«Азаттык» радиосу
5.05K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.92K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Европа лидерлери Москваны сакциялар менен коркутса, Трамп Стумбулда Путин менен Зеленский жолукпаса, Вашингтон сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскертти.
Эгер Кошмо Штаттардын талабы аткарылбаса Москваны эмне күтүшү ыктымал? Батыштын Путинге койгон ультиматуму ишке ашабы?
“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны камалды. Чуулгандуу иште камактагы активист Тилекмат Куреновдун аты кайрадан аталды.
Ак-Талаада жер титирөөдө 100дөй турак жай, соцобъект жабыркаганы такталды

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда 12-майда болгон жер титирөөдө 99 турак жай, социалдык объект жабыркаганы аныкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу комиссиясынын корутундусу 13-майда чыкканын, жалпы 99 тамдын, үч мектептин, бир Маданият үйүнүн дубалдарынан жаракка кеткенин билдирди.
https://www.azattyk.org/a/33413208.html
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Израилдин Газадагы ооруканага урган соккусунан ондогон адам мерт болгону кабарланды

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис районундагы ооруканага жасалган Израилдин аба соккусунан кеминде 28 адам мерт болуп, дагы ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС уюму көзөмөлдөгөн Жарандык коргонуу агенттиги кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Израил армиясы ооруканага алты авиабомба таштаган, анын негизинде оорукананын короосу менен ага чектеш аймак талкаганган.
Израилдин армиясы "ХАМАСтын террорчуларынын борборуна таамай сокку" урулганын, ал оорукананын алдында жайгашканын билдирди.

Би-Би-Си жараат алгандардын арасында алар менен кызматташып жүргөн штаттан сырткаркы кабарчы дагы бар экенин маалымдады.

Мунун алдында Израилдин армиясы ХАМАСка каршы операцияларын "күчтөндүрүү жана кеңейтүү" үчүн такоолдогу он миңдеген аскерин чакырып жатканын жарыялаган.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды. https://www.azattyk.org/a/33413272.html
"Жалгыз кызым комада". Бишкекте машине уруп кеткен Азизанын апасы өзбек президентинен жардам сурады

Өзбекстандын жараны кызы Бишкекте бир жарым ай мурун жол кырсыгына кабылып, комага түшкөнүн, тиешелүү мекемелер тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын айтып кайрылды. Бишкек шаардык милициясы кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык Азиза Гулмуродова жолдон өтүп баратканда машине уруп кеткен.

Жол кырсыгы көчөгө коюлган видео байкоого түшүп калган. 25 жаштагы Азиза кырсык болгондон бери ооруканада эсине келбей жатат.

Анын энеси 43 жаштагы Дилафруз Каримова Бишкекте жакындары же таанышы жок болгондуктан күндүз кечке оорукананын астында жүргөнүн, кечкисин ар кайсы жерде түнөп жатканын айтып берди.
Кененирээк макаладан окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/w44nQ
Анжиянда ондогон кишинин каны төгүлгөн тополоңго 20 жыл болду. Өзбек бийлигине көз карандысыз иликтөө жүргүзүү талабы кайрадан айтылды.
Анжияндагы кыргындан кийин жүздөгөн киши Кыргызстан менен чек арага агылып, башкалка издеген. Качкындардын кийинки тагдыры эмне болду?
АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси менен жолукту. Карапайым сириялыктар кубанып турса, Израил андай жаңы алакага каршы.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Жаңылыктар | 15.05.2025 | Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө Путин катышпайт, башкалар эмне дейт?

-Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө Путин барган жок. Ал Стамбулга төмөнкү деңгээлдеги технократтардан куралган делегацияны жөнөттү. Киев дагы ошого жараша кадам жасайбы?
- Жарандык активист Тилекмат Куреновдун сотко аксап, таяк таянып келгенин Атайын кызмат анын өнөкөт омуртка оорусуна байланыштырды. Аны "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү четке какты.
- Курулуштагы кырсыктардын кескин көбөйүшүнөн улам Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Акыркы убактарда жылына жүздөн ашык кырсык катталууда.
- Жогорку Кеңеш Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жаңы структуралык түзүм тармакта кандай олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет? https://youtu.be/c9IE-AhhWZ0
Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды

15-майда президент Садыр Жапаров Марат Иманкуловду мурда ээлеген кызматынан бошотуп, мамлекеттик катчы кылып дайындады.

Иманкулов буга чейин Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган.

65 жаштагы генерал-лейтенант Иманкулов буга чейин атайын кызматтын ар кандай бөлүмдөрүндө жетекчилик орундарда эмгектенген. 2011-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

15-майда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин жарыялаган. Ал Фейсбуктагы баракчасына көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштегенин, өз эрки менен бул орунду бошотуп берип жатканын жазган. Касмамбетов бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган. https://www.azattyk.org/a/33415171.html
Стамбулда орус-украин сүйлөшүүлөрү башталды

Стамбулдун Долмабахче сарайында Украина, Орусия жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды. Бул тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.
Би-би-синин жеринде жүргөн кабарчысы жолугушуунун башында эки тараптын өкүлдөрү бири-бири менен кол алышпаганын билдирди.
"Интерфакс" өздүк булактарына таянып, Орусиянын делегациясы жолугушууларга АКШнын өкүлдөрү катышуусуна каршы болгонун жазды.

Жолугушууда Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.

Мунун алдында Стамбулда АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Ал сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана тышкы иштер министри Андрей Сибига катышты. https://smarturl.click/5ZZbO
Жаңылыктар | 16.05.2025 | Стамбулда үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды

• Орусия менен Украинанын 3 жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды. Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.

• Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кандай майнап чыгышы мүмкүн? Сүйлөшүүгө барбай койгон орус президентинин көздөгөнү эмне? Эксперттер ой калчашат.

• Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко кайрылды.

• Бишкекте жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн өзбекстандык кыздын апасы жардам сурайт. Университетти быйыл аяктайм деп турган 25 жаштагы Азиза бир жарым айдан бери эсине келбей жатат. https://youtu.be/AUnQj-6C15w
Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Энергетика министрлиги Бишкек шаары менен Чүй облусун газдаштыруу максатында жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди. Үчүнчү долбоордун алкагында быйыл 200 миллион сом каралган жана жарандар, юридикалык жактар жана ишкерлер 150 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз бир же эки жылга чейинки мөөнөткө ала алат.

Жыл башында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек менен Чүйдө 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген.

Буга чейин аталган ишкана 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60% газ жеткирилет деп маалымдап келген. https://www.azattyk.org/a/33416633.html
Бишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу камалганын билдирди. Бул окуя 2-апрелде болгон. Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык 25 жаштагы Азиза Гулмуродова көчөдөн өтүп баратканда машина уруп кеткен. Ал ошондон бери ооруканада эсине келбей жатат.

Кыздын апасы Дилафруз Каримова “Азаттыкка” Бишкекте жакындары, таанышы жок болгондуктан күндүз кечке оорукананын астында жүргөнүн, кечкисин ар кайсы жерде түнөп жатканын, каражаттан кыйналганын айтып берген. Кызын алып кетүүгө жардам сурап элиликке, Өзбекстандын президенти Шавкам Мирзиёевге кайрылган.

Жол кырсыгына кабылган кыз тууралуу алгач укук коргоочу Азиза Абдирасулова элге айтып чыкты. Анда ал кыргыз бийлигине кайрылып, кызды машинасы менен коюп кеткен жигит камалбаганын жана ал Дилафрузду коркутуп жатканын жазган. Кылмышка шектүү Айдар аттуу адам кыздын апасына чалып, коркутканын четке каккан.

Бул фактыга байланыштуу Бишкек милициясы кылмыш иши козголуп тергелип жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган. https://www.azattyk.org/a/33416689.html
Бишкекте катуу шамалда аянттагы желек айрылып, 23 бак кулады

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 18-майга караган түнү катуу шамалда Ала-Тоо аянтындагы желек айрылып, ал жарым сааттын ичинде жаңысына алмаштырылды.
Жалпысынан 23 бак кулады, дагы 50дөйүнүн бутактары сынды. Анын негизинде машиналар, турак-жайлардын чатырлары жабыркады. Мэриядан жер-жердерде авариялык бригадалар иштеп жатканын кабарлашты.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда аптаптуу ысык күндөрдөн кийин аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирген. Аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаап, айрым региондордо күчөп, катуу шамал болорун эскерткен.
https://www.azattyk.org/a/33417389.html
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
ЖКнын спикери орусиялык кесиптеши менен жолугушууда миграция маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара алака-катышты, кызматташууну дагы өнүктүрүүнү талкуулашты. Анда миграция маселелери тууралуу дагы сөз болду.

"Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты",-деп жазылган маалыматта.

Бул сунуштарга Володиндин реакциясы кандай болгону тууралуу маалымат берилген жок. https://smarturl.click/200yJ
Кыргыз базарында кытай картөшкөсүнө суроо-талап кантип өстү?

Жыл башынан бери кыргыз базарларын Кытайдан келген картөшкөлөр каптады. Ошол эле маалда жергиликтүү дыйкандар өз өндүрүмдөрүн сата албай, чирип баратканын айтышууда. Муну менен катар Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйгөн. Түркиянын жумурткалары да жалпы жумуртка импортунун 80%на жетип жатат. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен атамекендик ишкерлердин кызыкчылыгын кантип коргоп жатат? Кененирээк макаладан окуңуз: https://smarturl.click/oVV3W
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Израилдик аскерлердин соккулары 18-майга караган түнү жана жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрүн жалмады. Тараптардын Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы тууралуу видеолорду жарыялады. Каза тапкан жаран Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ал Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча кылмыш иште 15 жылга, Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча иште 18 жылга кесилген эле.

Октябрь окуяларындагы башаламандык маалында абактан чыгып кеткен мурдагы премьердин ишин кайра кароого эмне муктаждык жаралды? Эксперттер ой бөлүшөт.
АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Жо Байденге простата рагы деген диагноз коюлду. Бул тууралуу экс-президенттин басма сөз катчысы 18-майда тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, залалдуу дарт сөөгүнө жайылып кеткен. 82 жаштагы Байден жана үй-бүлөсү дарыгерлер менен кошо дарылануунун варианттарын караштырууда.

“Дарттын агрессивдүү түрү болгону менен гормондор жардам бергендей, муну менен натыйыжалуу дарыласа болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Дональд Трамп бул кабарга капа болгонун айтып, Байденге тезирек сакайып кетүүнү каалады.

Мурдагы вице-президент Камала Харрис “Жо бул сыноого да өзүнө мүнөздүү оптимизм менен туруштук берерине ишенерин” жазды.

Бир жыл мурун Байден өйдөлөгөн жашына жана саламаттыгына байланышкан кооптонуулардан улам президенттик жарышка катышуудан баш тарткан.