🛤 Бишкек: Темир жол шаардын сыртына чыгарылып, ордуна магистраль курулат
Минкаб жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan ишканасы менен кызматташуу тууралуу меморандум долбоорун жактырды. Бул тууралуу Tazabek басылмасы жазды.
Меморандумга ылайык, Бишкек аркылуу өткөн темир жол шаардын сыртына чыгарылып, анын ордуна кесилишкен көчөлөргө чыга турган тилкелери менен жогорку ылдамдыктагы магистраль курулат.
Документтин авторлору долбоорду ишке ашырууда тараптар «коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук» менен өз ара аракеттешүүсү керектигин белгилешти.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Минкабдын атынан меморандумга кол коюуга, ошондой эле ага «принципиалдуу мүнөздөгү эмес» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу болот.
#кабарлар

Жапаров Түркиянын президентине I даражадагы «Манас» орденин ыйгарды
Сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биримдикти жана достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди.
Жапаров түрк президентине Кыргызстандын жогорку сыйлыгын тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. Ал Эрдоганга аргымак да белек кылды.
I даражадагы «Манас» ордени — өлкөдө эң жогорку сыйлыктардын бири. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө, экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин жогорулатууга салым кошкондорго берилет.
Буга чейин I даражадагы «Манас» ордени менен Түркиянын экс президенти Демирель Сулейман, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казахстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев сыйланган.

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда
ӨКМдин маалыматына ылайык, жоголгон тургундарды куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат. Бүгүн эртең менен издөө иштерине эки дрон менен 26 киши чыкты.
Жакындарынын айтымында, мал кайтарганы кеткен 49 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жашар уулу Бекзат 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Аларды издөө 18-октябрда башталып, эртеси туугандары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.

🎬Кыргызстан Түркия менен биргеликте кино жана сериалдарды тарта баштайт
Бул тууралуу Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкекте өтүп жаткан XI саммитинде билдирди.
Анын айтымында, 5-ноябрда өлкөлөр аудиовизуалдык өндүрүш тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.
«Бул тасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды тартууда Түркия менен кызматташуубузга мүмкүндүк берет. [...] Биз жакында эле Италия менен да ушундай келишимге кол койгонбуз», — деди министр.
Максүтов Кыргызстандын бийлиги киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жыл сайын көбүрөөк акча бөлүп жатканын белгиледи. Быйыл бул максатта бөлүнгөн каражаттын суммасы 1 млрд сомду түздү.
«Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн 2025-жылы тасмалар тартыла турган павильондорду курууну пландап жатабыз. Популярдуу сериалдары менен белгилүү болгон Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп калат», — деп кошумчалады министр.

Аймактарда дыйкан жана малчыларды тейлөө борбору ачылды
Айыл чарба министрлиги Ысык-Көлдүн Каракол шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Оштун Кара-Суу райондоруна чарбачылык кылгандар үчүн маалымат борборун ачты.
Ал жерден фермерлер аймактык мекемелердин адистеринен, «Айыл-Банк» жана «Элдик Банктын» өкүлдөрүнөн кеңеш ала алат. Адистер тургундарды жекече кабыл алып, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт.
«Борбордон дыйкан, фермерлер урук жана көчөт тандоону, эмнени өндүрүү, даяр азык-түлүктү кайда сатуу керектигин жана мамлекеттен кандай колдоо көрсөтүлөрү тууралуу маалымат алса болот», — дешти мекемеден.
Буга чейин айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган жайлар калкты тейлөө борбору сыяктуу иштей турганын билдирген. Долбоор эми Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында да ишке киргизилет.