Reporter.kg_kyrgyzcha
1.42K subscribers
3.67K photos
2.81K videos
3 files
4.64K links
Download Telegram
Reporter.kg_kyrgyzcha
Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды Белгилүү болгондой, 25-майда соцтармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) богооздонуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам 5 күнгө камакка алынды

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, кармоо учурунда шектүү богооздонуп сөгүнгөн. Ага байланыштуу ага протокол түзүлгөн. Материалдар сотко жөнөтүлүп, райондук сот аны 5 күнгө камакка алган.

Ошондой эле, шектүүнүн Ботаникалык бактагы сөздөрү боюнча экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте гүл сатып алганы келген адам сатуучунун телефонун уурдап алган

Окуя дүкөндүн ичиндеги камерага түшүп калган.

Шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалып, Ленин райондук соттун чечими менен 18-июнга чейин камакка алынган.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары 30 күндүк мөөнөт менен визалык талаптардан бошотулду.

Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Садыр Жапаров 30-майда, Чолпон-Атада жаңы курулган паркты ачты.

Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.

Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
Садыр Жапаров Монголияга сапар менен барат

Сапар июль айынын ортолоруна белгиленген. Азырынча так датасы айтыла элек.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз тилин билбеген мамкызматкерлер иштен бошотулат. Долбоор колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик тил" жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө "Кыргыз тесттен" өтүшү керек болот. Алардын мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Камила Талиева "улуттук крокодилдер" деп айткан дипломатты кылмыш жообуна тарттуну сунуштады

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Ошто "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды Милициядан билдиришкендей, ал жана анын шериги былтыр Жалал-Абад шаарында Бишкектин тургунунун Toyota Camry унаасын тартып алып, башка бирөөгө сатып жиберишкен. Кармалгандар мурда бир нече ирет…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өткөн дем алыш күндөрү кармалган "Казак" каймана аты бар Умар Маратов менен Ж.А. аттуу жаран камактан чыкты

Маалым болгондой, 30-майда алардын баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту шектүүлөрдү эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарган.

Эскерте кетсек, алар Бишкектин тургунунун Toyota Camry унаасын тартып алып, башка жаранга сатып жиберген деп шектелүүдө.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурады

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурады Reporter.kg
Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү

Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды УКМКдан билдиришкендей, кылмыштуу топтун А.И. («Алтуха»), А.К., А.Ш. («Протез») жана К.Т. («Кения») аттуу мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Алар Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 мүчөсү камакка алынды

Маалым болгондой, алардын бөгөт чарасы 25-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Алар УКМКнын тергөө абагында камакта болот. 

Эскерте кетсек, 23-майда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун «Алтуха» (А.И.), «Протез» (А.Ш.), «Кеня» (К.Т.) жана А.К. аттуу мүчөлөрү Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алып жүргөн деп шектелип кармалган. Учурда бул ишке абакта отурган адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Дүйнөлүк күрөш уюмунан тамашалуу видео
Кыргызстанга бажы алымы төлөнбөй алынып келген учак аныкталды

Маалым болгондой, «AH26Б» учагы 2020-жылы ЕАЭБдин бажы аймагынан — Беларустан Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгон. 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргызстанга (ЕАЭБдин бажы аймагына) алынып келген. Бирок ал Кыргызстанга алынып келгенде тиешелүү бажы алымы төлөнгөн эмес.

Учурда аталган учак үчүн төлөнө турган бажы алымы 8 млн 461,5 миң сомду түзүүдө. Анын ичинен 1 млн 569,3 миң сом туум болуп саналат.

Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
2010-жылдагы июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Шектүү катары 39 жаштагы И.Ш. жана 46 жаштагы Ж.А. аттуу Сузак районунун тургундары кармалган.

Алар 2010-жылы Сузак айылында милициянын подполковнигин өлтүргөн деп шектелүүдө.

Учурда алар камакка алынган.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ЖК депутатын шайлоо. Дагы бир талапкер - Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө

Эскерте кетсек, 28-майда Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өткөн.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Өмүрзаков Конституциялык соттун эл өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоо нормасы боюнча чыгарган чечимин сынга алды

Reporter.kg
Быйыл «балага сүйүнчү» төлөөгө 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жөлөкпулу жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.

Былтыр Кыргызстанда 130,2 миң наристеге 522,8 млн сомго «балага сүйүнчү» берилген.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

Мыйзам долбоорун депутат Адахан Мадумаров даярдаган.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Өткөн дем алыш күндөрү кармалган "Казак" каймана аты бар Умар Маратов менен Ж.А. аттуу жаран камактан чыкты Маалым болгондой, 30-майда алардын баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту шектүүлөрдү эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарган. Эскерте…
Эки жыл мурда соттолгон «Казак» эмнеге абакта эмес? Соттун жообу

Коомчулукка белгилүү болгондой, «Казак» каймана аты бар Умар Маратов 2020-жылы 26-майда Ош шаардык соттун өкүмү менен 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган.

Жакында эле ал опузалоого шектелип кармалып, бирок эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыкты. Анын тергөө жүргөн учурда камакка алынбаганы, аны менен бирге боштондукта жүргөнү коомчулукта «эмне себептен ал абакта эмес?» деген суроо жараткан.

Маалым болгондой, Ош шаардык сот Умар Маратовго өкүм чыгаргандан кийин анын иши 2021-жылдын 27-октябрында облустук сотто каралып, сот Маратовду актаган. Ага байланыштуу ал абактан чыккан.

Андан кийин иш 2022-жылдын 2-июнунда кассациялык сотто каралып, Жогорку сот облустук соттун Маратовду актоо тууралуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Reporter.kg