«Азаттыкта» айтылды
19 subscribers
6 photos
1 video
5 links
Download Telegram
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлзат Газиева журналисттердин коопсуздугу тууралуу:

“Кыргызстандагы журналисттердин коопсуздук абалын эгер беш пайыздык системада баалай турган болсок, эки менен үчтүн ортосунда баа коймокмун. Журналисттер өз ишин аткарып жаткан учурда аларга кол салуулар акыркы кезде көбөйдү. Кабарчылар көбүнчө кайсы бир саясатчыны же саясий топту колдогон митингдерде же башка нааразылык акциясында жабыр тартышат. Шайлоолордо да ушундай көрүнүштөр орун алууда. Муну “Журналисттер” коомдук бирикмесинин мониторинги далилдейт. Журналисттер кайсы бир макаласы үчүн күч органдарына суракка чакырылган учурларга тез-тез күбө боло баштадык. Медиа уюмдар журналисттердин коопсуздугун бекемдөө максатында тренинг-семинарларды уюштура баштаганы да бекеринен эмес. Бирок маселенин экинчи жагы да бар. Айрым кабарчылар кайсы бир саясий күчтөрдүн тарапташы катары ишмердик жүргүзүп, кесиптик этикадан аша чаап, коомдо болгон ишенимди кетирүүдө”.
Марс Тулегенов,
Журналисттер" коомдук уюмунун жетекчиси:

Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) болгон доосунан баш тартканы кубандырат. Балким алар журналисттердин күчүн, таасирин мойнуна алды. ЖМКнын күчүн сезип калышты. Бул көрүнүш башка журналисттерге дагы дем берет. Демек, иликтөө кылсак сотко сүйрөлбөйбүз дегендей. Эми башка саясатчылар дагы бул көрүнүштөн үлгү алышы керек.
Улан Үсөйүн,
Жарандык активист:

Кыргызстандагы акыркы болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн түбү журналисттик иликтөөлөргө барып такалат. Жарандардын өзүнүн позициясын айтып чыгышы ошол иликтөөнүн негизинде башталган. Коомдун козголушу, анын аргументтери иликтөөгө таянып айтыла баштаган. Алдыда дагы коомдун таянычы медиалардын иликтөөлөрүнө болот. Алар бизге карадан акты бөлүп көрсөтүп берип жатат.
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов иликтөө жанры тууралуу:

“Азыр Кыргызстанда иликтөөчү журналистика кыртыш алып, редакциялар көбөйүп, башка деңгээлге көтөрүлдү. Коррупционер бийлик, сот, күч, акча менен басып коем деген заман өттү. Эбегейсиз күчү бар Матраимов же башка кландар болобу, сөзсүз бир күнү журналисттердин назарына түшөт. Ушуну унутушпасын!
Иликтөөчү журналист Болот Темиров Матраимовдун иши боюнча:

Иликтеп, байлыгын ачык көрсөтүп бердик. Бирок, ал кур мээнет бойдон калды. Мамлекетке каражат төлөгөн күндө дагы мыйзамдуу жазасын алышы керек эле. Бул “уурдап бир аз акча берип, эркиндикте калам” деген түшүнүктү жайылтат. Анын учурда бош жүргөнү иликтөөчү журналисттердин коопсуздугуна шек жаратып жатпайбы.
Саясат талдоочу Эмил Жураев.

Министрдин парламентти да, өкмөттү да тоотпой иш кылганы - анын президентке жакын адам экенин көрсөтүп турат. Президент аны кааласа кетирет, каалабаса, парламенттин добуш бергени эч кандай мааниге ээ эмес. Бул бир эле Бейшеналиевдин окуясы гана эмес. Бул - былтыр ноябрдан берки мамлекеттик башкаруу системасындагы баш-аламандык, легитимдүүлүктүн чабалдыгы, ар кайсы мамлекеттик органдардын мыйзамдуулугунан шек туудуруп жатканынынын көрсөткүчү. Легитимдүүлүк жок болуп, мыйзамдык негиздер баш-аламан болуп турганда эң башкы адамга ким жакын болсо ошолордун күнү тууйт.
Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов Рахмондун Москвага болгон сапары тууралуу:

Мындай караганда, бири-бири менен жаңжалдашып кеткен мамлекеттердин биринин президентинин Москвага келиши экинчи мамлекетте кабатырлануу жана кызганыч менен кабыл алынат. Кыргызстанда Орусия бул шартта "көбүрөөк Тажикстанга лоялдуу карап жатат, анткени Ооганстан боюнча жаңы саясатта, ал жактан америкалык аскерлердин чыгарылышынын алдында аны негизги өнөктөш катары көрөт" деп эсептешет. Башкысы, мында Ооганстан боюнча иш алып баруу үчүн, АКШнын аскердик түзүмдөрүнө аянтча болуп бербеш үчүн Дүйшөмбү менен биринчи сүйлөшүп алууга умтулуу да турат. Буга байланыштуу мурдараак Орусиянын коргоо министри Шойгунун Тажикстанга келип, абадан коргонуу боюнча жаңы бирдиктүү система түзүү жөнүндө келишим түзүп кеткенин да эстеп коюш керек. Мында кызыкчылыктар чоң жана катачылыктарга жол бербеш керек. Ошондуктан эки өлкөдөгү душмандашып калган атмосфераны дагы да курчутуп жибербөө жана козгобоо чечими кабыл алынды окшойт. Ошол себептүү Москва конфликттин бир тарабын колдоп жатат деген таасир калтырбаш үчүн, Путиндин тажик коногу менен сүйлөшүүсүнүн протоколдук бөлүгүндө бул жөнүндө таптакыр сөз кылбай коюу чечими кабыл алынган.

#АзаттыктаАйтылды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыров чуулгандуу видео тууралуу:

Бул эски эмес, жаңы видео экени көрүнүп турат. Артында айылдын аталышы турбайбы. Менин байкашымча, булар өтө катуу куралданыптыр, экипировкасы башкача бирдемеге эсептелгендей. Бул ишке жок эле дегенде бир-эки ай даярданышкандай. Министрдин орун басарынын жанында снайперлери да жүрөт. Куралдарынын көбү Орусияныкы экени байкалат. Эми Орусия дүйнөдөгү 70-80дей мамлекетке курал-жарагын сатат да, ал таң калычтуу эмес. Бирок снайперлери башка өлкөнүкү экени байкалып турат. Машинелери болсо жапониялык үлгүдө экен. Ооганстанда, Иракта, Сирияда жүргөн, атайын ыңгайлаштырылган машинелер.

#АзаттыктаАйтылды
“Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү, активист Асхат Осмонов чек арадагы жаңжал тууралуу:

Муну азыр көбү чек ара жаңжалы деп мүнөздөп жатпайбы, жок, бул жөн гана локалдык чатак эмес. Бул ачык эле тажик тараптан үстөмдүк кылып, чек араны бери көздөй жылдыруу аракети. Орто кылымдын ыкмасын колдонуу. Ошондуктан, биз муну эл аралык коомчулукка айтып, көтөрүшүбүз керек. Тажикстанга салыштырмалуу биз демократиялуу мамлекетпиз да, дүйнөлүк коомчулуука коңгуроо кагышыбыз керек. Антпесек, биз утулуп калабыз. Түз конфликтке барсак, чоң жаңжал чыгып кетчүдөй болуп турат. Окуя башталгандан берки бардык фото-видеолорду таратышыбыз керек. Кол салууга алардын аскерлери да аралашып жатканын, жаңы чыгып жаткан видео жана башка нерселерди колдонуп, күрөшүүбүз кажет.

#АзаттыктаАйтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөрдөгү экология маселеси боюнча:

Далил жетиштүү. Биринчи отчет – 2012-жылы Садыр Нуркожоевич Жапаров алып чыккан депутаттык комиссиянын отчету. Ал жерде мөңгүлөргө калдык төгүлгөнүнүн баары биринчи жолу далилденген. Ошого ишенбей кыргыз өкмөтү 2013-жылы мамлекеттик комиссия түзгөн, Темир Сариевдин отчетунда да турат. Мына ошондон сегиз жыл өткөндөн кийин биздин да комиссия чын эле экология одоно бузулуп жатканын тастыктап жатат. Экология бузулганы боюнча биз жеңебиз деп күч-аракетибизди жумшап жатабыз. “Гуглдан” мөңгүлөрдү бузууга ким барып жатканын издесек Кыргызстандан башка бир да мамлекет жок. 3 миллиард 86 миллион долларды кайсы жерде болсо да мойнуна салып беребиз.

#АзаттыктаАйтылды
Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу:

Датчиктерден интернет аркылуу сигнал берилип, маалыматтын баары компьютерден чыгып турчу. Азыр эми ал датчиктерге бирден кызматкерди коюп иштетип жатышыптыр. Алар мөңгүлөр тууралуу маалыматты кендеги инженерлерге айтып, алар абалды көзөмөлдөп атышат. Адам баласына коркунуч келтирчү жерлер бир да секунда, бир да мүнөт каралбай калган жок. Айла алтоо болсо, акыл жетөө да. Бирок мунун баары кол менен жасалууда. Ушундай жол менен иштей берсе болот. Азыр укук коргоо органдары, биздин адистер чет элдик адистер менен сүйлөшүп жатат. Эми 10-20 күндүн ичинде мунун баарын калыбына келтиребиз.


#АзаттыктаАйтылды
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов:

Баткен облусу боюнча төрт дарыгер психотерапевт бар болчу. Албетте бул жетишсиз деп ойлойм. Ошон үчүн Бишкектен вахталык ыкма менен 15-20 күнгө психотерапевттерди жөнөтүп жатабыз. Ошондой эле өкмөттүн чек арада жабыр тарткандарды реабилитациялык дарылоо, жайкы мезгилде реабилитациялык лагерлердин агымдарын уюштуруу боюнча жарлыгы чыкты. Азыр дарыгерлер ошол жерде медикаментоздук жардам кимдерге берилиши керектигин улам аныктай башташты. Иштин бүтүшү менен алар стационардык дарылоону дайындай баштайт.

#АзаттыктаАйтылды
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кумтөр иши тууралуу:

“Бул толук аша чапкандык. Баары абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миң гектар жерди алган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”.
Антрополог Эмиль Насритдинов эркектердин жоопкерчилиги тууралуу:

"Алгач кыздарга алкыш айткым келет. Бул туура жасалган аракет болгон. Мындай көп окуялар көз жаздымда калып кетип жатат. Себеби, кыздар бул жөнүндө айтуудан уялышат же коркушат. Эгер ал жигитке жок дегенде айып пул салынса, башкаларга сабак болот. Эмнеден экенин билбейм. Балким экономикабыз алсыз болуп, индустриябыз жок болгондуктанбы, айтор, биздин эркектер физикалык да, руханий да жактан майдаланып, алсыз болуп кетишти. Мындай окуялар эркектердин ошол алсыздыгын көрсөтүп коюп жатат. Динде аялга бир эле жолу кароого уруксат. Экинчи жолу кароо күнөө. Демек, өзүн көзөмөлдөө бул эркектин жеке жоопкерчилиги. Чүмбөт аялдын жүзүндө эмес, эркектин көзүндө болушу керек. Ошондуктан, физикалык, руханий, экономикалык жактан күчтөнүү жөнүндө кеп козгошубуз керек. Патриархалдык коом жөнүндө айтканда, бул нерсеге бир гана эркектер эмес, улуу муундагы аялдар да салым кошууда. Мына этикет боюнча адистин үлгүсүндө, башка улуу эжелердин үлгүсүндө бул нерсени байкасак болот. Алар өздөрүнүн ою менен партриархалдык түзүмдөрдү бекемдеп жатышат. Кимдир бирөөнү ыймандуу болууга мажбурлоо мүмкүн эмес. Бул нерсеге адам өзү келиши керек. Ыйман сырткы көрүнүштөн эмес, жүрөктөн пайда болушу керек".

Талкууну толугу менен Ютубдагы Azattyk каналынан көрүңүз. Видеонун аталышы: Кыйындар кызды кордобойт
Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев азыркы кырдаал тууралуу:

Абал оорлошуп кетти. Эл аралык эксперттер да Кыргызстанда июль айында акыбал татаал болот деп атышат. Мына ооруканада дарыланып жаткан миңден ашык кишинин көпчүлүгү оор ахыбалды болуп атат. "Үчүнчү толкун" деп министрлик жарыялап койду. Тилекке каршы, конкреттүү иштер жок. Биринчиден, эмдөө иштерин колго алыш керек эле, бирок болгону 20 миңден ашык киши эмделди. Жок дегенде эки миллионго жакын киши эмделиш керек. Мына азыр вакцина жок, эмдөө токтоп турат. Бул биздин бүгүнкү күндөгү чоң трагедиябыз.

#АзаттыктаАйтылды
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев "Кумтөр иши" боюнча акыркы камоолор тууралуу:

“Кумтөрдү кайтарыш керек беле, керек болчу. Коррупция менен күрөшүш керек беле, күрөшүш керек болчу. Коррупция менен күрөшүү практикасында дүйнө өлкөлөрү эки баскычты басып өткөн. Биринчи репрессиялык баскыч - камоо, отургузуу, “кустуруу”. Экинчи баскыч анан алдын алуу, институттарды өзгөртүү сыяктуу системалык жол. Кыргызстан биринчи баскычка жаңы кирип жатабыз. Буга таң калбашыбыз керек. Грузияда, Сингапурда, Кытайда дагы ушундай болгон. Коррупцияга өтө батып кеткен өлкөлөр репрессиялык баскычтан секирип өтө албайт”.
Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев аткара турган иштери тууралуу:

“Президент Баш мыйзамдын ичиндеги багыттары жөнүндөгү сөзүндө мамлекеттик катчы толугу менен идеологиялык ишти алып барат деп түз көрсөтмө берген. Маданият, руханий багыттарыбыз, улуттук нарк-салтыбыздын калыбына келип сакталышы сыяктуу иштер мамлекеттик катчынын түздөн-түз иши болуп саналат. Мамлекеттик идеологиянын жүрүшү буга чейин маданият тармагында иштеген адамдардын гана милдетиндей болуп келсе, мындан ары андай болбойт. Кайсы министрлик, мекеме болбосун мамлекеттик идеология бир сызыкта жүрүш керек”. #АзаттыктаАйтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияда табылышы тууралуу:


"Биринчиден, чын эле бандиттик топтор алып чыгып кетип, биздин атайын кызмат билбей калышы мүмкүн. Экинчиден, Батукаев сыяктуу кимдир бирөөлөр акча алып, ошолордун жардамы менен чыгышы ыктымал. Орхан Инандынын абройлуу агартуучу, таасирдүү инсан экени экинчи кеп, биринчи кезекте ал кыргыз жараны. Кыргыз жаранын бийлик коргой албаса, бул чоң көйгөй. Эл аралык аброюна доо кетет, инвесторлор ишенбейт, өзүнүн жарандарында тынчсыздануу болот. "Сапаттын" эле мектептеринде миңдеген улан-кыздарыбыз окуйт, алардын ата-энелери бар. Бүт жагынан алганда кыргыз мамлекети үчүн дагы, кыргыз бийлиги үчүн дагы чоң сокку болду". #Азаттыктаайтылды
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико:

"Мен өзүм Италиядан болом. Бизде дагы маданиятыбызда нан, камыр, майлуу тамактарды жегенди жакшы көрөбүз. Кыргыздар дагы ошондой экен. Колориясы көп, энергия бере турган, бирок ден соолукка көп пайдасы жок, витамини аз азыктарды жегенди жакшы көрүшөт экен. Адамдарды кыска убакыттын ичинде туура тамактанууга үйрөтүү деген туура эмес. Бул көп убакытты, аракетти талап кылат. Экинчиден, жашылча-жемиш же ушундай жесеңер жакшы деген менен калкка анын баасы жеткиликтүү болбосо, кымбат болсо дагы болбойт. Азыр нан жеп эле жүрө берген ден соолукка кандай таасир эте турганын түшүндүрүп беришибиз керек". Маекти толугу менен шилтемеден окуңуз.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев: Доллардын таасиринен алысташыбыз керек. Ички рыноктогу соода-сатыкты сом менен жүргүзсөк инфляция дагы басаңдамак.

#АрайКөзЧарай

@azattyk_radiosu @Azattykta