APIU
329 subscribers
190 photos
18 videos
28 files
44 links
"Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору (2018-2023 жж.)
Download Telegram
Ош шаарында 2021-жылдын 15-июнунда азык-түлүк системаларын өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн биринчи #улуттукдиалог атту иш-чарасы башталды. Ага агробизнестин, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Улуттук диалогдор - бул кызыкдар тараптардын жардамы менен азык-түлүк өндүрүшүндө жаңы ыкмаларды киргизүү, экономикалык, социалдык жана экологиялык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын бул системада өз ордун табуу үчүн иштелип чыккан аянтча. Жалпы жыйынтыктоочу иш чара ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.

Иш-чаралар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарба министрлиги - көзөмөл астында БУУнун Кыргыз Республикасындагы колдоосу менен өткөрүлөт. Аткаруучу агенттиги - Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП/APIU).

🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿🌿


#APIU #ОРСП #IFAD #ИФАД #СаммитООНпопродовольственнымсистемам #продовольственнаябезопасность