«Азаттык» радиосу
4.84K subscribers
4.09K photos
535 videos
29 files
7.1K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Экс-президенттердин эзелки иштерине чекит коюлганы калдыбы?

Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Түркияда Кара деңиздеги коопсуздук тууралуу жашыруун сүйлөшүү өттү.

Мончодогу рейддин кесепети. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады. Бул түшүндүрмө күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө канчалык дал келет?
https://www.youtube.com/watch?v=yhKuxJwBPeY
👍41
«Азаттык» радиосу
❗️Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылды 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү эки айга узартуу боюнча чечим кабыл алып, кийинки отурум 12-майга белгиленди. Бүгүнкү…
⚡️Алмазбек Атамбаев "Батукаев иши" боюнча күнөөлүү деп табылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарганын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады.

Анын айтымында, мурдагы президент айыптуу деп табылганы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.

"Прокурор жарыш сөздө [Атамбаевди] күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жоопкерчиликтен бошотууну сураган. Судья ошондой кылды",

- деди Жоошев.

Атамбаев 2019-жылдын август айында "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясы тоз-тополоң жана адам өлүмү менен коштолгон.

@azattyk_radiosu
👍91
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде чыгарганын Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, мурдагы президент айыптуу деп табылганы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.
👍32
Казакстанды чет элдик инвесторлор таштап кетүүдө: өткөн жылы өлкөнүн жаңы тарыхында сырттан келген акча 2,5 млрд долларга кемиген. Казакстандыкына караганда экономикасы эки эсе кичине Өзбекстан 2024-жылы 2,8 млрд түз инвестиция тарта алды. Казакстан Борбор Азиядагы экономикалык лидер деген ролун жоготушу мүмкүнбү?
2
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду, 70тен көп киши жабыркады. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүн баратканын ишарат кылды.

Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө эмнелер эске алынышы керек? Карапайым украиналыктардын пикири кандай? Киевдеги кыргызстандык менен маектешебиз.

Кыргыз бийлиги "жергиликтүү "Капитал банк" орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты. Эмне себептен санкциялар маселесинде Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
👍41🤬1
‼️ Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.

Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.

@azattyk_radiosu
👍23👎3🤬3
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.

Атайын кызмат Кудайберген уулу конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун маалымдады.

“Тактап айтканда, К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.

@azattyk_radiosu
😱9👍8👎5
Путин 21-апрелге чейин ок атууну убактылуу токтоторун жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жолугушууда Пасха майрамынын урматына Украина менен убактылуу ок атууну токтоторун жарыялады.

“Орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрель 00:00гө чейин согуштук аракеттерди токтотот”,

- деп айтылат Кремл тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну токтотуу режими "Украина анын шарттарын аткарганда" сакталарын тактады.

📌2023-жылдын январында да Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Рождество майрамына карата ок атууну токтотууну тапшырып, иш жүзүндө Украинаны аткылоо уланган.

@azattyk_radiosu
👍6😁2🤡2
«Азаттык» радиосу
‼️Мончодогу рейд: Орусия полиция мыйзамдын алкагында иш алып барганын билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончодо 10-апрелде өткөрүлгөн рейд боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. Анда мекеме "Бодрость" мончосунда…
❗️Москвада кыргызстандык мигранттар кармалган мончодогу окуя боюнча үч адамга иш козголду

Орусияда кыргызстандыктар кармалган "Бодрость" мончо комплексинин башкаруучусуна жана эки адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси менен иши козголгонун Орусиянын ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

Маалыматта Москванын Тимирязев районундагы мончодо буга чейин орус полициясы мыйзамсыз миграцияга каршы иш-чара өткөргөнү айтылган. Рейддин жыйынтыгы менен полиция бөлүмүнө 60 мигрант жеткирилип, алардын 25ин Орусиядан чыгаруу маселеси каралып жатканы айтылган.

"Мыйзамга жат иш шаардын полициясы жана ФСБнын жана Улуттук Гвардиянын бөлүмдөрү менен биргеликте табылды. Үч шектүү Москванын Тимириязев районундагы четтен келген такси айдоочуларга кызмат көргөзгөн уюмдун ишине колдоо көрсөткөн. Рейд учурунда полиция өндүрүштүн ичинде тиешелүү документи жок иштеген жана жашаган чет элдиктерди кармап, алар өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы аныкталды. Полиция мигранттарга карата Орусия Федерациясынын Административдик мыйзам бузуу кодексинин 18.8-беренеси менен акт түзгөн. Ага ылайык айып пул салуу жана өлкөдөн чыгаруу каралган. Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси менен эки адам камакка, мончону иштеткен аял үй камагына алынды",

- деп жазылган маалыматта.

@azattyk_radiosu
😱2👎1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Стать пилотом в Кыргызстане непросто. Обучения в Авиационном инситуте - недостаточно. Нужно иметь финансовую возможность и пройти практику - “налетать” 300 часов. Обучиться управлять самолетом теперь можно и в стране - в летной школе, близ Токмака.

https://www.youtube.com/watch?v=Wo0TeAih9Bo&t=8s

@azattyk_radiosu
👍81
Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айтты

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Орусияда мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Орусиянын ТАСС агенттигине берген комментарийинде айткан.

Вакунов орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, андан тышкары бул өлкөдө орус тили көп колдонуларын кошумчалаган.

Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам апрель айынан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтсө гана мектепке кирет.

Бала оозеки жана жазуу түрүндө тест тапшырат. Анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү баланын документин, жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган медициналык корутундуну, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгү тууралуу документти бериши керек.

@azattyk_radiosu
🤬17🤮5👍1🖕1
❗️Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин орто деңгээлден төмөн эмес билиши керек

Министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан баштап ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес билиши керек.

Мындан тышкары, Кыргызстанда туруктуу жашаган жана Кыргызстандын жараны болгон этностук азчылыктын өкүлдөрү 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес, 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) ылдый эмес билиши керек.

@azattyk_radiosu
20👏7
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Сот Тилекмат Куреновду 19-майга чейин камакка алды

21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) 19-майга чейин камакка алды. Адвокаты Айбек Турдуев сот активистти буга чейин эле сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарганын, бул жолку отурумда так күнү белгиленгенин айтты.

Ал активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп берип, Тилекмат Кудайберген уулу менен чогуу “бул маселе боюнча эч кандай дооматыбыз жок” деген чечим кабыл алышканын кошумчалады.

УКМК 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген.

@azattyk_radiosu
👎11👍9
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Согушта көзүнөн айрылган жоокер дүйнөнү кайрадан таанууда

"Мен жашоомдо көп нерсени көрдүм. Тирүү калганым үчүн кубанычтамын",

- дейт Павло Марценюк.

Ал Покровск шаарынын жанындагы фронттук аймакта мина жарылып, көзүнөн ажыраган украин жоокери. Үй-бүлөсүнүн колдоосу менен ал сакайып келе жатат жана учурда атайын тиркеменин жардамы менен өз алдынча басууга аракет кылууда.

@azattyk_radiosu
👏5🙏3👍1
Сот Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды.

Соңку үч жылдан бери сыртта жүрүп, он күндөн бери дайыны билинбей жаткан активисттин экстрадицияланышы жана ага коюлган айыптар эмнеден кабар берет?

Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга киргизилбей турган болду. Талапты бузгандар айыпка жыгылат.
👎4👍1
‼️Орусияда миграциялык чараларды катаалдаткан жарлыктын мөөнөтү узарды

Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартканы белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов 21-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен жолуккан учурда билдирди.

Анда Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарынын маселеси жана мончодогу окуя дагы талкууланган. Элчи Бөкөнтаев бул окуяга тынчсыздануусун билдирип, Орусия бул маселени калыс жана акыйкат териштириши керектигин белгиледи.

Сөз болуп жаткан жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 12-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 30-апрелге чейин документтерди тууралоого мөөнөт берилген. Мындан тышкары мыйзамсыз жүргөн мигранттарды милиция кызматкерлери соттун чечими жок эле өлкө аймагынан чыгарууга укуктуу.

@azattyk_radiosu
👍81
⚡️Ош мэриясынын кызматкери жалданмачылыкка шек саналып кармалды

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери жалданмачылыкка айыпталып, кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде кызматкердин бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Райондук соттун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага Кылмыш-Жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш ишин козгогон.

Беренедеги бул бөлүктө: “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу”, - деп көрсөтүлгөн.

Ош шаардык мэриясынан бир кызматкер кармалганын ырастап, толук маалымат берген жок. УКМК комментарий бере элек.

Шек саналган адам кандай негизде, кимге жалданганы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

@azattyk_radiosu
👍72😱2
«Азаттык» радиосу
⚡️Ош мэриясынын кызматкери жалданмачылыкка шек саналып кармалды Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери жалданмачылыкка айыпталып, кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде кызматкердин бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин…
Ошто жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир киши кармалды

Улуттук коопсуздук комитети согушка жалданмачылыкка байланыштуу дагы бир кишини кармаганы белгилүү болду. Ал Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери Наталья Секерина экени айтылууда.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” билдиргендей, шектүү С.Н.В. аттуу жарандын бөгөт чарасы 19-апрелде каралып, 17-ноябрга чейин камакка алуу чечими чыккан. Маалыматта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогону жазылган.

@azattyk_radiosu
👍11
«Азаттык» радиосу
Бишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдө Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул…
Бишкек: Окуучунун өлүмү боюнча эки кызматкер кызматтан убактылуу четтетилди

Бишкектеги №31 мектепте окуучу кыздын өлүмү менен коштолгон окуя боюнча мектептин педагогу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 22-апрелде Бишкек шаардык кеңештинин комитетинин жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Ал учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгына ылайык чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Айрым депутаттар директордун, Бишкектин билим берүү департаментинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кабыл алуу сунушун беришти.

№31 мектептин директору Татьяна Өмүрзакова кыздын өлүмү менен аяктаган окуя тууралуу кеңири маалымат берди.

“Орус тили сабагын баштаганда мугалим сабакта тема Чыңгыз Айтматов жөнүндө болорун жана окуучулар ыр жаттап келиши керек болгонун түшүндүрүп берет. Андан кийин мугалим интерактивдүү досканы иштетейин деп, ноутбук жок экенин эстейт. Ошол маалда класска кирип келген окуучулардын биринен ачкыч алып, кошуна класстан ноутбукту алып келүүнү суранган. Мугалим эшиктен чыкпай эле туруп, балага кошуна классты көрсөткөн. Кийин видеокамерадан карадык, окуя болгону 12 секунд ичинде болуп кеткен. Бала жанындагы партада отурган кызды урат да, тактага чуркайт. Кыз сөз менен жооп берип, анын артынан чуркап барып тебет. Ушул маалда бала кыздын төшүнө уруп ийет, окуя ушул менен бүтөт. Бул учурда мугалим эшикке карап турган болот. Окуя 12-13 секунд ичинде эле болуп кеткен. Мугалим бурулганда, кыз тактанын жанында турганын көрөт, эмне себептен ал жакка чыкканын түшүнбөйт да, андан сурайт. Кыз бир нерсе айтмакчы болгондо эле кулап түшөт”

, - деди мектеп директору Өмүрзакова.

Директор уруша кеткен эки окуучу тең жакшы баага окушканын, бул “кокустук” болуп кеткенин билдирди.

@azattyk_radiosu
👍7
Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт адам кармалды. Алардын арасында Ош мэриясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери жана жергиликтүү журналист бар.

Мамлекеттик кызматкердин жалданмачылык беренеси менен кармалышы эмнени билдирет?

Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн алдында украин президенти Зеленский ок атышууну токтотуучу бардык диалогго даярдыгын айтты. Путин да Киев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ачык экенин ишарат кылды.

Орусия мыйзамсыз мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты. Кыргыз тарап Москваны мончодогу чуулгандуу окуяны адилеттүү иликтөөгө чакырды.

https://www.youtube.com/watch?v=i4rDWm4nlEU
6👍3