ТИЛМЕЧ
12.7K subscribers
2.42K photos
126 videos
1 file
2.55K links
Download Telegram
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
№494

АЛЛАХТЫН АЛДЫНДА ИСЛАМ ДИНИНЕН БАШКА ДИНДЕР КАБЫЛ КЫЛЫНАБЫ?
Anonymous Quiz
9%
Кабыл кылынат
76%
Кабыл кылынбайт
8%
Кээ бир диндер кабыл кылынышат
7%
Билбейт экем
​​🔴 МУСУЛМАНГА ЗАРЫЛ БОЛГОН АЛТЫ ХАДИС

✦ Кимде ким ихлас сүрөөсүн он жолу окуй турган болсо, анда Аллах ал үчүн бейиште хан сарай куруп коёт. (Имам Ахмад, 3/437)

✦ Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуй турган болсо, анда ал эки жуманын ортосунда ал үчүн нур болот. (Сахих аль-Жаами, 6470)

✦ Кимде-ким кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттай турган болсо, анда ал Дажжалдын азгырыгынан куткарылат. (Сахих Муслим, 809)

✦ Кимде-ким парз намаздан кийин аяталь курсини окуса, анда ал адамдын бейишке кирүүсүнө өлүм гана тоскоол болуп турат. (Сунан Насаи, 9848)

✦ Кимде-ким кечинде жатардан мурун кафируун сүрөөсүн окуса, анда ал ширктен амандыкта болот. (Тирмизи, 3403)

✦ Кимде-ким талаптагыдай даарат алып, андан соң: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху уа анна Мухаммадан аъбдуллахи уа расуулуху (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем)» – деп айтса, анда ал адамга бейиштин сегиз эшиги ачылат, ал алардын каалаганынан кирет. (Сахих Муслим, 234)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
№496

АЛЛАХ ТААЛА КАЙСЫ ТҮНДҮ МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК ДЕП АЙТКАН?
Anonymous Quiz
1%
Бараат түнүн
3%
Мираж түнүн
95%
Кадыр түнүн
1%
Исра түнүн
Бул зикир мусулман үчүн эң зарыл болгон зикирлердин бири. Күнүгө эң кеминде 100 жолу айтуу керек. Эң жакшысы багымдаттан кийин айтылганы. Эгерде ал убакта айтууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда күндүзү каалаган убакта айта берет.

Ким бул зикирди күнүгө айтып жүргөн болсо, анда ага күн бою жин-шайтандар зыян бере албайт жана жин кирбейт. Ал эми башка сооптору тууралуу сүрөттөгү (https://t.me/tilmech/1207) хадисте айтылды.

Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
№497

КАЙСЫ ПАЙГАМБАР БИРИНЧИ БОЛУП ОРОЗО КАРМАП БАШТАГАН?
Anonymous Quiz
51%
Мухаммад пайгамбар
7%
Нух пайгамбар
29%
Адам алейхи салам
13%
Ибрахим пайгамбар
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 ООЗ АЧУУНУН СҮННӨТКӨ ЫЛАЙЫК 9 ЖОЛУ

❒ Ооз ачардан алдын дуба кылуу. Сүннөттө келген дубаларды айткан жакшы. Эгер арабча дубаларды билбесе, анда кыргызча эле жакшы ой-тилектерин сурап дуба кыла берсе болот. Анткени орозо кармаган адамдын, айрыкча ооз ачар маалда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот.

❒ Ооз ачар убактысы киргенде кечиктирбестен эрте ачуу. Пайгамбарыбыз ﷺ оозду өз убактысында ачууга буйруган.

❒ «Аллаху акбар» деп азан айтылып башталары менен оозду ачуу. Азандын бүтүшүн күтүш шарт эмес. Анткени ооз ачар убактысы кирери менен азан айтылат.
 
❒ Ооз ачардан алдын «бисмиллах» деп айтып, андан кийин жаңы бышкан же кургатылган курма менен ачуу. Эгер курма болбосо, анда суу менен ачат. Эгер курма да, суу да болбосо, анда каалаган тамак-аш менен ача берсе болот.

❒ Оозду ачкандан кийин ушул дубаны айтуу керек:

«Захабаз зома-у уабталлатиль уъруук уа сабаталь ажру ин шаа Аллах (Чаңкоолук кетти, тамырлар нымышып суу жетти жана Аллах кааласа сооп-сыйлык да анык болду)».

⚠️ Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачар дубасын ооз ачкандан кийин айткан. Бизде көпчүлүк адам бул дубаны ооз ачардан алдын айтат. Сүннөт боюнча «бисмиллах» деп оозун ачып, андан кийин ооз ачар дубасын айтуу керек.

❒ Курма же суу менен оозун ачкандан кийин азанчынын айтканын кошо кайталоо.

Азан бүткөндө азандын дубасын айтуу.

❒ Андан соң туруп шам намазын окуу. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ оозун курма же суу менен ачкандан кийин дасторконго отурбастан биринчи шамды окуган, андан кийин келип шашпай тамактанган. Анткени шамды окуп бүткүчө ашказан тамакты кабыл алууга даяр болот. Ушундай кылуу ден-соолукка пайдалуу.

❒ Кайсы бир жерге ооз ачууга барса, анда ооз ачып бүткөндөн кийин үй ээсине жакшылыктарды тилеп дуба кылуу сүннөт болуп саналат.


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
№498

ПАЙГАМБАРЫБЫЗ КАНДАЙ АДАМДЫН КЫРК КҮНДҮК НАМАЗЫ КАБЫЛ КЫЛЫНБАЙТ ДЕП АЙТКАН?
Anonymous Quiz
15%
Эки жүздүүлүк кылган адамдын
6%
Уурулук кылган адамдын
65%
Көзү ачыкка барган адамдын
14%
Ушак айткан адамдын
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 СААРЛЫККА БАЙЛАНЫШТУУ 8 ХАДИС

Аллахтын элчиси ﷺ хадистеринде мындай деп айтты:

«Саарлык ичкиле, себеби саарлыкта береке бар». (Сахих Бухари, 1923)

«Ким орозо кармай турган болсо, анда саарлыкта бир нерсе жесин». (Ахмад, 14533)

«Саарлык – берекелүү тамак-аш. Андыктан аны калтырбагыла, бир уурттам суу болсо да ичкиле. Чындыгында Аллах жана периштелер саарлык ичкендерге алкыш-мактоолорду айтышат». (Ахмад, 11003)

«Курма – ыймандуу адам үчүн кандай сонун саарлык». (Абу Дауд, 2345)

«Биздин орозобуз менен китеп ээлеринин орозосунун ортосундагы айырма – саарлыкта тамактануу». (Сахих Муслим, 1096)

Башкача айтканда, мусулмандарды христиан менен жөөттөрдөн айырмалап турган белгилердин бири. Шариятта аларга окшошууга кескин тыюу салынган. Ошондуктан мусулман адам саарлыкка туруп тамактанып, аларга окшошпоосу керек.

«Эртең мененки саарлык тамагын ичкиле! Чындыгында ал таңкы берекелүү тамак». (Насаи, 2166)

«Оозуңарды (кечиктирбей) эрте ачкыла, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичкиле». (Сахих аль-Жаами, 2835)

Башкача айтканда, мусулман адам ооз ачар убактысы кирери менен дароо оозун ачуусу керек. Ал эми саарлыкты ооз жабар убактысына жакындатып ичүүсү зарыл. Болжолу ооз жабар убакытка чейин жарым саат же бир саат аралыгында жапканы жакшы.

«Үч нерсе пайгамбарлардын сыпаттарынан – оозду (кечиктирбей) эрте ачуу, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичүү жана намазда оң колду сол колдун үстүнө коюу». («Мажмаъ аз-Заваид», 2/105)


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
№499

ХАДИСТЕ АЙТЫЛГАН БОЮНЧА АДАМЗАТ ҮЧҮН БОЛО ТУРГАН ЭҢ ЧОҢ ФИТНА (АЗГЫРЫК) КАЙСЫ?
Anonymous Quiz
37%
Дүйнө азгырыгы
37%
Дажжалдын азгырыгы
8%
Бийлик азгырыгы
18%
Аялдардын азгырыгы
Орозоңуздар кабыл болсун ➤➤ https://t.me/tilmech
№500

ДАЖЖАЛДЫН ЭКИ КӨЗҮНҮН ОРТОСУНДА ЭМНЕ ДЕГЕН ЖАЗУУ БОЛОТ?
Anonymous Quiz
15%
Мунафык
10%
Мушрик
66%
Каапыр
8%
Жалганчы
​​🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ

Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534)

Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан:

– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар: 

– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти.

Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
№501

ХАДИСТЕ КЕЛГЕН БОЮНЧА ДАЖЖАЛ КАЙСЫ ЭКИ ШААРГА КИРЕ АЛБАЙТ?
Anonymous Quiz
2%
Тегеран, Багдад
3%
Лондон, Рим
94%
Мекке, Медина
1%
Дамаск, Эррияд