КР ӨКМ/ МЧС КР
338 subscribers
681 photos
322 videos
69 files
79 links
🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий Telegram каналы
—-
Официальный Telegram канал Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики
Download Telegram
28.06.2024
❗️КОНДИЦИОНЕРДИ ИШТЕГЕН АБАЛДА КАЛТЫРБАҢЫЗ
Учурда турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын бирден бир себеби кондиционер болууда. Статистикалык маалыматка ылайык 10го жакын өрт кырсыгы кондиционерди туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Мындан улам ӨКМ кондиционерди колдонууда бир нече эрежелерди сактоо абдан маанилүү экенин эскертет!
Механизмдин ичинде өрт чыгышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционердин өзү эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек . Суу жана чаңдын агрегаттын ичине кирбеши үчүн эрежелерди так сактоого чакырабыз .
Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жабып кургатууга тыюу салынат.
Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Аппараттын зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы керек. Зымдын абалын көзөмөлдөө абдан маанилүү жана убагында маани берилбесе терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу зарыл.
Шайманды розеткадан сууруп алуудан мурун башкаруу пультун колдонуу менен анын иштешин токтотуу керек.
Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
**********
❗️НЕ ОСТАВЛЯЙТЕ ВКЛЮЧЕННЫМ КОНДИЦИОНЕР
Кондиционеры являются одной из основных причин пожаров в домах. По статистике, около 10 пожаров произошло из-за неправильного использования и подключения кондиционера.
В связи с этим, МЧС КР напоминает, что очень важно соблюдать несколько правил при использовании кондиционера!
Хорошая циркуляция воздуха
Для того, чтобы внутри механизма не случился пожар, важно обеспечить ему хорошую циркуляцию воздуха. Вентиляционные каналы не стоит перекрывать чем-либо или помещать внутрь отверстий любые предметы. Сам кондиционер ни в коем случае нельзя накрывать тканью и другими воспламеняющимися материалами, а внутрь блока не должны попадать вода и мелкие загрязнения.
Наружный блок выделяет горячий воздух, поэтому рядом с ним запрещено размещать горючие материалы, его также не рекомендуется ничем накрывать, ни в коем случае нельзя сушить на нем вещи.
Провода и проводка
При установке кондиционера очень важно, чтобы проводка в помещении соответствовала мощности устройства. Провод прибора не должен быть перекручен, пережат чем-то или слишком сильно натянут. Он должен подключаться непосредственно к розетке, не рекомендуется использовать удлинители, переходники и другие подобные системы. Очень важно следить за состоянием провода, если он поврежден, пользоваться техникой нельзя.
Перед тем, как выключать прибор из розетки, важно остановить его работу с помощью пульта управления.
Режим работы
Всегда соблюдайте требования, прописанные в инструкции к вашему изделию. Большинство кондиционеров нельзя оставлять на полной мощности на долгое время. Желательно делать паузы после каждых 1,5-2 часов работы, не рекомендуется включать устройство на всю ночь и ни в коем случае нельзя оставлять его, если вы уходите из дома.
ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
28.06.2024

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт.

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТЛИГИ ЭСКЕРЕТ!

Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.

☎️Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.
**
ШТОРМОВОЕ ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ
В БЛИЖАЙШИЕ ЧАСЫ В БИШКЕКЕ И ЧУЙСКОЙ ДОЛИНЕ ОЖИДАЕТСЯ СИЛЬНЫЙ ВЕТЕР

В ближайшие часы и вечером ожидается гроза и сильный ветер до 15-20 метров в секунду в Бишкеке и Чуйской долине.

МЧС призывает!

Во время шторма:
- Не парковать свои автомобили рядом с деревьями и объектами облегченного типа
- Не подходите к местам, где есть электрические провода
- Носить очки

☎️ В случае аварии звоните 112

ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
28.06.2024
❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДҮҮ
НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫР ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

2024-жылдын 28-июнь күндүн экинчи жарымында жана 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан лнөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

📢❗️ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
28.06.2024
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 296 ЖАРАН, 41 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 28-июнга карата Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден
13 куткаруучу жана экскаватор тартылды.

Мындан сырткары, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 83 кызматкер, 1 экскаватор, 4 самосвал, 2 суу ташуучу, №46 ЖТИден жүктөгүч, грейдер, самосвал, манипулятор, жергиликтүү тургундардан 200 жаран, жеке менчик 23 портер, 3 экскаватор, 2 жүктөгүч жана трактор тартылды.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 296 жаран жана 41 техниканын жардамы менен селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
28.06.2024
❗️ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу (Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
28.06.2024
❗️КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН БОЛГОН АЙМАКТАР

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин жана ӨК мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолу боюнча, 2024-жылдын 28-июнунан 2-июлга чейин республикабыздын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү (локалдуу) жаан-чачын күтүлүп жаткандыгына байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Мындан улам кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн болгон аймактар:
• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;
• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата району.
• Нарын облусу: Нарын, Жумгал району.

ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
---------------------------------------------
ИЗ-ЗА ПРОЛИВНЫХ ЛОКАЛЬНЫХ ДОЖДЕЙ ВОЗМОЖЕН СХОД СЕЛЕЙ

Согласно прогнозу Кыргызгидромета и Департамента мониторинга, прогнозирования ЧС в период с 28 июня по 2 июля 2024 года в горных и предгорных районах республики ожидается неустойчивая погода и локальные ливневые дожди, что может привести к селевым явлениям и подъему уровней воды в реках.

В связи с этим, возможны активизации опасных природных процессов на территории следующих областей и районов:

• Джалал-Абадская область: Аксыйский, Ноокенский и Базар-Коргонский районы.
• Баткенская область: Лейлекский и Кадамжайский районы.
• Ошская область: Алайский, Кара-Кульджинский Узгенский и Ноокатский районы.
• Чуйская область: Кеминский, Аламединский, Сокулукский и Жайылский районы.
• Иссык-Кульская область: Ак-Суйский, Тонский, Тюпский районы.
• Таласская область: Таласский, Бакай-Атинский районы.
• Нарынская область: Нарынский и Жумгальский районы.

Призываем граждан республики проявлять бдительность и соблюдать меры предосторожности. Держать в готовности силы и средства Гражданской защиты.

ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
28.07.2024
ОШ: СЕЛ КАПТАГАН НООКАТ РАЙОНУНДА КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШТӨӨДӨ

Көк-Жар айыл аймагынын Алашан айылынын Найман сел сайына сел түшүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун болжол менен 65-чакырымында Найман көпүрөсүн сел суулары басып, унаа жолу унаалар өтүүсүнө жол эки тараптуу жабылган. Азыркы учурда унаа жолдо боложол менен 300 унаа туруп калган.

Н.Исанов айыл аймагыны Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайына сел түшүп, болжол менен 10-15 турак үйдүн короолоруна, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемесине сел суулары кирген. Кара-Булак айылында сайдын жээгиндеги 1 унааны агызып кеткен, Кош-Чан дарыясында 1 ички чарбалык көпүрөнү сел суулары алып кеткен.

Гулистан айыла аймагыны: Тажик-Кыштак айылында Чили-Сай сел сайына сел түшүп, 7-8 турак үйдүн короо сарайларына сел суулары кирип, аталган сайдын көпүрөсүнүн астына сел суулары толуп калган.

Издеп-куткаруу жана тазалоо иштерине ӨКМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
29.06.2024
НООКАТТА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 637 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Саат 00:10го карата маалымат

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине ӨКМден 127 куткаруучу,

Райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 450 адам, 4 жүктөгүч, 11 экскаватор.

Жалпы 637 адам, 19 техника тартылган.

Кошумча маалымат берилет.
VID-20240629-WA0051.mp4
3.9 MB
Видео от АЛЫМБЕК БЕКТУРГАНОВИЧ
29.06.2024
АБШЫР-АТАДАН ЖАРАНДАР ЭВАКУАЦИЯЛАНУУДА

2024-жылдын 28-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн.
Ноокат шаардык N71 ӨККБдан жана Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнөн 10 куткаруучу капитан Акматалиевтин башчылыгында унаасы менен саат 22:02де чыгып, саат 22:50дө жетишип издөө иштерин башташкан. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.

Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, үч чакырым жерди суу алып кетип ошол суудан өтүшкөн.

Суунун аркы бетинде Болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калып калгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Видео от АЛЫМБЕК БЕКТУРГАНОВИЧ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДАН БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА ЖАНА БИР КАТАР АЙМАКТАРДА СЕЛ, ТАШ КУЛОО КООПТУУЛУГУ ЖОГОРУ

29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо жогорулашы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдоосуна ылайык унаа жолдорго сел жүрүү, таш кулоо тилкелери айрыкча
- Бишкек – Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында,

- БООМ капчыгайындагы Бишкек – Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында,

-Балыкчы – Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында,

- Талды-Суу – Аралдын 4-5-чакырымында,

- Мырзаке – Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында,

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында,

- Ош – Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымындарында сел жүрүү, таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР