Онлайн Университет
97 subscribers
339 photos
2 videos
207 links
Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан мыкты мугалимдер, жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер жана учурда чет өлкөдө окуп иштеп жаткан мекендештер тарабынан иштелип чыккан жана окутула турган онлайн курстар жана вебинарлар
Download Telegram
Forwarded from Adina Esenturova
“Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китептин бет ачары болот

📚📜 Онлайн Университети 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

📚📜 Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

🗣 «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

🗣️ Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси.

💻 ЗУУМ шилтемеси:

https://zoom.us/j/99193539489?pwd=UnFnSXp2bDFLQnVjKzlZYjZ6RkVkdz09

Конференциянын идентификатору: 991 9353 9489
Код: 606292

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #бетачар #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor
Зуумга кириниздер
📢📢📢🔊🔊🔊 Онлайн Университетибиздин "Илимий изилдөө усулдары" аттуу алгачкы китебинин бет ачары.

🗓 Күнү: 5-ноябрь;
🕖 Саат: 19.00.

👨‍🏫👩‍🏫📚 Китептин автолору:
🇰🇬 Кыргызстандан: Элира Турдубаева; Мукарам Токтогулова; Бакытбек Исаков; Гулзада Станалиева.
🇩🇪 Германиядан: Бактыгүл Түлебаева; Аксана Исмаилбекова; Махабат Садырбек; Гулзат Баялиева.

Онлайн университети "Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо" аттуу алгачкы эмгегин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды.

📖 Колдонмо КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий иштерге коюлган жаңы талаптарына карата жазылган.

📚 Колдонмо эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берет.

📖 Колдонмо ОУнун негиздөөчүлөрү жана чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте жазылды.

📚 Колдонмо Онлайн университетинин пандемия учурунда акысыз өткөргөн илимий изилдөө усулдары боюнча вебинарларынын негизинде түзүлгөн.

🌏👨‍💻👩‍💻 Катышуу үчүн: Төмөнкү Zoom шилтемесин басыңыз: https://zoom.us/j/91764258921?pwd=L1BvSE5RTmIwNzNod1Y2WVlIb2xSQT09;

Конференциянын идентификатору: 917 6425 8921
Код: 282987

#ҮйрөнүүнүҮйрөн#онлайнокуу#онлайнмектеп#онлайнүйрөнүү#онлайнкурстар#онлайнуниверситет#онлайнуроки#онлайншкола#онлайнментор#onlineuniversity#onlineteaching#onlinementoring#onlinementor
https://www.instagram.com/p/CHHdqwdJzeC/?igshid=p3vr538yyv4x
Зуумга кириниздер
Азыр саат 13.00до 5-каналда журналистиканын келечеги тууралуу туз эфирге катышам. Коруп коюнуздар. Фейсбуетан да кетет туз эфир.
📢📢Урматтуу мугалимдер !
ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ'инде UNIVERSALITY курсу старт алат!

UNIVERSALITY - бул мугалимдердин онлайн окутуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген акысыз кыргыз тилиндеги алгачкы окутуу платформасы.

Азыркы кезде мектептер үчүн даяр иштелип чыккан онлайн окутуу платформасы жок эсе, ал эми UNIVERSALITY ошол кенемтени толтуруп, мугалимдер үчүн каалаган убакка чейин акысыз колдонуу үчүн сунушталат.ОУ сиздер үчүн бул платформаны түзгөн украиналык программисттер менен келишим түзүп, прогамманын менюларын кыргызчалатып чыкты. Сиз баардык командаларды кыргыз тилинде көрүп, колдоно аласыз.

Universality окутуу платформасын колдонгон мугалим көптөгөн онлайн окутуу көйгөйлөрүн оңой эле чече алат. Мисалы, сабакка келгендерди белгилөө, сабакка катышкан балдардын ишин баалоо, сабактын жетишүү көрсөткүчтөрүн түзүү ж.б. дароо автоматташтырылат. Мугалимдин ордуна бул иштерди программа өзү аткарат.
Андан сырткары UNIVERSALITY платформасын колдонуу менен дароо заманбап сабак өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дайыма бир түрдүү иштерди аткарбастан, темага ылайыктап ар кандай көнүгүүлөрдү түзүп, сабакты окуучуга кызыктуу кылып жасай аласыз. Тексттер, аудио, видео материалдарды жана ар кандай диаграммаларды колдонсонуз болот. Сабакттын тесттерин мугалим атайын текшерип отурбайт, аны программа аткарып, окуучу дароо жыйынтыкты көрө алат.

UNIVERSALITY өзгөчө так илимдерди жана IT технологияларын окутууда атайын класстык иштин даяр түрлөрүн сунуштайт.


UNIVERSALITY платформасын колдонуп заманбап мугалим болуңуз!

Окуу планы:

1. Universality.io окуу платформасында мугалим жана студен катары катталуу, мугалим жана студен интерфейси;

2. Мугалимдин өз предметин иштеп чыгып, платформага киргизүүсү, Сабакка студенттерди, окуучуларды каттоо;

3. Предметтерге тиешелүү лекциялярды түзүү жана материалдарды жүктөө (шилтеме берүү);

4. Тапшырмаларды түзүү жана материалдарды тиркөө;

5. Тест тапшырмаларын түзүү;

6. Тапшырмаларды пландоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, аткарылган тапшырмаларды баалоо, кайтарым байланыш түзүү;

7. Студенттердин предметти өздөштүрүүдөгү статистикасын түзүү.

📲Байланыш үчүн /What'sApp: 0557 533 557
https://www.instagram.com/p/CIiAiTopEtj/?igshid=6mwyvqs8rox5