Онлайн Университет
99 subscribers
339 photos
2 videos
207 links
Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан мыкты мугалимдер, жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер жана учурда чет өлкөдө окуп иштеп жаткан мекендештер тарабынан иштелип чыккан жана окутула турган онлайн курстар жана вебинарлар
Download Telegram
Дорогие участники Онлайн Университета,

Прошу Вас заполнить анкету моего исследования по COVID-19 и межгрупповым отношениям в Кыргызстане. Это занимает около 15 минут вашего времени.

Благодарю Вас!

С уважением,

Элира Турдубаева.

Вот ссылка на анкету:

https://www.surveymonkey.com/r/32723M9
👩‍💻 Онлайн Университети платформасынын Онлайн окутуу лабораториясынын онлайн окутуу усулдары күзгү мектебине каттоо 20-сентябрга чейин.

👩‍💻 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектеби 1-октябрда башталып, бир жумада үч күн эки сааттан үч жума бою тренингдер өтүлөт.

📝 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектебинин окуу планы:

📈 Графикалык файлдын түзүлүшү жөнүндө жалпы түшүнүк: растрдык, вектордук жана фракталдык графика;

📉 Растрдык графикалык файлдардын түзүлүшү, пиксель түшүнүгү, жарык менен түстөрдүн берилиши, графикалык файлдардын көлөмү;

💻 Компьютердин жардамы менен экрандын көчүрмөсүн (скиншот) түзүү, стандарттык графикалык файлдар менен иштөө программалары, Pain программасы менен графикалык файлдарды түзүү жана оңдоо, жөнөкөй 3D графикалык файлдарды түзүү;

🔊 Аудиофайлдардын түзүлүшү жана аларды жазып алуу программалары;

🎦 Видеофайлдардын түзүлүшү,

📽 Экрандагы маалыматтарды видеофайлга которуу (видеозахват):

▶️Debut программасы;
▶️OBS Studio программасы;
▶️Жазылган видеофайлдарды оңдоо (видеоредакторлор);
▶️VideoPad программасы;
▶️Movavi Video программасы;
▶️Видеофайлдарды кысуу түшүнүгү (конвертациялоо);
▶️HandBrake программасы;
▶️XMedia Recode программасы;
▶️Видеосабактарды даярдоо.

💻 Баасы: 1500 сом

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor
Урматтуу мекендештер!
Онлайн Университети сиздерди 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!
Кылымдарды карыткан кыргыз тилибиздин зоболосу бийик болсун!
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү, бай мазмундуу «Манас» эпосун жараткан кыргыз тили ар бир кыргызстандык жарандын дилинде жашасын!
👩‍💻 Онлайн Университети платформасынын Онлайн окутуу лабораториясынын онлайн окутуу усулдары күзгү мектебине каттоо 20-сентябрга чейин.

👩‍💻 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектеби 1-октябрда башталып, бир жумада үч күн эки сааттан үч жума бою тренингдер өтүлөт.

📝 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектебинин окуу планы:

📈 Графикалык файлдын түзүлүшү жөнүндө жалпы түшүнүк: растрдык, вектордук жана фракталдык графика;

📉 Растрдык графикалык файлдардын түзүлүшү, пиксель түшүнүгү, жарык менен түстөрдүн берилиши, графикалык файлдардын көлөмү;

💻 Компьютердин жардамы менен экрандын көчүрмөсүн (скиншот) түзүү, стандарттык графикалык файлдар менен иштөө программалары, Pain программасы менен графикалык файлдарды түзүү жана оңдоо, жөнөкөй 3D графикалык файлдарды түзүү;

🔊 Аудиофайлдардын түзүлүшү жана аларды жазып алуу программалары;

🎦 Видеофайлдардын түзүлүшү,

📽 Экрандагы маалыматтарды видеофайлга которуу (видеозахват):

▶️Debut программасы;
▶️OBS Studio программасы;
▶️Жазылган видеофайлдарды оңдоо (видеоредакторлор);
▶️VideoPad программасы;
▶️Movavi Video программасы;
▶️Видеофайлдарды кысуу түшүнүгү (конвертациялоо);
▶️HandBrake программасы;
▶️XMedia Recode программасы;
▶️Видеосабактарды даярдоо.

💻 Баасы: 1500 сом

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor
Онлайн Универсистети
Окутуу усулдары лабораториясы
«Видео сабактарды даярдоо» курсунун
Программасы

Гафикалык файлдардын түзүлүшү, пиксель түшүнүгү, түстүн берилиши, алардын касиеттери, экрандагы маалыматты графикалык файл түрүндө сактоо, алардын түрү, аларды керектүү программаларда колдонуу, графикалык файлдардан керектүү маалыматтарды кесүү.
Видео жана аудио файлдардын түзүлүшү, алардын касиеттери, өлчөмдөрү, түс берилүүсү, секундасына кадрдын саны, битрейт жана кысуу ыкмасы, аудио файлдардын дискрет жыштыгы, видео малыматтардын кысуу алгоритмдери.
Видео сабактын түрлөрү жана аны даярдоодогу талптар, анын стркутурасы, пландоо жана сценарий, презентациянын дизайны, интернет булагынан маалымат топтоо.
Debut экранды жаздырып алуучу программдык каражат, аны орноштуруу, жөндөө, иштетүү, видео малыматтын каталогдорго жайгашуу, видео маалыматтардын жазуу түрлөрү.
VideoPad программдык каражаты, программаны орнотуу, программанын интерфейси, видео, аудио жана графикалык маалыматтарды программага жүктөө, керексиз видео маалыматтарды кесүү, эпизоддорду топтоо, кадр алмашуу өткөрүмдөрүн тандоо, кадрга графикалык файлдарды кошуу, аудио файлдарды кошуу.
HandBrake программдык каражаты, программаны орноштуруу, анын интерфейси, видео маалыматтарды жүктөө, керектүү видео жана аудио форматтарды орноштуруу (тандоо), конвертациялоо.
Видео сабактарды ачык ресустарга жайгаштыруу, YouTube каналынан өздүк канал ачуу, аны жөндөө, видео сабакты жүктөө жана алардын шилтемесин бөлүшүү. Өздүк Google Drive ресурсуна видео сабакты жүктөө, аларды бөлүшүү.
OBS Studio программдык каражаты, аны орноштуруу, экранды түзөө процесси, программаны интерфейси, сахналарды түзүү, техникалык каражаттарды кошуу жана видео сабак учурунда өзгөртүү ыкмалары, экранды жазып алуу.
Түз алып берүү технологиясы, YouTube каналына түз берүү жөндөмдүгүн орноштуруу, OBS Studio же Jitsi Meet программалары аркалуу түз алып берүүну уюштуруу.
"Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 илдетинин кесепетинен окуу онлайн формасына өтүп, сабак өтүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды жаратты. «Эмне кылыш керек?», «кантип?», «кайдан?» деген суроолорго жооп издеген көптөгөн мугалимдердин арасында мен да болдум... Ушул сыяктуу суроолорго жоопту Онлайн Университети билим берүүдө жаңы технологиялар менен иштөө жолдорун көрсөтүп берди.
Онлайн Университети түзгөн «Онлайн видео-сабак жасоо усулу» аттуу 3 жумалык онлайн курсун биринчилерден болуп өттүк. Курстан видео-сабак жасоодо колдонулуучу программалар менен таaнышып, алардын ичинен өзүбүзгө ыңгайлуусун таңдап, Debut, Video Pad жардамы менен видео-сабак жаздырганды, аны иштетип, материалды редакциялап, уккулуктуу жана кызыктуу кылып жасаганды үйрөндүк. Андан тышкары, YouTube каналынан жеке баракчабызды ачып, дайын видео-сабакты ал жака жайгаштырганды да өздөштүрдүк. Ошондой эле, студенттер менен түздөн түз байланышта болуп, онлайн сабак өтүүнүн түркүн ыкмалары менен тааныштык.
Бул курстан мен өзүмө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала алдым. Сабакты кызыктуу жана мазмундуу кылып өтүүнүн эффективдүү, жаңы жолдорун өздөштүрүп алдым. Мен үчүн бул абдан маанилүү. Алган билимимдин аркасынан өзүмө болгон ишеничим да артты, өстү. Башка мугалимдерге да сунуштайм.
Онлай Университетинин негиздөөчүлөрүнө, жалпы жамаатына, ошондой эле курсту жетектеген Нуркамилов Мирлан Нуркамиловичке терең ыраазычылыгымды билдирем! Ишиңиздерге ийгилик каалайм!"

Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик
маданият жана искусство университетинин
окутуучусу Омуралиева Лаззат Нарынбековна
Онлайн Универсистети
TechМУГАЛИМ долбоору
««Онлайн видео-сабак жасоо усулу»
курсу

Учурда мектеп мугаимдери жана ЖОЖ окутуучулары ноутбуктун жардамы менен видео сабак түзү, видеону редакторлоо, ачык ресурстарга жайгаштыруу, сабак учурунда даярдаган видео сабакты колдонуу жагынан кыйналышууда. Мына ошол максатта бул курсту ачып жатабыз! мектеп мугаимдери жана ЖОЖ окутуучулары бир жолу жасоону үйрөнүп, көп ирет колдонсо болот. Башка мугалимдерге бөлүшүп, тажрыйба алмашат. Жыйынтыгында кыргызча видеоресустарды базасы кеңейет.
Курс 45 мүнөттүк 6 сабактан турат

Гафикалык файлдар менен иштөө
Видео жана аудио файлдарды битрейт жана кысуу ыкмасы, алгоритмдер
Видео сабактын түрлөрү жана аны даярдоодогу талаптар
Презентациянын дизайны, интернет булагынан маалымат топтоо.
Debut экранды жаздырып алуучу программдык каражат
Видео маалыматтардын жазуу түрлөрү.
VideoPad программдык каражаты
Интерфейс, видео, аудио жана видео маалыматтарды кесүү, аудио файлдарды кошуу.
HandBrake программдык каражаты
Видео сабактарды ачык ресустарга жайгаштыруу
YouTube каналынан өздүк канал ачуу, аны жөндөө, видео сабакты жүктөө жана алардын шилтемесин бөлүшүү.
Өздүк Google Drive ресурсуна видео сабакты жүктөө, аларды бөлүшүү.
OBS Studio программдык каражаты, аны орноштуруу, экранды түзөө процесси
Түз алып берүү технологиясы OBS Studio же Jitsi Meet программалары аркалуу түз алып берүүну уюштуруу.

Курстун баасы 1500 сом

Башталышы: 5- октябрь

Тренер: Нуркамилов Мирлан
Урматтуу мугалимдер,
Мирлан агайдын Видео сабак даярдоо курсу 1-октябрда эмес 5-октябрда башталмай болду. Курс тууралуу маалыматты кайрадан тушунуктуу формада жаздык.
👩‍💻Күзгү курс: Илимий изилдөөлөр (Коомдук илимдер багыты) 10-октябрда башталат.

👩‍💻 Эгерде сиз изилдөө жөндөмүңүздү өстүргүңүз келсе жана эл аралырк журналдардын талаптарына жооп берген илимий эмгек жазгыңыз келсе, бул күзгү мектеп сиз үчүн!

📝 Курстун мазмуну:

🔽 Бул күзгү онлайн мектеп Коомдук жана Гуманитардык багытта изилдөө жүргүзгөн магистранттарга, аспиранттарга, изилдөөчүлөрго илимий иштерди жазууда усулдук даярдыгын жогорулатуу максатында уюштурулуп жатат.

🔽 Курс он темада өткөрүлүүчү жыйырма сабактан туруп, катышуучулардын изилдөө жөндөмдөрүн өстүрүүчү практикалык көнүгүүлөргө басым жасайт.

🔽 Катышуучулар онлайн курс учурунда илимий теманы тандоодон баштап, изилдөө суроосун түзүү, илимий аргументти иштеп чыгуу,
адабиятарды талдоо, шилтемелерди APA стилинде жасоо,
изилдөөнүн теориялык пайдубалын тургузуу, маалымат топтоп, талдоо жана илимий ишти Web of Science, SCOPUSка кирген эл аралык журналдардын талабына ылайыктап жазуу, жарыялоо боюнча ар бир баскычты практика жүзүндө басып өтөт.

🔽 Курстун мазмуну теориялык маалыматты камтыган лекциялар менен изилдөө жөндөмүн өстүрүүчү практикалык тапшырмалардын айкалышынан турат. Курстун аягында ар бир катышуучу 10-1 5бет көлөмүндөгү илимий макаланын алгачкы вариантын жазып тапшырат.

🔊 Курстун катышуучуларына коюлган талаптар:

🔽 Катышуучулар алдын ала кайсы теманы изилдөөгө кызыккандыгы боюнча 150 сөздөн кем эмес маалыматты жазып келүүсү зарыл.

🔽 Андан сырткары бул курстан эмне күтөрүн кыскача түшүндүрүүсү зарыл.

🔽 Катышуучулар ар бир тема боюнча тапшырманы аткарууга милдеттүү. Ар бир жумада эки тема боюнча бир лекция жана практикалык сабак өткөрүлөт жана жуманын аягында тема боюнча берилген үй иштери тапшырылышы шарт. Жазуу иштердин мазмунун, көлөмүн ар бир мугалим өзү түшүндүрөт жана талап кылат. Жазуу ишин аткарууда мугалимдерден кеңеш алганга (менторлук иш) шарттар түзүлөт zoom, электрондук байланыштар,телефон аркылуу үзгүлтүксүз байланыш түзүлөт.

📝 Темалар:

Изилдөөнүн темасын, суроосун жана гипотезасын түзүү;

Адабияттарды талдоо;

Илимий иштин теориялык пайдубалын түптөө;

Маалымат жыйноо үчүн Онлайн сурамжылоо, Катышып байкоо, Интервью алуу, Контент анализ, Кейс стади усулдарын колдонуу;

Илимий эмгекти эл аралык журналдардын талабына ылайык жазуу;

Илимий текст жазуу жөндөмүн өстүрүү стратегиялары

🔊 Курстун баасы 3000 сом.

🔊 Бир жумада үч күн эки сааттан өтүлөт.

🔊 10-октябрда башталат.

Катталуу үчүн 0700093097 WhatsApp номерине жазыңыз

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола
Forwarded from Adina Esenturova
“Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китептин бет ачары болот

📚📜 Онлайн Университети 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

📚📜 Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

🗣 «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

🗣️ Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси.

💻 ЗУУМ шилтемеси:

https://zoom.us/j/99193539489?pwd=UnFnSXp2bDFLQnVjKzlZYjZ6RkVkdz09

Конференциянын идентификатору: 991 9353 9489
Код: 606292

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #бетачар #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor
Зуумга кириниздер
📢📢📢🔊🔊🔊 Онлайн Университетибиздин "Илимий изилдөө усулдары" аттуу алгачкы китебинин бет ачары.

🗓 Күнү: 5-ноябрь;
🕖 Саат: 19.00.

👨‍🏫👩‍🏫📚 Китептин автолору:
🇰🇬 Кыргызстандан: Элира Турдубаева; Мукарам Токтогулова; Бакытбек Исаков; Гулзада Станалиева.
🇩🇪 Германиядан: Бактыгүл Түлебаева; Аксана Исмаилбекова; Махабат Садырбек; Гулзат Баялиева.

Онлайн университети "Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо" аттуу алгачкы эмгегин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды.

📖 Колдонмо КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий иштерге коюлган жаңы талаптарына карата жазылган.

📚 Колдонмо эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берет.

📖 Колдонмо ОУнун негиздөөчүлөрү жана чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте жазылды.

📚 Колдонмо Онлайн университетинин пандемия учурунда акысыз өткөргөн илимий изилдөө усулдары боюнча вебинарларынын негизинде түзүлгөн.

🌏👨‍💻👩‍💻 Катышуу үчүн: Төмөнкү Zoom шилтемесин басыңыз: https://zoom.us/j/91764258921?pwd=L1BvSE5RTmIwNzNod1Y2WVlIb2xSQT09;

Конференциянын идентификатору: 917 6425 8921
Код: 282987

#ҮйрөнүүнүҮйрөн#онлайнокуу#онлайнмектеп#онлайнүйрөнүү#онлайнкурстар#онлайнуниверситет#онлайнуроки#онлайншкола#онлайнментор#onlineuniversity#onlineteaching#onlinementoring#onlinementor
https://www.instagram.com/p/CHHdqwdJzeC/?igshid=p3vr538yyv4x
Зуумга кириниздер
Азыр саат 13.00до 5-каналда журналистиканын келечеги тууралуу туз эфирге катышам. Коруп коюнуздар. Фейсбуетан да кетет туз эфир.
📢📢Урматтуу мугалимдер !
ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ'инде UNIVERSALITY курсу старт алат!

UNIVERSALITY - бул мугалимдердин онлайн окутуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген акысыз кыргыз тилиндеги алгачкы окутуу платформасы.

Азыркы кезде мектептер үчүн даяр иштелип чыккан онлайн окутуу платформасы жок эсе, ал эми UNIVERSALITY ошол кенемтени толтуруп, мугалимдер үчүн каалаган убакка чейин акысыз колдонуу үчүн сунушталат.ОУ сиздер үчүн бул платформаны түзгөн украиналык программисттер менен келишим түзүп, прогамманын менюларын кыргызчалатып чыкты. Сиз баардык командаларды кыргыз тилинде көрүп, колдоно аласыз.

Universality окутуу платформасын колдонгон мугалим көптөгөн онлайн окутуу көйгөйлөрүн оңой эле чече алат. Мисалы, сабакка келгендерди белгилөө, сабакка катышкан балдардын ишин баалоо, сабактын жетишүү көрсөткүчтөрүн түзүү ж.б. дароо автоматташтырылат. Мугалимдин ордуна бул иштерди программа өзү аткарат.
Андан сырткары UNIVERSALITY платформасын колдонуу менен дароо заманбап сабак өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дайыма бир түрдүү иштерди аткарбастан, темага ылайыктап ар кандай көнүгүүлөрдү түзүп, сабакты окуучуга кызыктуу кылып жасай аласыз. Тексттер, аудио, видео материалдарды жана ар кандай диаграммаларды колдонсонуз болот. Сабакттын тесттерин мугалим атайын текшерип отурбайт, аны программа аткарып, окуучу дароо жыйынтыкты көрө алат.

UNIVERSALITY өзгөчө так илимдерди жана IT технологияларын окутууда атайын класстык иштин даяр түрлөрүн сунуштайт.


UNIVERSALITY платформасын колдонуп заманбап мугалим болуңуз!

Окуу планы:

1. Universality.io окуу платформасында мугалим жана студен катары катталуу, мугалим жана студен интерфейси;

2. Мугалимдин өз предметин иштеп чыгып, платформага киргизүүсү, Сабакка студенттерди, окуучуларды каттоо;

3. Предметтерге тиешелүү лекциялярды түзүү жана материалдарды жүктөө (шилтеме берүү);

4. Тапшырмаларды түзүү жана материалдарды тиркөө;

5. Тест тапшырмаларын түзүү;

6. Тапшырмаларды пландоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, аткарылган тапшырмаларды баалоо, кайтарым байланыш түзүү;

7. Студенттердин предметти өздөштүрүүдөгү статистикасын түзүү.

📲Байланыш үчүн /What'sApp: 0557 533 557
https://www.instagram.com/p/CIiAiTopEtj/?igshid=6mwyvqs8rox5