Reporter.kg_kyrgyzcha
1.42K subscribers
3.67K photos
2.81K videos
3 files
4.64K links
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Өзбекстандын муфтийи элге мактанып, көчөнүн башынан бери килем салып, ысырап кылып ажы той өткөрбөөгө чакырды
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек мэриясынын жана президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн мурдагы аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалды

Мурдагы чиновник 17-июнда Бишкектин Манас проспектисинде мас абалда унаа башкарып бара жатканда токтотулган.

Садырбеков милициянын кайгуул кызматкерлерине орой мамиле жасап, сөгүнүп, алардын бирин "эртең жумуштан айрыласың" деп коркуткан. Анын коркутууларына карабай кайгуул кызматкелери Азиз Садырбековго протокол түзүп, унаасын айып корооно койгон.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте унаа жол белгисин сүзүп, оодарылып кетти
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Мамкурулуш Kg Group компаниясынын 3 үйүн мыйзамдаштырды
Садыр Жапаров мурда өлкө паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе эми ал документ Кыргызстанда чыгарыла баштагандыктан, андайга жол берилбей турганын билдирди

Ошондой эле ал өлкө жарандары үчүн ID карттарды акысыз алмаштыруу боюнча 2 айлык акция уюштурула турганын айтты


https://reporter.kg/prezident-olko-pasportu-murdagydaj-ongo-solgo-tush-keldi-kishilerge-satylbajt/
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Польшадагы мелдеш: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Махмудов 77 кг салмакта күч сынашууда. Ал катары менен үч атаандашын жеңип, финалга чыкты.

Үчүнчү беттешинде Махмудов колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утту.

Алтын үчүн кармашта польшалык Патрик Беднарц менен күч сынашат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Акжол Махмудов Польшадагы эл аралык мелдеште алтын утту

Финалда Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Үзүр Жусупбеков Польшадагы эл аралык мелдеште коло тагынды

Үчүнчү орун үчүн ал польшалык Якуб Антожевски менен күрөшмөк. Бирок атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Үзүр Жусупбековго ыйгарылып, ал коло медалдын ээси болду.
Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды. Ага байланыштуу мамлекет бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча бөлбөй турган болду. Бакчага барган балдарын тамак менен камсыздоо бир гана ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

https://reporter.kg/bala-bakcha-mamleket-akcha-bolbojt-ata-eneler-baldarynyn-tamagy-ychyn-ozdory-gana-akcha-tolojt/
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Нуржигит Кадырбеков кумарканаларды кайра жабууну сунуштады
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Садыр Жапаров Кадамжайга учуп келип, Шамбесай кенин иштеши боюнча пикирин билдирди
Жалал-Абадда 900 млн сомго облустук администрациянын, шаардык мэриянын жаңы имараттарын жана борбордук аянт куруу пландалууда

Учурда курулушту жүргүзө турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Сынакты уткан компания курулуш иштерин 2025-жылдын 31-июлуна чейин бүткөрүшү керек.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Польшадагы эл аралык мелдеште алтын утту

Финалда ал украиналык Никита Дементьев менен күч сынашып, аны 9:1 эсебинде жеңди.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Польшадагы мелдеш: Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш утту

67 кг салмакта күрөшкөн эки балбан финалга чыгып, алтын үчүн беттеш өткөрмөк. Бирок Раззак Бейшекеев кичүү болгондуктан, улууга урмат көрсөтүп Амантур Исмаиловго жеңишти берди. Ошентип Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектин Манас проспектисинде асма жол куруу пландалууда