Каныбек Осмоналиев, мурдагы билим берүү жана илим министри:
“Эмне үчүн жасалма дипломду алган киши жазаланыш керек да, жасалма дипломду берген киши жөн эле калып калыш керек? Эгер жакшылап текшере турган болсо ректорлордун жарымын жөн эле камап койсо болот. Текшериш оңой эле. Башка маселе ага саясий эрк керек”.
@Azattykta

Жусупжан Жээнбеков Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору:
"Эми чынын айтканда баягы 24-мартка чейин мен эч кандай буйруксуз эле, элдин эле батасы менен губернатор болуп отургам. Анан 24-мартта эл бийликти жеңип омкоргондон кийин, Акаев кеткенден кийин Курманбек Салиевич токтом чыгарды, губернатор деп".

Эркингүл Иманкожоева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты:
“Экологиялык доодон баш тартуу дегендин өзү коркунучтуу нерсе. "Центерра" уулуу калдыктарды таштап, жерди ууландырып таштап кетип жатат. Менимче, булар кеткенине сүйүнүп жатат. Кудай сактасын, эгерде уулуу калдыктарды сактаган жай жылып, же жарылып кетсе, Петров көлү жарылып кетсе Кыргызстан эле эмес, Орто Азия үчүн да эң коркунучтуу апаатты алып келет”.

Нур-Султан Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды тааныбайт. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди “Азаттыкка” билдирди.
5-апрелде өкмөттүн жыйынынан кийин казак президентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменовдун билдирүүсүнө комментарий берген министр “Луганск жана Донецк элдик жумурияттарын тааныбайбыз” деп айтты.

Орозбек Молдалиев, коопсуздук маселелери боюнча эксперт
"Жасалма диплом алгандар көп эле. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылыштарынын депутаттарынын деле дипломдору жасалма болуп чыгып калып жатпады беле. Бул саясий өнөктүккө окшогондой болуп жатат. Себеби, кээ бир учурларда аягына чыкпай эле калып жатпайбы. Баланчаныкы, түкүнчөнүкү диплому жасалма экен деп эле, анын аягы эмне менен бүткөнү билинбей калып жатпайбы. Муну Билим берүү министрлигине тапшырып, ошолор эле жасаса болот".

Акылбек Жапаров: Акцияга чыккандарды мыйзамсыз кармаганы үчүн ИИМ жооп берет
Бишкектеги Горький гүлбагында өткөн Украинага тилектештик акциясынын катышуучуларын мыйзамсыз кармаганы үчүн Ички иштер министрлиги жооп берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, мыйзамдын талаптарын аткарууда өкмөт кош стандарттуулукка жол бербейт.
"Баарына бирдей тартип, бирдей мыйзам иштеп жатат жана иштейт. Бирок мен айрым жарандарга кайрылгым келет: бирөөнүн тилине кириппи, балким, эси жоктугунанбы же азыркы кырдаалды сезбегени үчүнбү, айрым туура эмес кадамдарынын кесепети бүткүл кыргызстандыктарга тийбегендей болушу керек",-деди Жапаров.

Акылбек Жапаров: Министр Бейшеналиев боюнча жакында чечим кабыл алабыз
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын билдирди. Ал министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдады.
"Ар бир атуул, ошонун ичинде өкмөткө жумушка кирген адам, министрлер кынтыксыз иштеши керек. Адам баласынын аброюна шек келтирбеши керек. Биз, мен дагы, президент дагы ал кишиден (Бейшеналиев - ред) "улуу киши экенсиз, жүрүм-турумуңузду оңдоп, оюңуздун баарын айта бербей мыйзамдын чегинде иш алып барыңыз, реформаларыңызга эч ким тоскоол болбойт" деп айтканбыз. Бирок биз анын реформаларын да карайбыз, жакында чечим кабыл алабыз", -деди өкмөт башчы.

Амангелдиев: Казак тарап милдеттенмесин аткарбай жатат
Кыргызстан кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу жүздөгөн машиненин тыгыны пайда болушуна негизинен Казакстан себепкер деп эсептейт. Бул тууралуу 18-апрелде “Азаттык” радиосуна экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Амангелдиев бүгүнкү күндө кыргыз-казак жумуш тобу өткөрмө бекеттеги абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кошумчалады:
“Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Бул Казакстан тараптан болуп жатат. Бир тараптуу. Өзүнүн милдеттенмелерин аткарбай жатат. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн, премьер-министрибиз февраль айында барып жүргүзгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы жетишкендиктерди бир тараптуу аткарбай жатышат”.
Амангелдиев кыргызстандык ишкерлер чек арадан өтүү эрежелерин аткарбаган учурлар да бар экенин кошумчалап, ЕАЭК бекеттеги жагдайды тоскоолдук деп тааныганын белгиледи.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова: Балдарга эртең менен же кечинде зыяндуу шоколад, балмуздак бергендин ордуна мөмө-жемишти блендерден өткөрүп, таттуу смузи жасап берген алда канча пайдалуу. Ата-энелер балдарына туура тамактануу көндүмүн өздөрү баштап бергени дурус. Ошол эле бананды айранга аралаштырып чалып туруп тоңдуруп койсо, сонун балмуздак болуп калат.
Азаттык Υналгысы
"Балдарга зыяндуу заттар кошулган азыктар берилип жатат"
Кыргызстанда пальма майы менен жасалган таттуулар, балмуздак кеңири сатылып, өсүп келе жаткан балдар арасында ашыкча салмак, жугуштуу эмес оорулар көбөйүүдө.
Жанар Акаев: Ширшов Орусиядан миллиондогон рублдерди алып келип, башка өлкөгө адалдап берип жатат деген кептер бар
“Мага тынчсызданган булактар кайрылды, алар азыр Алексей Ширшов Кыргызстанда акча адалдоо боюнча чоң иштерге аралашып жатат, схема түзүп Орусиядан миллиондогон рублдерди алып келип, бул жактан банктардан евро менен доллар алып, башка өлкөгө адалдап берип жатат деп жатышат. Мен кайсы банкка канча акча которулуп келгенин, кайсы коомдук бирикмеге келип түшкөнүнөн бери билем. Бирок Улуттук банк менен Чалгын кызматы банк ишмердигинин купуялуугу деп маалымат бере албайбыз деп жатат”.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө (11-май, 2022-жыл.) айтты.

Медер Алиев: Алексей Ширшов эртели кеч кыргызга кылган кыянаттыгы үчүн жооп бериши керек
“Бул сөздү айтсам Американы деле ачкан болбойм, Ширшов ууру. Тунгуч президенттин жакындары Аскар Акаевдин раматалык баласы менен жакын мамиледе болгон. Андин кийинки президенттин тегереги менен да жакын мамиледе болгон. Өзгөчө энергетика тармагында Кыргызстанга, бюджетке, өлкөнүн экономикалык абалына өтө чоң зыян, таасирин тийгизип келген. Ширшов сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Кылмыш жаза кодексинде кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принциби деген бар, эртели кеч кыргызга кылган кыянаттыгы үчүн жооп бериши керек”.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө (11-май, 2022-жыл.) айтты.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында түзүлгөн кырдаал Кыргызстанга кандай таасир бериши мүмкүн экенин мурдагы дипломат Азат Эркебаев айтып берди.
“Кыргыз-тажик чек арасы дегенде биз көпчүлүк учурда Баткен облусундагы кырдаалды элестетебиз. Баткенден тышкары Чоң Алай жана Алай райондорубуз Бадахшан менен тикелей чектешип турат. Ал жакта географиялык шарт жана бийик тоолорго байланыштуу кыйын кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн”.
@azattykta

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары түшө турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
“Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт”.

Сулайманов: Мектепке Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлган
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлганын айтып, бул окуяны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирди. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мектепке бюст коюлары тууралуу облустук бийликтин маалыматы болбогонун кошумчалады.
“Негизи бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу. Комиссия түзүп, чечим кабыл алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Бюст коюларын эч ким билген эмес. Аны мектептин директору, эмгек жамааты өздөрү эле орнотуп алышкан”, - деди Сулайманов. @azattykta

Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Доолов социалдык тармакта тарап жаткан видеосу жөнүндө “Азаттыкка” комментарий берди.
“Эт кымбаттады дейсиңер, ал жерде ар бириң өзүңдүн мүнөзүңдү, адебиңди, тарбияңды таразалап көр. Жөн эле падышага, элге, базарга шылтай бербей дегем. Эт кымбаттады дейсиңер бирок аялзатынын, апалардын, эжелердин денелери ачык жүргөндө эмнеге намыстанбайсыңар деген сөздөр бар болчу”, - деген Доолов насааты кыз-келиндерди басынтуу үчүн айтылбаганын кошумчалады.
6-июлда бир катар басылмалар Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, "аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады" деп айтканын көрүүгө болот.

"Жеткинчектердин 70 пайызы жөнөкөй текстти окуп түшүнбөйт"
Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган тексттин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган. Мындан башка изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да мындан көп айырмаланбайт.
"Дүйнө жүзү боюнча, кирешеси төмөн, орто жана жогору болгон өлкөлөрдө он жаштагы балдардын дээрлик үчтөн экиси (70 пайызы) бүгүнкү күндө жөнөкөй текстти окуп, түшүнө алышпайт",-деди "Азаттыкка" курган маегинде ЮНИСЕФтин Билим берүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода. Биз аны менен Кыргызстандагы окуучулардын билим алуусундагы башкы көйгөйлөр жана анын себептери тууралуу маектештик.

ӨКМ тик учактын ижарага берилгенин ырастады
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мекемеге таандык тик учакты жеке жактар ижарага алганы боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторовдун "Азаттыкка" билдиргениндей, ӨКМ тик учакты коммерциялык максатта колдонууга укуктуу.
"Тик учактын ижара акысы саатына 2300 АКШ доллары. Ал камсыздандырылган. Мындан тышкары кокустук болуп, ӨКМдин тик учактын кулашынан башка обьектилер жабыркачу болсо, алар дагы ушул камсыздандыруунун алкагында калыбына келтирилет", - деди ӨКМдин басма сөз катчысы. Толук маалымат шилтемеде: https://www.azattyk.org/a/32089213.html

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абрахматова "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
"Дүйнө жүзү гуманизацияга барып жатат. Биз дагы анын принциптерин колдонушубуз керек. Жапырт камакка алган болбойт. Биз Башкы прокуратурага кайрылабыз. Анткени милициянын ишинин мыйзамдуулугуна прокуратура баа бериш керек. Ачык тараган видеолорго караганда, адвокаттарга ишенимдүү адамдары менен жолугууга тоскоолдук жаратылды. Убагында процессуалдык документтерди ала алышкан жок. Кандай күнөө коюлуп жатканы алдын ала тааныштырылган жок. Сот отурумунда берилгендиктен адвокат дагы, шектүү дагы өз укуктарын коргоодо жүйөлөрүн келтирүүдө чектелип калды. Ошондуктан Башкы прокуратурага мындай мыйзам бузуулар болбошу үчүн көңүл буруу актыбызды киргизебиз", - деди Абдрахматова.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Случай, изменивший мышление Мара Байджиева