Reporter.kg_kyrgyzcha
1.54K subscribers
3.75K photos
2.99K videos
3 files
4.81K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Акжол Махмудов Польшадагы эл аралык мелдеште алтын утту

Финалда Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Үзүр Жусупбеков Польшадагы эл аралык мелдеште коло тагынды

Үчүнчү орун үчүн ал польшалык Якуб Антожевски менен күрөшмөк. Бирок атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Үзүр Жусупбековго ыйгарылып, ал коло медалдын ээси болду.
Президент Садыр Жапаров «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды. Ага байланыштуу мамлекет бала бакчадагы балдардын тамак-ашына акча бөлбөй турган болду. Бакчага барган балдарын тамак менен камсыздоо бир гана ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

https://reporter.kg/bala-bakcha-mamleket-akcha-bolbojt-ata-eneler-baldarynyn-tamagy-ychyn-ozdory-gana-akcha-tolojt/
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Нуржигит Кадырбеков кумарканаларды кайра жабууну сунуштады
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Садыр Жапаров Кадамжайга учуп келип, Шамбесай кенин иштеши боюнча пикирин билдирди
Жалал-Абадда 900 млн сомго облустук администрациянын, шаардык мэриянын жаңы имараттарын жана борбордук аянт куруу пландалууда

Учурда курулушту жүргүзө турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.

Сынакты уткан компания курулуш иштерин 2025-жылдын 31-июлуна чейин бүткөрүшү керек.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Польшадагы эл аралык мелдеште алтын утту

Финалда ал украиналык Никита Дементьев менен күч сынашып, аны 9:1 эсебинде жеңди.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Польшадагы мелдеш: Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш утту

67 кг салмакта күрөшкөн эки балбан финалга чыгып, алтын үчүн беттеш өткөрмөк. Бирок Раззак Бейшекеев кичүү болгондуктан, улууга урмат көрсөтүп Амантур Исмаиловго жеңишти берди. Ошентип Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектин Манас проспектисинде асма жол куруу пландалууда
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Польшадагы мелдеште алтын утту

Финалда ал германиялык Луиза Ниемеш менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңди.

Ошондой эле 59 кг салмакта Калмира Билимбекова күмүш байгенин ээси болду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды
Талантаалы Бакчиев “Манас” улуттук академиясынын президенти кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түптүн айрым айылдарында сел жүрдү

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Токтоян, Тасма, Көөчү айылдарында 10дон ашык үйдүн короосун суу каптаган.

Сел сууларынын кесепеттерин жоюга 100дөн ашык адам тартылган.
Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Сапар 24-26-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында, 25-июнда Жапаров Бельгиянын королу Филипп, ошондой эле Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.