Kloop кыргызча
874 subscribers
13.5K photos
746 videos
8 files
19.9K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Сот Перизаткан Суранованы камакта калтырды

Бишкек шаардык соту активист Перизаткан Суранованы 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Суранова сот отурумунда карыган ата-энесин жана жашы дете элек үч баласын багышы керек экенин айтты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кеңешбек Дүйшөбаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту «Демократиялык кыймылынын» мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаевди 20-декабрга чейин абакта калтырды.
Кыргызстанда бир суткага электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

10-11-ноябрда электр жарыгын керектөөгө жана кубатына чектөө киргизилет. «Электр станциялар» компаниясынын башкы директору Айбек Айдаралиевдин айтымында, бул Токтогул ГЭСдеги № 2 гидроагрегатты оңдоо иши менен байланыштуу.

https://bit.ly/3UHXE8S
Баткендик жаш програмисттер республикалык сынакта биринчи орунду ээледи

4-ноябрда Бишкекте мектеп окуучулары арасында биринчи жолу республикалык хакатон өткөрүлүп, анда Баткен облусунан келген команда биринчи орунду алды.

Уюштуруучулар иш-чаранын максаты «балдардын IT багыты боюнча маалыматтык сабаттуулугун арттыруу» экенин белгилешти.

https://bit.ly/3A3xNQV
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап жатат.

Активисттин жактоочусу Бекчоро уулуна карата иш «мыйзамсыз козголгон» деп эсептейт. Ал Бекчоро уулу Кемпир-Абадды коргоо комитетинин жыйынына эркин журналист катары барганын белгиледи.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды

Бишкек шаардык соту эркин журналист, активист Эрлан Бекчоро уулун 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Бекчоро уулу соцтүйүндөгү бир да постунда бийликти басып алууга эч кандай чакырык кылбаганын айтты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Анын тарапташтары сот залынын ичинде «Акматовго боштондук!», «Акыйкат чечим!» деген чакырыктарды жасап жатат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Айданбек Акматовду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту журналист Айданбек Акматовду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Акматовдун тарапташтары: «Акматовго боштондук!», «Уят!» — деп кыйкырып жатышты.

Ал Кемпир-Абадды коргоо Комитетинин жолугушууларына журналист жана кайдыгер эмес жаран катары катышканын айткан.

Видео: Kloop
Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Бишкек — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди.

«Спутник» маалымат агентиги көз жумган жаран ырчы Бекжан Темирхан экенин жазды. Маалыматка караганда, унаа 100 метр бийиктиктен Чүй суусуна кулап түшкөн.
https://bit.ly/3Exmhjr
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап жатат.

Карасартова активист, саясатчыларга козголгон иш өлкөнүн тарыхта калат деп белгиледи.

«Биздин кыймыл аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Конституцияда каралган укугубузду пайдаланып, жыйын уюштурганбыз. Бардыгы чечилет», - деди ал.

Карасартованын жактоочулары эки судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия судьяларды иштен четтетүүгө эч кандай негиз жок деп тапты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад боюнча кармалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын карап жатат.

Анын жактоочусу Асанбеков 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялап, ага операция жасалганын айтты. Учурда Асанбековдун абалы оор экенин белгиледи.

«Эч кандай комитетке мүчө эмес. Кармалгандардын арасынан Равшан Жээнбековдон башкасын тааныбайт. Анын үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Бул иш боюнча 37 тергөөчү алектенип жаткан экен. Алардын бирөө да тергөө иштерин жүргүзүшкөн жок. Асанбековдун кандайдыр бир талкууга катышканы тууралуу бир да далил жок», - деди ал.
Kloop кыргызча
Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап жатат. Карасартова активист, саясатчыларга козголгон иш өлкөнүн тарыхта калат деп белгиледи. «Биздин кыймыл аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Конституцияда каралган укугубузду…
Рита Карасартова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованы 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Карасартова ага карата иш мыйзамсыз козголгонун айтты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нурлан Асанбеков 10 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ошондой эле ал кызын жана апасын жалгыз багып келгенин белгиледи.

«Азыркы учурда акыркы акчабыздан өйдө алып коюшту. Кызым жеке мектепте окучу, анын эсебин дагы бөгөттөшүптүр. Эки банкта кредитим бар, алар да төлөнбөй калды»,- деди ал.
Активист Адилет Балтабайга үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-ноябрда «Массалык башаламандыкка чакырык жасоого» айыпталган активист Адилет Балтабайдын ишин карады. Сот аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошол эле маалда үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотту.
https://bit.ly/3NZJZaV
Кыргызстандык математик Алтай Бөрүбаев дүйнөлүк илимий ачылыш жасады

Академик Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 10-ноябрда фейсбук барагына жарыялады.

https://bit.ly/3G7Exkz
Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап жатат.

Анын жактоочусу Молдокматовго кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт.

«Тергөөчүлөр токтомду шашып жазышкан. Бардык кармалгандардын токтомдору бирдей. Копьютерге салып үтүр, чекитинен бери көчүрүп коюшкан. Абакта кармоого жетиштүү негиз жок»,- деди ал.

Молдокматовго «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Сүрөт: kloop
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Жеңиш Молдокматовду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Молдокматов ага карата иш мыйзамсыз козголгон деп билдирди. Ал өлкөдө мыйзамдуулук жок экенин жана бийлик «өз оюн эркин айткандарды түрмө менен коркутуп жатканын» айтты.

Видео: Kloop
Укук коргоочу Клара Сооронкулова менен коррупцияны мойнуна алган кыргыз бажысынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун соттук отуруму. 11-ноябрда шаардык сот Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Сооронкулова баштаган 20дан ашык активисттер менен саясатчыларга «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган.
Ноокатта жергиликтүү кеңештин депутатынын унаасын бензин чачып өрттөп кетишти

8-ноябрь күнү Ноокат районунда белгисиз адамдар жергиликтүү кеңештин депутаты Орозали Исаковдун унаасын өрттөп кетишти.

Исаков аталган окуя анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал экенин айтты.

https://bit.ly/3G83KLq
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарды

Бишкек шаардык соту Нурлан Асанбековду 20-декабрга чейин үй камагына чыгарды. Сотко тез жардам чакырылды.

Асанбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.

Ага карата «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Видео: Kloop