.үч.чекит.
72 subscribers
119 photos
35 videos
1 file
269 links
Желедеги актуалдуу темалар тууралуу кеп салабыз 🔎
Бизге кошулуп, жеткиликтүү жана насаатсыз маалыматка ээ бол! 🤓
Download Telegram
Кутула албайсың.
#санарипжашоо
✏️Биз кичинекей редакциябыз менен бир күн бою сөз эркиндиги тууралуу пост даярдап жатканбыз. Алгач жөн гана мамлекеттердин маалымат каражаттарын цензуралагандыгы жана Твиттердин Дональд Трампты бөгөттөгөнү жөнүндө кезектеги пост пландаштырылган. Бирок процесс башка жакка бурулуп, биз өзүбүзгө суроолорду бере баштадык. Сөз эркиндиги деген эмне? Мамлекет кепилдеген адамдын укугубу же айткан сөзүң үчүн коопсуз болом деген ички сезимби? Же экөө теңби?

👥Командабыздын жарымы сөз эркиндигинин укуктук аныктамасын айта баштады - адамдын өз оюн эркин билдирүүсү, өз пикирин коргоо жана маалымат таратуу эркиндиги. Бул нерсе мамлекет тарабынан кепилденет, демек, мамлекет гана аны бузуп, цензураны киргизе алат. Цензура бийликтин тик вертикалы бар жерде гана болушу мүмкүн.

🙋Команданын экинчи жарымы сөз эркиндигин "юридикалык" жактан тышкары да бузууга болот деп эсептейт. Мисалы, жумушта жетекчилер жумушчуларга өзүн кандай алып жүрүшү керектигин айтып, айрым темаларды талкуулоого тыюу салышат. Бул деле бийликтин вертикалы, бирок ал мамлекетке тиешелүү эмес. Муну цензура деп атоого болобу? Башка мисалды карап көрөлү. Зордукка кабылган аял зордукчуну жазалоо үчүн өзүнүн окуясын ачыкка чыгаргысы келет, бирок анын чөйрөсү: “Үйдөгү урушту сыртка чыгарба”, - деп тоскоол болот. Бул цензурабы? Цензура болбосо, анда адам маалымат менен бөлүшүү эркиндигин жоготуп жатпайбы.

🤓Бүгүнкү күндө жеке адамды, адамдардын тобун жана ал тургай уюмдарды массалык түрдө айыптоо (кэнсел) маданияты күч алууда. Мунун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. "Айыпталып калуудан" коркуу өзүн-өзү цензуралоого алып келет. Өзүн-өзү цензуралоо цензура эмеспи?

Сөз эркиндиги темасы аябай татаалдашты. Биз бири-бирибизге берип, так жооп таба албаган суроолорубузду эми сизге узатабыз. Бүгүн бизде сөз эркиндиги барбы?
Эркиндик - бул мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүкпү же адамдын ички сезимиби

#сөзэркиндиги
#санарипжашоо
Эч качан көрүлбөй турган видеону тартпай коюуга эркиңиз жетеби? Мисалы бүгүн 😉

🎉Эгемендүүлүк күнүбүз менен!

#санарипжашоо
Бүгүн Гугл байкеден эмнени билдиңиз? 🙃

#санарипжашоо
Кандай китеп окусам?🤔

📖«Первому игроку приготовиться»
Эрнест Клайн
2045 -жылы чыныгы дүйнө жагымдуу жер эмес. Уэйд Уоттс чындыгында OASISте – адамзаттын көбү күндөрүн өткөргөн чоң виртуалдык мейкиндикте өзүн тирүү сезет. OASISтин жаратуучусу өлөр алдында оюн негизинде бир топ татаал табышмактарды түзөт. Ким аларды биринчи чечсе, анын эбегейсиз байлыгын жана OASISтин көзөмөлүн мураска алат.

📖«Цифровая крепость»
Дэн Браун
Суперкомпьютер «Цифровая крепость» программасы аркылуу түзүлгөн кодду чечмелей албайт. Мыкты адистер чече албаган тамгалар менен сандардын жыйындысы атайын кызматтын мурдагы адиси тарабынан иштелип чыккан. Бул ишти АКШнын алдыңкы криптографтарынын бири Сюзан Флетчер чечүүгө киришет. Ал туура жолго түшкөндө, АНБнын жашыруун иштеп чыгуулары жана миллиондогон адамдардын өмүрү коркунучта экени белгилүү болот.

📖 «Т’Эрра»
Нил Стивенсон
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандары бар көп ролдуу оюн. Күн сайын «Т’Эрра» көптөгөн виртуалдуу дүйнөгө чөмүлгөн күйөрмандарды көбүрөөк тартат. Ал эми хакерлер тобу оюндун ийгилигинен пайдаланууну чечет. Кибергангстерлер вируска чалдыккан компьютердеги бардык маалыматтарды шифрлеген уникалдуу REAMDE вирусун жаратышат.

📖«Полдень, ХХII век»
Аркадий Стругацкий
2119-жыл. Жүз жыл мурун рейске чыгып, кырсыктан кийин үйүнө кайткан астронавттар келечектеги Жер менен таанышат: тамак-аш жеткирүүчү линиялар, робот багбандар, птерокарлар – XXII кылымдын жашоочулары үчүн күн сайынкы кадимки көрүнүштөр. Бул кызык дүйнөгө кечигип калган каармандар эми кантишет? Роман 1960 -жылдардагы адамдар жашагысы келген дүйнөнү сүрөттөйт.

📖 «Нимформация»
Джефф Нун
Келечек. Аң-сезимди укмуштуудай кеңейтүүчү виртуалдык реалдуулук жана жаңы «каражаттар» убактысы. Оюндун "Anno Domino!" урааны Манчестер асманында жаңырып турат. Жеңүүчү баарын алат дешет. Бирок Оюндун эрежелери айланадагы дүйнөнү түбөлүккө өзгөртө турган жерде, эч ким жеңишке жете элек.

🙂Сиз кандай китептерди сунуштайсыз?

#санарипжашоо
Чынында мындай тесттер эмне үчүн керек? 🤷‍♂️

#санарипжашоо
Кана, айтыңызчы, бул сизби?🙃

#санарипжашоо
Улуттук Энергохолдингден телефондор үчүн жаңыртуу: эми телефондордун фонарлары саат 23: 00дө автоматтык түрдө күйөт🌚

#санарипжашоо
👩‍🎤Инфлюенсерлер – артисттерден блогерлерге чейинки таасир этүүчүлөрдү бириктирген термин. Көп жазылуучулар (подписчики) – бул чоң ресурс экени айкын болгондон кийин, инфлюенсер-маркетинг түшүнүгү пайда болду.

🎯Ар кандай компаниялардын маркетологдору жарнама үчүн эң перспективдүү аудиториясы бар инфлюенсерди тандашат. Кантсе да, инфлюенсер аркылуу жарнак берүү сыналгыдагы роликке караганда алда канча эффективдүү, анткени таасир этүүчү жөнөкөй кутуга караганда көрүүчүлөрдүн ишенимине ээ. Мындай жарнактардын баасы бир миллион доллардан ашышы мүмкүн. Мисалы, актер Дуэйн Джонсон менен футболчу Криштиану Роналдунун баракчасы. Ал эми Россияда, 2020-жылга карата ADinBog кызматынын эсептөөлөрүнө ылайык, инфлюенсер-маркетинг рыногундагы финансылык жүгүртүү 6 миллиард рублдан ашкан.

🙂Айтыңызчы, сизге кайсы инфлюенсер жагат? Жана эмне эмне үчүн?

#санарипжашоо
Салык кызматынын сайтына кирип көрдүңүз беле?🙃

#санарипжашоо
Биз хакерлердин жашоосун "абдан татаал" кылабыз 😏

#санарипжашоо
А сизге Интернет эмнени шыбырайт? 👻
#санарипжашоо
Бизде эң ишенимдүү коопсуздук системасы дагы кайсы жерде бар? 😏

#санарипжашоо
Коркунучтуу түш😕

#санарипжашоо