Kloop кыргызча
930 subscribers
14.3K photos
839 videos
8 files
20.5K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
ИИМ: Тогуз айда мал уурулук боюнча 629 кылмыш иши катталып, 256 ууру колго түштү

Өлкөдө быйылкы жылдын тогуз айында мал уурулук боюнча 629 кылмыш иши катталды.

Маалыматка ылайык, мал уурулук боюнча 422 кылмыштын бети ачылып, жалпы 256 ууру колго түштү.
https://bit.ly/3A9xXpD
Сузак: Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда айыл өкмөттүн мурдагы башчысы менен орун басары жерлерди жеке турак жай үчүн мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды.

Шектүүлөр жер тилкелерин бөлүштүрүп берүү боюнча токтомдорду мыйзамсыз жасап, тургундардан акча алганы белгилүү болду.

https://bit.ly/3TwEemb
Украин армиясы Херсон шаарын орус армиясынын курчоосунан бошотту

Украин армиясы орустар басып алган Херсон шаарын курчоодон бошотту. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул күндү «тарыхый күн» деп атап, шаардагы орусиялыктарды багынып берүүгө чакырды.

https://bit.ly/3WZnYNJ
Бийлик аялдардан коркот — экс-депутат Наталья Никитенко массалык камоолор тууралуу

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилиши боюнча бийликтин аракетин сындаган аялдардын камакка алынышы тууралуу пикирин билдирди.

Ал «бийликтин элден коркуп жатканы түшүнүктүү» экенин айтып, ага «бюджеттеги олчойгон таңкыстыкты, баалардын өсүшүн, инфляцияны, аманаттардын арзандашын жана коррупцияны» мисал келтирди.

https://bit.ly/3WZGlSE
«Хизб ут-Тахрир» уюмунун «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды

«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылткан «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 12-ноябрда билдирди.
https://bit.ly/3EszNob
Жапаров тааныш салып же акчага айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей турганын айтты

12-ноябрда президент Садыр Жапаров тааныш салып же акчага айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей тургандыгын айтты. Ал мындай аракеттерге баргандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Жапаров «Унаа» мамлекеттик ишканасында жана күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлер «айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкандарына белекке берип келгени эч кимге жашыруун эмес» деп белгиледи.
https://bit.ly/3hEIhzv
Кыргызстандык балбандар самбо боюнча дүйнө чемпионатында төрт медаль утушту

13-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар төрт медаль утушту. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан билдиришти.

https://bit.ly/3EpFmUu
Салык кызматы чет элдик компаниялар салык төлөбөй жатканын билдирди

Кыргызстандын салык кызматы чет элдик компаниялар, анын ичинде Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon бир жылдан бери «Google салыгын» төлөө талабына көңүл бурбай жатканын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы бир жыл бою чет элдик компанияларга электрондук почта аркылуу расмий кат жөнөтүп, бирок жооп ала элегин белгиледи.
https://bit.ly/3g3POro
«Рактан кийинки жашоо». Илдетти жеңген айымдар тууралуу документалдуу тасма

«Рактан кийинки жашоо» — бул рак илдети тууралуу фильм, бирок анда өлүмдөр тууралуу сөз болбойт. Фильмдин башкы каарманы Шайыр Сагынбаева илдетти жеңип, өзүнө башкаларга тирек болом деп сөз берген: «Дарыланууга акчанын жогунан адамдар көз жумушун каалабайм» — дейт ал, тигүүчү машинесин бурап. Интервью берип жатып да Шайыр ишинен алагды болгон жок, анткени жаңы жашоосунда ал убакытты текке кетирбейт.

https://bit.ly/3UTOfLg
Жалал-Абад облусунда 23 млн сомго бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылында 23,4 млн сомго бала бакча курулат. Бала бакча курууга конкурсту айыл өкмөтү жарыялаган.

https://bit.ly/3E8vgG4
Кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясы ишке кирди

Саламаттык сактоо министрлиги адамды папиллома вирусуна каршы эмдөө маселелери боюнча түз байланыш линиясын ишке киргизди. Маалымдалгандай, call-центр күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

https://bit.ly/3E6LEH4
Бир кадр менен: Автоунаалар жана коомдук транспорт шаарда канча аянтты ээлейт?

Бишкекте Urban HUB Bishkek’тин катышуучулары «50 унаага караганда 1 автобус артык» деп аталган акциясын өткөрүштү. Бул акция менен урбанисттер транспорттун түрүнө жараша шаардын аянты кантип колдонулуп жатканын көрсөткүлөрү келген.

«50 автоунаа жолдун 600 чарчы метр аянтын ээледи. Ошол эле учурда, бир автобус болгону — 30 чарчы метрге батты», — деп жазышты активисттер.

https://bit.ly/3g10RBx
ИИМ аялдар менен кыздар үчүн SOS баскычын ишке берүүгө камынып жатат

ИИМ өлкөдө пилоттук тартипте кыздар жана аялдар үчүн SOS баскычын ишке киргүзүүгө камынып жатат.

SOS баскычы эгер кыздар менен аялдардын укуктарына каршы аракеттер болуп жатса айгай салуу жана тез арада милицияны чакыртуу үчүн иштелип чыккан.

https://bit.ly/3UBn4Fl
Кумтөр иши. Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калды

«Кумтор Голд Компани» компаниясынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды.

Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Бөлтүрүктүк жактоочусу Кайсын Абакиров чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанганын билдирди.

https://bit.ly/3URJlyl
Президенттик администрация «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Юристтер бул мыйзам долбоору кабыл алынса кандай тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн экенин айтып беришти.

📎
https://bit.ly/3FEGJjc