APIU
320 subscribers
190 photos
18 videos
28 files
44 links
"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору (2018-2023 жж.)
Download Telegram
Бүгүн Парк-Отель мейманканасынын конференц-залында #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоорунун тегерек столу өтүүдө. Тегерек столго айыл чарба ишканалары чакырылган. Темасы: #эт, #сүт, #бал, #жүн айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү.
Бүгүн Ош шаарында #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоорунун тегерек столу өтүүдө. Тегерек столго айыл чарба ишканалары чакырылган. Темасы: #эт, #сүт, #бал, #жүн айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү. Иш чарага айыл чарба министри Эркинбек Чодуев катышууда. Аталган долбоор тандалган ишканаларды конкурстук негизде грант же жеңилдетилген насыя менен камсыз кылат. Эстетип кетсек, конкурстук программага катышуу үчүн 250 ашуун ишкана катталган.
❗️Урматтуу достор! Өзүңөргө маалым болгондой, #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчүлөрү үчүн конкурстук программа өткөрүүдө. Анын негизги максаты Кыргызстандагы #сүт, #эт, #бал жана #жүн продуктуларынын кошумча нарк тизмекчелерин өнүктүрүүнү көздөйт.
Учурда программанын кезектеги этабы аяктады. Республика боюнча 45 талапкер төмөнкү багыттар боюнча “жол карталарын” сунуштаган: 🥛 🥛сүт багытында – 20, 🐂🐂 эт багытында – 10, 🐝🐝 бал боюнча – 7 жана 🧶 🧶жүн боюнча – 8.
🧐Эми бул документтерди Долбоордун консультанттары карап чыгып, мекеме жайгашкан региондорго барып мониторинг жүргүзүшөт. Мониторингдин негизинде талапкерлердин тизмеси такталып, ар түрдүү мамлекеттик жана коомдук мекемелердин өкүлдөрүнөн турган Баалоочу комиссияга сунушталат. Коммиссия тарабынан баалоо жүргүзүлгөндөн кийин, тизме Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна (#ИФАД) жактырууга жөнөтүлөт.
🔺 Жеңүүчү уюмдарга бизнести өнүктүрүү үчүн төмөн пайыздык өлчөмдөгу гранттык же насыя каражаттарын алууга эң сонун мүмкүндүк берилет!