Reporter.kg_kyrgyzcha
1.43K subscribers
3.68K photos
2.84K videos
3 files
4.66K links
Download Telegram
Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө

Мелдеш 1-июнда башталып, таймаш грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында болду. Турнирдин биринчи күнүндө 97 кг салмакта Бексултан Махмудов жана 63 кг салмакта Дастан Кадыров коло байге тагынды.

Эскерте кетсек, мелдеш 1-4-июнь күндөрү «Бишкек-Арена» муз аянтчасында болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Токаев Кыргызстанга бүгүн, 2-июнда Чолпон-Атада өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келген.

Аны «Ысык-Көл» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өзгөн шаарынын четинен ок-дары жана гранаталар сакталган жашыруун жай табылды

"8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 5,45 мм калибрдеги 114 патрон, 7,62 мм калибрдеги 46 патрон, 9 мм калибрдеги 1 патрон (Глок тапанчасынын), 7,62 мм калибрдеги 1 гильза табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Reporter.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кара-Балтада ишкерден опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, - УКМК
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Мээрим Жуманазарова казакстандык балбан кыздан реванш алды

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин чейрек финалында Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды.

Белгилүү болгондой, Жуманазарова менен Шалыгина быйыл Алматыда өткөн Азия биринчилигинде коло байге үчүн күрөшкөн. Беттеш учурунда Шалыгина Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурдунан кан агып, токтобогондуктан, беттеш токтотулуп, жеңиш Шалыгинага берилген.

Белгилей кетсек, Жуманазарова жарым финалда монголиялык балбан кызга жеңилип калып, коло үчүн күрөшө турган болду. Үчүнчү орун үчүн ал өзбекстандык балбан менен күч сынашат.
Чолпон-Атада Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектеги рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Жарым финалда ал кытайлык балбан кызды 6:3 эсебинде жеңип алды

Эми Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште дагы бир кытайлык балбан кыз менен күрөшөт.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жакында эле Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Көп узабай бул боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлиги үн катты.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан рейтингдик мелдеште алтын утту

Ал финалдык беттеште кытайлык спортчуну 5:3 эсебинде утуп алды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрүн кармады. Алардын бири – чет элдик жаран

Reporter.kg
Бишкекте ичүүчү суу жетишсиз. Мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда.

Бишкек шаарында ичүүчү суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Reporter.kg
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына катышты

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге 3-июнда, Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Reporter.kg
Рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык балбандар 14 медаль утту

Бишкекте 1-4-июнь күндөрү күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өттү.

Бул мелтеште кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль алышты.

Грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло утту.

Эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек уулу Жумашбек (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) алтын, Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг) күмүш, Абдумалик Карачев (61 кг), Икромжон Хаджимуратов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) коло медалга татыды.

Reporter.kg