Reporter.kg_kyrgyzcha
1.42K subscribers
3.66K photos
2.77K videos
3 files
4.57K links
Download Telegram
Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо жыйынтыкталды

Учурда автоматтык эсептөө кутуларынын 100%ы эсептелип, алдын ала маалымат боюнча, шайлоону 6 миң 242 добуш менен Дамира Ниязалиева жеңүүдө.

Экинчи орунда 2 миң 70 добуш менен Улан Сариев жана үчүнчү орунда 1 миң 317 добуш менен Эртай Искаков турат.

Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.

Reporter.kg
"Мурас" турниринде “Ден-Соолук” командасы жеңишке жетти

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган "Ден-Соолук" командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты "Президенттин командасы" командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду "Коопсуздук" командасы жеңип алды.

Reporter.kg
Садыр Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем»,
— дейт ал.

Reporter.kg
Ысык-Көл районунда аялын көчөдөн аёсуз сабап өлтүрүүгө шектелген адам эркиндикке чыгарылды.

Иш 26-май күнү Ысык-Көл райондук сотунда каралып, 44 жаштагы аялын мыкаачылык менен уруп өлтүргөн деп айыпталган К.Ш. аттуу жаран сот залынан бошотулган.

Мамлекеттик айыптоочу К.Ш.га 10 жыл жаза мөөнөтүн чектегенине карабай, сот эки-үч ирет өткөрүлгөн соттук-психолого-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыгына таянып, аны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алган.

Reporter.kg
Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Reporter.kg
Президент Садыр Жапаров мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ошто "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Милициядан билдиришкендей, ал жана анын шериги былтыр Жалал-Абад шаарында Бишкектин тургунунун Toyota Camry унаасын тартып алып, башка бирөөгө сатып жиберишкен.

Кармалгандар мурда бир нече ирет соттолушкан.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эркекче сүйлөшөлү. Парламентте депутаттар талаша кетти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров аталган комитеттин төрагасынын ишин сынга алды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды, - УКМК

Reporter.kg
Бишкекте сууга чөгүп бараткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды.

Мэриядан билдиришкендей, Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жана жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Reporter.kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте массалык мушташ болду

Видео: Максим Золотых
Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек”, - деп жооп берген Жапаров.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎸Баткенде чек арачы Камчыбек Ташиевге ыр аткарып берди

Баткенде «Ак-Сарай», «Максат» чек ара тозоттору ачылып, «Жаштык» жана «Чон-Талаа» чек ара бекеттери жаңыланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 28-майда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аталган чек ара тозотторунун менен чек ара бекеттеринин ачылышына катышты.

Камчыбек Ташиев жаңы ачылган чек ара бекеттеринде чек арачылар менен бирге тамактанып, алар менен баарлашты. Ошондой эле, чек арачы ага гитара менен ыр аткарып берди.

Толугу менен ➡️ Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Мелдеш 1-4-июнь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын атынан 46 спортчу катышат.

Бул мелдеште байгелүү орундарга илинген балбандарга медаль жана рейтингдик упайлардан тышкары, акчалай сыйлык берилет.

Бишкектеги рейтингдик турнирдин акчалай сыйлыктары:

1-орун — 1500 швейцариялык франк (145 миң сом)

2-орун — 750 швейцариялык франк (72 миң сом)

3-орун — 500 швейцариялык франк (48 миң сом)

Reporter.kg
Садыр Жапаров Түптүн акими Каныбек Адиевге сөгүш берди.

Эрбол Султанбаев билдиргендей, президент Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.

“Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат”, - деди Султанбаев.

Reporter.kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
D Billions – бул жалпы Кыргызстандын сыймыгы, - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту.

Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар: Исманалиев Бактыбек - Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек - Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков - Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа - Ляля (Lya-Lya).

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров “D Billions – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

Reporter.kg