🌹Үлгүлүү мусулман🌹(айымдар үчүн)
4.28K subscribers
747 photos
1.15K videos
72 files
420 links
Ислам университетин бүтүргөм
Ислам психологиясы
Бала тарбиялоо
Мотивация
Аалымдардын сабактары
Пайдалуу кеңештер
Download Telegram
Forwarded from 🌹Үлгүлүү мусулман🌹(айымдар үчүн) (РОЗА Акматбекова)
Иншаллах 28- март күнү медреседеги куран жаттаган кыздарга ооз ачырабыз, белек тапшырып садака жарыя кылабыз.

Айттан кийин жетим кыздарга барабыз.

Андан кийин Карабалтадагы карылар (инвалиддердин үйүнө) барабыз.

*Сиздердин садпкаларвңыздарды өз муктаж ээлерине тапшырабыз , отчёт беребиз Иншаллах*


Салым кошуу үчүн: 0709633257 Бактыгүл М.

Кадыр түндө кылынган сооптор 1000 жылга барабар жазылат
Азыр даарат жаңылап келип, хатм дуба кылабыз
Кадыр туруңуздор кабыл болсун 🤲
Хатм дуба
🌹Үлгүлүү мусулман🌹(айымдар үчүн)
Хатм дубабызды кабыл кыл Роббим
Амиин урматтуу айымдар Аллахым өткөргөн Кадыр кечесин кабыл кылсын 🤲

Бирок мен тойбой калдым 😔

Иншаллах эртең 29- түндү дагы тосолу Иншаллах э?
Audio
Аудио от Акматбек кызы Орозгүл (үй бүлөөлүү)
Рамазан өтүп кетти, бирок Ырайымдуулардын Ырайымдуусу Аллах калат!

Урматтуу бир туугандар! Рамазан айы бүттү, ар бир нерсенин бүтүшү сыяктуу. Ал бизден алыстап кетти, ар бир өтүп кетчү нерсе сыяктуу. Бул ай биз үчүн абдан кымбат эле, бирок биз канчалаган кымбат адамдарды да узатып, аларды кабырга койдук, топурак менен жаап, жер койнуна тапшырдык.

Убакыт айланып өтөт, жашоо улана берет, сапар узун, бирок азык аз. Ар бир күнүбүз бизге кайрылат:

*“Эй адам баласы! Мына, мен, мен сенин жаңы күнүңмүн, сенин амалдарыңа күбөмүн. Мени пайдаланып кал, жакшы иштерге колдон, мен өтүп кетсем, Кыямат күнүнө чейин кайтып келбейм!”* (Хасан аль-Басри)

Рамазан өттү, бирок Аллах – ырайымдуу жана мээримдүү бойдон калды.
Рамазан бүттү, бирок ыйман калды.
Рамазан кетти, бирок Куран калды.
Рамазан бүттү, бирок ибадат жана Аллахты зикир кылуу калды.
Рамазан өттү, бирок жакшылык жана садака берүү калды.

Рамазан аяктагандай эле, ар бир нерсе өтмөкчү, ар бир тирүү өлмөкчү.

*“Аллахты бир гана Рамазанда тааныган адамдар кандай жаман коом!”*

Хасан Басри мындай деген:
“Момундун амалдары өлгөнгө чейин токтобошу керек” – анан ал
وَٱعۡبُدۡ رَبَّكَ حَتَّىٰ یَأۡتِیَكَ ٱلۡیَقِینُ
*“Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!”* (Хижр, 99-аят) деп окуган.

*Рамазан бүтсө, Аллахка болгон коркуу жана кайрылуу дагы бүтүшү керекпи?*
“Ким Рамазанды гана ибадат кылып өтсө, ал билип алсын – Рамазан бүттү. Ким Аллахка сыйынса, билип алсын – Аллах Тирүү жана Ал эч качан өлбөйт!”


https://t.me/ulguluu_musulman_kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎞 *_꧁Видео тема:_*
*_ШАВВАЛЬ АЙЫНДАГЫ 6 КҮН ОРОЗО._*
_Шейх Чубак ажы устаз꧂_
ШАВВАЛ АЙЫНДА 6 КҮН ОРОЗО КАРМОО

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

"Ким Рамазан айынын орозосун кармап, анын артынан Шаввал айында алты күн орозо кармаса, ал бир жыл орозо кармаганга барабар".

📗 (Муслим: 1164)

Түшүндүрмө:
Шаввал айы бул Рамазандан кийинки ай.

Рамазан айы бүтүп, айт күнү өткөндөн кийин, Шаввал айында алты күн орозо кармоо сүннөт амал. Анын сообу, хадисте айтылгандай, бир жылдык орозонун сообуна барабар.

Эң жакшысы, алты күндү айт өтөрү менен дароо катарынан кармоо.

Ал эми, аны Шаввал айы чыкканга чейин бөлүп-бөлүп кармаса да, ошол соопко жетишет.

📗 (Ал-минхааж шарх сахиих муслим)

Эскертүү:

Кимдин Рамазандан казасы бар болсо, ал биринчи казасын кармоосу керек. Андан кийин алты күндүк нафил орозону кармаса болот. Анткени, парз орозодон казасы болуп туруп нафил орозо кармоого болбойт. Абу Хурайрадан бир киши: Менин орозодон карызым бар, эми он күн нафил орозо кармасам болобу? - деп сураганда, ал айтты: Жок, биринчи Аллахтын акысынан башта. Андан соң каалашыңча нафил орозо кармай бер - деп.

📗(Мусаннаф Абдураззак: 7715)
-----------------------------------------
↘️ Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз!


https://t.me/ulguluu_musulman_kg
Audio
_꧁Аудио тема_
_КҮН САЙЫН ОҢОЛУУГА АРАКЕТ КЫЛА БЕРЕЛИ!_
_Устаз Эрмек Тынай уулу ꧂_