🌹Үлгүлүү мусулман🌹(айымдар үчүн)
4.28K subscribers
747 photos
1.15K videos
72 files
420 links
Ислам университетин бүтүргөм
Ислам психологиясы
Бала тарбиялоо
Мотивация
Аалымдардын сабактары
Пайдалуу кеңештер
Download Telegram
1200$
Кимде суроо болсо, жазыңыздар,жооп беребиз Иншаллах
Таравих намазынын тасбихи:

‎سُبْحَانَ ذِي الْمُلْكِ وَالْمَلَكُوتِ سُبْحَانَ ذِي الْعِزَّةِ وَالْعَظَمَةِ وَالْقُدْرَةِ وَالْكِبْرِيَاءِ وَالْجَبَرُوتِ، سُبْحَانَ الْمَلِكِ الْحَيِّ الَّذِي لَا يَنَامُ وَلَا يَمُوْتُ، سُبُّوحٌ قَدُّوسٌ رَبُّنَا وَرَبُّ الْمَلَائِكَةِ وَالرُّوْحِ، لا اله الا الله نستغفر الله و نسألك الجنة و نعوذ بك من النار

«Субхаана зиль-мульки валь-малякуут.

Субхаана зиль- иззати валь-‘азамати валь- кудрати валь-кибрияяи Валь-жабаруут.

Субхааналь-Маликиль-хайиль-лязии ляя ямуут.

Суббуухун куддуусун роббунаа уа раббуль- маляяикяти вар-руух. Ляя иляяха илля иллааху настагфируллаа, нас алюкяль-джанната ва науузу бика минан-наар»

Мааниси:

Асман менен жердеги падышачылыктын ээси Аллахка тасбих-мактоо айтамын. Кудуреттин, улуулуктун, чексиз күчтүн, бийиктиктин жана бийликтин ээси Аллахка тасбих айтамын. Түбөлүк Калуучу, баарын башкарып туруучу Аллахка тасбих айтамын. Ал уктабайт жана Ага эч качан өлүм жетпейт. Баардык периштелердин жана рухтун, Жабраилдин (Аллахтын ага саламы болсун) Роббиси болгон Аллах Таала баардык айып кемчиликтерден аруу жана таза. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Аллах Тааладан кечиримди, бейишти жана тозоктони куткарылышыбызды сурайбыз!

Намазкөй жакыныныз менен бөлүшүп коюнуз💐#таравих #рамазан #намаз #орозо
https://www.instagram.com/p/DGnKdLAzhv_/?igsh=MXVmNGUwM2RrbXhweg==
Audio
꧁Аудио тема
ОРОЗОНУ БУЗБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕР
Устаз Чубак ажы Жалилов ꧂
Forwarded from 🌹МИНИ ТРЕНИНГ ОЙГОН🌺
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📹 Аль-Фатиха Аль-Ихлас аль-Фалак Ан-Нас Аят аль курсу.


Эртең менен кечинде ушуну угуп, өзүңүздөрдү жамандыктардан куткарыңыздар
Audio
*_꧁Аудио тема_*
*_ОРОЗОНУН ПАЗИЛЕТИ, КЕРЕМЕТИ, ПАЙДАСЫ._*
_Устаз Чубак ажы Жалилов ꧂_
Иншаллах 28- март күнү медреседеги куран жаттаган кыздарга ооз ачырабыз, белек тапшырып садака жарыя кылабыз.

Айттан кийин жетим кыздарга барабыз.

Андан кийин Карабалтадагы карылар (инвалиддердин үйүнө) барабыз.

*Сиздердин садпкаларвңыздарды өз муктаж ээлерине тапшырабыз , отчёт беребиз Иншаллах*


Салым кошуу үчүн: 0709633257 Бактыгүл М.

Кадыр түндө кылынган сооптор 1000 жылга барабар жазылат
Бүгүн Иншаллах кадыр түн


Иншаллах саат 22 ден баштап телеграмдан жамаат менен кадыр түн тосолу каалоочулар телеграмдан хатм дуба кылабыз, суроо жооп, баян болот.

https://t.me/ulguluu_musulman_kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Биздин 22- март күнкү ооз ачар кечебиз
*Тообо кылалы. Бизди оңдосо жана куткарса, тообо куткарат жана оңдойт. Вотсаптан сонун истигфар келди. Мен дагы ушундай тообо кылам. Муну жазгандан да, тараткандан да Аллах ыраазы болсун:*

*КЕЛГИЛЕ ТООБО КЫЛАЛЫ.*
-------------------------------------------
*Жасаган бардык күнөөлөргө Тообо кылдым.*
*Аткарбай таштап койгон Фарздарга Тообо кылдым.*
*Канча адамга зулум кылсам Тообо кылдым.*
*Канча зулумга шерик болсом Тообо кылдым.*
*Канча жакшылыкты кечиктирсем Тообо кылдым.*
*Канча насаат айткан адамды мыскылдасам тообо кылдым.*
*Канча жакшы ишти жаман көрсөм Тообо кылдым.*
*Канча жалган сүйлөсөм Тообо кылдым.*
*Канча акыйкатты текке кетирсем Тообо кылдым.*
*Канча Баатылга эргешсем Тообо кылдым.*
*Бекер короткон убакыттарыма Тообо кылдым.*
*Канча адамдын көңүлүн оорутсам Тообо кылдым.*
*Канча сырды жайып салсам Тообо кылдым.*
*Турбаган убадаларыма Тообо кылдым.*
*Бузган келишимдериме Тообо кылдым.*
*Канча адамды кыжалат кылсам Тообо кылдым.*
*Канча чындыкты жашырсам Тообо кылдым.*
*Канча адамдын намысына тийсем Тообо кылдым.*
*Канча жашыруун нерсени ачып салсам Тообо кылдым.*
*Канча пайдасыз сөздөргө кулак салсам Тообо кылдым.*
*Харамга канча жолу карасам Тообо кылдым.*
*Пайдасыз канча сөз сүйлөсөм Тообо кылдым.*
*Канча күнөө жасасам Тообо кылдым.*
*Унутуп калган илимдерге Тообо кылдым.*
*Канча күмөндүү ишке эргешсем Тообо кылдым.*
*Кечиктирген карыздарым үчүн Тообо кылам.*
*Улуу Аллахымдан бардык күнөөм үчүн Тообо кылам.*
*Алланын ыраазычылыгы үчүн жасайым деп ага рия аралашып кеткен иштериме Тообо кылам.*
*Сен берген байлыкты күнөө жолго иштеткеним үчүн Тообо кылам.*
*Жарык күндүздө, карангы түндө, эл ичинде, же жалгыз учурумда, жашыруун жана ашкере жасаган күнөөлөрүмө Тообо кылдым.*
*Туура эмес жолдон тапкан мал дүйнөмө Тообо кылам.*
*Билип туруп айтпаган илимге Тообо кылам.*
*Өзүм аткарбай башкаларга айткан сөздөргө Тообо кылам.*
*Эч өлбөгөн дайым тирүү болгон улуу затка истигфар айтам жана Тообо кылам*🤲🤲🤲

*Эгер, сиз бул Истигфарды башкаларга жиберсеңиз, Сиз себепкер болуп аларда тооба кылышат,сизге сооп жазылат*🤲🤲🤲
Кандай суроо беришиниздер келсе жазыңыздар.