ЭроБаян
387 subscribers
Кыргызча эротика. Баары баштан өткөн
Download Telegram
Досумдун баяны.

Азыр эстесем, студенттик күндөрүм башкалардыкындай болуп отуруш, дискотека, көңүл ачкан учурлар менен эсте калбаптыр. Анткени, биринчи курстан тарта иштеп баштагам. Окуу, жумуш, үй. Күн сайын кайталанган маршрутум ушундай. Ошол кезде башкалар үчүн "ботан" сезилсем керек деп ойлойм, бирок кан кайнап турган учурум эмеспи, ой-кыялдарым таптакыр ботандардыкындай эмес эле...

Үйүбүздүн маңдайында тизилген павильондор бар болчу, мен Женя эженин такай кардарымын. Шар сүйлөп, кыткылыктап күлгөн, карапайым мүнөз аял. Жашы кыркка жакындап калса да, мода менен кийинип, театрдагы балериналардан кем калбай боёнот.

Мен түнкү саат 12ге чейин иштейм, жумуштан машина алып кетип, дал ошол павильондордун жанындагы аялдамада калтырат. Кайсы бир күнү иштен келип, үйгө аркы-берки алганы дүкөнгө кирип калдым. Женя эженикинде чакан майрам болуп жатыптыр, ыңгайсыздана түштүм. Үстү оюлган тортту тегеректеп, Женя эже өзү, мен мурдатан тааныган курбусу жана бир эркек отуруптур. Учурашып эле , алчу нерселеримди айта баштасам, эже жакындап келип мени кучактады да, "сен мени куттуктабайсыңбы? У меня сегодня день рождения!", деп тамаша-чын аралаш бултуңдап алды. Беркилер карап отурушпай, мени ортого чакырып, колума вино карматышты. Тост айтылып, майрамдык маанай уланып кетти.

Улам "кетейин" десем, эже кетирбейт. Бир-эки сааттан кийин берки коноктор сыртка чыгып кетишти, биз жалгыз калдык. Эже кыйла эле кызып калган, биринчи сүйүүсү тууралуу божурап отурат. Бир маалда чоочугансып ордунан тура калды да, мени кучактап, өпкүлөп кирди. Андан мындайды күтпөгөн жаным, нес болуп туруп калдым. Эринимден соруп, онтолоп атты... Колу соймоңдоп, алигимди ушалайт. Оюмду жыйнап, "эшикти кулпулап салалычы?!" дегенге жарадым. Женя эде шуулдап, айтканымды аткарды да, мени витринанын аркы жагындагы керебетке жетеледи.

Экөөбүз тең чечиндик. Инициативаны колго алып, аны жаткырайын десем, отура калды да, алигимди өпкүлөп, соруп баштаса болобу! Өмүрүмдө биринчи жолу мындай жыргалга баттым! (Ал күнгө чейин порнофильмдерде гана андай жыргал болот деп ойлочумун). Бирде тез тезден соруп, чопулдатса, бирде жайлап калат... Көп өтпөй денем калтырап барып, вулкан атылды. Эже ордунан кыткылыктап күлүп турду да, тамеки күйгүздү. Мени телмире карап отурат. Мен керебетте дырдай жылаңачмын.

Бир топтон соң "жактыбы?" деп сурады. "Ооба" дегенсип, баш ийкедим. Тамекисин өчүрүп, жаныма келип жатты да, төшүмдү өпкүлөй баштады. Жөн да өппөйт, шимирип, жыттап жыттап... Тили төшүмдөгү түктөрдү аралап, кытыгым келип, кайра дүүлүгө баштадым. Ишибиздин экинчи сериясы да кызыктуу уланды. Эже мага отуруп алып, шашпай чапкылады. Эки колун башынын артына алып, торсойгон төшүн алдыга чыгарып алып, секирди .. Бир маалда чарчады окшойт, үстүмөн түшүп, алдыма жатып берди... Тарсылдатып барып, вулкан аттырдым..

Анан кучакташкан бойдон уктап калдык...
Ойгонсом, үстүмдө калың жууркан, жалгыз жатам. Кийинип алып, сыртка чыктым. Таң эбак атып, шаар жанданып калыптыр, Женя эже дүкөндүн алдын шыпырып жүрөт. "Сабакка барасыңбы? Курсагың ачса керек, токтой тур, азыр чай ичебиз" деди да, мени ичкери кийирип кетти. Кыязы коңшулары көрбөсүн деди көрүнөт...

Ошол кезден тарта бир топко чейин түнкүсүн жолугуп турдук. Кээде өзү чакырат, кээде мен каалайм. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөткөн төшөк сабагындагы мугалимим болду десем жаңылбайм. Экөөбүз дагы канча практика жасамакпыз билбейм, мамилебизге бир күтүүсүз окуя чекит койгон. Ал тууралуу балким, кийин айтып берээрмин...
Channel name was changed to «ЭроБаян»
"Жаштык - мастык" деп, ката кетирген учурубузда өзүбүздү жубатып, актаганга аракет кылабыз. Дегеним, мен дагы өзүмдөн бир топ жаш улуу аял менен төшөктөш болуп жүргөнүмдү жаштыгыма шылтап койчумун. Өтөөр-кетээр дээр элем... Бирок, барган сайын аны каалап, жанында көбүрөөк болууну самачу болдум. Сүйө турган эч нерсеси деле жок, кадимкидей эле аял, болгону тамагы белен, төшөктө укмуш... Күндөрдүн бир күнүндө Женянын (төшөктөшүм) дүкөнчөсүндө кайрадан чакан майрам орун алды. Мен түнкү сменден келатып тийгем. Турсунбегимди жыргатып, бир - эки вулкан аттырып алып, үйүмө кайтсамбы дегем оюмда. Бул жолу жанында Россияда соода кылган курбусу бар экен. Үчөөбүз катар-катар тост айтып, 25 сомдук "Кильканы" закүскө кылып отурдук. Бир маалда кимдир бирөө павильондун эшигин такылдатты. "Ким бул? Ким?.." деп эле калды Женя. Көрсө, төшөктөшүмдүн мурунку жолдошу келиптир. Бизден тартындыбы же мени көрбөсүн дедиби, Женя сырттан сүйлөшмөкчү болуп чыгып кетти. Россиялык эже менен калдым. Баса, аты Нургүл экен. Ар нерсенин башын айтып, ой келди күлүп отурат. Көздөрүнө тигиле карасам, "баарына даяр" болгон деңгээлге жетип калыптыр. Акырын белинен тартып, моюнунан жыттадым. Жагымдуу атырынын жыты Турсунбегиме сигнал берди, ал дароо ойгоно калды. "Ай жигит, сразу эле баштадың го?! Жеңишгүл келсе, кантебиз?" деп кыткылыктап калды эжекем. Эшикти ичинен кулпулап, эриндерин тиштегилеп өөп, керебетке жаткырдым. Колумду юбкасынын алдына салсам, ич кийими нымдалышып калыптыр. Чечинте баштасам эле онтоп кирди. Апчусу тарапты ушалап, алаканыма бата бергидей мамактарын өпкүлөдүм. Ушул жерден Женя экөөнүн айырмасын байкадым, ал төшөктө активдүүрөөк. Азыр Женя менен болгонумда, Турсунбегимди кармалап, өпкүлөп, ары чыгып, бери чыгып дегендей, кечени өзү тейлемек... Нургүлдүн кинодогудай онтогону болбосо, жатып эле берди, күрөшү жок жеңилип берди десем болот. Эки бутун ийиндериме асып, моюн тарабын өпкүлөп, иштеп баштадым. Же ага көнбөгөндүктөнбү, же Женя келип калбасын деп кабатыр болгонумданбы, айтор, Турсунбегимдин вулканы жакында атылчудай эмес... "Тентегимди өөп койчу" десем, көнбөй койду, ары караттым да, итче тургузуп алып, иштедим. Чекеме тер чыгып, ысып чыктым. Россиялык эженин бүтөөр, бүтпөсүн күтпөй эле вулканым аттырып салдым да , сулк жыгылдым. Эже болсо, ууру кылгансып, күйпөлөктөп кийине баштады.
- Ай жигит, болду эми, тур! Тигилер келип калса, уят эле болобуз!.. Бол! Жеңишгүлдүн күйөөсү менин күйөөмдү да тааныйт! Тур дейм!, -деп шашкалактайт. "Күйөөмдү тааныйт" деген сөз, уйкумду качырып, алдастап эле калдым....
Кийиндим да, чакан столду ортого коё салдым. Эже сумкасын аңтарып отурат.
- Эже жолдошуңуз барбы? - деп сурадым чыдабай.
- Ии, ооба. Ал Москвада... Биз ошол жакта соода кылабыз... Мен товарга келгем,-деп үзүк-үзүк жооп берди.
- Мм.. Айтып койбойт белеңиз?..
- Сүйлөтө деле койбодуң .. Болоор иш болду, эми унутуп салалы.... Жеңишгүл да укпасын! Баса, ал көзү ачыктарга жакын, абайласаңчы иним... Сени билбейм, бирок , сенден мурунку Рустам деген баланы точно окутуп алган!
- Коюңузчу эй?
- Чындап айтам, экөө эрди-катындай эле жашап алышкан. Акыры Нарындан апасы келип, уруш чыгарып атып, баласын алып кеткен...
... Дагы көп нерселерди сүйлөп отурду. А мен андан ирээнжип турдум. Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, курбусун сатып, эч нерсе болбогондой отурат... Аялдар ортосунда чыныгы достук болбойт деген чын белем?!.. Ошол түндөн тарта эки достун сырларын да, чырларын да өздөрүнө коюп, Турсунбегим экөөбүз алар тарапка таптакыр барбай койдук...
2003-2005-жылдары эл аралык уюмдар уюштурган семинар-тренингдерге көп катыштым. Семинардын шылтоосунда Ысык-Көлгө, Бишкектин четиндеги эс алуучу жайларга ай сайын барчу элек. Кырызстандын ар жеринде иштеген коллегалар чогулуп, күндүз семинарда, кечинде барда же табият койнунда эс алып, жыргачубуз.

Бир жолу Ысык-Көлдө уюштурулган тренингден чыгып, кечинде чогулуп жээкке барып вино ичип отурдук. Каалагандар сууга түштү. Таластан келген бир коллегам менин жанымда отурат, аты Наргиза. Жашы менден бир-эки жаш улуу.
Башында жанаша отурду, анан колтуктап алды. Бир-эки бокал вино ичкенден соң, билегимди акырын сыйпалап койду. Кыялым бузулуп, алигим ойгоно баштады. Билмексен болуп, эмчегине кол тийгиздим. Ал жакшылап карма дегенсип, көкүрөгүн мага ыңгайлуу кылып тосуп берди. Башкалар байкап калбасын деп, колумду тартып алдым. Ал болсо, улам жабышат.

Бака-шака түшүп, күлүп отурабыз. Кимдин колу каерде экенине эч ким көңүл деле бурбай калды. Мен улам-улам анын эмчегин кармалап коём. Бир маал Наргиза нары көздөй кетип, биз менен отурган кыз-келиндердин бир-экөөсүн чакырып, сүйлөшүштү. Кайра келип, үчөө мени сүйрөгөн бойдон көлгө алып барып, сууга алып кирип кетишти. Сүзгөндү жакшы билбейм, бирок чоочуганымды билгизген жокмун. Мени аябай сууга бышышты. Ара-чолодо Наргиза эки-үч жолу суунун ичинде алигимди кармалап жиберди. Кыздардын бул кылыгы мага жага баштады. Бираздан кийин жээкке чыктык. Ошо менен тамаша уланып, башкалар да бири бирин сууга бышканга өтүштү. Мен шортам менен футболкам суу болуп отуруп калдым.

Наргиза мага келип:
-Бас, кийимиңди кургатып берейин, менде үтүк бар, - деди.

Экөөбүз отелге кайтып, анын бөлмөсүнө кирдик. Жеткиче мен ар нерсени ойлоп, бүгүн түнү менен аны айкырта имерип чыгам деп пландадым.

Бөлмөгө кирип эле чечиндим:
-Шейшебиңе оронуп турайынчы, турсийимди да кургатып бер,- деп анын көзүнчө эле жылаңач болуп, шейшепке оронуп алдым.

Ал менин кийимдеримди үтүктөй баштаганда, акырын барып үтүктү сууруп, футболка, шорта-турсийимди алып, балконго чыгып илип койдум. Кайра бөлмөгө кирип эле Наргизаны кучактап, мойнунан өпкүлөй баштадым. Ушуну эле күтүп тургансып, ал деле мага чырмалыша түштү. Ошол бойдон диванга кулап, үстүндөгү кийимдерди чечип ар жака ыргыттым. Көпкө өбүшүп, эркелешип эрмектештик.

Наргиза арык-чырай, аппак болчу. Жан жеринде бир түк жок. Денеси жылмакай, өтө жагымдуу.

Бир маал ал “токтой тур” дегенсип, ордунан турду. Колумдан тартып, дивандын бурчуна мени отургузду. Бутумду талтайтып, эки колум менен артка таянып отурам. Акырын менин үстүмө минип, алигимди жан жерине тыкты. Көзүн жумуп, бир аз токтоп турду, анан акырын кыймылдай баштады. Кумарлана үн чыгарып, үстүмө отурган бойдон “иштеп жатат”. Анан позаны өзгөртүп, ошол отурган бойдон мага артын салып секиргенге өттү. Белин ийип алган. Артынан кучактап, колумду түкүрүк менен суулап, эмчегин укалай баштадым. Бул ага огобетер жагып, аңкыштаганга өттү.
Белинен кучактаган бойдон ордуман туруп, аны диванга тоңкойгон абалда жаткырдым. Артынан иштегенге өттүм. Бир колум менен жамбашын, бир колум менен белинен кармап алгам. Жамбашын катуу мыжыгый бергеним үчүн кызарып кетти. Бирок мунун баары Наргизага жагып жатканын сездим. Башында акырын үн чыгарып, анан баарын унутуп болушунча кайф кыла баштады. Жээкте ичкен винонун деле таасири болду окшойт.

Канча убакыт “эметиштик” билбейм. Ар кандай позаны сынап көрдүк. Наргизанын үнү улам катуулап баратты. Бир маал коңшу бөлмөдөгүлөр дубалды дүкүлдөтүштү. Ошондо гана өзүбүзгө келе түшүп, токтодук. Кучакташкан бойдон душка жөнөдүк. Дубалдагы чоң күзгүнүн алдында ал роковинаны кармап белин ийди, мен колум менен анын жан жерин укалап, акырын “алигимди” сайдым. Көп өтпөй эле айкырган бойдон “ишимди бүтүрдүм”. Наргизаны кучактап, жаным жай алып, кыймылымды токтотуп туруп калдым. Наргиза болсо чүчкүрө баштады. Токтобой, бир канча жолу чүчкүрүп: “Кечир, мен оргазм алганда чүчкүрөм”,- деп күлүп жиберди. Экөөбүздүн көздөрүбүз күзгүдө чагылыша түштү. Наргиза уялгансыды. Мен аны ыңгайсыз кылбайын деп, кайра эркелете өбө баштадым.

Ошол түнү Наргизанын бөлмөсүндө жатып калдым.
Эч ким ойгоно электе туруп, кийинип өзүмдүн бөлмөмө келип жуунуп, тамактанганы чыктык.

Кечинде биздин кайфты бузуп, дубалды дүкүлдөткөн адам ким экенин да билбейм. Негизгиси, өзгөчө түн болду. Ошол күнү кечинде үйгө кайттык.

Арадан он жылдан көп убакыт өттү. Айтсам, ишенбейсиңер, бирок ошол түндө кийген футболкам азыр деле бар. Бир жери жыртылган жок. Турат шкафты ээлеп. Футболкам суу болбогондо, Наргизанын бөлмөсүнө барат белем же жокпу, билбейм. Ошону кургатайын деген шылтоо менен жыргалга батпадыкпы.

Андан кийин Наргизаны Бишкекте бир канча жолу семинарларда көрдүм, бирок көлдөгүдөй мүмкүнчүлүк болбоду. Ыңгайын тапсам, аны дагы көбүрөөк чүчкүртүп жыргалга батырмакмын...
2003-жыл. Студентмин. Бир мекемеге практикага чыккам. Ал жерде иштеген 22-25 жаштардагы кыз мага жумуштан тартибин үйрөтө баштады. Ак жуумал, көзү күлүп турат. Мүнөзү жайдары. Кыска чачынан аппак моюну көрүнүп турат. Маңдайындагы көкүлү да тегис кесилип, өзүнө жарашкан. Аты - Айнура.

Экөөбүз бат эле тил табышып алдык. Чогуу түштөнөбүз. Чай же суу ичкенде аны жутканы алкымынан билинип турат. Суктанып отуруп, тамакты каяка жегенимди да билбей калам.

Мен практикада жүрүп жакшы үлгү көрсөттүмбү же Айнура мага жумушту жакшы үйрөттүбү, билбейм. Мекеменин директору мени бөлмөсүнө чакырып, жумуш сунуштады. Практикадан ары ошол жерде иштеп калдым.

Күнүгө эртең менен жыйын болот. Жыйында өзүм билбей эле Айнурага тиктей берем. Көйнөгүнүн этегинен көрүнүп турган сандары, жакасынын ылдыйындагы ачык жерден эки көкүрөгүн кошулган жери көзүмө уруна берип, сугумду арттырат.

Ушундан уламбы, түшүмө көп кирчү болду. Бир жолу аны менен офисте эле өбүшүп-жытташып, столдун үстүнө жаткырып алкымынан өөп жатканымды түш көрдүм. Ойгонуп алып, түшүм аягына чыкпай калганына аябай өкүндүм. Ошондон кийин башталды... Түшүмдү кантип ишке ашыруунун айласын издейм.

Мурдагыдан да жакындашып, сырдаша баштадык. Көрсө, Айнураны эки жыл мурун тааныбаган эле бирөө ала качып үйлөнүптүр.

“Жарым жылдай жашап, көңүлүм болбой ажырашып кеттим. Төшөктө чогуу жаткан мага азап болчу. Күйөөм мени кучактап, үстүмө чыкканда көзүмдү жумуп алып жата берчүмүн. Ал өзү эптеп “ишин бүтүрүп”, анан нары карап уктап калчу”,- деп каткыра күлүп баштан өткөндөрүн айтып берди.

Жаштык кылдымбы, же акылы токтой элек жигит болгонум үчүнбү, дароо эле мээме “эрден чыккан болсо, демек муну төшөккө тартуу оңой болот экен”,- деген ой келди.

Айнурага болгон каалоом күчөп турган күндөрдүн биринде директор экөөбүздү бөлмөсүнө чакырып, эмки жумада Ошко үч күндүк тренингге барышыбыз керектигин айтты. Сүйүндүм. “Оштогу мейманканада Айнуранын кучагына кирем”,- деп кудуңдап алдым.
Күттүргөн күн да келип, Айнура экөөбүз таксиге отуруп Ошко жөнөдүк. Машинанын арткы орундугунда баратабыз. Айнура айнек жакта, ортодо мен, берки жанымда жашы элүүлөргө таяп калган эже.

Жарым жолдо Айнура уктап калды. Башын артка жөлөп баратат. Мен ага ыңгайлуу болсун деп желкемди жакыныраак кылып отурдум. Көп өтпөй эле ал уктаган бойдон желкеме жөлөндү... Мен жака бир аз бурулуп, эки колу менен билегимди кармап алды.

Экөөбүз тең жеңи кыска футболкачанбыз. Менимче май же август болчу. Анын билеги билегиме тийип турган жер кызып кетти. Дем алганда мурдунан чыккан жел да кулагымдын айланасына, мойнума тийип, мени ого бетер дүүлүктүрүп салды. Болбой баратам. Буттарымды бири бирине кысып алгам. Алигим зыңкыйып калган. Эки жака ачсам эле тигиним шымымды көтөрүп кетчүдөй...

Ошко жеткенде эчак караңгы кирген болчу. Мейманканага жайгашып, анан чыгып тамактандык.
-Кечинде телевизордон кино көрбөйлүбү, менин бөлмөмө кел,- дедим.
Ал макул болду. Мен кинонун шылтоосунда анын даамын таткым келип отурат.

Ал кезде интернет азыркыдай эмес. Чет элдин каналдарын мейманканаларга барганда гана көрчүбүз.

ТВ3 деген мистикалык каналдан коркунучтуу кино башталды. Экөөбүз эки креслодо отурабыз.

Айнура тасмадагы эпизоддорду көргөндө бетин жаап: “Коркунучтуу экен”,- дей берди.
“Корксоң менин жаныма эле келип отур”,- деп кууланып карадым-да, “бери кел” дегенсип, креслонун бир тарабына жылып, ага орун бошоттум.
Айнура секирип туруп эле жаныма келип отурду. Кинодо коркунучту эпизоддор көбөйүп баратат. Айнура болсо улам мага ыктайт.

Ушул учурдан пайдаланып аны кучактап алдым. Каршылык көрсөткөн жок. Тескериинче, өзү мага жабышып отурду. Бир аз мурда эле душка түшүп чыкканы үчүн шампундун жагымдуу жыты буркурап турат.

Мен кинону карап отурган киши болуп аны моюнунан сылап, акырын көкүрөгүнө кармадым. Унчукккан жок. Мамагына колумду тийгиздим. Унчукпады. Чачынан жыттап, алкымынан өптүм. Айнура ушуну эле күтүп тургансып, дароо мойнуман колун өткөрдү. Узак өбүштүк. Өбүшкөн бойдон ордубуздан туруп, керебетке жөнөдүк.

Ушунчалык дүүлүгуп калганбызбы, айтоор керебетке жеткиче бири бирибиздин кийимдерибиздин чечип ыргыттык. Денеси аппак. Айрыкча, шабдалы формадагы мамагы мени өзгөчө өзүнө тартып, анысын тилим менен да, эриндерим менен да болушунча эркелеттим. Үрпүнө тилим тийгенде Айнура өзгөчө ырахаттанып үн чыгарат.

Алигимди алаасына салганымда чалкадан жаткан Айнура аххх деп белин өйдө көтөрүп, эки колу менен керебеттин баш тарабындагы тирөөчтү кармап алды. Эрдинин ылдый жагын тиштеп, улам онтолоп жатты.

Мен болсо улам-улам телевизорго да тиктеп, төшөктөгү ишимди уланта бердим. Анткени, кино да кызыктуу болчу. Анүстүнө мистика тасмаларды жакшы көрөт эмесминби...
***
Ошондон кийин Айнура экөөбүз ар жерде жыргалга батып жүрдүк. Коллегалардын баары жумуштан кеткенде кеңседе да анча-мынча... Бирок Айнура жарым жылдан кийин Россияга иштегени кетип калды. Байланыш үзүлгөн...
***
Жакшы бир дос кызым бар. Ойлору тунук, айтканынан кайтпаган, кемчиликти бетке айткан, ошол эле учурда тез таарынган мыкты кыз.

Экөөбүз бардык темаларда ачык сүйлөшөбүз. Мен ага ишенем. Ал мага ишенеби, жокпу анык билбейм. Бирок сырларын айтып турат. Кээде секс жөнүндө баарлашабыз.

Питерге кеткенине 10 жылдай болуп калды. Чоң бир компанияда иштейт. Квартирада жалгыз жашайт. Ага ушул жашоо жагат. Өзүн өзү башкарат, бирөөлөрдүн кийлигишүүсүн каалабайт. Өзүнө өзү каныша.

Жакында дилдо менен жыргалга батам деп, кыйналып калганы жөнүндө айтып берди эле, күлө берип, ичегим буралып калды. Азыркыга чейин эстеген сайын күлөм. Ал тууралуу жазып, бул жакка жарыялашыма макулдугун берген. Азыр жазып отуруп да, күлкүмдү тыя албайтам.

Адаттагыдай экөөбүз Ватсап аркылуу видеодо сүйлөшүп отурганбыз. Мен скверде отургучта, ал кухнясында. “Күтө тур, алма алып келип алайын”, муздаткычын көздөй басты. Карасам, бир аз кыйналып басып бараткандай. Себебин сурасам, көзүмө жарым минутадай тигилип туруп, күлүп жиберди.

-Себебин айтсам, жыгыласын,-деди.
-Айт,- деп ой-боюна койбой сурай бердим.
-Кыскасы мындай, - деп кеп баштады,- Эки күн мурун үйдө түн жарымга чейин иштедим. Аябай чарчадым. Жакшылап эс алайын деп, жаттым. Такыр уктай албай койдум. Пайдасы тийип калар деп үч ай мурун уйку дары алып койгон элем. Ичип алдым. Мурда такыр уйку дары ичип көргөн эмесмин.

Көзүм жумулуп баратат. Ошол учурда кайдан-жайдан билбейм, секске ушундай бир каалоо жаралды, чыдабай кеттим. Мени билесин, каалоомду кандыруу үчүн эркекке зар эмесмин. Шкафтан оюнчук аспап – дилдо алып, ага жаңы батарейка салдым. Ушундай бир жыргалга батууну самадым, элестете албайсын. Төшөккө жаттым да, бутумду керип туруп, дилдону жан жериме акырын тыктым. Албетте, оюнчугум өтө чоң эмес, бирок кичине дагы эмес...
Ох, андагы жыргалды элестете албайсын. Секс аспабым үч түрдө иштейт – акырын, орточо жана катуу. Каалоом ушундай күчөп тургандыктан, катуу иштеген кнопкасын бастымда, көздү жумуп ырахаттана баштадым. Дилдо кыймылдаган сайын жан жерим ырахат алып, акырын онтоп коём.
Жыргалдын туу чокусуна жетеримде уйку дары таасир этип, уктап калыптырмын. Эртең менен ойгонсом, аламда бир нерсе тыгылып турат. Кармасам, тигил секс оюнчук. Таң атканча жан жеримде калып кетиптир. Канча саат иштеди билбейм. Анүстүнө батарейкасы да жаңы болчу... Сууруп салдым-да, ордуман турдум. Басканга кыйналдым. Эки гектар жерди кетмен менен тегиздегендей, алым жок. Дилдо тиягымды канча саат опурду экен, деген ой менен бети-колумду жууп, чай ичтим. Жумушка барышым керек, такси чакырдым. Кийинип, үйдөн чыгып, подъезддин алдындагы машинеге жетүү бир азап болду. Түндө секске тойбогон, аспабы айгырдыкындай үч афроамериканецтин астында калгандай элемин...
Жумушка келсем, кашайып лифт иштебей калыптыр. Офис бешинчи этажда. Тепкичтен чыгып барганча азаптын баарын көрдүм. Бутумду көтөргөн сайын жан жериме дуулдап шамал киргенсийт

Досумдун окуясын угуп, анын ошол кездеги абалын элестетип күлө берип жыгылдым. Катуу күлгөнгө ичегим буралып, ийилип калдым.

-Сага күлкү, а мен чынында кыйналдым,- деп тултуңдады. Капа болбосун деп, башка күлбөгөнгө аракет кылдым. Бирок кайдан, эзилдимго чиркин. Анан мага кошулуп, өзү да жыргап күлуп алды.

Ошол күндөн бери анча-мынча бири бирибизге карап “шамал” деп коёбуз. Кечээ жакында кайра экөөбүз ошол окуяны эстедик. Ал айтат:

-Ошол таңда тигил дилдону сууруп текчеге ыргыткан бойдон эки жумадай тийбей койдум. Көргүм да келбеди. Бирок тирүү жан, ырахаттангым келип, кайра иштете баштадым. Бирок эч качан алдын ала уйку дары ичпейм. Жыргалга батып, анан акырын жатып уктап калам. Баса, жакында жаңы батарейка салып, текчеге коюп күчтүү иштеген кнопкасын басып, сынап көрдүм. Токтобой эки саат иштеди. Көрсө, ал түнү мени эки саат опурган экен...
***
15 жылдык “сүйүү” (досумдун баяны)

...Аялым менен өбүшпөй деле калганбыз. Көп эле жыл болду окшойт. Өбүшүүнүн даамы мурункудай сезилбейт деле. Кыз-жигит болуп жүргөндө өбүшсөк, бир ширин болчу эле. Азыр баары мага байланыштуу. Анткени тамеки тартып бир сасысам, тишими жуубай эки сасыйм. Анан аялым деле өбүшүүнү өп-чап жактыра бербейт. Бардык эле үй-бүлөлөр кийин ушундай болуп калабы, билбейм.

Бир күнү 15 жыл башта сүйүшүмүш болуп жүргөн сүйүүмдү жолуктуруп калдым. Турмушунан ажыраганына 6-7 жыл болуптур. Мурункудан да сулуу болуп көрүндү. Мен да анча-мынча сулууларды тоготпойм, бирок ал өзгөчө сулуу эле, азыр андан бетер суйкаят. Телефон номерин алдым. Жолугуша турган болдук.

...Жолугушууга баратам. Баарыбир өбүшөм деп турам. Жолугушчу жерге эртерээк барып, сагыз алдым. Өбүшүп калсак, оозум сасып, уят болбоюн дедим.

Балчылдатып сагыз чайнап машинада аны күтүп отурам. Мендеги ой баягы эле: өбүшүп калсак, оозум сасып, уят болуп калбайын...

Кызыке чыкты. Жолуктук. Ал да сагыз чайнап алыптыр...

Кымбат кафелердин бирине бардык. Маңдай-тескей отуруп, тамакка буйрутма бердик. Ал чү дегенде эле сырадан баштады. Ач карын экини алып кирди. А бул жагы оңуган чыга турган болду деп койдум ичимден.

Аркы-беркини сүйлөшүп, көп отурдукпу же жокпу, бир маалда “кошунасы болом” деген эже кирип келди. Маани бербей эле отургам, көрсө ал биздин отурушка акырына чейин конок болот экен. “Бир кыз кем, эки кыз ашыкча” болду. Менин жалжалым эки чөйчөк сырадан кийин ачылды дейсиң. Танцполду ээлейт, сөздү эч кимге бербейт, сыранын биринин артынан бирин алып кирет. Мен жакка отуруп, ар сөздүн башын ачып, жагалданат, сагынганын айтат.

Кулакты жарган музыканын үнү. Мындай мага анчалык жага бербейт. Мен, мээлүүн соккон шамалдай чыккан классикалык музыканын коштоосунда, эч кимге тоскоол болбой, эч ким бизге да тоскоолдук жаратпай, тынч жерде өзүбүзчө отурсак дегем, өбүшкөнчө. А мүмкүн төшөккө деле кирип кетебизби деген ой да бар болчу. Бирок жаңырган музыка, танцпол, баарына жолтоо болгон эже, жагалданган жалжал, дүүлүккөн “аспабым”... Мага жакпай баратат...

...Жанымда отурган сулуум, бутун бутума асып койгонуна 1 сааттан өттү. Алгач жамбаштардан сылай баштаган. Сыртта кыш болгондуктан, шымдын да калыңынан эки кабат кылып кийип алгам. Кармаласа, эч нерсе деле болбосо керек дейсиң, бирок ошол эротиканын укмуштуудай сезими калың шымдарды көзөп өтүп жатты го чиркин. Айгырым да алкынып, жарылайын деп чыккан. Жамбаштарды кармалап, сылап баратканча, ал жагыма да колунун учтары шымдын сыртынан сыйпап өтүп жатат. Ушул маалда кинодогудай монтаж болуп, эч ким жок караңгы бөлмөдө пайда боло калсак, анда бурчтагы диванга жыксаң, шап эле аласын ача берип, эсинен танганга даяр турат.
Колдору ар жерими кармалап, жонумду укалап, кучактап, кулагыма шыбырап, уктатып таштагыдай эркелетип жатты. “Сени менен мурдагыдай өбүшкүм келип атат”,-деп кулагыма айтты да, өөп койду. Ал өпкөнү укмуштуудай жагымдуу болду. Башкача өптү. “Мен дагы”,-дедим. Тиги эжесинин тоскоол болуп атканын айтсам, ал да чакырганына өкүнгөнүн айтты. Көрсө экөө бүгүн ушул жерге келип эс алышмак экен. Ошого кетире албай жаткан кербези имиш. Ортодон мен бүгүн отуралы дегениме макул болуп, чакырып алган эжесин да тим коюптур. Муну укканда, бул кылганы жакпай калды.

Тиги эже өзүнчө кысылып атат. Бирде сөзгө аралашып, бирде телефон чукулап отуруп, акыры агынан жарылды. “Ашыкча болуп жатам да”,-деди. “Ой, айланайын, аны билет экенсиң, кетип калбайсыңбы?” – Ушинтип айткан адам жок...

Кызып калган кызгалдагым жагалданып жалынып, эми эч кимге сөз бербей калды. Акыры “Мени экинчи аял кылып аласыңбы?”,-дегенге өттү. Чын же тамашасы билинбейт. “Албайм сени”,-дедим. Тык токтой калып, шок боло түштү. “Сенин эки нерсең өзгөрүптүр”,-дедим.

...Студенттик күндөрдүн биринде жаркылдаган, бою узун, балалыктын баё сезими менен жашаган, көздөрү бакырайган сулуу курсташ кызды көрүп, сыртынан жактырдым. Бул чындыгында “тоок сүйүү” эле. Бир жолу жактырып калганымы тамаша ирээтинде айттым. Аны чын кабыл алды. Жолукчу деле эмеспиз. Бир күнү күндүзү эле өзүм жашаган үйгө ээрчитип келдим. Кыш болсо керек эле. Үйдө эч ким жок. Төшөккө кийимчен эле кирдик. Катыра өбүштүк. “Иш” болбоду. Аласына деле жасап койсом болсо керек эле, антпептирмин. Кечке жаттык. Көз байланган учурда жөнөтүп жибердим.

Ушудан аз өтпөй ал кыз турмушка чыккан белгиси кылып, ак жоолук салынып, узун пальто кийип келди. Капыл-тапыл жолуга калып, сүйлөшө кеттик. Чындап эле турмушка чыгыптыр. Качырып кеткен экен. Аңгыча кийинки пара башталып калды, аны сабактан кийин кетпей турушун айттым да, өзүм аудиторияга кирип кеттим. Акыркы саат бүткөндө, болжолдогон жерге келсем, жок. Күтүп турам. Анда сотка деген жок. Мени көргөн башка бир группалашым эмнеге турганымы сурады эле, бирөөн күтүп турам дегем.

Болжогон жерге ак жоолукчан сулуу кыз келди. Узун коридордо эч ким жок. Баягыдай өбүшүп кетким келди. “Жүр, бир жакка барып келебиз”,-деп үйгө жөнөдүм. Ал дагы бара бериптир, эми эстесем. Үйдө эч ким жок.

Ошондо мен да жинди экемин, бирөөнүн жакшы тилек менен алган жарын эмнеге үйүмө алып барам? Анан тиги кыз да жинди экен, бирөөнүн жакшы тилек менен алган жары болуп туруп эмнеге бирөөнүн үйүнө барат? Барганы го бардык, бирок андан аркысы кызык болбодубу.

Аңги жаным, анын үстүнө секирдим, анан ал да кем калышпады. Өбүштүк, мамагынан сордум. Бирок тиги жагына уруксат бербей койду. Ага мен деле кызыккан жокмун. Жабышып, жалынып, аракет да кылбадым. Болгону өбүштүк. Бир маалда мындай дейт: “Сени сүйгөнүм чын экен. Мени алып качып кеткенден кийин, ата-энем макул болуп коюшту. Нике байлап, төшөккө жаткырганда сенин сүрөтүңү көкүрөгүмө кысып жаттым. Кыздыгымы сен алып жаткандай болсун дедим. Күйөөм эмнеге антесиң деп урушканына болбой, кыздыгым алынып жатканда сенин сүрөтүң менин төшүмдө болчу”,-деди. Мен ошондо ага ишенипмин...

Эртеси баягы залда жолуккан группалашым жолугуп, биз экөөбүз чогуу кетип баратканыбызды көргөнүн, ал курсташыбыз анын айылына турмушка чыкканын айтып берсе болобу. Уялганымды айтпа...
...Бакыраң көз сулуумун эки нерсеси өзгөргөнүн мындан байкадым. Баягы балалык, студенттик кездеги жыты жок. Ал көпчүлүк кыз-келин сыйпанган духинин жытына алмашыптыр. Ошондогу балалык, студенттик кыялы жок. Ал азыр жаркыраган кыялга, ээ-жаа бербей сүйлөгөн оозу бош аялга алмашыптыр. Азыр баары башка болуп калыптыр. Өзгөрүптүр. Ал кездеги элеси турат, бирок өзү жок. Мага жакпай баратты...

Кафенин даңгыраган музыкасы өчтү. Эс алуучулардан эч ким калбады. Биз эле, ой, тиги жалжалым эле тарактап отурат. Такыр эле кызып калды. Ага чейин балдарын айылга жөнөтүп, үйүндө эч ким жок экенин айтып аткан. Эми үйүнө жеткиргенче барып, айгырымды агытам деп отурам. Бирок кашайып тиги кошуна эжеси кетпей койду.

Кафеден чыктык. Үчөөбүз машинада баратабыз. “Кашайган Кожожаш эжеси” такыр түшүнбөй койду, чогуу эле жүрөт. Үйүнүн алдына келдик. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирде турат экен. Келип токтогондо эжеси түшүп кетти, эми экөбүз жалгыз калдык.

Мен, үйүнө киргизип, жылуу-жумшак жаткырып, үстүн жаап коюп анан кетейин демиш болоюн дегиче болбой, “Сени дагы эле сүйөм!”,-деп эрдимен сүйдү. 2 секунда гана өбүштүк. Машинадан түштү да, унчукпай, үйүн көздөй басып кетти. Тиги эжеси ары жакта күтүп турган. Оозунан алдырган немедей алайып турдум дагы, үйдү көздөй жөнөдүм... Айгырым болсо кабат шымды тешип чыгып кеткидей абалда калды. Аны жайгаруунун айласын табам, үйгө бара берейин...
Студенттик кез. Үчүнчү курста окуп жүргөн учурум. Айылдан менден эки жаш кичүү кыз училищеде биринчи курста. Аты Жазгүл.

Жазгүлдүн сүйлөгөнү аябай жасалма. Эмнегедир айылдагы жигиттердин баары аны жаман көрөт. Бирок өзү татынакай кыз. Сүйлөгөнү, баскан-турганы жасалма болгон үчүнбү, эч ким жактырчу эмес.

Квартирада чогуу жашаган достордун баары жума күнү айылга кетип, жалгыз калдым. Бизге жакын жерде Жазгүл кыздар менен жашачу.

Орозо айы. Каадаланып мен дагы, Жазгүл дагы орозо кармайбыз. Ошол күнү аны ооз ачарга чакырдым. Үйдө жупуну гана дасторкон жайып, экөөбүз тамактандык.

Анан сүйлөшүп отурдук. Оюм бузула баштады. "Меникинде калып кал" десем, дароо макул болду. Ал чоң кроватка, мен диванга жаттым. Жарыкты өчүрүп, ал чечинди. Анан төшөнчөгө оронуп жатып алды. Дароо менин тиягым ойгонду.

Эмне кылсам? Орозо айында кандай болот?

Жазгүл бир окуяны сүйлөп жатты. Анын жасалма сүйлөгөнү кулагыма астымда онтоп жаткандай эле угулат... Сүйлөп жатып, арасында күлүп коёт. Мен ого бетер козголом.

Болбоду, ордуман туруп эле анын жанына бардым. Төшөнчө ачып кучагына кирдим.

-Ой, эмне кылып жатасын? - деген менен каршылык көрсөткөн жок. Алкымынан жыттап, мамагын соро баштадым. Колумду эки бутунун арасына салдым. Алаасы эчак эле нымдашып, турсийи суу болуп калыптыр. Көрсө, ал деле секс каалап жаткан турбайбы.

Энеден туума кылып чечинтип, өөп-жыттай баштады. Бир маал эле "даярмын" дегенсип бутун керип алды. А мен анын "кыздыгын" алып коюудан чоочуп, ишимди мындай эле бүтүрөм дегем. Болбой эле "киргиз" дегендей белги берип жатты.

Андайда өзүңдү токтото албайт эмессинби. Сайдым... Дароо түшүндүм, мен анын биринчи эркеги эмес экенмин. "Ишке кириштим". Ушунчалык катуу иштедим, астыбыздагы темир кровать чыйкылдап, биз өйдө-ылдый болуп аттык.

Жазгүл мойнуман кучактап алган. Көркөм чыгарманын каарманындай "бул иш күнөө, биз эмне кылып жатабыз, айтчы" деп кулагыма шыбырайт. "Кайф кылып жатабыз" деп коём

Ооба, кайф сонун болду. Жер үйдө жуунганга шарт деле жок. Эптеп туалетте тияк-биягыбызды жууп алдык. Эртеси таңга жуук ал кайрадан орозо кармады...

Үч-төрт күндөн кийин окуудан чыгып келатсам, Жазгүл да үйгө бараткан экен. Чогуу кеттик.

-Өткөндө тамакка бир нерсе кошкон окшойсун э? Тамактангандан кийин эч нерсе эсимде жок! - деди.

Ии, шүмшүк деп койдум ичимен. Эмне кошуп бермек элем тамакка!

-Камсанаба, сенин эсиңде жок болсо, а менин баары эсимде! - деп күлүп койдум.

Ал жорук кийин кайталанган жок. Жазгүл 30 жаштан өткөндө турмушка чыкты. Көптөн бери көрө элекмин.
Жалал-Абаддан Бишкекке таксиде жолго чыктым. Жол бою жанымдагы эже шоктонуп, өтө бир башкача иштерди жасап жиберди. Ал кандай болгонун төмөндө айтып берем:

Кеч кирип калган. Жеңил машина жок, жети кишилик Минивэн үлгүсүндөгү машинада борборго жөнөдүк.

Шофер, анын жанына жашы 50лөрдөгү байке отурду. Ортоңку катарга үч кемпир жайгашышты.

Арткы катарга мен, жаныма 44-45 жаштардагы аял отурду. Бир сүйлөп, он күлгөн айым экен. Кийип алган кара шымы менен жашыл кофтасы жарашып турат. Жамбашы менен мамагы тарсылдап, карагың эле келет. Тиктеп эле отуруп калдым. Эже муну сезип, наздана күлүп койду.

Бирок дароо акыл-эсимди жыйдым. “Аялга сексуалдык объект катары эмес, адам катары караш керек” деген насааттарды көп угуп, ал тургай өзүм да башкаларга ушундай кеңеш берип жүрбөймүнбү акыркы кездери.

Ошентип күүгүмдө жолго түштүк. Шофер менен жанындагы байке саясаттан алып, бериле сүйлөп келатышат. Ортоңку катардагы энелер бир айылдан окшойт, кайсы бир тааныштары өткөргөн тойдогу окуяларды сүйлөп баратышат.

Биз болсо акыркы катарда айнектен эки жакты тиктеп унчукпай баратабыз. Ортобузда бир жаш бала бата тургандай орун бар.

Кулагыма кулакчынды салып, музыка уккан бойдон уктап кетиппин.
Бир маал көзүмдү ачсам Таш-Көмүрдөн ары тоолорду аралап зуулдап баратабыз. Жанымдагы эже да уктап калыптыр, мен жакка узатып алган буту менин бутума тийип турат. Ортоңку катардагы энелер да уктап калыптыр. Шофер менен байке саясатты чайнап атышат дагы эле.

Жанымдагы эжеге уктаганга ыңгайлуу болсун деп, бутумду тарттым. Ал болсо бутун дагы да узатып алды. Атайын бутун мага тийгизип аткандай сезилди. Айнек тарапка башын жөлөп бараткан эле, “ыңгайсыз экен” дегенсип өзү да мага жакындашты.

Ошентип отуруп, Каракөлдөн өткөндө эже кадимкидей мага жөлөнүп, ал эмес бир колу менен санымдан кармап, уктагансып баратат. “Кокуй” деп коём ичимден. Бирок дүүлүккөнсүп калгам.
Бир маал санымды кармап турган колунун манжалары кыймылдап, аракеттене баштады. Унчукпадым. Уйку-соонун ичинде билбегенсип тиягыма да колун бир-эки жолу тийгизип койду.

Мен деле баягы шүмшүкмүнда, эжеге ыңгайлуу болсун деп талтайып, бутумду эки жакка керип койдум. Эжеге жакты, колун сойлоттуго чиркин… жолго ыңгайлуу деп спорт шым кийип алгам. Тиягым туруп калган, эже аны суудан балык кармагандай эле кармап, сыйпалап баратат. Машинадагылар билип калбасын дегенби, айтор көзүн жумуп алган. Мен болсо кароолдой болуп, бирде эжени, бирде берки шериктерди тиктеп баратам.

Бирок мен эч кандай ашыкча аракет жасаган жокмун, жөн гана отуруп бердим эже үчүн ☺️.

Ошентип Чычкандагы кафелердин бирине чай ичкени токтодук. Кыйла түн кирип калган. Эч нерсе болбогонсуп машинадан түштүк. Бир столго барып отурдук. Тиги эже 10 минутадай жок болуп, анан кирди. Туалетке бардыго деп ойлодум. Келип эле “бул кафенин арты сонун экен, дарактар бар экен, токой сыяктуу” деп мага тиктеп койду. А мен бул сөзүн “булар чай ичкиче ошол токой жакка өтүп келели” деп түшүндүм. Унчукпадым.
Кайра жолду уладык. Ала-Белге жеткенде эженин колу кайра эки бутумдун ортосуна сойлой баштады. Бул ирет тиги ортоңку катардагы энелер ойгоо, айылдагы кайсы бир окуяны кызуу талкуулап атышат. Шофер менен байке эми Украина менен Россиянын саясатын талдоого киришкен.

Мен болсо унчукпай, бутту керген бойдон музыка угуп кетип жатам. Жанымдагы эже тигиним менен убара. Бир маал аябай катуу кармай баштады. Аным турсий менен шымдын ичинде диңкийип тура берип, бир аз ооруп да калды.

Эже аябай демилгелүү экен, колун шап эле шымымдын ичине салды. Өзү болсо уктагансып көзүн жумуп баратат дагы эле. Эркек менен көптөн бери болбой, өтө буулуккан окшойт. Же дээринен ушундай “смелая”.
Эже улам күчөп, тигиниме биротоло ээлик кылып алды. Кармалай берип да тажабады. Жарым сааттай токтойт, анан кайра баштайт. Менин алигим болсо бирде ойгонуп, бирде уктап, эжеге эрмек болду. Мен унчукпай эле баратам, мейличи деп коюп. Негизгиси, машинадагылар байкап калбаса болду.

Ошентип отуруп 8-9 саатта Бишкекке кирип келдик. Шофер биринчи мени жашаган жериме жеткире турган болду. Бир-эки саатта таң атчудай. Мен түшкөн жерден тиги эже да түшүп калды. Ушул райондо жашайтго деп ойлогом. Ал мага карап “кайда барабыз?” деп сурады.

-Мен үйүмө кирем? - дедим.
-Менчи? - деди жини келгенсип.
-Билбейм. Үйүңүз каякта? - дедим.
-Кызыл-Аскерде! Сага ишенип түшүп калбадымбы! - дейт.

“Кечириңиз” деп, ыңгайсыз абалда калдым. Такси чакырып аны Кызыл-Аскерге салып ийдим.

“Сендей назданган эркекти биринчи жолу көрдүм. Жигит да ушундай болобу” деп мени урушкан бойдон таксиге отуруп кетти. Ойлогон окшойт, үйгө алып кирип же бир жерге алып барып жыргата эмететго деп.

А мен машинада ал тиягымды кармаган сайын ырахат алганым менен аялымдын көзүнө чөп салгандай, ыңгайсыз болуп келбедимби.

Кокус бул каналга ошол эже жазылган болсо, кечирим сурайм…каалооңузду ишке ашырганга менде каалоо болбоду. Атыңызды да билбейм. Жашоодо жакшы күндөрүңүз көп болсун ☺️
Channel photo updated