Kloop кыргызча
806 subscribers
13.2K photos
721 videos
8 files
19.8K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарына УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу 9-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, имараттын ачылышына Камчыбек Ташиев, УКМКнын ардагерлери, өздүк курамы жана облустук бийлик өкүлдөрү катышты.
https://bit.ly/3hsVYBN
Активист Айбек Бузурманкуловдун колдоочулары Бишкек шаардык соттун жанында чогулуп жатышат.

Бузурманкуловдун иши боюнча сот отурумунун саат 15:30да башталышы күтүлөт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бузурманкуловдун жубайы Толгонай жолдошунун жана башка «саясий туткундардын» бошотулушун талап кылууда.

«Мыйзамсыз, эч кандай экспертизасыз, алардын күнөөсүнө далили жок [камашкан]», — деди айым.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот активист Айбек Бузурманкуловду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Айбек Бузурманкуловдун баш коргоо чарасын карады. Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, активистти 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Бирок Бузурманкуловдун жактоочусу Акынбек Ногоев активистке карата иш мыйзамсыз козголгон деп эсептейт.

«Бирок тергөө учурунда бир дагы далил алынган эмес. Бир дагы курал жарак табылган эмес. Массалык башаламандык уюштурууга эч кандай аракет болгон эмес», - деди ал.

Активист Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирип, анын Өзбекстанга берилишине каршы болгон.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Активист Айбек Бузурманкуловдун тарапташтары шаардык соттун чечимине нааразы болуп жатышат.
Клара Сооронкулованын жактоочулары соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасын карап жатат. Сооронкулованын жактоочулары алгач судьялардын бирине, кийин соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Соттук коллегия жактоочулардын өтүнүчүн четке какты.

Сооронкуловага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.
Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриядан «Клоопко» аталган иш-чаралардан жергиликтүү бийлик кабардар экенин жана алдын ала макулдашылганын билдиришти.

https://bit.ly/3TofpbY
Жапаров менен Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана эмес, башка жерлер да өнүгүп жатат — Султанбаев

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «акыркы убакта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана өнүгүп жатат» деген сынга жооп берди. Буга чейин Темиров Live каналына Жапаров менен Ташиев бийликке келгенден кийин алардын кичи мекендерине социалдык объектилер курула баштаганы тууралуу видео чыккан.
https://bit.ly/3fR8mLs
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Клара Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Бүгүнкү отурум соттун көз каранды эмес экенин дагы бир жолу далилдеди», — деп белгиледи ал.

Сооронкуловага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп кирип, анын Өзбекстанга берилишине каршы болгон.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Рита Карасартованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугун карады. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, укук коргоочуну 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Видео: Арча Медиа
Каракол: Соода борборунда эркек киши мурдагы аялын бычактап өлтүрдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 35 жаштагы киши мурдагы аялын бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.
https://bit.ly/3UsR0n6
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
‼️Төкмө акын Болот Назаров жылкы уурдоого шектелип бир айга ТИЗОго киргизилди

Чүй облусунун Москва райондук соту төкмө акын Болот Назаровду жылкы уурдоо иши боюнча бир айга Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алды.

«Болот Назаров [буга чейин] оор кылмыш кылууга айыпталганы негиз болуп жатат. Бирок, камакка киргизүү үчүн мыйзамдуу негиз болгон жок», — деди анын жактоочусу Бакыт Автандил.

https://bit.ly/3huoVxb
«1 млн сомдон ашык зыян». ИИМдин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлерине үч кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлери мамлекетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирүүгө шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр атайын тактикалык машыгууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарын кымырып алган.
https://bit.ly/3DVmH1h
АКШ чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн Тажикстанга 10 жолтандабас берди

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги 8-ноябрда Тажикстандын Улуттук гвардиясына мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн 10 жол тандабас берди.

«Бул кайрымдуулук Тажикстанга анын чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн берген жардамдарыбыздын бир гана бөлүгү. Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатында тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биргеликте жетишилген макулдашуулар менен сыймактанабыз», — деп айтты АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм автоунааларды берип жатып.

https://bit.ly/3NUGfr5
Украинанын Херсон шаарындагы орус аскерлери артка чегинди

Орус аскерлери алгачкылардан болуп оккупациялап алган Херсон шаарынан артка чегине баштады.

Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия аскерлерин Херсон облусундагы Днепр дарыясынын сол жээгине көчүрүүнү пландап жатат.

«Медуза» басылмасынын билдиришинче, орус аскерлери Херсондон артка чегине турган болсо, Херсон облусу менен кесилишкен Николаев облусу толугу менен Украинанын көзөмөлүндө болот.

https://bit.ly/3tojRwN
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Шаардык сот Бектур Асановду 20-декабрга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту экс-депутат, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Бектур Асановдун баш коргоо чарасын карады.

Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Асановду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Видео: Арча Медиа
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Саясатчы Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту экс-депутат Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карады. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырып, саясатчыны 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Видео: Арча Медиа
Президент маморгандарды Майлуу-Суу заводунун лампаларын сатып алууга милдеттендирди

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тескемеге кол койду.

2022-жылдын башында ишканага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барган жана Майлуу-Суу лампочка заводун жандандыруу ниети бар экенин билдирген.

https://bit.ly/3NSMMCG
«Алькони» ишканасына антисанитардык шарттары үчүн 36 миң сом айып салынды

«Алькони» ишканасына тамак-аш азыктарын өндүрүүдө санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 36 миң сом айып пул салынды.

Маалыматка ылайык, «Не сахар» долбоорунун резонанстуу чыгарылышынан кийин Санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан аталган заводдо текшерүү жүргүзүлгөн.

https://bit.ly/3DYGUTU