ЭроБаян
387 subscribers
Кыргызча эротика. Баары баштан өткөн
Download Telegram
Студент кезде көп кыздар менен достоштум. Дос катары мамиле кылган селкилерге эч качан кумар кандыруу максатында караган эмесмин. Алар менен бир бөлмөдө, талаа-түздө жалгыз калган учурларымда да колун кармап, тийишкен жокмун. Төшөктө эс алгысы келгендер дароо эле байкалат. Алар менен дос эмес, өнөктөш болосун. Андай өнөктөштөр каалаган жерде, каалаган учурда табылат. Арасында жеңил ойлуулары да, өзүнүн ордун жакшы билген, керек учурда төшөктө туйлап, башка кезде сыр билгизбей жүргөндөрү да бар.
Жогоруда Наргиза эже менен болгон окуядан кийин келиндерге, жашы менден улууларга кызыгуу да күчөй баштады. Анткени, алар тажрыйбалуу...
Экинчи курсту ортолоп калган кезимде күтүүсүздөн мугалим эжекеден мага сунуш түштү. Университетте биздин тайпада отуздай студент бар, анын төртөө эле эркек, калганы кыздар. Тайпа башчыбыз – шаардык жигит, аты Расул. Экөөбүздүн мамилебиз да жакшы. Бир күнү сабактан чыгып баратканда, ал мени кофеге чакырып, окуу жайдын ашканасына кирдик. Көпкө сүйлөшүп отурдук, албетте, негизги тема – кыздар болду.

-Мугалим эжеке менен роман курганга кандай карайсын? – деп сурады досум.
-Кандайча?- дедим түшүнбөй.

Чын эле кокустан айтылган бул сунушка түшүнгөн жокмун.

-Кыскасы, мындай. Азыр жаш жигиттер менен чоң аялдар мамиле курганы модага айланган. Мен декандын орунбасары Фируза эжеке менен жарым жылдан бери “эметишип жүрөм”. Күйөөсү жок, кээде үйүнө чакырат, эс алабыз. Секс болот.

Таң калдым. Менде аялзатка кызыгуу күч болгону менен окутуучулар менен төшөктө жатуу жети уктап түшүмө кирбептир. Университеттеги мугалимдерди мен олуттуу, бир сөздүү, сүрдүү кишилер катары кабыл алып келатпаймынбы.

-Эй, алар деле ысык жан. Алар деле секс каалайт. Сен менен мага окшош эле кишилер. Болгону статус башка, алар окутуучу, биз студент. Бирок бул айырмачылык университетте гана. Сыртта бирдей эле кишилербиз,- деп досум мага түшүндүрүп жатты:
-Айым Капаровна бар эмеспи, ал Фируза Зарлыковнанын жакын курбусу. Экөөнүн тең жолдошу жок. Бир жумадай мурун үчөөбүз жолугуп, эс алганбыз. Айым Капаровна сени жактырып жүрүптүр, мен аркылуу сунушун айтып жиберди. Кааласаң, эртең кечинде төртөөбүз жолугабыз.
-Жолуксак жолуга беребиз, - дедим дароо эле.

Ашканадан чыгып, тарадык. Үйгө жеткиче Айым Капаровнаны ойлоп бардым. Чын эле, мага мамилеси өзгөчө. Коридордо кезигип калсак, дайыма жылмаят. Жашы менимче 35-40тын ортосунда. Башка окутуучулардан айырмаланып, дайыма лекциялары кызыктуу. Сабагынан зачет болгондо, мага дайыма автоматтык түрдө беш коёт. Кез-кезде абалымды сурап турат. “Көрсө, максаты башка турбайбы” деп күлүп койдум. Бирок Расул алдап жаткан болсочу. Балким тамашалап койду. Мейли, эртеңки күн келе берсинчи, көрө жатарбыз.

Эртеси университеттин коридорунда Айым Капаровна менен туш келип калдым. Жүрөгүм шуу дей түштү. Бул ирет эжекем мага сүйлөгөн жок, жөн эле жылмайып өтүп кетти. Капкара чачы өзүнө жарашыктуу кылып кесилген. Акжуумал жүзүнө жылмайганы жарашып, супсулуу. Кара костюмдун топчулары кадалган эмес, ичинен кийген сары кофтасынан көкүрөгү тырсылдап томпоюп турат. Аудиторияга жеткиче эжекени ойлоп, фантазиямда аны чечинтип, мамагынан өпкүлөп да жибердим.
Акыркы сабак - Айым эженики. Адатынча, өтө кызыктуу кылып кыргыз адабиятына байланыштуу лекция окуп жатат. Жакшылап тиктесем, эженин эриндери да укмуш экен. Кара-кочкул өңдөнгөн помадасы анын илебин ого бетер татынакай көрсөтөт. Көзүнүн үстү кара калем менен орточо боёлуп, аппак жүзүнө аябай көрк берип турат. Ушуга чейин маани бербептирмин, Айым Капаровнанын көзүнүн түсү да башкача экен. Жашыл аралаш күрөң сыягы.

Мурдагы сабактарда эжекем мага улам-улам тиктеп койчу, бул ирет бир да жолу карабады. Коңгуроо болору менен бат-баттан кагаздарын жыйнап чыгып кетти.

Шашып тайпа башчыбыз Расулдун алдында барып “бүгүн эжекелер менен жолугабызбы?” деп сурадым. Ал мага бир даректи берип, кечинде саат 7лерде ошол жерге барышым керектигин айтты.

Айтылган саатта шаардагы кичирайондордун бириндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жанында Расул экөөбүз кезиктик. Төртүнчү кабатка чыгып, квартиранын коңгуроосун бастык. Эшикти Фируза Зарлыковна ачканда, нес болуп туруп калдым. Студенттер сүрүнөн да корккон доцент эжекем кыпкызыл, кыска халатта, аппак жоон сандары көрүнүп турат. Дайыма түрмөктөп жүргөн чачын жайып алыптыр. Ушул турпатында ал мурдагыдан кыйла жаш көрүнүп кетти. Күлүп-жайнап, аябай жакшы тосуп алды. Дүкөндөн шоколад жана суусундук алып алган элек. Аны көрүп Фируза эжеке:

-Студенттер куру кол келсе да капа болмок эмеспиз. Бекер эле убара болупсуңар,- деди жайдары мүнөздө.

Менин түрүмдү көрүп, Расул желкеме бир түртүп, “ойлонбо, баары сонун болот” дегенсип койду. Шүмшүк десе, ал мындай жолугушуулардын далайын көргөнү билинип турат. Эжекени ээрчип залга өттүк. Кире беришти Айым Капаровна турат. Көздөрүбүз чагыла түштү. Ал деле мен сыяктуу сүрдөп, толкунданып жаткандай.

-Келгиле, диванга өткүлө балдар,- деп, ордунан турду-да, бата кылгандан соң Айым эжекем ашканага чыгып кетти. Он мүнөттөй убакыттан кийин куурдак толтурулган тарелканы көтөрүп кирди. Фируза эже болсо шкафта турган кыпкызыл винону алды.

-Эсиңерде болсун, бул үйдө биз доспуз. Университетте окутуучу жана студент экенибизди унутпайлы. Жолугушуубуз ушул төрт дубалдын ичинде эле калсын,- деп винону ачып баарыбызга куйду.

Бир-эки стакан шарапты жуткандан соң мен деле, Айым Капаровна деле ачыла түштүк. Университеттеги кызыктуу окуяларды айтып, күлүп отурдук. Расул менен Айым эжеке орун алмашып, досум Фируза Зарлыковнанын жанында стулга өттү. Айым Капаровна болсо менин жаныма – диванга отурду. (Окуянын ысык жерин эртең жарыялайм).
Кезектеги стаканды бошоткондон кийин Фируза эжеке Расулду кучактап, өөп койду.

-Ай өбүшпөйсүнөрбү! - деп бизге да буйрук бергенсиди.

Ошол учурда менин ичимдеги обу жок бойдок ойгоно түштү, Айып Капаровнанын колунан кармадым. Анан баары башталып кетти. Дасторкондун четинде эле эркелешип, кучакташып отурдук.

Эжекеден жагымдуу атырдын жыты буркурап жатат. Эрининдеги кара кочкул помадасынын жыты да башкача экен. Анысы мойнума, бетиме, илебиме сүйкөлүп бүттү. Ошентип отуруп, Расул менен Фируза Зарлыковна залдан качан чыгып кеткенин байкабай да калыптырмын. Алардын үнү наркы бөлмөдөн угулуп жатты. Анан Айым эжеке да менин колуман жетелеп, башка бөлмөгө алып барды. Мурдатан даярданып коюшкан сыягы, бир кишилик керебетке төшөк салынып, аппак шейшеп төшөлүп турат.

Эшикти жаап эле коён кармаган карышкырдай эжекемди катуу кучактадым. Онтоп жибергенсиди. Алкымынан акырын тиштеп, өптүм.

-Кызартып салба, эртең мойнума шарф оронуп жүрбөйүн,- деп тамашалады. Үнү бул ирет назик, эркелегендей чыкты.

Баягы сары кофтасынын топчулары жарымы чечилген, ичиндеги ак бюстгальтери көрүнүп турат. Чечинтүүгө аракет кыла баштасам, колумду кармап “өзүм” деди. Анан менин футболкамды, шымымды чечти. Шымымдын сыдырмасын тартып атканда колу алигиме тийип, ырахаттана түштүм. Мени бир гана турсийчен калдым. Өзү да кофтасы менен юбкасын чечип, ич кийимдеринде калды.
Айнектен көчөдөгү чырактын жарыгы түшүп, бөлмөнүн ичи күңүрт жарык. Жанымда турган эжекемдин тулку-бою даана көрүнүп турат. Жыйырма жаштагы кыздай, арык да, семиз да эмес. Алаканга толчудай эмчеги тысырап, “мени кармалачы” дегенсийт.

Кучактап, өпкүлгөн бойдон энеден туума кылып чечинттим. Бир колум менен турсийимди тиземе түшүрүп, андан ары бутум менен эле чечип, ыргыттым.
Алигим эжекемдин жан жерине тийгенде эле ал ырахаттана үн чыгарып жиберди. Бир колу менен менин жыныс мүчөмдү эркелетип, кармалап жатат.
Акырын артынан кучактадым, оң колумду жан жерине алып бардым. Ортодогу үч бармагым менен эжекемдин тигил жагын айландырып сылап, өйдө-ылдый укаладым. Эжекем онтоп, бели ийилип дүүлүгүп болбой баратат.
Он мүнөткө жакын өөп-сыйпалап, жыттап кыйла ырахатка батырдым. Кучактап, текчеге отургуздум. Эки бутун белиме айлантып, катуу кучактады. Мен болсо тилим менен эмчегин эркелеткенге өттүм.

Андан кийин керебетке өттүк. Эжекем эркектин жытын көптөн бери жыттай элекпи, айтоор кучагымда балыктай гана туйлады. Мен “эметкен” сайын жалынып жатты. Түн бир оокумга чейин чер жаздык. Мен күчтөнгөн сайын эжекемдин да онтогону күчөп, улам ысымымды кайталап жатты. Бир маал ушунчалык катуу энтигип, “ммм” деген үн чыгарды. Анан шалдырап жатып калды, ошол учурда мен да бошондум.

-Тентек бала, көрбөгөндү көрсөттүңго эжекеңе,- деп чачымды уйпалап койду.

Бир кишилик керебетте кучакташкан бойдон уйкуга кеттик. Эжекем менин арт жагыман кучактап алды. Анын мурдунан чыккан жылуу жел моюн аралаш күрөгүмө сезилип жатты... Эртең ишемби, сабак жок...

Эшик тыкылдаганынан ойгонсом, Фируза Зарлыковна бизге карап турат.

-Ай, кучакташкан Ромео-Жульеатта, туш боло жаздады, тургула. Түнү аңкылдап, үйдүн дубалын да кулатып жибере жаздадыңарго. Лампочка ордунда турабы? ЖЕ силердин кылыгыңарга чыдабай, учуп түштүбү? - деп күлдү.

Жылаңач денемди көрүп калды деп, Фируза эжекеден уяла түштүм. Дароо шейшеп менен тигил жагымды ороп алдым. Анан акырын туруп, жуунуп кайра төртөөбүз тамактандык.

-Эми эч кимге билгизбей, акырын кетип калгыла,- деди Фируза Зарлыковна, -Эч кимге ооз ача көрбөгүлө. Бирөөдөн укчу болсок, университетти бүтпөй каласыңар,- деп эскертип койду.

Бул окуядан кийин Айым Капаровна менен көп жолу кезигиштик. Көрсө турмушка чыгып, бат эле ажырашкан экен. Кайын журту университетте иштегенге макул болбой, айылда калтырууну чечкенде, баарына кол шилтеп кете бергенин айтты.
“Карьераны деп, турмушта жолум болбой калды”,- кээде өкүнүп койгон эжекем шаардын ортосунда өзү жалгыз турат. Керек учурда университетте мени четке тартып, качан жолугарыбызды айтат.

Дээрлик жума сайын экөөбүз эс алабыз. Мага түркүн тамактарды бышырып берет. Бирок анын мугалим катары да сыйлоону уланта бердим.
Сабагына дайыма жакшы даярданам. Мурдагыдан көбүрөөк кызыгып окуйм, тапшырмаларын так аткарам.

Кийинки жылы кышкы семестр аяктаганда Айым Капаровна адаттагыдай мени үйүнө чакырды. Эс алдык. Кумарга батып бүткөндөн соң ал мага Бишкекке кетип жатканын, жумушун борборго которгонун айтты. Унчукпадым, кабагымды бүркөп, таарынгандай түр көрсөттүм. Ал мени кучактап, бетимен өптү. Ыйлады...
Эмне кылмак элем, чоң эле аялдын жолун тороп алганым да туура эмес. Анүстүнө, экөөбүз кыз-жигит эмеспиз. Бири бирибизге жөн гана дене кумарын жазыш үчүн гана керекпиз.
Ошону менен эжекем менен ортобуздагы романдын баары бүттү.

Университетти аяктап, Жалал-Абадда эле иштедим. Анан мен да Бишкекке көчтүм. Үй-бүлө куруп, балдарым кыйла чоңоюп калган. Айым Капаровна менен өткөргөн күндөрүмдү дээрлик унутканмын. Бир күнү иш менен мамлекеттик мекемелердин бирине барып аны жолуктуруп калдым. Кыйла улгая түшүптүр. Он жыл деле чоң убакыт экенин ошондо сездим. Тагдырдын тамашасыбы, айтоор, ошол мекемедеги менин ишимди дал ушул Айым Капаровна бүтүрүшү керек экен. Бири бирибизди дароо тааныдык. Оозуман келмем түшүп, эмне деримди да билбей калдым. Ал деле өзүн жогото жаздап, дароо жагдайдан чыгып кетти. Жумушумду бат-баттан бүтүрүп, тийиштүү документтерди колума карматты. Жылмайган бойдон рахмат айтып чыгып кеттим. Ошол бойдон эжекемди көрө элекмин... Турмуш курду бекен, же дагы башка бир жигит менен көңүл ачып жүрөбү, аны билбейм...
***
Channel name was changed to «Өткөн күндөр (эро)»
Студенттик жылдар ортолоп, жаштыктын кызыктуу учурлары зуулдап өтүп жаткан кез. Биз ижарада турган үйдүн жанындагы коңшубуздун үйүнө 3-4 кыз көчүп келген. Экөө медколлежде, бири филфакта, дагы бири чет тилдер факультетинин 4-курсунда билим алат. Мага дал ошол – четти тилдер факультетинде окуган кыз жагат. Аты - Зарина. Чачы, кашы-көзү капкара, өзү аппак, куклага окшош.
Бакырайган көзүндө куулук байкалып турат. Ошол эле учурда ойноктоп, жигиттердин көңүлүн бурган жайы бар.

Жалал-Абадда сентябрь деле ысык болот эмеспи. Зарина күнүгө кечке жуук үйүнүн алдына, дарбазанын сыртына желим түтүктө суу чачат. Таанышкым келип жүргөндүктөн, бир күнү түз эле барып, жардамдашуу максатында колунан түтүктү алдым. Ошентип таанышып, сүйлөшүп кеттик. Анын бир сүйлөп он күлгөн мүнөзү мени өзүнө арбай баштады. Экөөбүздүн факультетибиз бир имаратта жайгашкандыктан, окууга чогуу барып, чогуу келмей болдук.
Бир күнү адатынча кайра көчөгө суу себе баштады. Тизесинен келген аппак көйнөк кийип алыптыр. Анысы огот бетер чырайын ачып, “мени келип кучакта” дегенсийт.
Көмөктөшүү максатында алдына барган кезимде ал тамашалап, мага суу пүркүп, каткыра күлдү. Футболкам суу болуп калды.
Ошол абалымда колунан түтүктү алып, көчөгө, жолдун четиндеги чөптөргө, гүлдөргө суу чача баштадым. Зарина болсо, мага окуудагы жаңылыктарын айтып берип турат. Мен аны уккан киши болгонум менен, оюмда аны сууга чөмүлтүрүүнү пландап жатам.
Ынгайы келген учурда, билгизбей туруп ага суу чачтым. Кыйкырганына карабай, чача бердим. Ал деле ушуну каалап тургансып, же нары качпайт, калп эле кыйкырат. Бассейнге сүңгүп чыккандай, баштан-аяк суу.
Ак көйнөгү суу тийген учурда түсүн жоготуп, денеси даана байкалып калды. Ач күрөң түстөгү эмчек калтасы менен турсийи көрүнүп, аны бир аз ыңгайсыз кылды. “Жинди” – деген бойдон үйдү карай чуркап кирип кетти. Ал артка бурулуп кетип баратканда жамбашына суктанып, оозумдан суу акты.
Колумдагы түтүктү дарбазанын жанындагы арыкка салып, мен да үйгө кирип кеттим. Ошол күнү кечинде такыр уйку келбеди. Көз алдыман Заринанын денеси кетпей койду.

Бир жумадай убакыт өттү. Экөөбүз тең түштөн кийин окугандыктан, сабактан кеч чыктык. Жолдо паркка кирип, айландык. Караңгы кирип кетти. Зарина мени колуктап алган. Атырынын жыты, назик билеги мени арбап баратты. Бирок анын даамын татууга такыр ынгайлуу учур таппай койдум.
Зарина улам мени бекем колтуктап, жабышкансыйт. Паркта киши көп болгону үчүн анын мамагын кармап, алкымынан жыттай албадым. Үйгө жөнөдүк. Ал мени коё берген жок, барган сайын бекемирээк жабышып жаткандай сезилди. Эмчеги билегиме тийип, делебемди козгоп салды.
Пушкин көчөсү менен баратканда жол четинде төрт кабаттуу үйлөр бар. Тротуардын четиндеги дарактар менен үйлөрдүн ортосуна кыз алып кирсең болчудай. Караңгыда жолдон өтүп бараткандар дарактын артында ким эмне кылып жатканын байкабайт деле.
Эмне болсо ошол деп, Заринага “Тигил караңгы жака өтүп келбейлиби?” – десем, чоочубай эле “Адамдар көрүп калбайбы?” – деп кайра өзүмө суроо узатты. Анын бул суроосу макулдук бергенинин белгиси экенин түшүндүм, колунан жетелеп караңгыга тарттым.

Тигил төрт кабаттуу үйлөрдүн чоң балкондору дубалдан сыртка чыгып турат. Эски үйлөр болгондуктан, фундаменти эчак чөгүп, жерден эле дубал башталган. Эки балкондун ортосуна кирип эле Заринага жармаштым. Алкымынан өөп, жыттап, мамагын кармап, жамбашын сылап жаттым. Байкасам, Зарина ээрип агып кетейин дейт. Көзүн жумуп, ыңкылдап, мени кучактап, мойнун асманга көтөрүп алган. Эки балкондун ортосунда болорубузча болдук. Анын сумкасы, менин дептерлерим жерде жайнап жатат. Бизди бирөө-жарым көрүп калса кантебиз деген ой деле жок.
Заринанын кылык-жоругунан анын кыз эместигин билдим. Беймарал ишке киришип, турсийин шыпырдым. Жан жери суулашып, турсийи эчак ным болуп калыптыр. Биздин чырмашуу кульминацион чекитке жеткенде Зарина мага “шашпа” дегенсип, жерде жаткан сумкасын аңтарып презерватив алып чыкты. “Шүмшүк кыз, тажрыйбаң кыйла ташты жаратго”,- деп аны жыныс мүчөмө кийдим-да, Заринын артына өттүм. Ал кылмышка шектелип кармалган кишидей дубалга эки колун коюп, мага тоңкойду.
Ой бир иштедим ай. Айланага улам караңгы кирип жатканы менен көзүм жарыкташып, кыздын жамбашы жанып турган эки чырактай эле көрүнүп турат.

Ошентип, кыйла жыргадык. Ал деле кумарга батты, мен деле ырахаттандым. Бүткөнүбүздөн кийин Зарина шашып кийинип, тротуарга чыгып, басып кетти. Мен деле бетарчым менен тияк-биягымды тазалап, дептерлеримди жыйнадым. Карасам, биз иш кылган жердин жанындагы балкондун айнегинде бирөөнүн сөлөкөтү турат. Жакын барсам, аял киши экен. Келинби же кызбы биле албадым. “Кечиресиз”,- дедим кууланып. Ал болсо “Уятыңар жок экен”,- деди. Эмне дешимди билбей, “эртең кечинде ушул жерге чыгыңыз, уятымды көрсөтөм”,- десем, каткырып күлүп койду. Мен ага бетарчымды көрсөтүп, “Эстеликке берейинби?”,- десем, “барчы нары” деп жинденгендей болду. Мен күлүп коюп, тротуарга чыгып, таштанды кутуга бетарчыны ыргытып, жолумду улап кете бердим. Жүз метрдей нарыда мени Зарина күтүп туруптур. Колтукташкан бойдон, үйлөрүбүзгө жөнөдүк.

Андан кийин Зарина менен кыйла жолу “тебиштик”. Отуруштарда, парктарда, жол четинде, тоо жакта... Ышыгылса, экөөбүз көп жыргалга баттык. Кийинки жылы ал окууга келбеди. Сураштырсам, университеттен айдалган экен.
Жакында Жалал-Абадка бардым. Пушкин көчөсүндөгү ошол төрт кабаттуу үйлөр дагы эле турат. Бирок тротуар менен үйлөрдун ортосундагы дарактар жок, кыйып салышыптыр...
***
Университеттин төртүнчү курсунда окуп жүргөн кезим. Күз ортолоп калган. Окуудан чыгып, айылга жөнөдүм. Түш ооп калгандыктан, бат-баттан аракет кылбасам, райондун борборунан ары кыштакка машина жок болуп калышы мүмкүн. Талаалап жөө кеткенге туура келет.
Жалал-Абаддын автобекетинен автобуска отуруп, бир саатка жакын убакыттан кийин өзүм жашаган райондун борборуна жеттим. Айтканымдай, андан ары такси да, автобус да жок. Жолоочу машина чыгып калар деген үмүттө жол четиндеги отургучта жарым сааттай турдум. Кеч кирип баратат. Жөө кете берсемби, деп турсам, нары жактан шашып аяш энем келатат.

-Ии балам, сен да автобуска жетишпей калдыңбы? – деп учурашып, ал-жайымды сурады.
-Ооба, жөө эле кетемин, бир саатта жетип алам. А сиз кайдан?
-Мен деле иштер менен чыккам, кашайып кечигип калбадымбы, сага шерик болуп кетип калайын анда.

Ошентип аяш энем экөөбүз кыштакка жөнөдүк. Алдыда пахта айдалган талаа, жана тыт көчөттөрү эгилген токой сымал 5-6 гектардай аянт бар. Ошону аралап өткөн жол менен кетебиз. Тыт көчөт дегенибиз менен, ал жердеги тыттар эбак эле чоңойгон, бирок элдин тилинде көчөт деген аталыш калыптанып калган.

Аяш энем дегеним – классташ досумдун апасы. Классташым менен өтө деле жакын санаалаш эмесмин. Бирок чогуу окуганыбыз үчүн майрамдарда жолугуп, анча-мынча сүйлөшүп турабыз.
Аяш энемдин бир аз жеңил ойлуу аял экени жөнүндө укканым бар. Күйөөсү жок. Айылдагы эркектер менен анча-мынча “ойношуп” коёрун башкалар айтып жүрөт. Ал деле тирүү жан, деп көп көңүл деле бурган эмесмин.
Дайыма өзүнө жакшы карайт. Элеттин аялдарындай сыпайы гана кийинип, башынан жоолугу түшпөгөнү менен атыр-упасын себинип, кашы-көзүн бир аз боёп жүрөт. Жашы кырктан ашкан.

Экөөбүз жолукканда деле сары-кызгылт көйнөк, кызыл жоолук салынып, колуна сумка көтөрүп алган экен. Ошентип, ал менден шаар жөнүндө, окуу жөнүндө сурап, мен айылдын турмушу тууралуу сурап, бир топ жолду басып өттүк. Аяш энемдин мынчалык шайырлыгын билбептирмин. Бир сүйлөп, он күлгөн мүнөзү бар экен. Ара-чолодо менин бойдок экенимди, убакытты колдон учурбай жакшылап доор сүрүп, кыздар менен ойноп-күлүп алышым керектигин, болбосо кийин өкүнүп каларымды бир канча жолу кайталады.

Тыт көчөттөргө жеткенибизди караңгы кире баштады. “Караңгыдан аябай корком”- деп аяш энем шап мени колтуктады. Андан ары жолубузду улай, сүйлөшүп баса бердик. Байкасам, сүйлөө манерасы өзгөрүп, назданып бараткандай. Буту бутума тийип, улам бармактары менен билегимди билинер-билинбес тырмалап да коёт.

“Ии кокуй, аяш энемдин кыялы бузулдуго” – деп ойлодум. Дароо ал жөнүндө эл аралап жүргөн сөздөрдү эстедим. Эмне кылсам, баса калып, “эметип” койсомбу... Анан классташымдын көзүнө кантип карайм? Кой, болбойт го, деп ар түркүн ойлор менен баратсам, “Ушул жерде күтө турчу, заара ушатып алайын” – деп аяш энем сумкасын колума карматып, өзү көчөттөрдүн арасына кирип кетти.

“Заара ушатып алайын” деп ачык эле айтканына таң калдым. Анткени, аялдар менен эркектердин ортосунда мындай ачык сүйлөшүү уят саналган коомдун баласы эмесминби. Бир жагынан аяш энем андай рамкаларга баш ийбеген аял экенине да баа бердим.
Айланага эбак караңгы түштү. Чын эле мындай учурда тыт көчөттүн арасы алда канча коркунучтуу сезилет экен. Беш-алты метрден нары эч нерсе көрүнбөйт. Аяш энем бат эле чыкты. Адатынча тамашага салып:

-Артыман сени келип албасын деп, шашып эле заара ушатып чыга келдим,- деп күлдү.
-Артыңыздан барсам, эмне кылмаксыз?- деп тамашалап койдум мен дагы.
-Ии, шүмшүк бала десе, аяш энеңдин жылаңач жамбашын көрөйүн дедиң беле?
-Көрсөм эмне экен? – дедим шердене.
Аяш энем хахалап, ошол эле учурда наздана күлүп жиберди.
-Кел, бир аз эс алып отуралы. Чарчап кеттим,- деп аяш энем четтеги чоң таштардын бирине көчүгүн койду. Мен дагы жанына барып отурдум...
Каап, тамашабыз бат эле токтоп калбадыбы. Кепти кайра ошол нукка кантип бурсам экен, деп турсам аяш энем өзү сөз баштады.
-Ай, сен мен сыяктуу чоң аялдардын эмес, жаш кыздардын жамбашына кызыксаңчы.
-Кызыгып эле жүрөм жаш кыздарга.
-Ии, бетим. Билинип турат. Аяш энеңе кызыгып атсаң, анда курбу кыздарыңды ой-боюна койбой эч ким жок жерде басып эле калсаң керек.
-Өздөрү ошону каалап атса, баса калам да.
-Ии, карасаң муну. Бир топ эле окшойсун.
-Тажрыйбам кандай билбейм, бирок али эч кимди нааразы кыла элекмин,- деп күлүп койдум.
-Нааразы кыла элекмин дечи,- деп аяш энем колу менен желкеме түртүп койду.
-Ооба, далилдеп беришим да мүмкүн, каршы болбосоңуз - деп ачык эле сүйлөй баштадым.
-Ушинтериңди билип тургам. Анан айтып жүрөсүң башкаларга, “аяш энемди тыт көчөттүн арасында эметкем” деп...
-Кимге айтмак элем, уят эмеспи айтсам,- деп акырын белинен кучактасам, унчукпады. Тескерисинче, мен жака ыктагандай болду.

Дагы да бекем кучактап, эмчегин ушалай баштадым. Аяш энем ырахаттана көзүн жумуп, “бирөөгө айта көрбө” деп кайталап отурат. Мен “ишке” астейдил кириштим. Көйнөгүнүн астынан колумду киргизип, денесин сыйпалап, эмчегин кармалап жаттым.
-Бас, көчөттөрдүн ичине кирели. Жолдун боюнда отурсак, бирөө-жарым келип калбасын,- деп аяш энем колуман жетелеп нары көздөй басты.

Мен аял кишини артынан кучактап эркелеткенди жакшы көрөм. Адатымча, аяш энемди да артынан кучактадым. Ал болсо колун артка сунуп, бети-башымды, чачтарымды сыйпалап жатты. Көйнөгүн көтөрүп, чечип салдым. Көйнөк менен кошо жоолугу да жерге түштү. Бюстгальтерин өзү акырын алып койду. Мен да бүт кийимимди чечип салдым. Анан аяш энемдин колготкиси менен турсийин ылдый түшүрдүм.
Бала чоңойткон, кырктан ашкан аялдын денеси баарыбир башкача болот экен. Мамагы чоң болгону менен өтө жумшак. Жан жеринде бир түк жок.
Мен анын артынан кучактаган бойдон көпкө эркелештик. Аяш энем мага кайрылып, оозуман өпкөнгө аракет кылды. Бирок менде ага каалоо болбоду. Эринимден өбөм дегенде эле башымды өйдө көтөрөм, мойнуман өбөт...

Бир топ эркелешүүдөн соң аяш энем алдыда турган билектей тыт көчөтүн кармап, мага артын салып, тоңкойду. Анын бул аракети “даярмын, айгырыңды сала гой” дегенди түшүндүрөт. Тарсылдап турган жамбашын сылап, ийилчээк белинен кармадым. Аяш энем мен жака ого бетер ыктагансыды. Бээге умтулган аңгидей кишинеп тик турган жыныс мүчөм кыйналбай эле кирчү жерин таап алды. Алгач акырындап, анан тез-тез аракеттене баштадым. Менин кыймылымдын темпи менен аяш энемдин онтогон үнү бирдей болуп жатты.

Аяш энем эл айтып жүргөндөй, көптү көрүптүр. Үч бала төрөгөнүнөбү, же жашы келип калдыбы, же эркектер менен көп жатканынабы, тиягы кыйла кеңейип кетиптир. Анын ичинде меники шалактап эле ойноп жүргөнсүйт. Аяш энем болсо, кылыктанып, назданып тим эле болбойт. Белин ийген бойдон тике туруп, алигимди өзүнүн кынынан чыгарбаган абалда мойнун мага буруп, мойнуман кучактап, кулагымдын тегерегин өөп-жыттай баштады. Аяш энемдин жагымдуу денеси, оттой күйүп турган жан жери, назданган кылык-жоругу мени жыргалга батырды. Караңгыда талаа койнунда, тыт көчөттөрдүн арасында дене-боюм титиреп, айкырган бойдон бошондум...
Акырын тияк-биягыбызды арчып, тазалап кийиндик.
-Ай бала, сен таза тентек экенсин. Бүтүрүп атканыңда кыйкырдыңго тим эле! – деп күлдү.
-Аяш энем жыргалга батырып атса, кыйкырбай анан.
-Муну карасаң, момун көрүнгөнүң менен жеткен шүмшүк турбайсынбы. Жооштон жоон чыгат дегени чын өзү...

Күлүшкөн бойдон жол четиндеги арыктан жуундук. Октябрь болгону үчүн муздак сууга кыйла эле чыйрыктык. Андан ары жолду улап, эч нерсе болбогондой кыштакка кирип бардык.
Жарым жылдай убакыт өтүп, жаз ортологондо аяш энемдин уулу – менин классташым үйлөндү. Тойго барганда аяш энемди көрүп, бетим кызарып, күнөөлүү адамдай көзүнө тик карай албадым. Ал болсо баарын унуткандай, баягыдай жайдары болуп конок тосуп жүрөт.
Андан кийин аяш энемдин этегине асылган жокмун. Экөөбүздүн ортобуздагы окуя ошол тыт көчөттөрдүн арасында калды.
Азыр ал балпайган байбиче болуп калса керек. Жашы элүүдөн эбак ашкан. Неберелерин жыттап, бала-чакасын өмүрүн тилеп отургандыр...
***
...Бул каналга жеке баяндардан тышкары, башкалардын да окуяларын берип туралы деп чечтик. Дос-тааныштар, окурмандар кызыктуу баяндарын жөнөтө башташты. Кечирээк бишкектик жигит менен сатуучу эженин жоругун жарыялайбыз 😊
Досумдун баяны.

Азыр эстесем, студенттик күндөрүм башкалардыкындай болуп отуруш, дискотека, көңүл ачкан учурлар менен эсте калбаптыр. Анткени, биринчи курстан тарта иштеп баштагам. Окуу, жумуш, үй. Күн сайын кайталанган маршрутум ушундай. Ошол кезде башкалар үчүн "ботан" сезилсем керек деп ойлойм, бирок кан кайнап турган учурум эмеспи, ой-кыялдарым таптакыр ботандардыкындай эмес эле...

Үйүбүздүн маңдайында тизилген павильондор бар болчу, мен Женя эженин такай кардарымын. Шар сүйлөп, кыткылыктап күлгөн, карапайым мүнөз аял. Жашы кыркка жакындап калса да, мода менен кийинип, театрдагы балериналардан кем калбай боёнот.

Мен түнкү саат 12ге чейин иштейм, жумуштан машина алып кетип, дал ошол павильондордун жанындагы аялдамада калтырат. Кайсы бир күнү иштен келип, үйгө аркы-берки алганы дүкөнгө кирип калдым. Женя эженикинде чакан майрам болуп жатыптыр, ыңгайсыздана түштүм. Үстү оюлган тортту тегеректеп, Женя эже өзү, мен мурдатан тааныган курбусу жана бир эркек отуруптур. Учурашып эле , алчу нерселеримди айта баштасам, эже жакындап келип мени кучактады да, "сен мени куттуктабайсыңбы? У меня сегодня день рождения!", деп тамаша-чын аралаш бултуңдап алды. Беркилер карап отурушпай, мени ортого чакырып, колума вино карматышты. Тост айтылып, майрамдык маанай уланып кетти.

Улам "кетейин" десем, эже кетирбейт. Бир-эки сааттан кийин берки коноктор сыртка чыгып кетишти, биз жалгыз калдык. Эже кыйла эле кызып калган, биринчи сүйүүсү тууралуу божурап отурат. Бир маалда чоочугансып ордунан тура калды да, мени кучактап, өпкүлөп кирди. Андан мындайды күтпөгөн жаным, нес болуп туруп калдым. Эринимден соруп, онтолоп атты... Колу соймоңдоп, алигимди ушалайт. Оюмду жыйнап, "эшикти кулпулап салалычы?!" дегенге жарадым. Женя эде шуулдап, айтканымды аткарды да, мени витринанын аркы жагындагы керебетке жетеледи.

Экөөбүз тең чечиндик. Инициативаны колго алып, аны жаткырайын десем, отура калды да, алигимди өпкүлөп, соруп баштаса болобу! Өмүрүмдө биринчи жолу мындай жыргалга баттым! (Ал күнгө чейин порнофильмдерде гана андай жыргал болот деп ойлочумун). Бирде тез тезден соруп, чопулдатса, бирде жайлап калат... Көп өтпөй денем калтырап барып, вулкан атылды. Эже ордунан кыткылыктап күлүп турду да, тамеки күйгүздү. Мени телмире карап отурат. Мен керебетте дырдай жылаңачмын.

Бир топтон соң "жактыбы?" деп сурады. "Ооба" дегенсип, баш ийкедим. Тамекисин өчүрүп, жаныма келип жатты да, төшүмдү өпкүлөй баштады. Жөн да өппөйт, шимирип, жыттап жыттап... Тили төшүмдөгү түктөрдү аралап, кытыгым келип, кайра дүүлүгө баштадым. Ишибиздин экинчи сериясы да кызыктуу уланды. Эже мага отуруп алып, шашпай чапкылады. Эки колун башынын артына алып, торсойгон төшүн алдыга чыгарып алып, секирди .. Бир маалда чарчады окшойт, үстүмөн түшүп, алдыма жатып берди... Тарсылдатып барып, вулкан аттырдым..

Анан кучакташкан бойдон уктап калдык...
Ойгонсом, үстүмдө калың жууркан, жалгыз жатам. Кийинип алып, сыртка чыктым. Таң эбак атып, шаар жанданып калыптыр, Женя эже дүкөндүн алдын шыпырып жүрөт. "Сабакка барасыңбы? Курсагың ачса керек, токтой тур, азыр чай ичебиз" деди да, мени ичкери кийирип кетти. Кыязы коңшулары көрбөсүн деди көрүнөт...

Ошол кезден тарта бир топко чейин түнкүсүн жолугуп турдук. Кээде өзү чакырат, кээде мен каалайм. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөткөн төшөк сабагындагы мугалимим болду десем жаңылбайм. Экөөбүз дагы канча практика жасамакпыз билбейм, мамилебизге бир күтүүсүз окуя чекит койгон. Ал тууралуу балким, кийин айтып берээрмин...
Channel name was changed to «ЭроБаян»
"Жаштык - мастык" деп, ката кетирген учурубузда өзүбүздү жубатып, актаганга аракет кылабыз. Дегеним, мен дагы өзүмдөн бир топ жаш улуу аял менен төшөктөш болуп жүргөнүмдү жаштыгыма шылтап койчумун. Өтөөр-кетээр дээр элем... Бирок, барган сайын аны каалап, жанында көбүрөөк болууну самачу болдум. Сүйө турган эч нерсеси деле жок, кадимкидей эле аял, болгону тамагы белен, төшөктө укмуш... Күндөрдүн бир күнүндө Женянын (төшөктөшүм) дүкөнчөсүндө кайрадан чакан майрам орун алды. Мен түнкү сменден келатып тийгем. Турсунбегимди жыргатып, бир - эки вулкан аттырып алып, үйүмө кайтсамбы дегем оюмда. Бул жолу жанында Россияда соода кылган курбусу бар экен. Үчөөбүз катар-катар тост айтып, 25 сомдук "Кильканы" закүскө кылып отурдук. Бир маалда кимдир бирөө павильондун эшигин такылдатты. "Ким бул? Ким?.." деп эле калды Женя. Көрсө, төшөктөшүмдүн мурунку жолдошу келиптир. Бизден тартындыбы же мени көрбөсүн дедиби, Женя сырттан сүйлөшмөкчү болуп чыгып кетти. Россиялык эже менен калдым. Баса, аты Нургүл экен. Ар нерсенин башын айтып, ой келди күлүп отурат. Көздөрүнө тигиле карасам, "баарына даяр" болгон деңгээлге жетип калыптыр. Акырын белинен тартып, моюнунан жыттадым. Жагымдуу атырынын жыты Турсунбегиме сигнал берди, ал дароо ойгоно калды. "Ай жигит, сразу эле баштадың го?! Жеңишгүл келсе, кантебиз?" деп кыткылыктап калды эжекем. Эшикти ичинен кулпулап, эриндерин тиштегилеп өөп, керебетке жаткырдым. Колумду юбкасынын алдына салсам, ич кийими нымдалышып калыптыр. Чечинте баштасам эле онтоп кирди. Апчусу тарапты ушалап, алаканыма бата бергидей мамактарын өпкүлөдүм. Ушул жерден Женя экөөнүн айырмасын байкадым, ал төшөктө активдүүрөөк. Азыр Женя менен болгонумда, Турсунбегимди кармалап, өпкүлөп, ары чыгып, бери чыгып дегендей, кечени өзү тейлемек... Нургүлдүн кинодогудай онтогону болбосо, жатып эле берди, күрөшү жок жеңилип берди десем болот. Эки бутун ийиндериме асып, моюн тарабын өпкүлөп, иштеп баштадым. Же ага көнбөгөндүктөнбү, же Женя келип калбасын деп кабатыр болгонумданбы, айтор, Турсунбегимдин вулканы жакында атылчудай эмес... "Тентегимди өөп койчу" десем, көнбөй койду, ары караттым да, итче тургузуп алып, иштедим. Чекеме тер чыгып, ысып чыктым. Россиялык эженин бүтөөр, бүтпөсүн күтпөй эле вулканым аттырып салдым да , сулк жыгылдым. Эже болсо, ууру кылгансып, күйпөлөктөп кийине баштады.
- Ай жигит, болду эми, тур! Тигилер келип калса, уят эле болобуз!.. Бол! Жеңишгүлдүн күйөөсү менин күйөөмдү да тааныйт! Тур дейм!, -деп шашкалактайт. "Күйөөмдү тааныйт" деген сөз, уйкумду качырып, алдастап эле калдым....
Кийиндим да, чакан столду ортого коё салдым. Эже сумкасын аңтарып отурат.
- Эже жолдошуңуз барбы? - деп сурадым чыдабай.
- Ии, ооба. Ал Москвада... Биз ошол жакта соода кылабыз... Мен товарга келгем,-деп үзүк-үзүк жооп берди.
- Мм.. Айтып койбойт белеңиз?..
- Сүйлөтө деле койбодуң .. Болоор иш болду, эми унутуп салалы.... Жеңишгүл да укпасын! Баса, ал көзү ачыктарга жакын, абайласаңчы иним... Сени билбейм, бирок , сенден мурунку Рустам деген баланы точно окутуп алган!
- Коюңузчу эй?
- Чындап айтам, экөө эрди-катындай эле жашап алышкан. Акыры Нарындан апасы келип, уруш чыгарып атып, баласын алып кеткен...
... Дагы көп нерселерди сүйлөп отурду. А мен андан ирээнжип турдум. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, курбусун сатып, эч нерсе болбогондой отурат... Аялдар ортосунда чыныгы достук болбойт деген чын белем?!.. Ошол түндөн тарта эки достун сырларын да, чырларын да өздөрүнө коюп, Турсунбегим экөөбүз алар тарапка таптакыр барбай койдук...
2003-2005-жылдары эл аралык уюмдар уюштурган семинар-тренингдерге көп катыштым. Семинардын шылтоосунда Ысык-Көлгө, Бишкектин четиндеги эс алуучу жайларга ай сайын барчу элек. Кырызстандын ар жеринде иштеген коллегалар чогулуп, күндүз семинарда, кечинде барда же табият койнунда эс алып, жыргачубуз.

Бир жолу Ысык-Көлдө уюштурулган тренингден чыгып, кечинде чогулуп жээкке барып вино ичип отурдук. Каалагандар сууга түштү. Таластан келген бир коллегам менин жанымда отурат, аты Наргиза. Жашы менден бир-эки жаш улуу.
Башында жанаша отурду, анан колтуктап алды. Бир-эки бокал вино ичкенден соң, билегимди акырын сыйпалап койду. Кыялым бузулуп, алигим ойгоно баштады. Билмексен болуп, эмчегине кол тийгиздим. Ал жакшылап карма дегенсип, көкүрөгүн мага ыңгайлуу кылып тосуп берди. Башкалар байкап калбасын деп, колумду тартып алдым. Ал болсо, улам жабышат.

Бака-шака түшүп, күлүп отурабыз. Кимдин колу каерде экенине эч ким көңүл деле бурбай калды. Мен улам-улам анын эмчегин кармалап коём. Бир маал Наргиза нары көздөй кетип, биз менен отурган кыз-келиндердин бир-экөөсүн чакырып, сүйлөшүштү. Кайра келип, үчөө мени сүйрөгөн бойдон көлгө алып барып, сууга алып кирип кетишти. Сүзгөндү жакшы билбейм, бирок чоочуганымды билгизген жокмун. Мени аябай сууга бышышты. Ара-чолодо Наргиза эки-үч жолу суунун ичинде алигимди кармалап жиберди. Кыздардын бул кылыгы мага жага баштады. Бираздан кийин жээкке чыктык. Ошо менен тамаша уланып, башкалар да бири бирин сууга бышканга өтүштү. Мен шортам менен футболкам суу болуп отуруп калдым.

Наргиза мага келип:
-Бас, кийимиңди кургатып берейин, менде үтүк бар, - деди.

Экөөбүз отелге кайтып, анын бөлмөсүнө кирдик. Жеткиче мен ар нерсени ойлоп, бүгүн түнү менен аны айкырта имерип чыгам деп пландадым.

Бөлмөгө кирип эле чечиндим:
-Шейшебиңе оронуп турайынчы, турсийимди да кургатып бер,- деп анын көзүнчө эле жылаңач болуп, шейшепке оронуп алдым.

Ал менин кийимдеримди үтүктөй баштаганда, акырын барып үтүктү сууруп, футболка, шорта-турсийимди алып, балконго чыгып илип койдум. Кайра бөлмөгө кирип эле Наргизаны кучактап, мойнунан өпкүлөй баштадым. Ушуну эле күтүп тургансып, ал деле мага чырмалыша түштү. Ошол бойдон диванга кулап, үстүндөгү кийимдерди чечип ар жака ыргыттым. Көпкө өбүшүп, эркелешип эрмектештик.

Наргиза арык-чырай, аппак болчу. Жан жеринде бир түк жок. Денеси жылмакай, өтө жагымдуу.

Бир маал ал “токтой тур” дегенсип, ордунан турду. Колумдан тартып, дивандын бурчуна мени отургузду. Бутумду талтайтып, эки колум менен артка таянып отурам. Акырын менин үстүмө минип, алигимди жан жерине тыкты. Көзүн жумуп, бир аз токтоп турду, анан акырын кыймылдай баштады. Кумарлана үн чыгарып, үстүмө отурган бойдон “иштеп жатат”. Анан позаны өзгөртүп, ошол отурган бойдон мага артын салып секиргенге өттү. Белин ийип алган. Артынан кучактап, колумду түкүрүк менен суулап, эмчегин укалай баштадым. Бул ага огобетер жагып, аңкыштаганга өттү.
Белинен кучактаган бойдон ордуман туруп, аны диванга тоңкойгон абалда жаткырдым. Артынан иштегенге өттүм. Бир колум менен жамбашын, бир колум менен белинен кармап алгам. Жамбашын катуу мыжыгый бергеним үчүн кызарып кетти. Бирок мунун баары Наргизага жагып жатканын сездим. Башында акырын үн чыгарып, анан баарын унутуп болушунча кайф кыла баштады. Жээкте ичкен винонун деле таасири болду окшойт.

Канча убакыт “эметиштик” билбейм. Ар кандай позаны сынап көрдүк. Наргизанын үнү улам катуулап баратты. Бир маал коңшу бөлмөдөгүлөр дубалды дүкүлдөтүштү. Ошондо гана өзүбүзгө келе түшүп, токтодук. Кучакташкан бойдон душка жөнөдүк. Дубалдагы чоң күзгүнүн алдында ал роковинаны кармап белин ийди, мен колум менен анын жан жерин укалап, акырын “алигимди” сайдым. Көп өтпөй эле айкырган бойдон “ишимди бүтүрдүм”. Наргизаны кучактап, жаным жай алып, кыймылымды токтотуп туруп калдым. Наргиза болсо чүчкүрө баштады. Токтобой, бир канча жолу чүчкүрүп: “Кечир, мен оргазм алганда чүчкүрөм”,- деп күлүп жиберди. Экөөбүздүн көздөрүбүз күзгүдө чагылыша түштү. Наргиза уялгансыды. Мен аны ыңгайсыз кылбайын деп, кайра эркелете өбө баштадым.

Ошол түнү Наргизанын бөлмөсүндө жатып калдым.
Эч ким ойгоно электе туруп, кийинип өзүмдүн бөлмөмө келип жуунуп, тамактанганы чыктык.

Кечинде биздин кайфты бузуп, дубалды дүкүлдөткөн адам ким экенин да билбейм. Негизгиси, өзгөчө түн болду. Ошол күнү кечинде үйгө кайттык.

Арадан он жылдан көп убакыт өттү. Айтсам, ишенбейсиңер, бирок ошол түндө кийген футболкам азыр деле бар. Бир жери жыртылган жок. Турат шкафты ээлеп. Футболкам суу болбогондо, Наргизанын бөлмөсүнө барат белем же жокпу, билбейм. Ошону кургатайын деген шылтоо менен жыргалга батпадыкпы.

Андан кийин Наргизаны Бишкекте бир канча жолу семинарларда көрдүм, бирок көлдөгүдөй мүмкүнчүлүк болбоду. Ыңгайын тапсам, аны дагы көбүрөөк чүчкүртүп жыргалга батырмакмын...
2003-жыл. Студентмин. Бир мекемеге практикага чыккам. Ал жерде иштеген 22-25 жаштардагы кыз мага жумуштан тартибин үйрөтө баштады. Ак жуумал, көзү күлүп турат. Мүнөзү жайдары. Кыска чачынан аппак моюну көрүнүп турат. Маңдайындагы көкүлү да тегис кесилип, өзүнө жарашкан. Аты - Айнура.

Экөөбүз бат эле тил табышып алдык. Чогуу түштөнөбүз. Чай же суу ичкенде аны жутканы алкымынан билинип турат. Суктанып отуруп, тамакты каяка жегенимди да билбей калам.

Мен практикада жүрүп жакшы үлгү көрсөттүмбү же Айнура мага жумушту жакшы үйрөттүбү, билбейм. Мекеменин директору мени бөлмөсүнө чакырып, жумуш сунуштады. Практикадан ары ошол жерде иштеп калдым.

Күнүгө эртең менен жыйын болот. Жыйында өзүм билбей эле Айнурага тиктей берем. Көйнөгүнүн этегинен көрүнүп турган сандары, жакасынын ылдыйындагы ачык жерден эки көкүрөгүн кошулган жери көзүмө уруна берип, сугумду арттырат.

Ушундан уламбы, түшүмө көп кирчү болду. Бир жолу аны менен офисте эле өбүшүп-жытташып, столдун үстүнө жаткырып алкымынан өөп жатканымды түш көрдүм. Ойгонуп алып, түшүм аягына чыкпай калганына аябай өкүндүм. Ошондон кийин башталды... Түшүмдү кантип ишке ашыруунун айласын издейм.

Мурдагыдан да жакындашып, сырдаша баштадык. Көрсө, Айнураны эки жыл мурун тааныбаган эле бирөө ала качып үйлөнүптүр.

“Жарым жылдай жашап, көңүлүм болбой ажырашып кеттим. Төшөктө чогуу жаткан мага азап болчу. Күйөөм мени кучактап, үстүмө чыкканда көзүмдү жумуп алып жата берчүмүн. Ал өзү эптеп “ишин бүтүрүп”, анан нары карап уктап калчу”,- деп каткыра күлүп баштан өткөндөрүн айтып берди.

Жаштык кылдымбы, же акылы токтой элек жигит болгонум үчүнбү, дароо эле мээме “эрден чыккан болсо, демек муну төшөккө тартуу оңой болот экен”,- деген ой келди.

Айнурага болгон каалоом күчөп турган күндөрдүн биринде директор экөөбүздү бөлмөсүнө чакырып, эмки жумада Ошко үч күндүк тренингге барышыбыз керектигин айтты. Сүйүндүм. “Оштогу мейманканада Айнуранын кучагына кирем”,- деп кудуңдап алдым.
Күттүргөн күн да келип, Айнура экөөбүз таксиге отуруп Ошко жөнөдүк. Машинанын арткы орундугунда баратабыз. Айнура айнек жакта, ортодо мен, берки жанымда жашы элүүлөргө таяп калган эже.

Жарым жолдо Айнура уктап калды. Башын артка жөлөп баратат. Мен ага ыңгайлуу болсун деп желкемди жакыныраак кылып отурдум. Көп өтпөй эле ал уктаган бойдон желкеме жөлөндү... Мен жака бир аз бурулуп, эки колу менен билегимди кармап алды.

Экөөбүз тең жеңи кыска футболкачанбыз. Менимче май же август болчу. Анын билеги билегиме тийип турган жер кызып кетти. Дем алганда мурдунан чыккан жел да кулагымдын айланасына, мойнума тийип, мени ого бетер дүүлүктүрүп салды. Болбой баратам. Буттарымды бири бирине кысып алгам. Алигим зыңкыйып калган. Эки жака ачсам эле тигиним шымымды көтөрүп кетчүдөй...

Ошко жеткенде эчак караңгы кирген болчу. Мейманканага жайгашып, анан чыгып тамактандык.
-Кечинде телевизордон кино көрбөйлүбү, менин бөлмөмө кел,- дедим.
Ал макул болду. Мен кинонун шылтоосунда анын даамын таткым келип отурат.

Ал кезде интернет азыркыдай эмес. Чет элдин каналдарын мейманканаларга барганда гана көрчүбүз.

ТВ3 деген мистикалык каналдан коркунучтуу кино башталды. Экөөбүз эки креслодо отурабыз.

Айнура тасмадагы эпизоддорду көргөндө бетин жаап: “Коркунучтуу экен”,- дей берди.
“Корксоң менин жаныма эле келип отур”,- деп кууланып карадым-да, “бери кел” дегенсип, креслонун бир тарабына жылып, ага орун бошоттум.
Айнура секирип туруп эле жаныма келип отурду. Кинодо коркунучту эпизоддор көбөйүп баратат. Айнура болсо улам мага ыктайт.

Ушул учурдан пайдаланып аны кучактап алдым. Каршылык көрсөткөн жок. Тескериинче, өзү мага жабышып отурду. Бир аз мурда эле душка түшүп чыкканы үчүн шампундун жагымдуу жыты буркурап турат.

Мен кинону карап отурган киши болуп аны моюнунан сылап, акырын көкүрөгүнө кармадым. Унчукккан жок. Мамагына колумду тийгиздим. Унчукпады. Чачынан жыттап, алкымынан өптүм. Айнура ушуну эле күтүп тургансып, дароо мойнуман колун өткөрдү. Узак өбүштүк. Өбүшкөн бойдон ордубуздан туруп, керебетке жөнөдүк.

Ушунчалык дүүлүгуп калганбызбы, айтоор керебетке жеткиче бири бирибиздин кийимдерибиздин чечип ыргыттык. Денеси аппак. Айрыкча, шабдалы формадагы мамагы мени өзгөчө өзүнө тартып, анысын тилим менен да, эриндерим менен да болушунча эркелеттим. Үрпүнө тилим тийгенде Айнура өзгөчө ырахаттанып үн чыгарат.

Алигимди алаасына салганымда чалкадан жаткан Айнура аххх деп белин өйдө көтөрүп, эки колу менен керебеттин баш тарабындагы тирөөчтү кармап алды. Эрдинин ылдый жагын тиштеп, улам онтолоп жатты.

Мен болсо улам-улам телевизорго да тиктеп, төшөктөгү ишимди уланта бердим. Анткени, кино да кызыктуу болчу. Анүстүнө мистика тасмаларды жакшы көрөт эмесминби...
***
Ошондон кийин Айнура экөөбүз ар жерде жыргалга батып жүрдүк. Коллегалардын баары жумуштан кеткенде кеңседе да анча-мынча... Бирок Айнура жарым жылдан кийин Россияга иштегени кетип калды. Байланыш үзүлгөн...
***
Жакшы бир дос кызым бар. Ойлору тунук, айтканынан кайтпаган, кемчиликти бетке айткан, ошол эле учурда тез таарынган мыкты кыз.

Экөөбүз бардык темаларда ачык сүйлөшөбүз. Мен ага ишенем. Ал мага ишенеби, жокпу анык билбейм. Бирок сырларын айтып турат. Кээде секс жөнүндө баарлашабыз.

Питерге кеткенине 10 жылдай болуп калды. Чоң бир компанияда иштейт. Квартирада жалгыз жашайт. Ага ушул жашоо жагат. Өзүн өзү башкарат, бирөөлөрдүн кийлигишүүсүн каалабайт. Өзүнө өзү каныша.

Жакында дилдо менен жыргалга батам деп, кыйналып калганы жөнүндө айтып берди эле, күлө берип, ичегим буралып калды. Азыркыга чейин эстеген сайын күлөм. Ал тууралуу жазып, бул жакка жарыялашыма макулдугун берген. Азыр жазып отуруп да, күлкүмдү тыя албайтам.

Адаттагыдай экөөбүз Ватсап аркылуу видеодо сүйлөшүп отурганбыз. Мен скверде отургучта, ал кухнясында. “Күтө тур, алма алып келип алайын”, муздаткычын көздөй басты. Карасам, бир аз кыйналып басып бараткандай. Себебин сурасам, көзүмө жарым минутадай тигилип туруп, күлүп жиберди.

-Себебин айтсам, жыгыласын,-деди.
-Айт,- деп ой-боюна койбой сурай бердим.
-Кыскасы мындай, - деп кеп баштады,- Эки күн мурун үйдө түн жарымга чейин иштедим. Аябай чарчадым. Жакшылап эс алайын деп, жаттым. Такыр уктай албай койдум. Пайдасы тийип калар деп үч ай мурун уйку дары алып койгон элем. Ичип алдым. Мурда такыр уйку дары ичип көргөн эмесмин.

Көзүм жумулуп баратат. Ошол учурда кайдан-жайдан билбейм, секске ушундай бир каалоо жаралды, чыдабай кеттим. Мени билесин, каалоомду кандыруу үчүн эркекке зар эмесмин. Шкафтан оюнчук аспап – дилдо алып, ага жаңы батарейка салдым. Ушундай бир жыргалга батууну самадым, элестете албайсын. Төшөккө жаттым да, бутумду керип туруп, дилдону жан жериме акырын тыктым. Албетте, оюнчугум өтө чоң эмес, бирок кичине дагы эмес...