Онлайн Университет
97 subscribers
339 photos
2 videos
207 links
Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан мыкты мугалимдер, жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер жана учурда чет өлкөдө окуп иштеп жаткан мекендештер тарабынан иштелип чыккан жана окутула турган онлайн курстар жана вебинарлар
Download Telegram
“Айтматовдун ааламы. Ирмтрауд Гучке” аттуу дил маек өтөт

📖 Онлайн Университети платформасынын Адабият, тил жана маданият лабораториясы эртең, 13-июлда, саат 14.00дө "Айтматовдун ааламы. Ирмтрауд Гучке" аттуу кезектеги дил маегин өткөрөт.

🤝 Дил маекке Германиядагы адабиятчы, журналист Ирмтрауд Гучке менен белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов катышышат. Иш-чарада немис адабиятчысынын изилдөөсү, Германияда учурда Ч.Айтматовдун окурмандар тарабынан кабылданышы жана бүгүнкү күндө дүйнөлүк адабиятта кыргыз жазуучусунун ээлеген орду тууралуу сөз болмокчу.

👩‍🏫 Белгилей кетсек, Ирмтрауд Гучке Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу “Миф и сказки: вопросы человечества” (Миф жана жомоктор: адамзат маселелери) жана “Обещание журавлей: путешествие в мир Айтматова” (Турналардын убадасы: Айтматовдун дүйнөсүнө саякат) аттуу китептердин автору.

👨‍🏫 Ал эми Осмонакун Ибраимов улуу жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов. Последней писатель империи» (Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу) жана Россиядан ЖЗЛ сериясынан жарыкка чыккан “Чингиз Айтматов” аттуу китептердин автору.

🤝 Эске салсак, Онлайн Университети платформасынын Адабият, тил жана маданият лабораториясы Ч.Айтматовдун бейнесине арналган “Айтматов ааламы” дил маектер сериясын уюштурууну улантып келет.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/92351776852?pwd=Mml0L3lZRk5Ld2cxV0xHNkFmdjRodz09

Конференциянын идентификатору: 923 5177 6852
Пароль: 701275

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #маданият #Айтматов

Forwarded from Adina Esenturova
“Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китептин бет ачары болот

📚📜 Онлайн Университети 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

📚📜 Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

🗣 «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

🗣️ Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси.

💻 ЗУУМ шилтемеси:

https://zoom.us/j/99193539489?pwd=UnFnSXp2bDFLQnVjKzlZYjZ6RkVkdz09

Конференциянын идентификатору: 991 9353 9489
Код: 606292

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #бетачар #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor