№486
АЛЛАХ ТААЛА СҮЙГӨН ЖАНА ЫРААЗЫ БОЛГОН БАРДЫК ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ ИШ-АРАКЕТТЕР ЖАНА СӨЗДӨР ЖАЛПЫСЫНАН КАНДАЙ АТАЛАТ?

Anonymous Quiz
77%
Ибадат
6%
Ихсан
15%
Ихлас
2%
Ихрам
🔴 БАЛАНЫ ЖИН-ШАЙТАНДАН КОРГООНУН БИР ЖОЛУ
Ислам дини жубайларга кээ бир шарият адептерин аткарууну милдет кылган. Ал адептерден – күйөөсү менен аялы жыныстык мамиле кылуудан алдын шариятта келген дубаны айтуулары зарыл. Бул дубаны айтуу – такыба, ыймандуу урпакка жетүүгө жардам берген себептерден болуп саналат.
Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгерде силердин бириңер аялы менен жыныстык мамиле кыларда: «Аллахтын ысымы менен баштаймын. Оо, Аллах! Бизден жана бизге ырыскы кылган (перзенттен) шайтанды алыстат» – деп айтса жана ошондон кийин ал экөөсүнө балалуу болуу тагдыр кылынса, анда шайтан ал балага эч качан зыян бербейт». (Сахих Бухари 6388, Сахих Муслим 1434)
Ал эми хадистин башка риваятында мындай деп айтылган:
«Шайтан ага зыян бербейт жана анын үстүнөн башкара албайт». (Сахих Бухари 3283)
Дубанын арабча айтылышы:
«Бисмиллахи, аллахумма жаннибнаш-шайтоона уа жаннибиш-шайтоона маа розактанаа».
{ بِسْمِ اللَّهِ، اللَّهُمَّ جَنِّبْنَا الشَّيْطَانَ ، وَجَنِّبْ الشَّيْطَانَ مَا رَزَقْتَنَا }
▪️ Бул хадисте айтылган «шайтан ал перзентке эч зыян бере албайт» деген сөздүн мааниси туурасында аалымдар ар кандай ой-пикирлерди айтышкан:
– «Бисмиллах» сөзүнүн берекеси себептүү шайтан анын үстүнөн толук бийлик жүргүзө албайт.
– Ага жин-шайтандар зыян келтире албайт, жин себептүү талма оорусуна чалдыкпайт, жиндин кирүүсүнөн тосот, сыйкырдын таасиринен коргойт.
– Шайтан анын динине эч кандай таасир тийгизе албайт.
– Шайтан аны динден чыгарып, каапырлыкка түртө албайт. Бирок мындан ал бала келечекте такыр күнөө кылбайт дегендей маани келип чыкпайт.
– Жубайлар жыныстык мамиле кылып жатканда шайтан аларга аралаша албайт, алардын авраттарын жиндердин көзүнөн тосот.
– Ымыркай төрөлгөндө шайтан аны курсагына сая албайт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

№487
АЯТТА АЙТЫЛГАН БОЮНЧА АДАМ БАЛАСЫ БУЛ ДҮЙНӨГӨ КАНДАЙ МАКСАТТА ЖАРАТЫЛГАН?
АЯТТА АЙТЫЛГАН БОЮНЧА АДАМ БАЛАСЫ БУЛ ДҮЙНӨГӨ КАНДАЙ МАКСАТТА ЖАРАТЫЛГАН?
Anonymous Quiz
1%
Байыш үчүн
1%
Жеп-ичиш үчүн
92%
Аллахка сыйынуу үчүн
5%
Адамзатты көбөйтүү үчүн
№488
АДАМ БАЛАСЫНАН «РАББИҢ КИМ? ПАЙГАМБАРЫҢ КИМ? ДИНИҢ КАЙСЫ?» ДЕП КАЙСЫ ЖЕРДЕ СУРАЛАТ?
АДАМ БАЛАСЫНАН «РАББИҢ КИМ? ПАЙГАМБАРЫҢ КИМ? ДИНИҢ КАЙСЫ?» ДЕП КАЙСЫ ЖЕРДЕ СУРАЛАТ?
Anonymous Quiz
15%
Кыяматта
2%
Төрөлгөндө
80%
Кабырда
3%
Бейиште
🔴 ШАЙТАН СЕНИ ДАЙЫМ УШУЛ НЕРСЕГЕ ТҮРТӨТ
Шайтан адамдын капаланып кайгырганын жакшы көрөт. Себеби ал аркылуу Аллахка болгон үмүтүн үзүп, Ага болгон ыйманын жоготкусу келет жана Ага карай жолун тоскусу келет. Пайгамбарыбыз ﷺ да Аллахтан дайым дуба кылып: «Оо, Аллах! Мени кайгы-капалыктан сактооңду сураймын» – деп сураганы тууралуу хадистерде айтылган. Аллах таала да Ыйык Куранда мусулмандарга карата: «Алсырабагыла жана кайгырып капаланбагыла» – деп айткан буйругу бар.
Адамдын ар кандай ойлорду ойлоп, кайгырып капалануусу анын жүрөгүн алсыратат, эркин жоготот, кайратын мокотот жана максатына карай аракетин токтотот. Мына ошол себептен ыймандуу адамдын капалануусу шайтанга эң сүйүктүү нерселерден. Ал дайым аны болбогон нерсе үчүн капаланууга, түбү жок пайдасыз ойлорду ойлонууга түртөт.
Андыктан эч качан капаланба, дайым жакшы ойлорду гана ойлон, Аллахка толук ишен, Ага гана таян жана Ал тууралуу жакшы ойдо гана бол. Мына ошондо бүткүл абалда бейпилдикке жетесиң, бактылуулук табасың.
Бир аалым айткандай:
«Кубанычыңды кайгы-капалык менен бузба. Акылыңды жаман ойлор менен бузба. Ийгилигиңди курулай азгырыктар менен бузба. Башкалардын жакшы ой-тилектерин үмүтсүздүк менен бузба. Бүгүнкү күнүңдү кечээги күндү ойлонуу менен бузба. Эгерде сен азыркы абалыңды ойлончу болсоң, анда Аллах сага көптөгөн нерселерди суратпастан бергенин билмексиң. Ишенип кой, эгер Аллах сен каалаган нерсени бербесе, демек, Анын бербегенинин артында сен үчүн көптөгөн жакшылыктар бар».

№489
ХАДИСТЕ КЕЛГЕН БОЮНЧА АДАМДАР БАРКЫНА ЖЕТЕ АЛБАГАН ЭКИ НЭЭМАТ КАЙСЫ?
ХАДИСТЕ КЕЛГЕН БОЮНЧА АДАМДАР БАРКЫНА ЖЕТЕ АЛБАГАН ЭКИ НЭЭМАТ КАЙСЫ?
Anonymous Quiz
6%
Байлык жана бала-чака
67%
Ден-соолук жана бош убакыт
17%
Ата-эне жана жубайы
11%
Илими жана мал-мүлкү
🔴 ЖУМА КҮН – ИБАДАТ КЫЛА ТУРГАН КҮН
Ибну Каййим ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон.
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386
Оо, мусулмандар! Жума күн кыяматта адамга күбөгө өтө турган күн. Кимде-ким жумага келсе, анда ал аны колдоп күбөгө өтөт. Ал эми ким жумага себепсиз келбесе, анда ал ага каршы күбөгө өтөт. Мечиттердин эшиктеринде жумага келген адамдардын аттарын жазып турган периштелер да күбөгө өтүшөт. Аллах таала Күндү башка жылдыздардан артык кылган сыяктуу жума күндү да башка күндөрдөн артык кылды.

№490
ИСЛАМ ДИНИ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИНКИ КАРАҢГЫ ДООР КАНДАЙ АТАЛГАН?
ИСЛАМ ДИНИ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИНКИ КАРАҢГЫ ДООР КАНДАЙ АТАЛГАН?
Anonymous Quiz
11%
Заостризм
10%
Насраният
75%
Жахилият
4%
Ренессанс
№491
АЛЛАХТЫ КӨРҮП ТУРГАНДАЙ СЫЙЫНУУҢ, ЭГЕР СЕН АНЫ КӨРБӨСӨҢ ДА, АЛ СЕНИ КӨРҮП ТУРАТ ДЕГЕН ИШЕНИМДЕ БОЛУУ КАНДАЙ АТАЛАТ?
АЛЛАХТЫ КӨРҮП ТУРГАНДАЙ СЫЙЫНУУҢ, ЭГЕР СЕН АНЫ КӨРБӨСӨҢ ДА, АЛ СЕНИ КӨРҮП ТУРАТ ДЕГЕН ИШЕНИМДЕ БОЛУУ КАНДАЙ АТАЛАТ?
Anonymous Quiz
11%
Ихсан
48%
Ыкылас
13%
Ислам
28%
Ыйман
🔴 ЖАШООГО БЕЙПИЛДИК АЛЫП КЕЛГЕН ҮЧ НЕРСЕ
Адамдын жашоосундагы эң маанилүү сыпаттардын бири – жан дүйнө тынчтыгы жана бейпилдиги. Кайсы бир жүрөккө бейпилдик орносо, анда ал жүрөк эс алат жана ага бейкуттук орнойт. Бейпил жүрөк турмуштун татаал жолунда, жашоонун оош-кыйыштарында бүткүл кыйынчылыктарды токтоолук менен тосуп алат. Жүрөккө бейпилдик орносо, анда ал аны кубаттуу, эрктүү жана кайраттуу кылат.
Бирок азыркы күндө көпчүлүк адамдардын жан дүйнөсү бейпилдикти жоготкон. Алардын жашоосун да, жан дүйнөсүн да чаржайыттык ээлеп алган. Анткени алар Аллах таала жан дүйнө бейпилдигин орноткон үч нерсеге көңүл бурушпайт.
✦ БИРИНЧИСИ, АДАМДЫН ҮЙҮ
Аллах таала Куранда айтат: «Аллах силерге үйүңөрдү эс алууңар үчүн турак-жай кылды».
Демек, Аллах адамдын үйүн ал үчүн денеси жана жан дүйнөсү эс алып, тынчтык таба турган жай кылды. Үйүнөн себепсиз алыстаган адамдын жан дүйнөсүнөн бейпилдик да алыстайт.
✦ ЭКИНЧИСИ, ТҮНДӨСҮ УКТАБАГАНДЫК
Аллах таала Куранда айтат: «Ал силерге эс алууңар үчүн түндү жаратты».
Демек, ким түндөсү уктабаса, анда ал адам күндүзү сергек жүрбөйт, жан дүйнөсү тынчтык таппайт. Анткени анын денеси талаптагыдай эс алган жок.
✦ ҮЧҮНЧҮСҮ, АДАМДЫН ЖУБАЙЫ
Аллах таала Куранда айтат: «Силерге эс алууңар үчүн өзүңөрдөн жубайларды жаратуусу – Анын аят-белгилеринен».
Демек, эркек аялынын жанында болсо, анын жүрөгү тынчтык табат жана көңүлү тынчтанып, жан дүйнөсү жана денеси эс алат.

№492
ХАДИСТЕ АЙТЫЛГАН БОЮНЧА КАНДАЙ КӨЗГӨ ТОЗОК ОТУ ТИЙБЕЙТ?
ХАДИСТЕ АЙТЫЛГАН БОЮНЧА КАНДАЙ КӨЗГӨ ТОЗОК ОТУ ТИЙБЕЙТ?
Anonymous Quiz
2%
Өлгөн адам үчүн ыйлаган көзгө
3%
Көп ыйлаган көзгө
79%
Аллахтан коркуп ыйлаган көзгө
16%
Дуба кылып ыйлаган көзгө