ТИЛМЕЧ
13.5K subscribers
2.79K photos
142 videos
1 file
2.96K links
Download Telegram
Курман айт намазынын программасы

Жалпыга маалым болгондой, 2025-жылдын 6-июнь күнү Курман айт майрамы белгиленген. Жума мечиттерде жана казыяттар тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулчу айт намаздын программасы:

7:00 – 7:20 — Курман айттык баяндар;
7:20 – 7:30 — Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү;
7:30 — Курман айт намазы.
Курман айт майрамы менен ар бириңиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун. Аллах таала баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды, кылган жакшылыктарыбызды жана сойгон курмандыгыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өзүнүн ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!
Дуба кылуу да ибадат. Жөн гана ибадат эмес, ал бүткүл ибадаттардын өзөгү, Жаратуучу менен жаратылгандарды байланыштыруучу улуу жана эң кыска жол. Аллах пендесинин Ага дуба кылуусун сүйөт, пендеси сураса, анын сураганын бергенди сүйөт, пендесинин Ага муктаждыгын көрсөткөнүн сүйөт. Пенде дуба кылуу менен Аллахка жакындайт жана көздөгөн максаттарына дубанын жардамы менен тез жетүүгө жол ачылат. Дуба – чыныгы ыймандуулардын эң күчтүү куралы. Ошондуктан дуба кылуудан талыкпаңыз, себеби Аллах дуба кылган пендесинин сураганын берүүдөн талыкпайт. Дуба кылган адам сөзсүз жакшылыкка жетет же ал дубасы себептүү балээ-кырсыктардан алыстайт же акыретте дуба кылганы үчүн эселеген соопторго жетет. Дуба адамга жакшылыктарды гана алып келет.

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ДУБА КЫЛУУДАН ТАЛЫКПА

❒ Фудейл ибн Ийяд ( رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:

«Мен сабырдуулукту жаш баладан үйрөндүм. Бир жолу мечитке баратсам, жол боюндагы бир үйдө бир аял баласын уруп жаткан экен. Ал кыйкырып ыйлап жатат. Анан эле эшикти ачты да качкан бойдон жөнөдү. Ошондо ал аял баласын кире албай тургандай кылып эшикти бекем жаап койду.

Кийин кайра үйгө кайтып келе жатканда жанагыл үйгө көз салсам, баласы ыйлап-ыйлап эшикке сүйөнүп уктап калган экен. Ошондо энеси ага боору ооруп, көңүлү жибип эшикти ачты.

Аны көргөн Фудейл ибн Ийяд токтоно албай ыйлады. Ал мындай деп айтты:
«Субханаллах! Пенде дагы Аллахтын эшигинин алдында сабыр кылып күтө билгенде Аллах дагы ага эшикти ачмак».

❒ Улуу сахабалардын бири Абу Дарда, радыяллаху анху, айтты:

«Дубада өжөр болгула! Чындыгында ким эшикти улам кага берген болсо, анда ага эшиктин ачыларына аз калды».
(«Мусаннаф» Ибн Абу Шайба, 2/6)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЭРТЕ БАРУУНУН СООБУ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Жума күнү ар бир мечиттин эшигинде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине жараша жазып турат. Имам минбарга чыгып олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибн Хузайма)

➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 САНЫН КӨРСӨТКӨН ЭРКЕКТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ

Абдышүкүр ажы Нарматов