Kloop кыргызча
914 subscribers
13.8K photos
781 videos
8 files
20K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Президент блогердин уранды иштетүү боюнча видеосуна жооп кайтарды

Садыр Жапаров казакстандык блогер Анастасия Ахметованын Ысык-Көл облусундагы уранды иштетүү боюнча видеосунда айткандары «чындыкка дал келбей» турганын билдирди.

Видеодо Ахметова орусиялык саясат таануучу Никита Мендковичтин инсайдердик маалыматына таянып, «Ротшильддердин француз бөлүмү Кыргызстанда уранды иштетүү укугун алууга ынтызар» деп билдирген.

Ротшильддер - банкирлердин жана финансчылардын белгилүү европалык династиясы.

Блогердин айтымында, сүйлөшүүлөргө Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен атайын кызматтары, ал эми кыргыз тараптан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Эдил Байсалов катышууда.

Президент бул видеону тышкы күчтөрдүн өлкөнү туруксуздаштыруу аракети деп атады. Анын айтымында, уранды казып алуу боюнча эч кандай иш пландалган эмес – титаномагнетит гана казылып алынат, анда урандын 0,17% гана болушу мүмкүн.

«Урматтуу мекендештер ак караны, дос душманды ажырата билиңиздер. Азыркы оомал төкмөл дүйнөдө интрнетке чыккан ар кандай маалыматтарды тыкыр талдап анан кабыл аласыздар деп кайрылып отурам. Тышкы душмандын айткан сөзүнө ишенбейли, алданбайлы. Биз баарыбыз өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашышына жол бербейли», — деди Жапаров.

Учурда парламентте уран кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Муну минкаб сунуштап, 2020-2023-жылдардагы экономикалык олку-солкулуктан кийин өлкө кирешенин башка булактарына муктаж деп эсептейт. Буга чейин бийлик Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин торий жана уран кендери менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

#кабарлар
ПРООН: Кыргызстан адамзатынын дарамети жогорку деңгээлде болгон өлкөлөрдүн катарына өттү

Кыргызстан 2022-жылы Адамзаттын өнүгүү индексинде (АӨИ) адамдык өнүгүүнүн деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн категориясына киргизилген. Бул тууралуу 21-майда Адамзаттын өнүгүүсү жөнүндөгү глобалдык баяндаманын презентациясынан белгилүү болду.

ПРООНдун басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылы өлкө Адамзаттын өнүгүү индексинде 117-орунга көтөрүлгөн. 2021-жылы Кыргызстан бул индекстин 118-орунунда турган, ал эми 2020-жылы 121-орунда болгон.

«Бул секирик улуттук дүң кирешенин (УДК) калктын жан башына 5,27%га өскөнү жана өмүрдүн күтүлгөн узактыгы 2021-жылы 69,89 жаштан 2022-жылы 70,48 жашка чейин көбөйгөнү менен шартталган», — деп билдиришти уюмдан.

УДКнын калктын жан башына өсүшү жана өмүрдүн күтүлгөн узактыгынын көбөйүшү айрыкча аялдардын арасында байкалганы белгиленет, бул, ПРООНдун пикиринде, «гендердик теңчиликти камсыздоодогу прогрессти көрсөтүп турат».

Адамзаттын дараметинин өнүгүү индекси — бул өлкөдөгү адамдын өнүгүү деңгээлинин жыйынды көрсөткүчү. Буга экономикалык гана көрсөткүчтөр эмес, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоонун сапатына жана адамдык капиталдын өнүгүүсүнө таасир эткен факторлор кирет.

#кабарлар
Президент балдарды зордуктагандык үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду

Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстерге ылайык, мындан ары соттор балдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштар үчүн жашы 60тан өйдө адамдарды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдөрдү чыгара алат. Мурда кодексте кылмыш жасаган учурда жашы 60ка жеткен курактагы адамдарды өмүр бою эркинен ажыратканга жол бербеген ченем бар болчу.

Мындан сырткары, эми балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш иштери боюнча судьялар жаза дайындабай туруп айыптоо өкүмдөрүн чыгара албайт.

Балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамдар буга чейин да кабыл алынган. Алсак, 2022-жылы балдардын жыныстык кол тийбестигине жана адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар үчүн эркиндиктен ажыраткан мөөнөттү көбөйткөн түзөтүүлөр кабыл алынган. 2024-жылдын башында да дагы бир мыйзам кабыл алынган, ал зордуктоо боюнча кылмыш иштерди тараптар элдешкен күндө да жапканга тыюу салат.

#кабарлар
Ысык-Көл: Кызыл-Өрүк айылында үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

Райондук милициянын маалыматына ылайык, 23-майга караган түнү өспүрүмдөрдүн бири таятасынын Daimler Chrysler унаасын уурдап чыккан. Айдоочу Кызыл-Өрүк айылынын чыгыш тарабындагы «Улан» эс алуу жайына бараткан жолдо рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен.

«Азаттык» айылдагы тургундарга таянып, балдар 12 жана 14 жашта болгонун жазды. Унааны алардын кимиси айдаганы белгисиз. Азыркы тапта териштирүү иштери жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматына ылайык, быйыл 1-январдан 17-мартка чейин өлкөдө 1 173 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 82 адам каза болуп, дагы 1 673 киши жаракат алган.

#кабарлар
Таласта 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы тургун кармалды

Облустук милициянын 23-майдагы маалыматына ылайык, Айтматов райондук милициясына 15 жаштагы кыздын боюна бүтүп калганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу кыздын апасы да милицияга арыз жазган.

Райондук милиция окуяны каттоого алып, «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Текшерүү учурунда кыздын 26 жумалык боюнда бар экени аныкталган. Шектүү катары 31 жаштагы тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

#кабарлар
Кадамжай: Майыптыгы бар аялын сабап өлтүргөн тургун 13 жылга кесилди

22-майда Баткендин Кадамжай райондук соту айыпталуучуну «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү», «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратты.

Андан тышкары айыпталуучуга 30 миң сом айып тагылып, жабырлануучуга моралдык зыян келтиргени үчүн 100 миң сом кенемте өндүрүлдү.

Кадамжайдын Масалиев айылында 23 жаштагы келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу үстүбүздөгү жылдын январында белгилүү болгон. Кылмышка шектелип анын жолдошу кармалган.

«Турмуш» басылмасы маркумдун жакындарына таянып, шектүү аялын үч күн сабап, келин качып баратканда көчөдөн өлтүргөнүн жазган.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Талас: Аялды жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Бул тууралуу 24-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-майга караган түнү 00:37 чамасында милицияга Талас облусунун Айтматов районунундагы Ак-Башат айылында адам өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине барган милициянын ыкчам тобу 27 жаштагы аялдын жана анын 4 жаштагы кызы менен 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн табышкан. Алар күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Окуя Айтматов РИИБде катталып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка далил катары сайсыз ок атуучу курал жана балта табылган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Окуяга шектүү катары буга чейин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен соттолгон ошол эле айылдын 52 жаштагы тургуну качып кетүү максатында тоодо жашынып жүргөн жеринен табылып, кармоо учурунда жок кылынды.

#кабарлар
Аскат Жетигендин абакта кыйноого кабылганын иликтөө уланууда

Бул тууралуу «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып жазды.

Анда Аскат Жетигендин арызы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ишти Аскер прокуратурасы териштирип жатканы айтылат.

Ал эми 23-майда Жазаларды аткаруу кызматы «Клоопко» тергөө абагында отургандарга карата кыйноолорду колдонууга «таптакыр жол берилбесин жана алар укук коргоочулардын көзөмөлүндө экенин» айтып, «Аскат Жетигендин абакта кыйноого кабылганы чындыкка дал келбейт» деп билдирген.

Андан сырткары Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу «арыз жазбаганын» белгилешкен.

Буга чейин, «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренелери менен айыпталып жаткан акын Аскат Жетиген 23-майдагы сот отурумунда, мекеменин кызматкерлери аны үч күн кыйноого алганын айтып, бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматына жана акыйкатчыга кайрылганын билдирген.

#кабарлар
ИИМ чыгып кеткен чет элдиктердин бир бөлүгү кайра Кыргызстанга кайтып жатканын билдирди

ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев өлкөдөн чыгып кеткен чет элдиктердин бир бөлүгү кайра Кыргызстанга кайтып жатканын билдирди. Анын айтымында, эки-үч күн ичинде республикага Пакистандын 338, Индиянын 13, Бангладештин 71 жараны кирген. Алардын кээ бири иштеген ишине, башкалары окуусуна кайткан.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын майына карата беш миңден ашык чет элдик иштегенге уруксат алган. Ал эми ТИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Бангладештин 369, Пакистандын 6223 жана Индиянын 5376 жараны окуйт — студенттер.

Бишкекте 18-майдын түнүндө улуттар аралык мүнөздөгү тополоң болгон. Андан улам жүздөгөн пакистандык студент жана жумушчулар коопсуздугун ойлоп, өлкөдөн чыгып кеткен.

#кабарлар
Чет өлкөлөрдө жалпы 586 миңден ашык кыргызстандык миграцияда

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 24-майдагы Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

«Көпчүлүк жарандарыбыз Орусияда жүрөт — 411 миң 226, Казакстанда — 65 миң, Түркияда — 60 миңге чейин, АКШда — 36 миң, Түштүк Кореяда — 14 миң», — деди министрдин орун басары.

Андан сырткары чет өлкөдө кыргызстандыктардын жалпы 198 диаспора уюму болсо, алардын эң көбү — 135 уюм КМШ өлкөлөрүндө экени белгиленди.

#кабарлар
ИИМ Таластагы үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча окуянын чоо-жайын айтты

Таласта 24-майга караган түнү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы аялдын жана анын 4 жаштагы кызы менен 2,5 жаштагы уулунун сөөгү табылган. ИИМден окуяга ага-ини ортосундагы мүлк талашуу себеп болгонун билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы эки бир тууган ортосунда мүлк талаштан улам чыр чыгып, натыйжада агасы инисине бычак менен кол салып, аны өлтүрүү аракети ишке ашпай калган.

Бул факт боюнча шектүү ошол жылы мартта «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде 8 жылга эркинен ажыратылып, өткөн жылы март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробациялык көзөмөлгө чыккан.

Шектүү өч алууну көздөп 23-май саат 23:00 чамасында инисинин үйүнө барган. Анын үйүндө жок экенинен пайдаланып, инисинин аялын жана балдарын мыкаачылык менен өлтүргөн. 24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында аял жана анын эки баласынын сөөгү табылып, шектүү кармоо учурунда жок кылынган.

#кабарлар
Ташиевдин уулу улуттук футбол курамында дебют кылышы мүмкүн

19 жаштагы Эмир-Хан Кыдыршаев 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү үчүн футбол боюнча улуттук курама команданын кеңейтилген курамына кирди.

Кеңейтилген курамга жалпысынан 33 оюнчу кирип, 27-майдан 4-июнга чейин Жалал-Абад шаарында машыгуу мелдештерин өткөрүшөт. Аягында алардан 23 оюнчу тандалып алынат.

6-июнда Кыргызстандын курама командасы Бишкекте Малайзия менен ойнойт, ошондой эле 11-июнда Оман менен беттешет.

Эгерде УКМКнын башчысы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиевдин уулу ушул беттештердин биринде ойносо, анда ал Эмир-Хан Кыдыршаевдин негизги курамадагы дебюту болот.

#кабарлар
ФКК: «Крокустагы» теракт иши боюнча 20дан ашык адам кармалды

«Крокус Сити Холлдогу» теракт иши боюнча аткаруучулар жана көмөкчүлөрдү кошуп, 20дан ашык адам кармалды. Бул тууралуу 24-майда КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин башчыларынын жыйынында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) директору Александр Бортников айтты.

Ал Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын кызматтары
ФККга көмөктөшүп жатканын белгиледи.

«Кол салууга катышкан төрт адамдын ичинен экөө Орусияга терактка чейин эле Түркиядан келген. Кармалгандардын бирөө 4-мартта келгенин моюнга алды. Анын айтымында, ага адамдарды өлтүрүү үчүн жарым млн рубл сунушташкан экен», — деди ал.

Москванын жака белиндеги «Крокус Сити Холл» концерттик залына кол салуу 22-мартта болгон. Анда кеминде 145 адам набыт болгон. Терактан кийин бүткүл Орусияда мигранттарга карата жапырт агрессия актылары, анын ичинде текшерүү, кармоо жана депортациялар башталган.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мамлекеттик борбор ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы «Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам берүүчү “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик борборунун» имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу министрликтен 24-майда билдиришти.

«Бул борбордун максаты — зордук-зомбулуктан аман калган кыз-келиндер үчүн зарыл болгон жардамга жетүүнү жеңилдетүү жана керектүү колдоону түзүү. Борбордо медициналык, консультациялык, юридикалык, психологиялык жана социалдык кызматтарды бириктирген квалификациялуу адистер иштешет. Бул жерден тергөө иштерине жардам алууга болот»,
— деди министр Гүлнара Баатырова.

Маалыматка ылайык, аталган борбордо медициналык текшерүү, психологиялык колдоо көрсөтүү, соттук-медициналык бөлмөлөрү бар. Ошондой эле тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Gizella эл аралык күзгүсү, тергөө үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган.

Аталган борбор тиешелүү нормативдик-укуктук актылар макулдашылгандан кийин пайдаланууга берилет.

#кабарлар
Жалал-Абад: Милиция чет өлкөлүк студент кызды коюп кеткен айдоочуга иш козгоду

Бул тууралуу 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-майда Жалал-Абад облусунда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Жабырлануучу Индиянын жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Факты боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

25-майда окуяга шектүү айдоочу кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

«”Жазыктык куугунтуктоону ишке ашыруу милдети” беренесине ылайык, эгерде аталган кылмыш иши көз каранды же өз укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган алсыз адамга карата жасалса, тергөөчү, прокурор жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок болгон учурда да кылмыш ишин козгойт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 23-майда фейсбук колдонуучусу Раушан Айткулова аталган окуя боюнча президентке кайрылып, абалды көзөмөлгө алууну суранган.

Анда ал, Жалал-Абад университетинин медицина факултетинин студенти, индиялык Тарнам Кханды бир нече күн мурда унаа коюп кетип, башына операция жасалгандан кийин, комада жатканын айткан.

«Таң калычтуусу азырынча милиция кылмыш ишин козгой элек. Себеби – жабырлануучу тараптын арызы жок. Мен бул нормалдуу эмес деп ойлойм. [...] Ал көп жашабашы мүмкүн. Мүмкүн ал майып бойдон калаар. Анын өмүрүн, ден соолугун, коопсуздугун, укугун ким коргойт?» — деп билдирүү калтырган Айткулова.

#кабарлар
Асман шаарынын курулушу июнда башталат — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 26-майда Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушу он чакты күндө башталып каларын билдирди. Ал курулуш иштеринин кечеңдеп жатканын долбоорго айрым өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүрдү.

«Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, “жашыл шаар” салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. [...] Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз», — деди Жапаров.

Асман шаарынын капсуласы 2023-жылы жайында эле куюлган. Андан бери анын жумушчулар үчүн жатаканасы эле курулган, бирок ал ада аягына чыккан эмес. Бийлик шаарды 7-10 жылда куруп, ага 20 млрд доллар коротууну пландап жатат.

#кабарлар
Акыйкатчы: Маморгандар аялдарды пробация менен бошотулгандардан коргоо үчүн чара көрүшү керек

Бул билдирүүсүн акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунда пробациялык көзөмөлгө коё берилген киши тарабынан өлтүрүлгөн аялдын жана анын эки баласынын өлүмүнө комментарий берип айтты.

Акыйкатчынын маалыматына ылайык, өлкөдө балдарга жана аялдарга карата зомбулук өсүп жатат. Ал сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен «тез арада» пробацияны колдоону маселесине көңүл бурууну талап кылды.

«Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандардын алдына келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес», — деп белгиледи ал.

Жаманбаева маморгандарды «коомду жана зомбулуктан жапа чеккендерди пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн» бардык чараларды көрүүгө чакырды.

#кабарлар
Kloop кыргызча
Сот блогер Али Эргешевди үй камагына чыгарды Бейбаштыкка шектелип кармалган блогер, «Эл билсин» долбоорунун автору Али Эргешев Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 13-мартка чейин үй камагына чыкты. Эргешов 13-февралда ИИМ тарабынан өткөн жылдын…
Сот блогер Али Эргешевди 70 миң сом айыпка жыкты

Жалал-Абад шаардык соту «бейбаштыкка» шектелген блогер, «Эл билсин» долбоорунун автору Али Эргешевди күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты. Маалыматты «Клоопко» шаардык соттон тастыкташты.

Эргешов 13-февралда бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Манас» аэропортунан кармалып, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 15-февралда үй камагына чыгарылган.

ИИМден Эргешевге «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иш козголуп, буга чейин издөөдө жүргөнүн билдиришкен. Ал эми блогер инстаграм барагына сүрөт, видео жарыялап, бул жагдай блогерлик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана мыйзам бузбаганын айткан.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM