КР ӨКМ/ МЧС КР
367 subscribers
1.08K photos
363 videos
78 files
83 links
🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий Telegram каналы
—-
Официальный Telegram канал Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики
Download Telegram
Присоединяйтесь к празднованию Дня Спасателя!
Дата: 26 июня 2024 г.
Время: с 17:00 до 20:00
Место: Парк Ала-Тоо, Бишкек

Празднуйте, Учитесь и Участвуйте!
26 июня приглашаем вас в парк Ала-Тоо с 17:00 до 20:00 на специальное празднование Дня Спасателя. Это мероприятие, организованное Министерством по чрезвычайным ситуациям Кыргызстана в партнерстве с «Врачами без границ» (MSF), будет информативным, интерактивным и веселым для всей семьи!
Что будет:
Палатки МЧС:
- Сессии по пожарной безопасности;
- Действия во время землетрясения;
- Оказанию первой помощи.
От MSF:
- Попробуйте себя в роли гуманитарного работника;
- Первая психологическая помощь;
- Управление стрессом;
Зачем приходить?
- Получите ценные знания: Освойте важные навыки и знания по безопасности, которые могут сыграть решающую роль в чрезвычайных ситуациях.
- Взаимодействуйте с экспертами: Пообщайтесь с профессионалами из Министерства по чрезвычайным ситуациям и MSF, задайте им вопросы о их работе.
- Весело и познавательно: Наслаждайтесь разнообразными мероприятиями, разработанными как для образовательных, так и для развлекательных целей для всех возрастов.
- Поддержите гуманитарные усилия: Покажите свою поддержку отважным спасателям и гуманитарным работникам, которые посвящают свою жизнь спасению других.
Кого мы ждем?
- Семьи и людей, заинтересованных в обучении вопросам безопасности и готовности к чрезвычайным ситуациям.
- Студентов и молодых специалистов, желающих получить представление о работе в гуманитарной сфере.
- Всех, кто хочет поддержать и отпраздновать важную работу спасателей и сотрудников экстренных служб.
Не пропустите! Расскажите друзьям и приведите свою семью!
Для получения дополнительной информации свяжитесь с нами по [контактные данные] или посетите наш сайт по [ссылка на сайт].
25.06.2024
БАТКЕН: СЕЛ КАПТАГАН ТУРАК ЖАЙЛАР ТАЗАЛАНУУДА
24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.
Аталган аймактарда селдин кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген. Ал эми Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар ошол учурда коопсуз аймакка көчүрүлүп, учурда үйлөрүнө кайтышууда.
Түнү менен райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
📢📌ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
КУТКАРУУЧУЛАР СИЗДИ "ПАНФИЛОВ" СЕЙИЛ БАГЫНДА КҮТӨТ

26-июнь күнү Бишкектеги "Панфилов" сейил багында ӨКМдин куткаруучулары шаар тургундарын жана меймандарын кайталангыс майрамдык иш-чарага чакырат!

Сиз! Биздин арабызга кошулуу менен, түрдүү кырсыктын алдын алууну, коопсуздук эрежелерин практика жүзүндө колдонууну үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар!

Кызыктуу жана пайдалуу маалыматка бай иш-чара 1-июль – Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Чек арасыз дарыгерлер (MSF) тарабынан уюштурулат.

Башталашы: саат 17:00-19:00.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
ӨКМдин ТИК УЧАГЫН ИЖАРАГА АЛГАН ОКУЯ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Соцтармакта талкууланган тик учак мыйзамдуу жол менен ижарага берилген. Алдын ала жеке жак менен ушул жылдын 21-июнунда 1 саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 662 сом төлөгөн.

Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат.

Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат.

Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот.

Белгилей кетсек, тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат.

Жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат.

Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) пресс-борбору
-------------
Разъяснение поводу аренды вертолета МЧС

Обсуждаемая в социальных сетях аренда вертолета была осуществлена на законных основаниях. Предварительно был заключен договор с частным лицом на один час полета 21 июня этого года, и после оплаты 24 июня состоялся полет продолжительностью 56 минут. За это была внесена плата в кассу в размере 157 662 сома от имени Сабырбекова Афтандила.

Время полета сохраняется в вертолете с точностью до минут и секунд.

В последние годы Министерством чрезвычайных ситуаций было приобретено три типа вертолетов. Помимо использования для государственных нужд, они также используются в коммерческих целях. Расходы на использование вертолетов для государственных и министерских задач покрываются за счет бюджетных средств.

Средства, полученные от аренды вертолетов частными лицами, поступают в государственный бюджет и используются для приобретения новых вертолетов или ежегодного прохождения технического контроля в других странах.

Следует отметить, что если вертолеты не эксплуатируются, то по истечении определенного времени они становятся непригодными для полетов.

Частные лица могут арендовать вертолет "H-125 Airbus" за 157 662 сома в час или вертолет "H-145 Airbus" за 262 770 сомов в час, заключив соответствующий договор.

Желающие арендовать вертолет могут получить подробную информацию на странице в Instagram Государственного авиационного поисково-спасательного учреждения МЧС (aviameskg).

Пресс-центр Министерства чрезвычайных ситуаций
26.06.2024
ОШ: КАФЕДЕН ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан "Алтын" кафесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:20да Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Кошумча саат 17:25де 3 күжүрмөн эсеп, саат 18:27де 2 , 19:51де 1 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылды, жалпы 7 күжүрмөн эсеп жана автошаты иш алып барууда.
Өрт саат 19:04дө чектөөгө алынды.
Кошумча маалымат берилет

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
27.06.2024
ЫСЫКТАН КАНТИП САКТАНАБЫЗ?
ӨKM МААНИЛҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРДИ СУНУШТАЙТ

Аптапта ичкен тамак-аш маанилүү роль ойнойт.
Маселен, күн ысыкта ичтен жылыткан тамактар бал, чочконун майын жебеңиз. Жатар алдында эт, оор тамактардан алыс болуңуз, анткени оор тамактарды сиңирүү дененин температурасын жогорулатып, тердин чыгышын күчөтөт. Денени муздатып, ысыкка ыңгайлашууга жардам берген азыктар курма, банан, бардык жашыл жана ак түстөгү мөмө-жемиштер жана жашылчаларды жеңиз.

Тез бузулуучу тамак-аштардан этият болуңуз.
Аларга бардык сүт азыктары, анын ичинде балмуздак, даяр салаттар, каймак кошулган токочтор, кайнатылган колбаса, жаңы жана туздалган балык кирет. Ошондой эле көчөдөгү күркөлөрдөн эт толтурулган пирожки, самса ж.б. азыктарды сатып алуудан баш тартуу керек.

Суюктук ысык аба ырайында болуп көрбөгөндөй маанилүү.
Анын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Ысыкта организмде тер күчөгөндүктөн, суунун балансы бузулат, ошондуктан күнүнө 3,5 литрден кем эмес суюктук ичүү керек. Таттуу, газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт, алар чаңкоону кандырбай тескерисинче суусоону гана күчөтөт. Жөнөкөй суунун ордуна, курамында суу көп жашылча-жемиштерди алсаңыз болот. Алардын жардамы менен организм витаминдердин жана минералдардын кошумча бөлүгүн алат. Ысык көк чай ысыкта да пайдалуу: жылуулук өткөрүүнү жөнгө салат. Мөмө-жемиш суусундуктарына, ширелерге, минералдык сууларга артыкчылык бериңиз.

Эртең мененки ондон кечки жетиге чейин ысыкта сыртка чыкпаганга аракет кылыңыз. Карыларга жана балдарга өзгөчө көңүл буруңуз. Алардын организми ысыкты жаш жана орто жаштагыларга караганда оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек.
Эгерде сизде саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылыңыз жана физикалык көнүгүү менен алек болбоңуз, бакчадагы физикалык күчтү талап кылган иштерди башка убакытка жылдырыңыз.
Жеңил табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийген жакшы. Ачык түстөр күндүн нурун чагылдырса, кара түстөр аны өзүнө сиңирип алат. Терезелерди жарык чыпкасы же кадимки ак кагаз менен чаптаңыз, бул бөлмөдөгү температураны бир нече градуска төмөндөтөт. Суу процедуралары да пайдалуу, ийиниңизге нымдуу жоолук салып, колуңузду жана бетиңизди ным сүлгү менен сүртүңүз, кездеме кургары менен процедураны кайталаңыз.
Ысык аба ырайында күндүн нуруна каршы профилактикалык чараларды көрүү маанилүү. Күнгө чыкканда жоолук, бейсболка же панама, шляпа болобу дайыма баш кийим кийүү керек. Ысык күндө сыртта уктоо жана узакка жүрүү сунушталбайт.
Эгер адамга ысыкөтүп кетсе, дароо 103 же 112 телефонуна чалып (уюлдук телефондон) тез жардам чакырыңыз. Тез жардам келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жабырлануучуну көлөкө же салкын бөлмөгө алып барыңыз. Аны чалкасынан жаткырып, башынын астына бир нерсе коюп, кийимдерин чечип, денесин сүртүп, жабырлануучуга суу куюп койсо болот. Өзгөчө кырдаалдарда, адам эсин жоготкондо, дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө жабык массаж жасоо сунушталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
-------------------------------------
КАК СПАСТИСЬ ОТ ЖАРЫ ? СОВЕТЫ МЧС

В жаркую погоду питание играет наиважнейшую роль.

В жару не рекомендуется есть продукты согревающие изнутри, например, мед и сало. Перед сном откажитесь от тяжелых продуктов вроде мяса, потому что переваривание тяжелой пищи вызывает повышение температуры тела и усиливает потоотделение. Охлаждают организм и помогают адаптироваться к жаре продукты с легким вяжущим вкусом (хурма или бананы) и все овощи-фрукты зеленого и белого цветов.
Будьте осторожны со скоропортящимися продуктами. К ним относятся все молочные продукты, включая мороженое, готовые развесные салаты, выпечка с кремом, вареная колбаса, рыба — свежая и слабосоленая. Также следует воздержаться от покупки в уличных ларьках любых пирожков и слоек с мясной начинкой.
Жидкость, как никогда важна в жаркую погоду.
Постарайтесь увеличить потребление жидкости. В жару из-за усиленного потоотделения в организме нарушается водный баланс, поэтому нужно выпивать не менее 3,5 литров жидкости в день. Ни в коем случае не пейте сладкие, газированные напитки, они не утоляют, а только усиливают жажду. Обычную воду можно заменить водосодержащими овощами и фруктами. С их помощью, организм получает дополнительную порцию витаминов и минеральных веществ. Горячий зеленый чай тоже полезен в жару: он регулирует теплообмен. Лучше отдать предпочтение морсам, сокам, минеральной воде.

Старайтесь не появляться на жаре с десяти часов утра и до семи вечера. Проявите повышенное внимание к пожилым людям и детям. Им приходится тяжелее всего – их организм реагирует на жару острее молодых и людей среднего возраста. Кроме детей и их бабушек и дедушек, осторожными в летний период следует быть людям, страдающим гипертонической и ишемической болезнью сердца, сахарным диабетом, болезнями щитовидной железы, ожирением, онкологическими заболеваниями, перенесшим инфаркт или инсульт. Если у вас имеется любое из перечисленных заболеваний, постарайтесь как можно меньше бывать на улице, особенно в дневные время, и не увлекайтесь физической активностью, отложив ударный труд на огороде до лучших времен.

Носить лучше одежду из светлых натуральных тканей. Светлые тона отражают солнечный свет, а темные наоборот, поглощают его. Заклейте окна пленками-светофильтрами или обычной белой бумагой, это снизит температуру в помещении на несколько градусов. В меру полезны и водные процедуры, если у вас нет возможности искупаться, положите на плечи мокрый носовой платок, протрите руки и лицо влажным полотенцем, как только ткань высохнет, повторите процедуру.

В жаркую и душную погоду важно принимать профилактические меры против солнечного и теплового удара. На солнце нужно всегда ходить в головном уборе будь то шляпа, косынка, бейсболка или панамка – не важно, главное, чтобы голова была защищена от солнечных лучей. Также не рекомендуется спать на солнце и совершать в жаркое время дня длительные переходы без периодического отдыха.
Если рядом с вами из-за жары стало плохо человеку – немедленно позвоните в скорую помощь по номеру 103 или 112 (с мобильного телефона). До приезда скорой помощи постарайтесь оказать первую помощь – перенесите пострадавшего в тень или прохладное помещение. Уложите его на спину, подложив что-нибудь под голову, расстегните одежду, оботрите тело, можно даже облить пострадавшего водой. В экстренных случаях, когда человек потерял сознание, отсутствует дыхание и не прощупывается пульс, не дожидаясь врача, приступите к проведению искусственного дыхания и закрытого массажа сердца.

ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
27.06.2024

ОШ: ИРИ ӨРТ ТҮНКҮ СААТ 1де ТОЛУК ӨЧТҮ

2024-жылдын 26- июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан "Алтын" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:20да Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 авто шаты, саат 17:25те №13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:35те Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:41де №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 18:15те Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Жалбы 7 бөлүм 1 авто шаты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 ч.м.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
27.06.2024
ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасындагы өрт кырсыгы жана куткаруу иштери боюнча бир күндүк ыкчам маалымат.
Өлкө аймагында 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган:
- Бишкек шаарында – 9;
- Ош шаарында – 2;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
**
ЕЖЕДНЕВНАЯ ОПЕРАТИВНАЯ ИНФОРМАЦИЯ О ПРОТИВОПОЖАРНОЙ ОБСТАНОВКЕ И СПАСАТЕЛЬНЫХ МЕРОПРИЯТИЙ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
За прошедшие сутки на территории республики зарегистрировано 25 пожаров, для тушения огня привлечены 33 пожарных расчетов:
- г. Бишкек – 9;
- г. Ош – 2;
- Ошская область – 2;
- Чүйская область - 7;
- Джалал-Абадская область – 4;
- Иссык-Кульская область – 1.
Со стороны службы спасения осуществлен 1 выезд.
ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ОШ: СУЛАЙМАН-ТООДО КУУРАГАН ЧӨПТӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бүгүн, 26-июнь күнү Г.Айтиев көчөсүндө Сулайман-Тоонун аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:47де Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Кошумча саат 17:20да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, өрт 17:54дө толук өчүрүлгөн.
КР ӨКМ ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ОШ: ИРИ ӨРТ ТҮНКҮ СААТ 1де ТОЛУК ӨЧТҮ

2024-жылдын 26- июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан "Алтын" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:20да Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 авто шаты, саат 17:25те №13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:35те Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:41де №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 18:15те Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Жалбы 7 бөлүм 1 авто шаты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 ч.м.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР