Онлайн Университет
94 subscribers
339 photos
2 videos
207 links
Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордо чет өлкөдөн окуп келип иштеп жаткан мыкты мугалимдер, жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдер жана учурда чет өлкөдө окуп иштеп жаткан мекендештер тарабынан иштелип чыккан жана окутула турган онлайн курстар жана вебинарлар
Download Telegram
Forwarded from Adina Esenturova
Кулактандыруу!

👩🏻‍💻Кыргызстандагы биринчи Онлайн Университет 2020-2021 жаңы окуу жылына МАГИСТРАТУРА программаларына абитуриенттерди кабыл алат.

👩🏻‍💻ОУда адистиктердин тизмеси төмөндөгүдөй:

1. Педагогика
2. Журналистика
3. Коомчулук менен байланыш жана реклама иши
4. Маалымат технологиялары (IT)
5. Юриспруденция
6. Филология
7. Эл аралык мамилелер (окуу англис тилинде)
8. Антропология (окуу англис тилинде)
9.Чет тилдери (окуу англис тилинде)
10. Экономика

💻Окуу процесси онлайн форматта жүргүзүлөт.

💻 Документтерди тапшыруу 25-сентябрга чейин.

💻 Төмөндөгү шилтеме аркылуу документтериңизди тапшырыңыз.
https://forms.gle/zp4w3R4KKh5cqoWdA

📩📲 Байланыш үчүн:

0700 09 30 97
onlineuniversitykg@gmail.com
www.onlineuniversity.kg
Facebook: onlineuniversitykg
Instagram: @onlineuniversity.kg

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlin
👩‍💻 Онлайн Университети платформасынын Онлайн окутуу лабораториясынын онлайн окутуу усулдары күзгү мектебине каттоо 20-сентябрга чейин.

👩‍💻 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектеби 1-октябрда башталып, бир жумада үч күн эки сааттан үч жума бою тренингдер өтүлөт.

📝 Онлайн окутуу усулдары күзгү мектебинин окуу планы:

📈 Графикалык файлдын түзүлүшү жөнүндө жалпы түшүнүк: растрдык, вектордук жана фракталдык графика;

📉 Растрдык графикалык файлдардын түзүлүшү, пиксель түшүнүгү, жарык менен түстөрдүн берилиши, графикалык файлдардын көлөмү;

💻 Компьютердин жардамы менен экрандын көчүрмөсүн (скиншот) түзүү, стандарттык графикалык файлдар менен иштөө программалары, Pain программасы менен графикалык файлдарды түзүү жана оңдоо, жөнөкөй 3D графикалык файлдарды түзүү;

🔊 Аудиофайлдардын түзүлүшү жана аларды жазып алуу программалары;

🎦 Видеофайлдардын түзүлүшү,

📽 Экрандагы маалыматтарды видеофайлга которуу (видеозахват):

▶️Debut программасы;
▶️OBS Studio программасы;
▶️Жазылган видеофайлдарды оңдоо (видеоредакторлор);
▶️VideoPad программасы;
▶️Movavi Video программасы;
▶️Видеофайлдарды кысуу түшүнүгү (конвертациялоо);
▶️HandBrake программасы;
▶️XMedia Recode программасы;
▶️Видеосабактарды даярдоо.

💻 Баасы: 1500 сом

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor

“Менин тагдырымдагы инсандар” аттуу китептин бет ачары болот

📚📜 Онлайн Университети 2-октябрда саат 16:00дө белгилүү журналист, «Азаттыктын» баяндамачысы Бакыт Орунбековдун «Менин тагдырымдагы инсандар» аттуу китебинин бет ачарын онлайн өткөрөт.

📚📜 Китепте советтик доордогу, эгемендик жылдардагы саясатта, илимде, ишкердикте ийгиликке жеткен адамдардын, жалпысынан 24 каармандын тагдыры жөнүндө жазылган. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Султан Ибраимов, Роза Отунбаева, Мелис Мырзакматов, Казат Акматов ж.б. бар.

🗣 «Ар бир каармандын кыял-жоругун, баскан жолун, өтөгөн эмгегин кандай билсем, кандай туйсам ошого жараша жеке баамды жаздым. Алардын портреттери эл арасындагы, коомдогу ар түркүн пикирлер, көз караштар менен шөкөттөлөт», - деди Орунбеков.

🗣️ Бакыт Орунбеков 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидаты. Публицистикалык, илимий-педогогикалык сегиз китептин автору. Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты. «Ош-3000» медалынын ээси.

💻 ЗУУМ шилтемеси:

https://zoom.us/j/99193539489?pwd=UnFnSXp2bDFLQnVjKzlZYjZ6RkVkdz09

Конференциянын идентификатору: 991 9353 9489
Код: 606292

#ҮйрөнүүнүҮйрөн #адабият #бетачар #онлайнокуу #онлайнмектеп #онлайнүйрөнүү #онлайнкурстар #онлайнуниверситет #онлайнуроки #онлайншкола #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor
📢📢📢🔊🔊🔊 Онлайн Университетибиздин "Илимий изилдөө усулдары" аттуу алгачкы китебинин бет ачары.

🗓 Күнү: 5-ноябрь;
🕖 Саат: 19.00.

👨‍🏫👩‍🏫📚 Китептин автолору:
🇰🇬 Кыргызстандан: Элира Турдубаева; Мукарам Токтогулова; Бакытбек Исаков; Гулзада Станалиева.
🇩🇪 Германиядан: Бактыгүл Түлебаева; Аксана Исмаилбекова; Махабат Садырбек; Гулзат Баялиева.

Онлайн университети "Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо" аттуу алгачкы эмгегин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды.

📖 Колдонмо КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий иштерге коюлган жаңы талаптарына карата жазылган.

📚 Колдонмо эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берет.

📖 Колдонмо ОУнун негиздөөчүлөрү жана чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте жазылды.

📚 Колдонмо Онлайн университетинин пандемия учурунда акысыз өткөргөн илимий изилдөө усулдары боюнча вебинарларынын негизинде түзүлгөн.

🌏👨‍💻👩‍💻 Катышуу үчүн: Төмөнкү Zoom шилтемесин басыңыз: https://zoom.us/j/91764258921?pwd=L1BvSE5RTmIwNzNod1Y2WVlIb2xSQT09;

Конференциянын идентификатору: 917 6425 8921
Код: 282987

#ҮйрөнүүнүҮйрөн#онлайнокуу#онлайнмектеп#онлайнүйрөнүү#онлайнкурстар#онлайнуниверситет#онлайнуроки#онлайншкола#онлайнментор#onlineuniversity#onlineteaching#onlinementoring#onlinementor
https://www.instagram.com/p/CHHdqwdJzeC/?igshid=p3vr538yyv4x