04.04.2026
ӨКМ УРАН КАЛДЫКТАРЫН РЕКУЛЬТИВАЦИЯЛОО БОЮНЧА ТАРЫХЫЙ МИССИЯСЫН УЛАНТУУДА
Бүгүнкү күндө Министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объекти бар, анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары. Алардын жалпы көлөмү 11 млн метр кубду түзөт.
Калдыктарды зыянсыздандыруу менен аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири долбоорлорду улантууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

🌍ЭКОЛОГИЯНЫ БУЗГАН БУЛ– ЭСКИ ТОР...
ӨКМдин Суучулдар кызматынын 16 жылдык тажрыйбасы бар суучулу Азамат Токтоналиев⤵️

https://www.facebook.com/share/r/1DvTNbHYgK/
04.04.2026
ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖҮКТӨЛГӨН ӨКМ КЕРБЕНИ ӨЗБЕКСТАНГА ЖЕТТИ
КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти.
Жалпы жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө жана ӨК министри Канатбек Чыныбаев өзү көзөмөлгө алууда.
Белгилей кетсек, гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт, алар өз дарегине план боюнча 5-7 күндө жетип барат.
КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР

Суучул Азамат Токтоналиев: Муз жарылып көлмөгө түшүп кеткен эки баланы аман алып калганбыз...
МЧС Кыргызстана
МЧС Кыргызстана
07.04.2026
АР БИР КОМАНДИР — ӨЗ ДООРУНУН ЖҮЗҮ...
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында тоосунда тоңуп, курал кармап, элди жерди коргогондордун курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да болгон.
Мына ушундай коогалаңдан кийин Баткен облусунун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты жана аймакты сактоо, кырсыктан куткаруу максатында 2000-жылдын 25-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Жол айылында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86017 аскер бөлүгү түптөлгөн.
Бул аскердик бөлүк Үчүнчү издөө-куткаруу отряды аталып, жаңы тарых барактарын мындан 26 жыл мурда ачкан.

АК-САЙ АЙЫЛЫН СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛГАН КАНАЛДЫН ЖЭЭГИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынын Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында узундугу 1823 м түзгөн сел өтүүчү каналдын жээги бекемделүүдө.
Айыл тургундарын түйшүккө салган каналдын нугу жыл сайын жүргөн селден улам кумга толуп калган. Аба ырайынын жогорулашынан улам жаандын жаашы кайрадан сел жүрүү кооптуулугун жараткандыктан ишти тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган.
22-мартта башталган жумушка жалпы 2 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылып, арыктын нугун тазалап, жээгин бекемдөө иши апрель айынын ортосунда бүтүрүү каралган. Натыйжада 437 турак жайдан турган жалпы Ак-Сай айылы, 30 гектар айдоо аянты сел каптоо кооптуулугунан коргоого алынат.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы