.үч.чекит.
76 subscribers
119 photos
35 videos
1 file
269 links
Желедеги актуалдуу темалар тууралуу кеп салабыз 🔎
Бизге кошулуп, жеткиликтүү жана насаатсыз маалыматка ээ бол! 🤓
Download Telegram
Сиз хэштег менен колдоносузбу
🙋Постторду көбүрөөк адамдар көрүшү, лайк жана көрүүлөрдү чогултуу үчүн хэштегдерди колдонобуз. Бирок, хэштег посттун көрүнүүсүн жогорулатуу үчүн гана колдонулбайт. Хэштегдер ар кандай манипуляция, протесттер үчүн колдонулат же кимдир бирөөнүн укугун коргоочу куралга айланат.
👉Мисалы, конспирологдор тобу АКШдагы демократтардын саясий партиясы адам баласын жегени тууралуу кутум теориялары бар массалык билдирүүлөрдү #savehechildren хэштеги менен жарыялай башташкан. Мындай билдирүүлөр аябай көп болуп кеткендиктен, Инстаграм хэштегди издөөдөн алып салууга жана ушул хэштег боюнча постторду табуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга аргасыз болгон. Тиркеме бул хэштег аркылуу колдонуучуну Save The Children уюмунун расмий сайтына багыттайт.
😀Сизге жаккан же сиз көп колдонгон хэштег кайсы?