APIU
267 subscribers
191 photos
29 videos
28 files
51 links
"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору (2018-2023 жж.)
Download Telegram
«Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ” долбоору АЙЫЛДЫК АЙМАКТАР ҮЧҮН ГРАНТТЫК КОНКУРС жарыялайт.
Долбоор Ош облусунун Өзгөн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак, Нарын облусунун Ак-Талаа райондорун кошпогондо (бул райондор БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Кыргыз Республикасында токойлордо жана жайыттарда климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестарциялоо” долбооруна максаттуу аймактар болуп эсептелгендигине байланыштуу) республиканын бардык аймактарын камтыйт.
ГРАНТТЫН ӨЛЧӨМҮ
• 35 000 АКШ долларына чейин
• Өздүк салым: суралып жаткан гранттын өлчөмүнөн 25%дан жогору болуусу шарт, анын ичинде:
10% накталай (бюджеттик каражат же демөөрчүлөрдүн жардамы)
15% жумушчу күчү, материал түрүндө
МАКСАТТАР
Айылдык аймактар малдын санынын өсүшү жана климаттын өзгөрүшүнөн улам Жайыт жана мал чарбасын башкаруу боюнча пландарын жаңылоого муктаж. Долбоор Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гранттык жардам көрсөтүп, аталган пландарды жакшыртып иштеп чыгууга жана анын иш-чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 2025-ж. 1-июлуна чеийн Кызыгуу катын долбоордун дарегине эки жол менен жөнөтсө болот:
1. электрондук дарекке office@apiu.kg
2. Айыл чарба долбоорлорун ишек ашууруу бөлүмүнүн кеңсесине - Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а, 511-бөлмө
Кызыгуу катынын негизинде талаптарга туура келип, тандалган айыл аймактарда долбоордун кийинки кадамдары ашырылат.
СУРООЛОР ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ
• Бишкек, Киев көчөсү, 96а, бешинчи кабат, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнү, 510-кеңсе (Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имараты)
0312 66 15 72, 0312 975 974, office@apiu.kg
• Мирлан Айтказиев, долбоордун координатору: 0704 21 12 76, m.aitkaziev@apiu.kg
• Урмат Омурбеков, жайыт башкаруу адиси: 0702 62 72 48 u.omurbekov@apiu.kg
«Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ” долбоорунун алкагында ТОКОЙ ЧАРБАЛАР үчүн ГРАНТТЫК КОНКУРС жарыялайт.
🌳 Долбоор Ош облусунун Өзгөн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак, Нарын облусунун Ак-Талаа райондорун кошпогондо (бул райондор БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Кыргыз Республикасында токойлордо жана жайыттарда климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестарциялоо” долбооруна максаттуу аймактар болуп эсептелгендигине байланыштуу) республиканын бардык аймактарын камтыйт.
🌳 ГРАНТТЫН ӨЛЧӨМҮ
• 100 миң АКШ долларына чейин
• ӨЗДҮК САЛЫМ
Жаратылыш ресурстарын башкаруу пландарынын негизинде токой чарбалардын кызматкерлери тарабынан токойлорду калыбына келтирүү иш-чараларын уюштуруу.
Анын ичинде:
- мамлекеттик токой фондусунун аймагында токойлорду калыбына келтирүү жана экме токойлорду отургузуу жана себүү үчүн участкаларды ар бир токой чарбасында 100 га аянтка чейин аныктоо
- тандаган участкаларга экме токойлорду отургузуу жана себүү боюнча долбоорлорду даярдоо жана аларды тийешелүү түрдө бекитүү
- токойлорду табигый түрдө калыбына келүүсүнө шарттарды түзүү максатында иш-чаралар пландарын жана долбоорлорун даярдоо, аларды тийешелүү түрдө бекитүү
🌳 МАКСАТТАР
Климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында долбоордук зонага кирген токой чарбаларынын жаратылыш ресурстарын башкаруу пландарын түзүү аркылуу токойлорду отургузуу, токойлорду калыбына келтирүү жана байытуу иш пландарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
Долбоор токой чарбаларына гранттык жардам көрсөтүп, аталган пландарды жакшыртып иштеп чыгууга жана анын иш-чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
Токой чарбалар долбоордун алкагында токой пайдалануунун жана токойду калыбына келтирүүнүн туруктуу ыкмаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат.
🌳 КОНКУРСКА КАТЫШУУ
Долбоорго катышуу үчүн Токой чарбалары 2025-ж. 1-ИЮЛУНА чейин КЫЗЫГУУ КАТЫН эки жол аркылуу жөнөтө алат:
• office@apiu.kg электрондук дарекке
• Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а, 511-кеңсеге
Кызыгуу каттардын негизинде тандалган токой чарбаларда долбоордун кийинки кадамдары ишке ашырылат.
🌳 СУРООЛОР ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ
• Бишкек, Киев көчөсү, 96а, бешинчи кабат, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, 510-кеңсе (Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имараты) , тел: 0312 66 15 72, 0312 975 974, office@apiu.kg
• Мирлан АЙТКАЗИЕВ, долбоордун координатору: тел: 0704 21 12 76, m.aitkaziev@apiu.kg
• Бактыбек ЫРСАЛИЕВ, долбоордун токой чарбасы жана экосистемалар боюнча адиси: тел: 0556 41 41 45, b.yrsaliev@apiu.kg
«Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу - АДАПТ” долбоорунун алкагында 2 КӨЧӨТКАНА (питомник) курууга ГРАНТТЫК КОНКУРС жарыялайт.
Долбоор Ош облусунун Өзгөн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак, Нарын облусунун Ак-Талаа райондорун кошпогондо (бул райондор БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Кыргыз Республикасында токойлордо жана жайыттарда климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестарциялоо” долбооруна максаттуу аймактар болуп эсептелгендигине байланыштуу) республиканын бардык аймактарын камтыйт.
🌱 МАКСАТТАР
Курула турган эки көчөткананын курулушуна долбоор тарабынан колдоо көрсөтүү менен көчөттөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Ошондой эле максаттуу аймактарда климатка ылайыкташтырылган токойлорду өстүрүүгө жана калыбына келтирүүгө, мыкты тажрыйбаларды колдонууга шарт түзүү.
Долбоордун алкагында курула турган көчөтканаларда жылына 1,5 миллион түрдүү бак-дарактардын көчөттөрүн, 400 миң жаңгак көчөтүн, ошондой эле башка мөмө-жемиш жана декоративдик көчөттөрүн өстүрүү.
🌱 КӨЧӨТКАНАЛАРДЫ УЮШТУРУУ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР
- Көчөткананы уюштурууга гранттык колдоону алууга конкурска токой чарбалары, мамлекеттик жаратылыш парктары, илимий жана билим берүү мекемелери катыша алат;
- 5 гектардан кем эмес жер аянтынын жана ал жер аянтка укуктук жактан тастыктоочу документтеринин болушу;
- көчөткана уюштуруу, токой көчөттөрүн өстүрүү боюнча тийешелүү билимдери бар адистердин болушу;
- көчөткананы уштуруу үчүн долбоордун (бизнес план эсептери менен) сатып алынуучу жабдуулардын тизмеси менен болушу
🌱 КОНКУРСКА КАТЫШУУ
Токой чарбалары 2025-ж. 1-июлуна чейин долбоорго катышуу үчүн КЫЗЫГУУ КАТЫН эки жол аркылуу жөнөтө алат:
• office@apiu.kg электрондук дарекке
• Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 а, 511-кеңсеге, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кызыгуу каттардын негизинде тандалган токой чарбаларда долбоордун кийинки кадамдары ишке ашырылат.
🌱 СУРООЛОР ҮЧҮН БАЙЛАНЫШ
• Бишкек, Киев көчөсү, 96 а, бешинчи кабат, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү, 511-кеңсе (Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имараты) , тел. 0312 66 15 72, 0312 975 974, office@apiu.kg
• Мирлан АЙТКАЗИЕВ, долбоордун координатору: тел. 0704 21 12 76, m.aitkaziev@apiu.kg
• Бактыбек ЫРСАЛИЕВ, долбоордун токой чарбасы жана экосистемалар боюнча адиси: тел. 0556 41 41 45, b.yrsaliev@apiu.kg
https://drive.google.com/drive/u/1/folders/1GeLJwY-phM7U4__k2ctJ8nHE-FJ7uNPG

Жайыттарды башкаруу боюнча мыйзам актыларынын онлайн сактагыч жайы (туруктуу шилтеме)
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору мөмө-жемиш жана жашылча-жемиш өндүрүштөрүн сактоо, иштетүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн насыялар берилерин жарыялайт.
APIU
📌 «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоору мөмө-жемиш жана жашылча-жемиш өндүрүштөрүн сактоо, иштетүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн насыялар берилерин жарыялайт.
💰 Насыянын суммасы - сом эквивалентинде 5 миллион АКШ долларына чейин
Мөөнөтү - 10 жылга чейин
📉 Пайыздык чени - жылдык 6%
🛑 Негизги карыз боюнча жеңилдетилген мезгил - 3 жылга чейин

Каржылоо төмөнкү багыттарды камтыйт:
Соода-логистикалык борборлорду куруу
Температуралык көзөмөлү бар муздаткыч кампаларды жана сактоочу жайларды модернизациялоо, анын ичинде тоңдургуч камераларды орнотуу

Өндүрүштөрдү кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алуу колдоого алынат, анын ичинде:
🌿 Кургатуу жана тоңдуруу линиялары
🍹 Эзме, шире, концентрат жана жарым фабрикаттарды өндүрүүчү жабдуулар

Түшүм жыйналгандан кийинки алгачкы иштетүү үчүн жабдуулар каржыланат:
🔹 Сорттоо
🔹 Калибровкалоо
🔹 Жууп-тазалоо
🔹 Таңгактоо жана фасовкалоо

Долбоор ошондой эле өндүрүштүк жана кампалык жайларды түзүүнү, рефрижератордук транспорт сатып алууну жана сапатты көзөмөлдөө лабораторияларын жабдууну каржылайт.

Насыялар эки мамлекеттик банк аркылуу берилет.

📞 Кенен маалымат алуу үчүн долбоордун адистерине кайрылыңыздар.

Арсен Карагулов
E-mail: a.karagulov@apiu.kg
Тел: 0553 780 310

Марс Исмаилбеков
E-mail: m.ismailbekov@apiu.kg
Тел: 0707 664 863
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📌 Ысык-Көл облусунун фермерлерине жана ишкерлерине агробизнести өнүктүрүү үчүн кредиттик мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды

🔹 Иш-чара «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

🔹 Жолугушуулардын жүрүшүндө фермерлер, ишкерлер жана потенциалдуу кредит алуучулар долбоордун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

🔹 Долбоордун максаты – мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын ички жана эл аралык рынокторго жеткирүүнү көбөйтүү.

🔹 Катышуучулар долбоорго катышуу тартиби, каржылоо шарттары жана керектүү документтер боюнча түз кеңеш алышты.

Насыялар боюнча кенен маалымат алуу үчүн адистерге кайрылыңыздар:

📞 Марс Исмаилбеков
E-mail: m.ismailbekov@apiu.kg
Тел: 0707 664 863

📞 Арсен Карагулов
E-mail: a.karagulov@apiu.kg
Тел: 0553 780 310
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 Проект «Развитие устойчивых к изменению климата цепочек добавленной стоимости в сельском хозяйстве» объявляет о предоставлении кредитов для развития хранения, обработки и переработки плодоовощной продукции.

💰 Сумма кредита: до 5 миллионов долларов США в сомовом эквиваленте
Срок кредитования: до 10 лет
📉 Процентная ставка: 6% годовых
🛑 Льготный период по основному долгу: до 3 лет
APIU
📌 Проект «Развитие устойчивых к изменению климата цепочек добавленной стоимости в сельском хозяйстве» объявляет о предоставлении кредитов для развития хранения, обработки и переработки плодоовощной продукции. 💰 Сумма кредита: до 5 миллионов долларов США в…
Финансирование охватывает следующие направления:
Строительство торгово-логистических центров
Модернизация холодильных складов и хранилищ с температурным контролем, включая установку морозильных камер

Поддерживается приобретение оборудования для переработки продукции, включая:
🌿 Линии сушки и заморозки
🍹 Оборудование для производства пюре, соков, концентратов и полуфабрикатов

Финансируется оборудование для первичной обработки продукции после сбора урожая:
🔹 Сортировка
🔹 Калибровка
🔹 Мойка
🔹 Упаковка и фасовка

Проект также предусматривает финансирование создания производственных и складских помещений, приобретения рефрижераторного транспорта и оснащения лабораторий контроля качества.

Кредиты предоставляются через два государственных банка.

📞 За дополнительной информацией обращайтесь к специалистам проекта:

Арсен Карагулов
E-mail: a.karagulov@apiu.kg
Тел.: 0553 780 310

Марс Исмаилбеков
E-mail: m.ismailbekov@apiu.kg
Тел.: 0707 664 863
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Эсенаманова жана Гулжан Сатиева Чүй облусундагы мөмө-жемиш жана жашылча продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышышты

Иш сапар Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулду.

🔹 Депутаттар «Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсынын соода-логистикалык борборуна жана «Сан Планет» ЖЧКсынын кайра иштетүүчү заводуна барышты.

🔹 Ишканалардын ишмердүүлүгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү кеңейтүүгө, өндүрүүчүлөр үчүн жаңы рынокторду түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга багытталган.

🔹Депутаттар кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү агрардык сектордун өсүшүнүн маанилүү фактору экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишкерлерге өндүрүштү модернизациялоо жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү максатында насыя алууга көмөк көрсөтүүнү камтыган техникалык жана консультациялык колдоо берилүүдө.
📌Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети бүгүн, 9-марттагы жыйында КР менен Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1-2» долбоорун каржылоонун аткарылышы боюнча маалымат укту.

🔹Маалымат менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тамчыбек Түлеев тааныштырды.

✅️ Талкуу маалында депутат Т. Муратбеков жайыттардын абалын жакшыртуу жаатында аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугуна кызыкты. Ошондой эле аталган долбоорлордун мал чарбасына тийгизген оң таасирлери жана ветеринария тармагындагы өзгөрүүлөрдү тактады.

✅️ Депутат М.Мавлянова айыл чарбасын жана мал чарбасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн насыялык каражаттарды көбөйтүп, алардын өздөштүрүлүшүн көзөмөлдөө керектигин билдирди. Эл өкүлү мындан тышкары топурактын курамын жакшыртуу боюнча келечектүү кадамдарды жасоого да чакырды.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 Ош облусундагы “Туран Групп” соода-логистикалык борбору кеңейүүгө даярданууда
APIU
📌 Ош облусундагы “Туран Групп” соода-логистикалык борбору кеңейүүгө даярданууда
🔹 Ош облусунда жайгашкан ЖЧК «Туран Групп» соода-логистикалык борборунда айыл чарба продукциясы иргелип, муздатылып жана сатууга же экспортко даярдалат.

🔹 Борбордогу муздаткыч кампалар жана шоктук тоңдуруу жабдуулары 2 000 тоннага чейин жашылча-жемиштерди сактоого мүмкүндүк берип, продукциянын жаңылыгын жана сапатын сактоого шарт түзөт.

🔹 Компаниянын директору Матиев Турусбектин айтымында, ишканада акустикалык жана шоктук тоңдуруунун заманбап технологиялары колдонулат. Бул продукциянын жаңы бойдон калышына жана анын даамы менен пайдалуу касиеттерин сактоого жардам берет.

🔹 Учурда соода-логистикалык борбор кеңейтүү этабында турат. Кубаттуулуктарды көбөйтүү үчүн ишкана кошумча каржылоого муктаж.

🔹 Мындай ишкерлерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбоорун» ишке ашырууда.

🔹 Долбоор ишкерлерге өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо жана кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү үчүн насыя алууга көмөк көрсөтөт.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📢 Добро пожаловать в агропромышленную компанию ОсОО «Золотой Орех» в Джалал-Абадской области

🔹 Компания занимается заготовкой, переработкой и экспортом грецкого ореха и сухофруктов.
Сырьевая база формируется в регионе крупнейших ореховых лесов Кыргызстана.

🔹 Более 20 лет опыта позволяют выстраивать полный цикл — от заготовки до выхода на международные рынки. Здесь перерабатывают орех, производят продукцию и отправляют её на экспорт.

🔹 Предприятие находится на этапе расширения и нуждается в финансировании.

🔹 Для таких предпринимателей реализуется Проект развития устойчивых к изменению климата цепочек добавленной стоимости в сельском хозяйстве, предусматривающий суб-кредитование для модернизации и развития производств.

🔹 В настоящее время специалисты Проекта развития устойчивых к изменению климата цепочек добавленной стоимости в сельском хозяйстве оказывают консультационную поддержку при подготовке заявки.

🔹 Это позволит увеличить объемы переработки и повысить добавленную стоимость продукции.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📢 В Таласской области началась подготовка участка под лесопосадки

🔹 Таласское лесное хозяйство приступило к подготовке 100 гектаров земли в рамках реализации проекта «Устойчивость региональных пастбищных сообществ – АДАПТ».

🔹 В рамках проекта будут обеспечены необходимые посадочные материалы и ограждение территории для защиты новых насаждений.

🔹 Инициатива направлена на восстановление лесных земель и обеспечение сохранности создаваемых лесных культур.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📢 «Арзыбай-АТА Компани» ЖЧКсы кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүүнү пландоодо

🔹 «Арзыбай-АТА Компани» ЖЧКсы 2015-жылдан бери иш алып барып келет жана мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүгө адистешкен. Ишканада даяр продукцияны жана кайра иштетилген чийки затты сактоо үчүн жалпы сыйымдуулугу 600 тоннаны түзгөн муздаткыч кампа бар. Өндүрүш жыл бою үзгүлтүксүз режимде иштеп, 10дон ашык продукция түрүн кайра иштетет.

🔹 Келечекте компания өзүнүн жер тилкесинде кошумча муздаткыч жабдуулары бар кампа курууну пландоодо.

🔹 Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын жүрүшүндө долбоордун адистери ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процесстерин мындан ары өнүктүрүү боюнча зарыл сунуштарды беришти.

🔹 Учурда «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун адистери ишканага кредиттик каржылоого арыз даярдоо алкагында консультациялык жана техникалык колдоо көрсөтүп жатышат.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📢 Өз келечегин өзү түзгөн айымдар

🔹 Бакай-Ата районунун тургуну Сулайманова Эсемкан «Жети нур кенчи» аялдар кооперативин жетектейт.

🔹 Кооператив аялдарды бириктирип, алардын өз алдынча иш жүргүзүүсүнө жана каржылык көз карандысыздыкка жетүүсүнө көмөктөшөт.

🔹Кооператив “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн BALI / GALS окутууларына катышышты. Программанын жыйынтыгында кооператив гранттык колдоо алуу үчүн долбоордук сунуштамасын иштеп чыгып, тиешелүү документтерди тапшырды.

🔹 Мындай демилгелер аймактарда туруктуу ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү жамааттардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Толук маалымат видео тасмада➡️
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📢 Балыкчыда айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн окутуулар өттү

🔹 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында BALI гранттык программасы ишке ашырылууда.

🔹 Балыкчы шаарында аталган программа боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн окутуулар уюштурулду.

🔹 Окутуулардын жүрүшүндө долбоордун талаптарына ылайык түзүлгөн топтор өздөрүнүн айыл чарба тармагындагы бизнесин өнүктүрүүдө кездешкен бир катар көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүү жолдорун карашты.

🔹 Иш-чаралар катышуучулардын айыл чарба тармагында ишкердик жүргүзүү, финансылык сабаттуулук жана бизнес-пландоонун негиздери боюнча билимдерин жогорулатууга багытталды.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Жаңы билим — туруктуу келечекке карай ишенимдүү кадам.

🔹 Ормонова Айзада — Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. Учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу иштебейт.

🔹 Ал “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” долбоорунун алкагындагы BALI программасы тууралуу кокустан угуп калып, окутууларга катышып калган. Бул анын жашоосундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн башталышы болду.

🔹 Айзада айым белгилегендей, алардын кооперативи жаңы түзүлгөн. Долбоор аларга жаңы идеяларды берип, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

🔹 Учурда кооперативдин мүчөлөрү продукцияны кургатуу багытында изилдөө жүргүзүп, бул иштин ыкмаларын жана туруктуулук маселелерин үйрөнүп жатышат.

🔹 Окутуулардан кийин катышуучулар бизнес-пландарын иштеп чыгып, долбоордун алкагында грант алуу үчүн сунуштоону пландашууда.

🔹 Айзада айым мындай демилгелер айыл тургундары үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилейт.