Reporter.kg_kyrgyzcha
1.42K subscribers
3.68K photos
2.82K videos
3 files
4.65K links
Download Telegram
Reporter.kg_kyrgyzcha
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурады Reporter.kg
Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү

Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды УКМКдан билдиришкендей, кылмыштуу топтун А.И. («Алтуха»), А.К., А.Ш. («Протез») жана К.Т. («Кения») аттуу мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Алар Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 мүчөсү камакка алынды

Маалым болгондой, алардын бөгөт чарасы 25-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Алар УКМКнын тергөө абагында камакта болот. 

Эскерте кетсек, 23-майда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун «Алтуха» (А.И.), «Протез» (А.Ш.), «Кеня» (К.Т.) жана А.К. аттуу мүчөлөрү Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алып жүргөн деп шектелип кармалган. Учурда бул ишке абакта отурган адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Дүйнөлүк күрөш уюмунан тамашалуу видео
Кыргызстанга бажы алымы төлөнбөй алынып келген учак аныкталды

Маалым болгондой, «AH26Б» учагы 2020-жылы ЕАЭБдин бажы аймагынан — Беларустан Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгон. 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргызстанга (ЕАЭБдин бажы аймагына) алынып келген. Бирок ал Кыргызстанга алынып келгенде тиешелүү бажы алымы төлөнгөн эмес.

Учурда аталган учак үчүн төлөнө турган бажы алымы 8 млн 461,5 миң сомду түзүүдө. Анын ичинен 1 млн 569,3 миң сом туум болуп саналат.

Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
2010-жылдагы июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Шектүү катары 39 жаштагы И.Ш. жана 46 жаштагы Ж.А. аттуу Сузак районунун тургундары кармалган.

Алар 2010-жылы Сузак айылында милициянын подполковнигин өлтүргөн деп шектелүүдө.

Учурда алар камакка алынган.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ЖК депутатын шайлоо. Дагы бир талапкер - Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө

Эскерте кетсек, 28-майда Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өткөн.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат Өмүрзаков Конституциялык соттун эл өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоо нормасы боюнча чыгарган чечимин сынга алды

Reporter.kg
Быйыл «балага сүйүнчү» төлөөгө 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жөлөкпулу жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.

Былтыр Кыргызстанда 130,2 миң наристеге 522,8 млн сомго «балага сүйүнчү» берилген.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
«Айылдыктарга көмөк» жөлөкпулун киргизүү сунушталууда

Мыйзам долбоорун депутат Адахан Мадумаров даярдаган.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Өткөн дем алыш күндөрү кармалган "Казак" каймана аты бар Умар Маратов менен Ж.А. аттуу жаран камактан чыкты Маалым болгондой, 30-майда алардын баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту шектүүлөрдү эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарган. Эскерте…
Эки жыл мурда соттолгон «Казак» эмнеге абакта эмес? Соттун жообу

Коомчулукка белгилүү болгондой, «Казак» каймана аты бар Умар Маратов 2020-жылы 26-майда Ош шаардык соттун өкүмү менен 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган.

Жакында эле ал опузалоого шектелип кармалып, бирок эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыкты. Анын тергөө жүргөн учурда камакка алынбаганы, аны менен бирге боштондукта жүргөнү коомчулукта «эмне себептен ал абакта эмес?» деген суроо жараткан.

Маалым болгондой, Ош шаардык сот Умар Маратовго өкүм чыгаргандан кийин анын иши 2021-жылдын 27-октябрында облустук сотто каралып, сот Маратовду актаган. Ага байланыштуу ал абактан чыккан.

Андан кийин иш 2022-жылдын 2-июнунда кассациялык сотто каралып, Жогорку сот облустук соттун Маратовду актоо тууралуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Reporter.kg
Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө

Мелдеш 1-июнда башталып, таймаш грек-рим күрөшү боюнча балбандар арасында болду. Турнирдин биринчи күнүндө 97 кг салмакта Бексултан Махмудов жана 63 кг салмакта Дастан Кадыров коло байге тагынды.

Эскерте кетсек, мелдеш 1-4-июнь күндөрү «Бишкек-Арена» муз аянтчасында болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Токаев Кыргызстанга бүгүн, 2-июнда Чолпон-Атада өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келген.

Аны «Ысык-Көл» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өзгөн шаарынын четинен ок-дары жана гранаталар сакталган жашыруун жай табылды

"8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 5,45 мм калибрдеги 114 патрон, 7,62 мм калибрдеги 46 патрон, 9 мм калибрдеги 1 патрон (Глок тапанчасынын), 7,62 мм калибрдеги 1 гильза табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Reporter.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кара-Балтада ишкерден опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, - УКМК
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Мээрим Жуманазарова казакстандык балбан кыздан реванш алды

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдештин чейрек финалында Жуманазарова казакстандык Елена Шалыгинаны жеңип алды.

Белгилүү болгондой, Жуманазарова менен Шалыгина быйыл Алматыда өткөн Азия биринчилигинде коло байге үчүн күрөшкөн. Беттеш учурунда Шалыгина Жуманазарованы мурунга сүзгөн. Жуманазарованын мурдунан кан агып, токтобогондуктан, беттеш токтотулуп, жеңиш Шалыгинага берилген.

Белгилей кетсек, Жуманазарова жарым финалда монголиялык балбан кызга жеңилип калып, коло үчүн күрөшө турган болду. Үчүнчү орун үчүн ал өзбекстандык балбан менен күч сынашат.
Чолпон-Атада Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектеги рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Жарым финалда ал кытайлык балбан кызды 6:3 эсебинде жеңип алды

Эми Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште дагы бир кытайлык балбан кыз менен күрөшөт.

Reporter.kg