.үч.чекит.
76 subscribers
119 photos
35 videos
1 file
269 links
Желедеги актуалдуу темалар тууралуу кеп салабыз 🔎
Бизге кошулуп, жеткиликтүү жана насаатсыз маалыматка ээ бол! 🤓
Download Telegram
Чынында мындай тесттер эмне үчүн керек? 🤷‍♂️

#санарипжашоо
👾Киберсталкингди бир нерсе менен салыштыруу кыйын, анткени бул аңдуунун агрессивдүү түрү жана көпчүлүк учурларда кадимки сталкингдин куралы болуп саналат.

📸Биз, адатта, өзүбүз жөнүндө көп маалыматты башкалар кандай максатта колдонорун ойлонбой туруп жарыялай беребиз. Мисалы, жолугушуудагы сүрөттөрдү, машыгуу залындагы чекти, үйдүн сырты ж.б. Элестетсеңиз, бул маалыматтын баарын чогултуп, кийин сизди аңдууну чечкен бир адам табылсачы? Ал адам интернетте маалымат чогултса киберсталкер болот, ал эми сизди көчөдө аңдып баштаары менен, кадимки сталкер болуп калат жана бул абдан коркунучтуу.

👀Биз үйдөгү же эртең менен чуркап бараткандагы сүрөттөрдү чыгарып койсок эчтеке болбойт деп эсептейбиз, бирок, эгер кимдир бирөө сизге көз салып жүргөнүн байкасаңыз, дароо аккаунтуңузду купуя кылып, учурдагы же келечектеги пландар тууралуу маалыматты чыгарганды токтотуңуз, досторуңуздун тизмесин тазалаңыз, өзүңүзгө ишенгендерди гана калтырыңыз.

😎Кадимки сталкингдегидей эле, киберсталкинг тууралуу жакындарыңыздын көбүнчөсүнө кабарлоого аракет кылыңыз. Кайра сталкерди издеңиз (көбүнчө алар жеке билдирүүлөрдү жазышат), анын атын жана фамилиясын, окуган же иштеген жерин, дарегин билип алыңыз. Эгерде коркутуп-үркүтүүлөр болсо, полицияга кайрылып, чогулткан маалыматыңызды бериңиз.

🤔Сизде сталкингге же киберсталкингге кабылгансызбы?
🙋Заманбап балдар жана өспүрүмдөр жашоосунун олуттуу бөлүгүн интернетте өткөрүшөт, демек, алар да чоңдор сыяктуу эле киберкоопсуздук жаатында негизги билимдерге ээ болуш керек. Виртуалдык чөйрөдө коопсуздук көндүмдөрүн канчалык эрте өздөштүрө башташса, ошончолук бул нерсе алар үчүн колду жуугандай табигый нерсе болуп калат.

👉Коопсуздук жөнүндө балдар менен өспүрүмдөр билиши керек болгон негизги эрежелер:

🔸“Чалып алайынчы” деп суранган чоочун кишилерге телефонуңду бербе. Блоктон чыгарылган телефонуңдун бейтааныш адамдардын колунда болушун каалайсыңбы?
🔹Узун жана татаал сырсөздөрдү, ошондой эле биометриканы жана эки факторлуу аутентификацияны колдон. Жакшы кыска сырсөздөрдү колдонуу жаман аякташы мүмкүн.
🔸Интернетте өзүң жөнүндө азыраак билдир. Чабуулчулар сага кол салуу үчүн өз колуң менен ачылган жеке маалыматтарды колдоно алышат.
🔹Соцтармактарда бейтааныш адамдардын достук өтүнүчтөрүн кабыл алба. Болбосо, мындай достуктар, жок дегенде, жарнамалык спам менен аякташы мүмкүн.
🔸Кайсы тиркемелер телефонуңдун эмнелерине (камера, микрофон, локация ж.б.) жетиштүү экенин жана түзмөгүңдө эмнелер бар экенин байка. Жаңы оюндун сенин кайда экениңди билүүсү же камерага кирүүсүнүн кажети жок.
🔹Бардык түзмөктөрдө программаларды жана операциялык тутумдарды жаңыртып тур. Иштеп чыгуучулар жаңы версияларга кооз баскычтарды эле кошуп койбостон, алсыз жерлерин да жоюшат.
🔸Электрондук каттарды этияттык менен ач. Белгисиз даректерден келген каттарды ачуу көчөдөн таап алган тамакты жегенге окшош: оору жуктуруп алышың мүмкүн.
🔹Коомдук Wi-Fi түйүндөрүн колдонууда этият бол. Оңой акча сүйүүчүлөр көп учурда мейманканалардын жана башка эс алуучу жайлардын тармагында аңчылык кылышат.
🔸Белгисиз сайттардан "бузулган" программаны жүктөбө. Вирус жуктуруп алууң кепилденет. Мындай программалар колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн эмес, тузактар ​​үчүн иштелип чыгат.
Кана, айтыңызчы, бул сизби?🙃

#санарипжашоо
Сиз хэштег менен колдоносузбу
🙋Постторду көбүрөөк адамдар көрүшү, лайк жана көрүүлөрдү чогултуу үчүн хэштегдерди колдонобуз. Бирок, хэштег посттун көрүнүүсүн жогорулатуу үчүн гана колдонулбайт. Хэштегдер ар кандай манипуляция, протесттер үчүн колдонулат же кимдир бирөөнүн укугун коргоочу куралга айланат.
👉Мисалы, конспирологдор тобу АКШдагы демократтардын саясий партиясы адам баласын жегени тууралуу кутум теориялары бар массалык билдирүүлөрдү #savehechildren хэштеги менен жарыялай башташкан. Мындай билдирүүлөр аябай көп болуп кеткендиктен, Инстаграм хэштегди издөөдөн алып салууга жана ушул хэштег боюнча постторду табуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга аргасыз болгон. Тиркеме бул хэштег аркылуу колдонуучуну Save The Children уюмунун расмий сайтына багыттайт.
😀Сизге жаккан же сиз көп колдонгон хэштег кайсы?
Улуттук Энергохолдингден телефондор үчүн жаңыртуу: эми телефондордун фонарлары саат 23: 00дө автоматтык түрдө күйөт🌚

#санарипжашоо
🧏Кээ бир сайттарга кире албай калган учур болобу? Бул сиздин IP кара тизмеде болуп калганын билдирет, ошондуктан сайтка кире албай каласыз. Спамдын ар кандай маалымат базаларында сиздин IP’ңиздин бар экендигин текшере аласыз.

🙋Бул DDoS чабуулдарынан коргоо иштеринин кесепети. Эгер сиз сайттын бир эле жерин көп жолу чыкылдатып баскылай берсеңиз, сиз бузуучу деп эсептелип калышыңыз мүмкүн. Себеби серверге өтө көп сурамдарды жөнөтүп жаткан болосуз.

⚙️Көбүнчө сиз бул тизмелерге капыстан же сайттын начар иштешинен улам кошулуп каласыз. Мисалы, сайттын иши токтоп калса, сиз ага кирүүгө кайра-кайра аракет кылган учурда.

🔎Текшерүү жалпы спам маалымат базалары жана DDoS чабуулдарынан автоматтык коргоону камсыз кылган белгилүү кызматтарда жүргүзүлөт. Эгерде сиз сайтка кирсеңиз жана кадимки баракчанын ордуна бир аз күтө туруңуз деген жазууну көрөсүз, бул мындай кол салуулардан коргоочу экран экенин билесиз.

Булагы: Отдел К
👩‍🎤Инфлюенсерлер – артисттерден блогерлерге чейинки таасир этүүчүлөрдү бириктирген термин. Көп жазылуучулар (подписчики) – бул чоң ресурс экени айкын болгондон кийин, инфлюенсер-маркетинг түшүнүгү пайда болду.

🎯Ар кандай компаниялардын маркетологдору жарнама үчүн эң перспективдүү аудиториясы бар инфлюенсерди тандашат. Кантсе да, инфлюенсер аркылуу жарнак берүү сыналгыдагы роликке караганда алда канча эффективдүү, анткени таасир этүүчү жөнөкөй кутуга караганда көрүүчүлөрдүн ишенимине ээ. Мындай жарнактардын баасы бир миллион доллардан ашышы мүмкүн. Мисалы, актер Дуэйн Джонсон менен футболчу Криштиану Роналдунун баракчасы. Ал эми Россияда, 2020-жылга карата ADinBog кызматынын эсептөөлөрүнө ылайык, инфлюенсер-маркетинг рыногундагы финансылык жүгүртүү 6 миллиард рублдан ашкан.

🙂Айтыңызчы, сизге кайсы инфлюенсер жагат? Жана эмне эмне үчүн?

#санарипжашоо
Салык кызматынын сайтына кирип көрдүңүз беле?🙃

#санарипжашоо
📱Санариптештирүү - санариптик технологияларды адамдын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөсүнө киргизүү. Биз санариптештирүү процесси канчалык тез жүрүп жатканын жана санарип технологиялар жашообуздун бир бөлүгүнө айланганын дайыма эле байкай бербейбиз: документтердин көбү электрондук форматка которулган, накталай акча барган сайын электрондукка алмашууда, ал тургай чаң соргуч да Wi-Fiга туташып, алыстан башкарыла алат. Мамлекеттик кызматтар, өндүрүш, бизнес, күнүмдүк жашоо – булардын баары санариптешүүдө. Ошентсе да, бүгүнкү күндө глобалдык санариптештирүү жөнүндө айтууга али эрте, анткени бул этаптын алдында жок дегенде глобалдык электрлештирүү турат, ал аягына чыга элек.

🤔Дүйнөлүк санариптештирүү үчүн канча убакыт керек деп ойлойсуз?
👉Инкогнито режимин компьютерди же түзмөктү сиз менен кошо колдонгон адамдардан онлайн аракеттериңизди жашыргыңыз келгенде колдонсоңуз болот.

💁Мисалы, эжеңиз экөөңөр бир компьютерди колдоносуңар. Сиз ага белек сатып алгыңыз келет. Албетте, сиз компьютерге отуруп, ага белекти интернеттен издейсиз. Бул учурда, сиз инкогнито режимин колдонсоңуз, эжеңиз онлайн-дүкөндүн сайтына киргениңизди билбей калат.

Ошондой эле жашыруун режим төмөнкү учурларда керек болот👇:

🔹Тематикалык жарнактан чыгаруу. Бул режим күйгүзүлгөндө тематикалык жарнактар сиз ​​кирген сайттарда көрүнбөйт дегенди билдирет. Көрсөтүлгөн жарнаманын алгоритми колдонуучунун каалоосуна негизделген, ал сайттарга киргенде калтырган сурамдарынан жана башка көптөгөн нерселерден түзүлгөн. Маалымат чогултулбаса, кайра жарнамалоого эч нерсе жок;

🔹Башка түзмөктөн коопсуз кирүү. Качан адам өзүнүн аккаунтарынын бирине кириши керек болуп, бирок өзүнүн телефону болбосо, ал браузерге инкогнито режимде кире алат. Мында маалыматтар сакталбайт дегенди билдирет. Келечекте телефондун ээси колдонуучунун эсебине кире албайт, маалыматты чогулта албайт;

🔹Жеке маалыматты коргоо. Колдонуучу браузердин ал жөнүндө маалыматты колдонушун каалабаса, анда жашыруун режим жардамга келет. Чабуулчулар жана кибералдамчылар дагы телефондон же колдонуучу отурган сайттан маалымат ала алышпайт.
Биз хакерлердин жашоосун "абдан татаал" кылабыз 😏

#санарипжашоо
🎼Чыгармачылык жана интеллектуалдык эмгектин продуктусу (китеп, ойлоп табуу, иллюстрация, музыка, сүрөт, видео ж. б.) белгилүү бир автордук укуктар менен корголгон жана башка адамдар бул продуктту колдонушу үчүн автор аларга атайын лицензия бериши керек. Бирок, эгерде автор өз чыгармасын башкалар колдонушун кааласа, анда баарына лицензия берүү абдан көп убакытты талап кылат. Бул үчүн атайын Creative Commons лицензиясы бар👈 Бул лицензияда авторлор өз продукциясын кантип колдонууну каалашарын тандай алышат.

📎Жалпысынан лицензияда 4 вариант каралган: авторго көрсөтмө, баштапкы көрүнүшүнүн сакталышы, чыгармадан акча табуу максаты жок колдонуу, лицензиянын сакталышы менен каалаган формада колдонуу. Бул авторлор төрт варианттын бирин тандап, ар кандай шартта уруксат бере алат дегенди билдирет.

🙃Сиз муну мурда билчү белеңиз?
👉Санарип укуктар жөнүндө сөз болгондо, биз дайыма үч терминди колдонобуз: конфиденциалдуулук, приваттуулук жана анонимдүүлүк. Бул үч түшүнүк окшошуп кетет, бирок алардын ортосундагы айырма чоң. Мындан ары чаташтырбаш үчүн:

🔹Конфиденциалдуулук - бул маалыматка жеткиликтүү жана аны алууга укугу бар адамдардын маалыматын коргоо. Мисалы, банк кардарлардын салымдары жана операциялары тууралуу маалыматты коргоого милдеттүү, социалдык тармактар ​​колдонуучулардын кат алышуусун жашыруун сактоого милдеттүү, тергөөнүн катышуучулары анын деталдарын ачыкка чыгарбашы керек.

🔹Приваттуулук адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты коргойт, бирок ошол эле учурда адам белгилүү бойдон кала берет. Приваттуулук адамдардын жеке жашоосунун чектерин белгилейт, мисалы, адам өзүнүн саясий позициясы жөнүндө ачык айта алат, бирок эртең мененки тамакты кайда жегенин коомчулуктун билишин каалабайт.

🔹Анонимдүүлүк болсо сүйлөөнү каалаган, бирок ачык айта албаган адамдын инсандыгын жашырат. Анонимдүү адамдын айтканы коомдо кеңири белгилүү болушу мүмкүн, бирок адамдын өзү ким экендиги жашыруун бойдон калат.

🙋Идеалдуу дүйнөдө колдонуучулар маалыматты коргоо боюнча жогорудагы үч укукка тең ээ, бирок көптөгөн өлкөлөрдүн бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү ж.б. шылтоо менен бул кепилдикти сакташпайт. Сиздин оюңуз кандай: адамдын жеке маалыматына кийлигишпестен жарандын коопсуздугун сактоо мүмкүнбү?
А сизге Интернет эмнени шыбырайт? 👻
#санарипжашоо
🧒Биз технология доорунда жашап жатабыз. Кантсе да, балдарыбыздын балалыгы жарым-жартылай кибермейкиндикте өтөт.
🤷‍♀️Жакшыбы же жаманбы, талаша берсек болот. Бирок, көчөдөгү жүрүм-турум эрежелери сыяктуу эле, интернеттеги жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү керек. Эгер бул тууралуу балаңыз менен сүйлөшпөсөңүз, бул жагымсыз окуя менен аякташы мүмкүн. Интернеттен эмнени гана тапса болбойт? Мында психологиялык травма же каражаттарды жоготуу толук мүмкүн.
📱 Бала кандайдыр бир гаджетти колдоно баштаганда, ага колдонуунун принциптерин жана коркунучтуу учурлар жөнүндө түшүндүрүп берүү керек. Бул жерде ишеним жана сезимталдык маанилүү.
🧐Көзөмөлдөө программаларын колдонуу зарыл. Алар ылайыксыз контентке каршы эң сонун коргоочу.
☝️Бирок эң башкысы – эгер бир нерсе болуп кетсе, бала интернеттеги чоочун адамга эмес, дароо сизге кабарлоосун билип жүрүшү керек.
Булак: Отдел К
Бизде эң ишенимдүү коопсуздук системасы дагы кайсы жерде бар? 😏

#санарипжашоо
Алгоритмдер социалдык тармактардын жана издөө системаларынын контекстинде жазылган инструкциялар болуп саналат, ага ылайык колдонуучуга аны кызыктырган маалымат гана сунушталат. Ооба, сонун дечи, бирок ошол эле учурда бир көйгөй бар: лентасы алгоритмдер менен курулган колдонуучулар маалыматтын чоң катмарынан ажыратылып калат. Бул көрүнүш маалыматтык көбүк деп аталат.
👉Биз буга чейин эле маалымат көбүкчөсүндө жашоо жаман нерсе экенин көрдүк, кээде сизге каршы пикирлерди да угуу маанилүү. Бирок бардык социалдык тармактар ​​жана издөө системалары алгоритмдерди колдонсо, андай болбой калат да? Мисалы, Орусияда бийлик жакында эле соцтармактардын алгоритмдерин өчүрүүгө жана лентанын фильтрлерсиз түзүлүүсүнө милдеттендире турган мыйзам чыгарууну сунушташты. Бирок бул жерде күмөн саноого жок дегенде эки себеп бар: биринчиден, мындай мыйзам технологиялык өнүгүүнү токтотуп койбойбу, экинчиден, мамлекет колдонуучулардын лентасын түзүүгө катышканы туурабы?
🤔Сиз кандай ойлойсуз? Комментарийде оюңуз менен бөлүшүңүз.
Коркунучтуу түш😕

#санарипжашоо