элеси күйүт сындуу тирилет.
Дүйнө кекчил, кечир жаным, а балким,
Кучагыма алсам болмок бир ирет.

Сырт немедей, түс да бербей, а балким
Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм.
Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,
Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөмүн?


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

КҮЗ

Саргайды жапырт жашыл бак...
Жулкунат күздүн шамалы.
Жоодурап турчу курбумдун
Туурулду айдай жамалы.

Күндөрү бачым күүгүмдөп,
Күн нуру тиет көңүлсүз.
Эгинди эрте жыйдырып,
Ашыгып келди коңур күз.

Кызылы кылка терилди,
Көктөрү калды жайында.
Сүйрөлтүп сары чапанын
Күз келди биздин айылга.


____________________

👉 Башка каналдар: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
АКЫНДАР

А
#Айзада_АБАЗОВА
#Фатима_АБДАЛОВА
#Гүлзира_АБДИМАМАТ
#Алиман_АБДЫКЕРИМОВА
#Кадырбек_АБЛАБЕКОВ
#Майрамкан_АБЫЛКАСЫМОВА
#Тенти_АДЫШЕВА
#Элмира_АЖЫКАНОВА
#Зайырбек_АЖЫМАТОВ
#Нурболот_АЗАМАТ
#Атантай_АКБАРОВ
#Алик_АКИМАЛИЕВ
#Бүкадича_АКИМЖАН
#Сагын_АКМАТБЕКОВА
#Азима_АКУНОВА
#Жыпар_АКУНОВА
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ
#Перизат_АЛМАЗ_кызы
#Мидин_АЛЫБАЕВ
#Манас_АЛЫМБАЕВ
#Темирбек_АЛЫМБЕКОВ
#Рахат_АМАНОВА
#Нурийла_АНАРБАЕВА
#Эрнис_АСЕК_уулу
#Абдужапар_АСКАРОВ
#Элдар_АТТОКУРОВ
#Эртабылды_АТТОКУРОВ
#Тайир_АШИРБАЙ
 
Б
#Курманалы_БАДЫ_уулу
#Айнагүл_БАЗАРБАЕВА
#Толук_Бек_БАЙЗАК
#Торгойбек_БАЙТЫМАНОВ
#Муса_БАЕТОВ
#Карбалас_БАКИРОВ
#Афина_БАКИРОВА
#Азада_БЕГИМКУЛОВА
#Динара_БЕЙШЕНАЛИЕВА
#Тургунбек_БЕКБОЛОТОВ
#Айнура_БЕКБОЛОТОВА
#Кемел_БЕЛЕК
#Камбаралы_БОБУЛОВ
#Турсуналы_БОСТОНКУЛОВ
#Нурбүбү_БӨДӨШЕВА
#Жоомарт_БӨКӨНБАЕВ
#Мариям_БУЛАРКИЕВА

В
#Гүлзия_ВАЛИЙ_кызы
 
Г
#Мурза_ГАПАРОВ
#Нарсулуу_ГУРГУБАЙ
 
Д
#Абдилаат_ДООРОВ
#Акжол_ДОРАНБЕК_УУЛУ
#Шайлообек_ДҮЙШЕЕВ
 
Ж
#Асан_ЖАКШЫЛЫКОВ
#Атакул_ЖАКЫПОВ
#Калича_ЖАКЫПОВА
#Жазгүл_ЖАМАНГУЛОВА
#Бердибек_ЖАМГЫРЧИЕВ
#Максат_ЖАНГАЗИЕВ
#Максатгүл_ЖАНУЗАКОВА
#Маметибраим_ЖАНЫБЕКОВ
#Дүйшөн_ЖАПАРОВ
#Нурпаис_ЖАРКЫНБАЙ
#Аскат_ЖЕТИГЕН
#Нуркамал_ЖЕТИКАШКАЕВА
#Салижан_ЖИГИТОВ
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ
#Рахат_ЖУМАНАЗАРОВА
#Бакыт_ЖУНУСАЛИЕВ
#Сооронбай_ЖУСУЕВ
#Нинакан_ЖҮНДҮБАЕВА
 
З
#Жолдошбек_ЗАРЛЫКБЕКОВ
 
И
#Эсенгул_ИБРАЕВ
#Ырысгүл_ИЗАТОВА
#Элмирбек_ИМАНАЛИЕВ
#Жыпар_ИСАБАЕВА
#Гүлүмкан_ИСАЕВА
#Рысбай_ИСАКОВ
#Бектурали_ИСАМИДИН_уулу
#Мезгил_ИСАТОВ
#Алтынбек_ИСМАИЛОВ
 
К
#Керимбек_КАДЫРАКУНОВ
#Акматжан_КАДЫРАЛИЕВ
#Жумадин_КАДЫРОВ
#Түгөлбай_КАЗАКОВ
#Нурланбек_КАЙРЫЕВ
#Бурул_КАЛЧАБАЕВА
#Нурлан_КАЛЫБЕКОВ
#Элдос_КАЛЫБЕК_уулу
#Нуралы_КАПАРОВ
#Бурулкан_КАРАГУЛОВА
#Роза_КАРАГУЛОВА
#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВ
#Махабат_КАСЕЙИНОВА
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
#Эсенгул_КЕМЕЛОВ
#Дыйканбек_КЕРИМБАЕВ
#Атахан_КОЖОГУЛОВ
#Турар_КОЖОМБЕРДИЕВ
#Жаңыл_КОЖОМБЕРДИЕВА
#Калчоро_КӨКҮЛОВ
#Келечек_КУБАТБЕК_уулу
#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы
#Ашира_КУЛИШЕВА
#Кожогелди_КУЛТЕГИН
#Өмүркул_КУЛУМБАЕВ
#Илим_КУРМУШУЕВ
#Жыпар_КУТПИДИНОВА
#Нурадил_КЫДЫР
 
Л


М
#Бүкалча_МАМАТАЛИ_кызы
#Мелис_МАМАТЖАНОВ
#Шакен_МАМБЕТАИПОВА
#Болдукан_МАМБЕТАЛИЕВА
#Улан_МАМБЕТЖАНОВ
#Болот_МАМБЕТИСАЕВ
#Төлөгөн_МАМЕЕВ
#Бактыбек_МАМЫТОВ
#Жолон_МАМЫТОВ
#Музфира_МАМЫТОВА
#Базарбү_МЕДЕТОВА
#Нур_Зат_МОКЕНОВА
#Самаган_МОЛДОЯРОВ
#Табылды_МУКАНОВ
#Бакытбек_МУКАРАМОВ
#Роза_МУКАШЕВА
 
Н
#Залкарбек_НАЗАРМАТОВ
#Баяман_НУРБЕК
#Таалай_НУРКЕМЕЛ
 
О
#Улукбек_ОМОКЕЕВ
#Азамат_ОМОШ
#Камбараалы_ОРКОШОВ
#Максуда_ОРМОНОВА
#Дүйшөмамбет_ОРОЗАЛИЕВ
#Замирбек_ОРОЗБАЙ_уулу
#Каниет_ОРОЗБЕКОВ
#Салтанат_ОРОЗОБЕКОВА
#Жумалы_ОРОЗО_уулу
#Манас_ОСМОН
#Мая_ОСМОНКУЛОВА
#Алыкул_ОСМОНОВ
#Назгүл_ОСМОНОВА
#Кубат_ОТОРБАЕВ
 
Ө
#Нуриза_ӨМҮРБАЕВА
#Анатай_ӨМҮРКАНОB
 
П
#Зинакан_ПАСАҢОВА

Р
#Бекмырза_РАХМАН_уулу
#Улук_РЫСАЛИЕВ
#Муратбек_РЫСБЕКОВ
#Чыңгыз_РЫСКЕЛДИЕВ
#Нуркыз_РЫСКУЛ_кызы
#Рамис_РЫСКУЛОВ
 
С
#Жаннат_САБЫРБЕКОВА
#Курбаналы_САБЫРОВ
#Дооронбек_САДЫРБАЕВ
#Махабат_САИДРАХМАНОВА
#Бектуруш_САЛГАМАНИ
#Токтосун_САМУДИНОВ
#Мирлан_САМЫЙКОЖО
#Абдысамат_САРАЛА
#Чынара_САРБАГЫШЕВА
#Сирень_САРБАЛАЕВА
#Байдылда_САРНОГОЕВ
#Бурулкан_САРЫГУЛОВА
#Мусакун_САТЫБАЛДИЕВ
#Медетбек_СЕЙТАЛИЕВ
#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА
#Дайырбек_СТАНТЕГИН
#Шабдан_СУЛАЙМАНОВ
#Токтобүбү_СУЛТАНГАЗИЕВА
#Сайдимар_СУЛТАНМУРАТ
#Омор_СУЛТАНОВ
#Санира_СЫДЫКОВА
 
Т
#Кыял_ТАЖИЕВА
#Медер_ТАКЫРБАШЕВ
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
#Алтынай_ТЕМИРОВА
#Өмүрбек_ТИЛЛЕБАЕВ
#Марат_ТОКОЕВ
#Аалы_ТОКОМБАЕВ
#Аман_ТОКТОГУЛОВ
#Алым_ТОКТОМУШЕВ
#Майрамбек_ТОКТОРОВ
#Мадина_ТУРАЕВА
#Баяс_ТУРАЛ
#Сүйөркул_ТУРГУНБАЕВ
#Акрам_ТУРДУБАЕВ
#Жолдош_ТУРДУБАЕВ
#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
#Эрнис_ТУРСУНОВ
 
У
#Камчыбек_УЗАКБАЙ_уулу
#Айгүл_УЗАКОВА
#Кыялбек_УРМАНБЕТОВ
 
Ү
#Лайли_ҮКҮБАЕВА
 
Ч
#Таштанбек_ЧАКИЕВ
#Алмаш_ЧОЙБЕКОВА
#Бактыгүл_ЧОТУРОВА
 
Ш
#Олжобай_ШАКИР
#Эркинбек_ШЕЙШЕНБАЕВ

Э
#Абдыжапар_ЭГЕМБЕРДИЕВ
#Аида_ЭГЕМБЕРДИЕВА
#Кадырбек_ЭДИГЕЕВ
#Сүйүнбай_ЭРАЛИЕВ
#Тургунбай_ЭРГЕШОВ
#Айжаркын_ЭРГЕШОВА
#Эгемберди_ЭРМАТОВ
#Тахмина_ЭСЕНАЛИЕВА
#Мухамедалы_ЭШНАЗАРОВ