Онлайн Университет
99 subscribers
339 photos
2 videos
207 links
Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан мыкты мугалимдер, жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер жана учурда чет өлкөдө окуп иштеп жаткан мекендештер тарабынан иштелип чыккан жана окутула турган онлайн курстар жана вебинарлар
Download Telegram
Forwarded from Adina Esenturova
“Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китептин бет ачары болот

📚📜 Онлайн Университети 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

📚📜 Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

🗣 «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

🗣️ Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси.

💻 ЗУУМ шилтемеси:

https://zoom.us/j/99193539489?pwd=UnFnSXp2bDFLQnVjKzlZYjZ6RkVkdz09

Конференциянын идентификатору: 991 9353 9489
Код: 606292

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #бетачар #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor