Kloop кыргызча
874 subscribers
13.5K photos
746 videos
8 files
19.9K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
«Виктимблейминг» тууралуу карточкалардан окуңуз.

Октябрдын аягында Бишкектин тургуну курбусу зордуктоого кабылганын, милицияга арыз жазылганына карабай шектүү эркиндикте жүргөнүн айтып чыкты. Ал эми күч органдары ишти жабууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Окуя соцтармакта кызуу талкууланып, зордуктоого кабылганын айткан кызды «жаш баланы азгырды», «подстава, акча өндүргөнү жатат», «өзү күнөөлүү» деген комментарийлер жазылууда.

Албетте, окуяга тиешелүү органдар чекит коёт, а биз эмнеге «зордуктоого кыз өзү күнөөлүү» деген туура эмес экенин түшүндүрүп беребиз.

📎: https://bit.ly/3gTIpeb
Эртең 9-ноябрда Кемпир-Абад боюнча камалган активист жана саясатчылардын бөгөт чарасы карала баштайт. Графиги:

Гүлнара Журабаева — саат 09:00;
Кеңешбек Дүйшөбаев — 09:00;
Али Шабдан — 10:00;
Атай Бейшенбек — 10:30;
Таалай Мадеминов — 11:20;
Айбек Бузурманкулов — 15:30;
Клара Сооронкулова — 16:00;
Кубанычбек Кадыров — 16:00;
Нурлан Асанбеков — 16:40;
Перизат Суранова — 17:00.
Глобалдык жылуулук быйыл Кыргызстанга кандай таасирин тийгизди?

Метеобайкоонун тарыхында соңку сегиз жыл өтө жылуу болгону байкалууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун* глобалдык климаттын 2022-жылга карата абалы боюнча докладында айтылат. Авторлор климат парник газдарынан улам өзгөрүп жатканын белгилешет.

Кыргызстанда да мөңүлөр эрип жатат. КМУнун экология жана туризм кафедрасынын профессору Кайрат Молдошев буга бир гана парник газдары эмес, күндүн активдүүлүгүнүн циклдик жогорулоосу да себеп болуп жатат деп эсептейт.

https://bit.ly/3hrP1Rd
«Чарчаган арстандар». Президенттер жана аларды коргогон күч кызматкерлеринин абалы

ИИМ менен УКМКнын башчылары күч түзүмдөрү саясаттан алыс деп айтканды жактырышат.Ошентсе да Кыргызстанда күч органдары ар бир президенттин тушунда саясаттын казанында кайнап келди. Алардын тагдыры өздөрү коргогон өлкө башчылардын тагдырынан кескин айырмаланат.

Күч органдарынын башчылары куугунтукталып, токмок жеп же түрмөгө түшсө — бийлигинен кол жууган президенттер, Атамбаевден башкасы, дени сак, капчыгы калың жана да эркиндикте.

https://bit.ly/3hjQUzv
Cүлүктү: Жергиликтүү ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга тыюу салган токтомго нааразы

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга коюлган убактылуу чектөөнү алып салууну суранышууда.

Алар «Клоопко» берген маегинде көмүрдү чет өлкөгө сатып үй-бүлө багып келгенин айтышып, чектөөлөрдөн улам анын баасы түшүп кеткенин белгилешти. Ал эми бийлик элди арзандатылган көмүр менен камсыздоо үчүн мындай чектөө киргенин белгилейт.

https://bit.ly/3Ul6d9A
Бүгүн, 9-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган активист жана саясатчылардын бөгөт чарасы каралып баштады.

Алгач БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын бөгөт чарасы каралып башталды. Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши боюнча сот 9:00дө болот деп айтылган.

ИИМ 23-октябрдын таңында 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң аларды кармап кеткен.

Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган.
Адвокат Бакыт Автандил уулу Журабаеванын кармалышы мыйзамсыз экенин жана анын үйүн тинтүү мыйзамсыз өткөнүн айтты.

Адвокат Журабаева тергөө учурунда камакка алынбашы керек экенин билдирди. Анткени Журабаеванын ата-жөнү такталып, анын туруктуу жашаган жери бар, ал тергөөдөн качууну жана сот процессине тоскоолдук кылууну көздөбөйт.

«Камоого эч кандай негиз болгон эмес. Мыйзамсыз тинтүү учурунда да эч кандай мыйзамсыз буюмдар табылган эмес. Ал 63 жашта. Ал мурда соттолгон эмес. Айыпталуучунун күнөөсү боюнча түз далил жок», — деди Автандил уулу.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Судьялар чечим чыгаруу үчүн сот залынан чыгып кетишти. Ал арада Журабаеванын тарапташтары залда: «Боштондук!» — деп кыйкырып жатышат.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева 20-декабрга чейин камакка алынды.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Журабаеванын тарапташтары: «Позор!» (Уят) — деп кыйкырып жатышты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кармалган дагы бир активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан) бөгөт чарасын кароо үчүн сот залына алынып келди.

Ага да «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган.

Видео: Арча Медиа
Активист Перизаткан Суранова сот залына алынып келинди.

Ал дагы «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып жатат.
Kloop кыргызча
Активист Перизаткан Суранова сот залына алынып келинди. Ал дагы «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып жатат.
Бишкек шаардык сотунда Суранованын кармалышы боюнча отурум өтүп жатат

Адвокат Жаныш Бараков Суранованын ишин караган тергөөчүнү сот залына чакырууну өтүндү.

«Тергөөчүнүн корутундусу мыйзамсыз жана негизсиз. Тергөөчү сөзсүз бул жерде болушу керек. Ал келсе калыс болор эле. Суроо узатат элек», — деди жактоочу.

Ал эми судьялар тергөөчүнүн катышуусунун кереги жок деп чечишти. Жактоочулар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бирок сот аны четке какты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кемпир-Абад чуусу: Активист Али Шабдан камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту активист Чынарбек Шабдан уулунун (Али Шабдандын) кармалышын мыйзамдуу деп таап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ал эми активист бул боюнча комментарий берип, «баарын өзүңөр көрүп жатасыңар го», — деди.

Видео: Арча Медиа
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту активист Перизаткан Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырды.

«Мен эгемендүү, эркин Кыргызстанда жашагым келет жана бул үчүн күрөшөм», — деп белгиледи активист.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Суранованын тарапташтары: «Позор!» (Уят), «Боштондук!» — деп кыйкырып жатышты.

Ал эми Суранованын баш коргоо чарасы бүгүн 17:00дө каралат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык сотунда Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышы боюнча сот отуруму өтүп жатат.

Адвокат Акын Абазбеков тергөөчүнү сот залына чакырууну суранды. Бирок сот анын өтүнүчүн четке какты.

«Кылмыш ишин козгоо боюнча токтом менен таанышкан жокпуз. Кайсыл негизде кылмыш иши козголгону бизге белгисиз», — деп, жактоочу сотко ишенбөөчүлүк көрөттү.

Ал эми Дүйшөбаев соттун бул кылганына нааразы болуп, аларга «адам тагдырын чечип жатасыңар» деп кайрылды.

«Биринчи инстанциядагы сотто тергөөчү бар дагы суроого жооп бере алган эмес. Эмнеге аны бул жакка чакырууга болбойт?» — деп суроо салды ал.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Ал эми Дүйшөбаев «өзүнүн керт башы үчүн эмес, Кыргызстандын жери, суусу үчүн күрөшкөнүн» билдирди. Ал «азыркы соттор менен тергөөчүлөр убагы келгенде биздин ордубузга келишет» деп нааразы болду.

«Эч кандай кылмыш жок. Наадандык. Наадандык менен кетип бара жатышат. Мыйзамды, Конституцияны “уруп ойнобой” кетип бара жатышат. Биз сынбайбыз. Коркуп, үркүп калган жокпуз. Акырында чындык жеңет», — деди ал.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Шаардык сот Атай Бейшенбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту активист Атай Бейшенбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Активист 20-декабрга чейин камакта болот.

«Достор, бардык жүйөлөрдү көрдүңүздөр. Тилекке каршы бушталган мыйзамсыз аракеттер дагы деле уланып жатат. Бир учур келип буга укуктук да, саясий да баа берилет», — деп белгиледи активист.
Акын Болот Назаровду тоноочулукка шектеп кармашты

Төкмө акын Болот Назаров милиция тарабынан тоноочулукка шектелип кармалды.

Милициянын айтымында, ал «14 жаштагы өспүрүмдүн атын күч колдонуп алып, из жашырып кеткен». Буга чейин анын дайынсыз экени айтылган.

https://bit.ly/3EjbSrs