Kloop кыргызча
926 subscribers
14K photos
801 videos
8 files
20.1K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Бишкек — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди.

«Спутник» маалымат агентиги көз жумган жаран ырчы Бекжан Темирхан экенин жазды. Маалыматка караганда, унаа 100 метр бийиктиктен Чүй суусуна кулап түшкөн.
https://bit.ly/3Exmhjr
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап жатат.

Карасартова активист, саясатчыларга козголгон иш өлкөнүн тарыхта калат деп белгиледи.

«Биздин кыймыл аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Конституцияда каралган укугубузду пайдаланып, жыйын уюштурганбыз. Бардыгы чечилет», - деди ал.

Карасартованын жактоочулары эки судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия судьяларды иштен четтетүүгө эч кандай негиз жок деп тапты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад боюнча кармалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын карап жатат.

Анын жактоочусу Асанбеков 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялап, ага операция жасалганын айтты. Учурда Асанбековдун абалы оор экенин белгиледи.

«Эч кандай комитетке мүчө эмес. Кармалгандардын арасынан Равшан Жээнбековдон башкасын тааныбайт. Анын үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Бул иш боюнча 37 тергөөчү алектенип жаткан экен. Алардын бирөө да тергөө иштерин жүргүзүшкөн жок. Асанбековдун кандайдыр бир талкууга катышканы тууралуу бир да далил жок», - деди ал.
Kloop кыргызча
Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап жатат. Карасартова активист, саясатчыларга козголгон иш өлкөнүн тарыхта калат деп белгиледи. «Биздин кыймыл аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Конституцияда каралган укугубузду…
Рита Карасартова камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованы 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Карасартова ага карата иш мыйзамсыз козголгонун айтты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нурлан Асанбеков 10 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ошондой эле ал кызын жана апасын жалгыз багып келгенин белгиледи.

«Азыркы учурда акыркы акчабыздан өйдө алып коюшту. Кызым жеке мектепте окучу, анын эсебин дагы бөгөттөшүптүр. Эки банкта кредитим бар, алар да төлөнбөй калды»,- деди ал.
Активист Адилет Балтабайга үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-ноябрда «Массалык башаламандыкка чакырык жасоого» айыпталган активист Адилет Балтабайдын ишин карады. Сот аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошол эле маалда үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотту.
https://bit.ly/3NZJZaV
Кыргызстандык математик Алтай Бөрүбаев дүйнөлүк илимий ачылыш жасады

Академик Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 10-ноябрда фейсбук барагына жарыялады.

https://bit.ly/3G7Exkz
Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап жатат.

Анын жактоочусу Молдокматовго кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт.

«Тергөөчүлөр токтомду шашып жазышкан. Бардык кармалгандардын токтомдору бирдей. Копьютерге салып үтүр, чекитинен бери көчүрүп коюшкан. Абакта кармоого жетиштүү негиз жок»,- деди ал.

Молдокматовго «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Сүрөт: kloop
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Жеңиш Молдокматовду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Ага «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Молдокматов ага карата иш мыйзамсыз козголгон деп билдирди. Ал өлкөдө мыйзамдуулук жок экенин жана бийлик «өз оюн эркин айткандарды түрмө менен коркутуп жатканын» айтты.

Видео: Kloop
Укук коргоочу Клара Сооронкулова менен коррупцияны мойнуна алган кыргыз бажысынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун соттук отуруму. 11-ноябрда шаардык сот Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Сооронкулова баштаган 20дан ашык активисттер менен саясатчыларга «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылган.
Ноокатта жергиликтүү кеңештин депутатынын унаасын бензин чачып өрттөп кетишти

8-ноябрь күнү Ноокат районунда белгисиз адамдар жергиликтүү кеңештин депутаты Орозали Исаковдун унаасын өрттөп кетишти.

Исаков аталган окуя анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал экенин айтты.

https://bit.ly/3G83KLq
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарды

Бишкек шаардык соту Нурлан Асанбековду 20-декабрга чейин үй камагына чыгарды. Сотко тез жардам чакырылды.

Асанбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.

Ага карата «массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген айып тагылууда.

Видео: Kloop
Аксы: Милиция аялын сабап, баласын уурдап кеткен кишиге кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда такай аялын сабап жүргөн киши экөөнүн ортосундагы баласын уурдап кеткенин укук коргоочу Камил Рузиев айтты.

Анын кабарлашынча, аял милицияга үй-бүлөлүк зомбулук жана баласы уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылган, бирок укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

https://bit.ly/3fUUdgh
Бишкектен Домодедово аэропортуна конгон жүргүнчүлөрдүн 4 млн долларын уурдап кетишти

Москванын Домодедово аэропортунда 10-ноябрь күнү белгисиз адамдар Бишкектен учуп келген эки жүргүнчүнүн 4 млн доллар накталай акчасын уурдап кетишти.

Полициянын маалыматына ылайык, Бишкектен Москвага учуп келгендер менен аларды тосуп алгандарга беткап кийип, куралданган адамдар кол салган. Автомат такап коркутуп, акча салынган сумка менен чемоданды алып, аларды тоскону келген бир канча кишини унаага салып, окуя болгон жерден из жашырышкан.

https://bit.ly/3EqPo7X
«Бишкек жарык» ишканасы мамлекетке 74 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы мамлекеттик бюджетке ири суммадагы зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу 11-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
https://bit.ly/3DWTJhv
Массалык камоолор: Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарып, калгандарын абакта калтырды

11-ноябрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу иштин алкагында кармалган активисттер менен саясатчылардын бөгөт чарасын карады. Сот кармалгандардын бирөөсүн гана үй камагына чыгарып, калгандарын 20-декабрга чейин абакта калтырды.

Кармалгандар «Кылмышка даярдык көрүүгө» жана «Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталууда.

https://bit.ly/3Tw5m4R
Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы атайын элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 11-ноябрда кол койду.

Казакбаевге чейин бул кызматты Кубанычбек Өмүралиев аркалаган. Ал Самарканддагы кеңешмеде Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды.
https://bit.ly/3hCQswd
Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарда» калыстар тобунун баш байгесин жеңди

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскар» (Asian Pacific Screen Awards) кинофестивалында калыстар тобунун гран-присин жеңди.

Сыйлык тапшыруу аземи Австралиянын Голд-Кост шаарында өттү. Сынакка «Эсимде» тасмасы «Мыкты фильм», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты роль жаратуучу» номинациялары боюнча катышкан.
https://bit.ly/3hFTf7S
Чыңгыз Айтматовго Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземи Түрк мамлекеттер уюмунун Самаркандда өткөн тогузунчу кеңешмесинде өтүп, аны Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго тапшырды.
https://bit.ly/3E4RCIr
Бекешев: Жакында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялайт

Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялайт. Бул тууралуу 11-ноябрда депутат Дастан Бекешев твиттер барагына билдирди.
https://bit.ly/3TqT79z
«Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара талап кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 11-ноябрда билдирди.
https://bit.ly/3O0kjek