Kloop кыргызча
874 subscribers
13.5K photos
746 videos
8 files
19.9K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Бишкек шаардык сотунун алдында экс-депутат Канатбек Исаевдин тарапташтары чогулду.

Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт.

Исаев октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетине кошулган. Эртеси күнү УКМКнын тергөөчүсү Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып сотко кайрылган — экс-депутат 2018-жылдын 1-октябрынан бери «төңкөрүш жасоо аракетине» байланыштуу эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикте жүргөн. Тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

Сүрөт: kloop
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сооронкулова: Аялдардан корккон бийлик кимди жыргатат?

Сот отуруму башталганга чейин Клара Сооронкулова журналисттерге интервью бербеши үчүн аны сот залынан чыгарып кетишти.
Кемпир-Абад иши: Кармалган активисттердин дээрлик көпчүлүгү камакта калды. Отурум уланууда

9-10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу иштин алкагында кармалган активисттер менен саясатчылардын аппеляциялык арыздары каралууда. Сот бир нече кишинин арызын карап, биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Кармалгандар «Кылмышка даярдык көрүүгө» (Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси) жана (КР КЖК 278-бер. 1-пункту, жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталат) «Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталууда.

https://bit.ly/3WSxcv9
Улуттук энергохолдинг өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн себебин айтты

Кыргызстандын энергосистемасы аба-ырайынын төмөндөшүнөн улам, жүктөмдү көтөрө албай, өлкө боюнча электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады.

«Электр жабдыктарына болгон жүктөмдүн жогорулашына байланыштуу, аларды авариядан сактап калуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болду […] Учурда энергосистемадагы кырдаал туруктуу», — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.

https://bit.ly/3ht01hl
УКМК: Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министрликтин жана КОСУнун жооптуу кызматкерлери көп жылдан бери жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин бузуп, бюджеттик окуу жайларга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келген.
https://bit.ly/3A2yhXl
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Клара Сооронкулова сот залынан судья алгач иштин бардык жагдайларынын мыйзамдуулугун жана аныктыгын текшерип, андан кийин гана камакка алуу боюнча чечим чыгарышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын соттору эч нерсени текшербейт жана тергөөчүлөр эч кандай далил келтиришпейт.

«[...] Бул система эмнеге алып келди. Соттор, тергөөчүлөр бийликтин кулу болуп калышты», — деп нааразы болду ал.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Соттук отурумда судьялар кеңешүүгө чыгып кеткенде Сооронкулованы сот залынан чыгырып кетүүгө аракет кылышты.

Сооронкулова мыйзамда андай нерсе жок экенин белгилеп, алардан Конституциядан таап көрсөтүп берүүнү талап кылды. Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай аракетти «күч колдонуу» деп баалады.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасы каралып баштады.

Сүрөт: «Клооп»
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Клара Сооронкулованы камакта калтырды

Шаардык сот Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Конституциялык соттун мурдагы мүчөсүнө «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Акыл Айтбаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасын карады.

Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды - саясатчы 20-декабрга чейин камакта болот.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Саясатчы Акыл Айтбаевдин тарапташтары Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы болушууда.
«Жашыруун». Канат Исаевдин туугандары жана журналисттер сот залына киргизилген жок

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арызы каралып жатат.

Ал арада «Клооптун» кабарчысы сот залына экс-депутаттын тарапташтары жана журналисттер киргизилбегенин айтып берди. Буга «материалдар жашыруун» деген себеп айтышты.

https://bit.ly/3UFyg45
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту «Чындык» саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Кадыров өзүнө карата козголгон кылмыш ишти «саясий буйрук» деп баалады.

Ал эми анын жактоочусу саясатчы «мыйзамсыз кармалган» деп эсептейт.
Бишкек: Авариялык кырдаалдан улам бир катар мектеп жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду

Бишкекте авариялык кырдаалдан улам 10-ноябрда бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынан «Клоопко» жылуулук көйгөйлөрү жаралган мекемелерде окутуу онлайн режимде жүргүзүлөрүн белгилешти.

https://bit.ly/3TqmgSz
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселеси боюнча саясатчыларга козголгон кылмыш ишин «жомок» деп атады.

«Бийликтин жасап аткан иштеринин баары мыйзамдан жана адамгерчиликтен сырткары. Кыргыздын тарыхында кыз-балдарды үйүнөн сүйрөп келип, торго ыргытуу деген болгон эмес. Бул айбанчылык. Бирок бул күндөр дагы өтөт», – деди ал.

Мындан сырткары, ал партиялашы Акыл Айтбаевдин өлкөдө башаламандык уюштурууга эч кандай оюу болбогонун жана ал көп жылдан бери жер менен иштеген адис экенин белгиледи.

«Маданияттуулугу, сабаттуулугу аябай бекем инсан. Айрымдарынан айырмаланып, бул өмүр боюу жер менен иштеген жер адиси. Булар өздөрү бийликке ушундай жол менен келген, башкаларды дагы өздөрүнө салыштырып жатышат», – деди Мадумаров.
Kloop кыргызча
Бишкек шаардык соту «Чындык» саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын карап жатат. Кадыров өзүнө карата козголгон кылмыш ишти «саясий буйрук» деп баалады. Ал эми анын жактоочусу саясатчы «мыйзамсыз кармалган» деп эсептейт.
Сот Кубанычбек Кадыровду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту «Чындык» саясий партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Кадыров өзүнө карата козголгон кылмыш ишти «саясий буйрук» деп атады.
Бишкек шаардык соту «Демократиялык кыймылынын» мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаевдин бөгөт чарасын карап жатат.

Жактоочу Дүйшөбаевдин ишин тергеген тергөөчүнү сот отурумуна алып келүүнү өтүндү. Соттук коллегия аны четке какты.

Андан соң адвокат соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия судьяларды иштен четтетүүгө эч кандай негиз жок деп тапты.
«Ур-токмокко алышкан». Баткенде 18 жаштагы чек арачы жоокер каза болду

9-ноябрда Айдаркен шаарынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза тапты. Жоокердин жакындары аны «ур-токмокко алышкан» деп эсептейт.

https://bit.ly/3huuwU6