Kloop кыргызча
916 subscribers
13.7K photos
770 videos
8 files
20K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Kloop кыргызча
Алайда уулун сөгүп, эшикке чыгарып койгон киши кармалды Бир күн мурда социалдык тармактарда уулун сөгүп, орой мамиле кылып, тил албаса сабайм деп коркуткан видео тарады. Ош облустук милициясы окуя ошол эле күнү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү…
Алайда атасы орой мамиле кылган баланы Миграция министрлиги коргоого алды

Миграция министрлиги Алайда атасы сөгүп, эшикке чыгарып койгон бала асыроочу үй-бүлөгө берилгенин билдирди.

Министрликтен баласына орой мамиле кылган киши чет жерде иштеп жүргөн аялын үйүнө алып келүү үчүн видеого тартканын белгилешти.

«Райондук башкармалыктын маалыматы боюнча, баланын денесинде ур-токмоктун изи жок. Баланы коргоонун жеке планы түзүлүп, териштирүү иштери аяктап, үй-бүлөсүндөгү тактоо иштери аяктаганча бала асыроочу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды», — дешти мекемеден.

#кабарлар
🚎Нарынга Бишкектен троллейбустар жеткирилди

Бишкектен Нарын шаарына жеткирилген алты троллейбус жакынкы күндөрү каттамдарга чыгат. Бул тууралуу Нарын мэриясы билдирди.

«Нарында коомдук транспортту өнүктүрүүнү колдогонуңар үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп жазылган мекеменин Минкаб башчысы Акылбек Жапаровго жана Бишкек мэри Айбек Жунушалиевге жолдонгон кайрылуусунда.

Июлдун аягында Нарын мэриясы «коомдук транспорт жетишсиздигин жоюу» максатында аларга Бишкектен бир нече гана троллейбус келерин билдирген.

Май айынын башында Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берип, алардын ордуна электр автобустарын алары белгилүү болгон. Жергиликтүү активисттер электробустардын аккумулятор батареяларын экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып, бул чечимге каршы болууда. 

29-августта Бишкек шаардык кеңеши Ош шаарына 100 троллейбус берүү чечимин жактырган.

#кабарлар
Журналисттердин ишинде дагы эки фигурант бар. Алардын бири — Болот Темиров

Журналисттердин иши боюнча дагы эки киши — иликтөөчү Болот Темиров жана журналист Улан Нурманбетов бар. Бул тууралуу Темиров өзү телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, ага, Нурманбетовго жана башка «белгисиз адамдарга» Темиров Live'тын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине карата бир эле берене боюнча иш козголгон.

«Көрсө, мага, Уланга жана башка белгисиз адамдарга 26-апрелде ушул эле берене боюнча иш козголгонун аз эле кишилер билет экен», — деп жазган ал.

Нурмамбетовго «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча сыртынан айып тагылганы белгилүү. Ошондой эле 16-апрелде Биринчи Май райондук соту Нурманбетовду камакка алуу чечимин чыгарган — ошол эле күнү журналистке издөө жарыяланган.

Temirov Live’дын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Тогузуна «башаламандыкка чакыруу» боюнча айып тагылса, долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров ошол чакырыкты «уюштурууга» айыпталган.

Бирок, белгилүү болгондой, Темиров жана Нурманбетов баш болгон башка журналисттерге бул чакырыктарга «көмөктөшкөн» деген айып тагылган. Кийин сот кармалгандардын айрымдарын эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган. Аталган иштин фигуранттары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес.

#кабарлар
Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады

Бүгүн, 16-сентябрдан тарта Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору толук иштей баштады. Эми жол эрежесин бузган фактылар автоматтык түрдө сүрөт, видеого тартылып, айып пул салынат.

Эгер айдоочу ылдамдыкты ашырса, каршы жол тилкесине чыгса, коопсуздук курун тагынбаса, жөө жүргүнчүлөргө жол бербесе, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулуп же токтосо, тротуарга унаасын токтотсо, жол белгилерине маани бербегенде, «Стоп» сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаса жана маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурларда айыпка жыгылат.

Эрежени бузгандарга бир айдын ичинде айып пул жөнүндө билдирме айдоочунун дарегине жөнөтүлөт.

Ошто бул долбоор бир нече ирет артка жылдырылып келди. Калаа бийлиги буга чейин 1-июндан тарта долбоор тесттик режимде ишке кирет деп кабарлаган.

«Коопсуз шаар» долбоору өлкөдө 2019-жылдан баштап иштей баштаган. Долбоор «тейлөө моделине» ылайык ишке ашырылган. Бул аткаруучу бардык техникалык инфраструктураны өз алдынча орнотот жана тейлейт, камералардын иштөөсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөйт дегенди билдирет.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Азимбек Бекназаров эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы жана Кемпир-Абад ишинин фигуранты Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын карап, аны 2-ноябрга чейин ТИЗО-1ге камакка алууну чечти.

Соттун маалыматына ылайык, судья УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн тиешелүү өтүнүчүн 14-сентябрда канааттандырды.

Саясатчынын адвокаты Бекназаров мыйзамсыз кармалганын жана тагылган айыптар негизсиз экенин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. 

Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип 12-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, саясатчынын 2010-жылдагы апрель революциясы учурунда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоого жана коротууга тиешеси бар. 
 
УКМКдан белгилешкендей, Бекназаров акчаны адалдоого аракет кылып, Бишкекте, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, аларды башка адамдардын атына каттаткан.

УКМКнын басма сөз кызматы Бекназаровдун 2010-жылы жазылып алынган Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев менен болгон сүйлөшүүсүнүн аудиосун жарыялады.

Алардын биринде Бекназаров Атамбаевди кадрдык дайындоолордун бири үчүн 400 миң доллар өлчөмүндө пара алууга айыптап, аны жаңы революция жасарын айтып коркуткан. Мындай сүйлөшүү болгонун кийин Атамбаев ырастап, бирок пара алганын четке каккан.

Бекназаров Сариев менен сүйлөшүүсүндө 1 миллион долларды эсептен чыгаруу ыктымалдыгын талкуулаган. Кийин Сариев эч кандай акча уурдоо болбогонун, сөз болгон миллион доллар өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бөлүнгөнүн билдирген.

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун айтымында, УКМК бул сүйлөшүүлөр боюнча атасын эки жолу суракка алып, үчүнчү жолкусунда камакка алган.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
UFC: Валентина Шевченко атаандашын жеңип, чемпиондук курун кайтарып алды

15-сентябрда АКШнын Невада шаарында өткөн турнирде кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко атаандашы мексикалык Алекса Грассону жеңип, UFC чемпиону титулун кайтарып алды.

UFC’нин маалыматына ылайык, 36 жаштагы спортчу UFC тарыхында жеңил салмак боюнча аялдар арасында эки жолу чемпион болгон алгачкы аял болду.

Буга чейин UFC уюму кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченкого ар бир титулун ийгиликтүү коргогону үчүн жети чемпиондук кур тапшырган.

Шевченко UFC’нин чемпиондук титулун 2018-жылдан бери катары менен жети ирет коргогон. Мушкер айым өткөн жылы мексикалык спортчу Алекса Грассого жеңилип, кийинки беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Шевченко 2021-жылы UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым деп таанылган. Ал эми Fighters Only журналынын жыйынтыгы менен ал 2022-жылдын мыкты мушкер айымы наамына татыган.

#кабарлар
Ош: Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Алдамчылыкка» шектелип 38 жаштагы тургун кармалды. Ал «Тилла» каймана аты менен кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын билдиришти облустук милициядан.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-июлда жердеши андан Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын убактылуу пайдаланууга алып, карызын төлөө үчүн башка бирөөгө берип жибергенин билдирген.

Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 14-сентябрда шектүү катары Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Шектүү мурда да соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө анын үстүнөн дагы үч жабырлануучудан ушундай эле мазмундагы арыздар катталган. Жабырлануучуларга болжолдуу 4 млн 800 миңден ашык зыян келтирген» — дешти милициядан.

Териштирүү уланууда.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. 

Зилалиевдин кармалганы 13-сентябрда белгилүү болгон. Басылмалардын маалыматына ылайык, аны кен иштетүүгө лицензия берүүдөгү жемкорлук шеги менен УКМКнын кызматкерлери кармаган. Бул иш боюнча ошондой эле Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.

2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияланбаган үйлөрү, батирлери жана банк эсебинде ири өлчөмдө сумма бар экенин аныкташкан. Анда ал ишти саясий шоу деп атап, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сот ал иш боюнча экс-вице-премьерди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2021-жылы июнда Жогорку сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Зилалиев 2023-жылы кайра кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турган 2017-жылы Б.Р. аттуу жаранга кен иштетүүгө лицензия берүүнү убадалып, андан 50 миң доллар алган. Жыйынтыгында Зилалиев маселени чечпей, алган акчаны кайтарып берген эмес. Кийин арыз жазган адам айыптоолорунан баш тартып, Зилалиев эркиндикке чыккан.

#кабарлар
Ысык-Көл: 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки тургун кармалды

Бул тууралуу «Клоопко» 16-сентябрда Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда Жети-Өгүз райондук милициясына 45 жаштагы тургун кайрылып, саат 11:30 чамасында Барскоон айылынын Көк-Сай аймагында анын 9 жаштагы кызын эки белгисиз тургун сабап, зордуктап кеткенин айткан.

Бул окуя каттоого алынып, «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Барскоон айылынын 19 жана 25 жаштагы эки тургуну кармалып, райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат.

#кабарлар
Бомба тууралуу маалыматтан улам Авиациялык институттун имараты текшерилүүдө

Бишкектеги Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институнун почтасына бомба тууралуу маалымат 9:25 чамасында келип түшкөн.

Бул учур Ленин райондук милициясына катталып, тургундардын коопсуздугу үчүн имарат курчоого алынып, кишилер эвакуацияланды.

Тиешелүү тактоо иштери жүрүп жатат, кошумча маалымат берилет.

#кабарлар
Ош: Селден кийин кармалган мурдагы чиновниктердин камактагы мөөнөтү узартылды

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов, мурдагы башкы архитектору Алтынбек Токошев, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев жана Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Сансызбаевдин камактагы мөөнөтү 18-ноябрга чейин узартылды.

Бул тууралуу токтомду 13-сентябрда Ош шаардык соту чыгарган. Маалыматты «Клоопко» 17-сентябрда Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

25-июлда УКМКдан жетекчилер сел өтүүчү жерлерди менчикке мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалганын билдиришкен.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Маданият министрлиги Али Эргешовдон тогуз жашар кыздын ыдыкка кабылганы тууралуу материалды өчүрүүнү талап кылды

Маданият министрлиги блогер Али Эргешовдон ага таандык «Эл билсин» YouTube каналындагы видеоматериалды «тез арада өчүрүүнү» талап кылды. Анда Сокулуктун Жал айылында кошунасы ыдык көрсөткөн тогуз жашар кыз тууралуу сөз болгон.

Министрлик каналда «туура эмес маалымат камтылып, журналистикага байланыштуу мыйзамдар одоно бузулганын» билдирди.

«Видеоматериалдын башында ыдык көрдү делген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан төрт адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал», — дешти министрликтен.

Маданият министрлиги блогер материалында «көрүүчүлөргө өз пикирин бир нече жолу таңуулаганын» баса белгиледи.

«Ал “ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак” деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес», — дешти министрликтен.

Ошондой эле блогердин материалында видеобайкоого жазылган кадрлар колдонулганы айтылат. Анда жаш балдардын бети жабылбаганы, муну менен блогер «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамды бузганы белгиленди.

Апрелде милиция Сокулуктун Жал айылында 40 жаштагы кишини тогуз жашар кызга ыдык көрсөтүүгө шектеп кармаган.

Жабырлануучунун апасы шектүү «кызды гараждын артына чакырып, ыпылас аракеттерди жасаганын» айткан.

Али Эргешовдун YouTube каналында 142 миң катталуучу бар. Ал былтыр «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Эргешов бул «кесиптик ишмердүүлүгүнө» байланыштуу экенин айткан. Кийин ал үй камагына чыккан.

#кабарлар
Жакшы каралбайт. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагынан көз жумган аялдар

Кыргызстанда жыл сайын жатын моюнчасынын рагынан 230дай аял каза болот. Бул оору менен ооруган аялдардын 40%га жакыны үчүнчү же төртүнчү этапта, дарт өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылышат.

Өлүмдүн мынчалык жогору көрсөткүчүнө дарыгерлердин, бейтаптардын рак оорусуна карата бейкапардыгы гана эмес, бейтаптардын үй-бүлөлөрүндөгү гендердик жана диний көз караштар да себеп болууда.

«Борбор Азия Медиазонасы» кыргызстандык аялдар жатын моюнчасынын рагынан кантип айыгат, канчасы өмүрү менен кош айтышат, бул дартка каршы күрөшүүдө мамлекет канчалык натыйжалуу иштеп жатат деген суроого жооп издеди.

https://bit.ly/3zn23ZE (бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)

Түп нуска материалга шилтеме бул: https://bit.ly/3XsfM9x
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM