Reporter.kg_kyrgyzcha
1.51K subscribers
3.76K photos
3.04K videos
3 files
4.86K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жакында эле Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Көп узабай бул боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлиги үн катты.

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан рейтингдик мелдеште алтын утту

Ал финалдык беттеште кытайлык спортчуну 5:3 эсебинде утуп алды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрүн кармады. Алардын бири – чет элдик жаран

Reporter.kg
Бишкекте ичүүчү суу жетишсиз. Мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда.

Бишкек шаарында ичүүчү суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Reporter.kg
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына катышты

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге 3-июнда, Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Reporter.kg
Рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык балбандар 14 медаль утту

Бишкекте 1-4-июнь күндөрү күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өттү.

Бул мелтеште кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль алышты.

Грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло утту.

Эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек уулу Жумашбек (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) алтын, Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг) күмүш, Абдумалик Карачев (61 кг), Икромжон Хаджимуратов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) коло медалга татыды.

Reporter.kg
Ысык-Атада кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайдан качып кетти

ИИМден билдиришкендей, окуя 5-июнга караган түнү болгон.

Шектүү Кушубек Сабыров 1994-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну болуп саналат.

Аталган жаран "адам уурдоо, "каракчылык", "адам өлтүрүү" сыяктуу кылмыштарга айыпталууда. 30-майда анын иши сотко өткөн.

Учурда качып кеткен адамды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Милиция аталган жаранды көргөн-билгендер болсо, кабар берүүсүн суранат,

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМКнын кызматкерине 200 миң сом пара берип жаткан жеринен Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды.

Reporter.kg
Бишкекте "Кыргызстандын баатыры", коомдук жана саясий ишмер, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин эстелигинин ачылышы болду
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте түн ортосунда шаар тургуну тонолду

Окуя 16-майга караган түнү Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кылмышкер күч колдонуп шаар тургунунун 15 миң сомдук телефонун жана 5 миң сом акчасын тартып алган.

Милиция шектүү катары 22 жаштагы С.А. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Швециялык футболчу Златан Ибрагимович карьерасын аяктады

24 жылдан ашык футболдо жүргөн 41 жаштагы спортчу ойногон акыркы клуб италиялык “Милан” болуп калды.

Ал кесипкөй футболго 1999-жылы келген. Андан бери ал 34 ар түрдүү байге утуп, «Аякс», «Ювентус», «Интер», «Барселона», «Пари Сен-Жермен», «Манчестер Юнайтед», «Милан» сыяктуу клубдарда ойноду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК төңкөрүш уюштурууга шектүүлөрдү кармоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандардын арасында активисттер бар экени белгилүү. Канча киши, кимдер кармалганы, арасында саясатчылар бар же жок экени азырынча белгисиз. Кармалгандар төңкөрүш уюштурууга даярданган деп шектелүүдө. 

УКМК аталган иш боюнча маалымат бере элек.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК Даниэль Ажиевди кармады

Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
💵Мамлекетке эң көп зыян келтирген мамлекеттик ишканалар аталды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2022-жылы мамлекеттик казынага эң көп зыян келтирген мамлекеттик компанияларды атады.

Reporter.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте КР Батыры Дооронбек Садырбаевдин эстелигинин ачылышы болду

Reporter.kg