.үч.чекит.
72 subscribers
119 photos
35 videos
1 file
269 links
Желедеги актуалдуу темалар тууралуу кеп салабыз 🔎
Бизге кошулуп, жеткиликтүү жана насаатсыз маалыматка ээ бол! 🤓
Download Telegram
🎣Кликджекинг түзмө-түз «баскычты (клик) урдоо» дегенди билдирет. Бул төмөнкүдөй иштейт: экранда жарнамалуу терезе чыгат, колдонуучу адатта крест менен белгиленген "жабуу" баскычын басат, бирок терезе жабылбастан анын ордуна такыр түшүнүксүз сайт ачылат. Чындыгында баягы кресттин үстүндө спам, жарнама, порно жана башка ызы-чууларга өткөрүп жиберүүчү дагы бир көрүнбөгөн баскыч кошулган. Бирок жарнама кликджекингдин эң зыянсыз түрү. Мындай схема маалыматтарды уурдоо, көрүүлөрдү жана жактырууларды көбөйтүү үчүн же колдонуучуларга билгизбей аккаунттарга жана ресурстарга жаздыруу үчүн колдонулат.

🤓 Сиз ушундай көрүнүшкө туш болгонсузбу?
🔹 «Постчындык» – адамдар объективдүү фактыларга караганда, эмоциялар жана жеке ишенимдеринин негизинде маалыматка ишенген жагдай.

🖋 Бул сөз биринчи жолу 1992 -жылы америкалык драматург Стив Тесич тарабынан колдонулган. Ал эми термин 2016 -жылы гана Brexitтен кийин (Британиянын Европа Биримдигинен чыгышы) кеңири жайылган.

👉Эксперттердин айтымында, Brexit – бул постчындыктын эң көрүнүктүү мисалы, анткени эл чындыкка дал келбеген, эмоцияга таасир эткен «Биз ЕБге күн сайын 50 миллион фунт жөнөтөбүз, келгиле, бул акчаны өзүбүздүн саламаттыкты сактоого жумшайлы!» деген пропагандаларга ишенген. Кийинчерээк Британиянын Финансы министрлиги бул сандарды четке какты.
Ошол эле учурда, эксперттер сандар жана фактылар менен Brexitтин максатка ылайыксыздыгын түшүндүрүшкөн, бирок алар натыйжасыз болуп чыкты.

📖Постчындык доорунда эмоциялар фактыларга караганда адамдарды ишендирүүдө эффективдүү болуп чыгат. Ал эми санариптештирүү жана маалыматтын агымы анын өнүгүшүнө салым кошот. Бул термин англис тилдүү маалымат каражаттарында ушунчалык кеңири колдонула баштагандыктан, 2016-жылы Оксфорд сөздүгүндө «постчындык» сөзү «Жылдын сөзү» наамына татыган.

🤔Постчындыкка кандай мисалдарды келтире аласыз?
✏️Биз кичинекей редакциябыз менен бир күн бою сөз эркиндиги тууралуу пост даярдап жатканбыз. Алгач жөн гана мамлекеттердин маалымат каражаттарын цензуралагандыгы жана Твиттердин Дональд Трампты бөгөттөгөнү жөнүндө кезектеги пост пландаштырылган. Бирок процесс башка жакка бурулуп, биз өзүбүзгө суроолорду бере баштадык. Сөз эркиндиги деген эмне? Мамлекет кепилдеген адамдын укугубу же айткан сөзүң үчүн коопсуз болом деген ички сезимби? Же экөө теңби?

👥Командабыздын жарымы сөз эркиндигинин укуктук аныктамасын айта баштады - адамдын өз оюн эркин билдирүүсү, өз пикирин коргоо жана маалымат таратуу эркиндиги. Бул нерсе мамлекет тарабынан кепилденет, демек, мамлекет гана аны бузуп, цензураны киргизе алат. Цензура бийликтин тик вертикалы бар жерде гана болушу мүмкүн.

🙋Команданын экинчи жарымы сөз эркиндигин "юридикалык" жактан тышкары да бузууга болот деп эсептейт. Мисалы, жумушта жетекчилер жумушчуларга өзүн кандай алып жүрүшү керектигин айтып, айрым темаларды талкуулоого тыюу салышат. Бул деле бийликтин вертикалы, бирок ал мамлекетке тиешелүү эмес. Муну цензура деп атоого болобу? Башка мисалды карап көрөлү. Зордукка кабылган аял зордукчуну жазалоо үчүн өзүнүн окуясын ачыкка чыгаргысы келет, бирок анын чөйрөсү: “Үйдөгү урушту сыртка чыгарба”, - деп тоскоол болот. Бул цензурабы? Цензура болбосо, анда адам маалымат менен бөлүшүү эркиндигин жоготуп жатпайбы.

🤓Бүгүнкү күндө жеке адамды, адамдардын тобун жана ал тургай уюмдарды массалык түрдө айыптоо (кэнсел) маданияты күч алууда. Мунун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. "Айыпталып калуудан" коркуу өзүн-өзү цензуралоого алып келет. Өзүн-өзү цензуралоо цензура эмеспи?

Сөз эркиндиги темасы аябай татаалдашты. Биз бири-бирибизге берип, так жооп таба албаган суроолорубузду эми сизге узатабыз. Бүгүн бизде сөз эркиндиги барбы?
Эркиндик - бул мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүкпү же адамдын ички сезимиби

#сөзэркиндиги
#санарипжашоо
Жүзүң албырып...
Параллель ааламда

Пост же комментарий үчүн акча төлөөгө макулсузбу? 🤔
Сиздин вариант:
"Wi-Fi барбы?" 👀
Кайда гана барбайлы, ушинтип сурайбыз. Албетте, көптөгөн адамдар мобилдик интернетти колдонушат, бирок ноутбукта иштөөгө келгенде, Wi-Fi колдонууну туура көрөбүз. Же смартфондогу мобилдик интернет айрым жерлерде жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн, андыктан кээде Wi-Fiга туташууга туура келет. Аны колдонуу боюнча бир нече кеңешибиз бар👇:

📌Wi-Fi колдонулбаган учурда, аны өчүрүңүз – өзүңүздү коргойсуз, батарея кубатын үнөмдөйсүз. Телефонуңуздагы же планшетиңиздеги Wi-Fi’ га автоматтык тутуашуу мүмкүнчүлүгүн өчүрүп салганыңыз туура.
📌Сырсөз сурабаган, текшерилбеген Wi-Fi байланыштарына ишенбеңиз. Көбүнчө, киберкылмышкерлер ушундай тармактарды колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдоо үчүн колдонушат.
📌Кайда жүрсөңүз дагы – дүкөндө, ресторанда же музейде – дайыма мекеменин кызматкерлеринен тармактын туура атын жана сырсөзүн сурап, анан туташыңыз.
📌Электрондук каттарды ачуу, эсептерге кирүү, онлайн-банк операцияларын жүргүзүү, документтерди же башка жашыруун маалыматтарды жөнөтүү үчүн ачык Wi-Fi колдонбоого аракет кылыңыз. Бардык маанилүү операциялар үйдөн же башка ишенимдүү тармак бар жерде жүргүзүлүшү керек.
📌 Мүмкүн болушунча аккаунттарыңызга эки факторлуу аутентификацияны коюп алыңыз. Бул кадам коопсуздуктун дагы бир катмарын кошот.

😎Эң жакшысы – VPN туташтырып алыңыз.
жизагүл 😎
Эч качан көрүлбөй турган видеону тартпай коюуга эркиңиз жетеби? Мисалы бүгүн 😉

🎉Эгемендүүлүк күнүбүз менен!

#санарипжашоо
Киберкоопсуздук жана санарип укуктар боюнча августтагы башкы жаңылыктар👇

1️⃣Августтун башында француз чалгын кызматтары бир нече журналисттердин телефондорунда Pegasus шпиондук программасынын издерин аныкташкан. Бул 17 ММКнын эл аралык иликтөөсүнүн корутундусун бийликтин биринчи жолу тастыкташы болду. Пегасус - Израилдин террорчуларды көзөмөлдөө программасы, бирок аны бир нече өлкөлөр журналисттерге жана активисттерге каршы колдонушкан. Түзмөктү жуктуруу үчүн телефон ээсинин эч кандай аракети талап кылынбайт, бардыгы алыстан башкарылат. Ошол эле учурда, программа чалууларга, галереяга, байланыштарга мүмкүнчүлүк берет жана камера менен микрофонду башкара алат. Кээ бир өлкөлөр Pegasusту башка мамлекеттердин саясатчыларын аңдуу үчүн кодонушу мүмкүн, мисалы, көзөмөлгө алынган телефон номерлеринин тизмесинин арасында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун номери болгон.

2️⃣Нирвананын легендарлуу Nevermind альбомунун сүрөтүндөгү балакай Нирвана тобун балдар порнографиясын таркатканы жана анын сүрөтүн макулдугусуз колдонгону үчүн сотко берген. Отуз жаштагы Лос-Анжелестин тургуну Спенсер Элден айыпталуучулардын ар биринен жеке сексуалдык мүнөздөгү ачык материалдарды таркатканы жана 18 жашка чейинки коммерциялык сексуалдык аракеттерди мажбурлаганы үчүн 150 миң доллар талап кылып жатат. Баса, ал альбомдон Нирвана тобунун жана студиянын мүчөлөрү азыркыга чейин пайда көрүп келишет. Наристенин сүрөтүн эмодзи менен жапкан ата–энелерге болгон мамилебиз бул окуядан кийин өзгөрүшү шексиз.

3️⃣Беларустун "киберпартизандары" Беларустун Ички иштер министрлигинин көптөгөн базаларына киришти. Августтун башында хакерлер "Беспорядки" маалымат базасынын фрагменттерин коомчулукка көрсөтүшкөн, ал жерде, кыязы, наразылык акциясында кармалгандар тууралуу маалыматтар чогулган. Ал эми айдын аягында Беларустун Тергөө комитетинин кызматкерлеринин маалымат базасын бузуу тууралуу маалымат пайда болду. Буга чейин "киберпартизандар" Лукашенконун жана анын уулдарынын паспорттук маалыматтарын, нааразылык акцияларын басууга катышкан чиновниктер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматтарын жарыялаган. Ошол эле учурда хакерлер маалымат фрагменттерин жарыялоо менен кармалгандардын маалыматтарын жашырышат.

4️⃣Жасалма интеллект кекиртек рагынан аман калган актёр Вэл Килмердин үнүн кайра жаратты. 2014 -жылы актёр трахеотомИя, химиотерапия жана нур терапиясынан өткөн, андан кийин өзү белгилегендей, башкалар анын сүйлөгөн сөзүн дээрлик түшүнбөй башташкан. Килмер оорусун бир нече жыл жашырып, ал тууралуу ушактарды четке кагып келген. 2020 -жылы Килмердин өкүлдөрү актердун үнүн кайра жаратуу үчүн Sonantic үн синтези компаниясы менен байланышкан. Килмердин үнү жасалма интеллектин жана эски пленкалардын жардамы менен кайтарылды.

5️⃣Россияда “Акылдуу добуш берүү” сайтында жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен байланышкан башка платформаларда катталган адамдарга полиция көңүл бөлө баштады. Колдонуучулардын маалыматтары 2021 -жылдын июнь айында жалпыга жеткиликтүү болуп калган. Биринчи мындай учурлар тууралуу OVD-Инфонун журналисттери 17-августта кабарлашкан. Кээ бир учурларда полиция адамдардан жеке маалыматтарды мыйзамсыз берүү боюнча Алексей Навальныйга каршы арыз жазууну суранган.

6️⃣Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 100дөн ашуун саясатчылардын жана активисттердин телефондорун тыңшады. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Facebook баракчасында өзү жана башка 100гө жакын активисттер, оппозициялык саясатчылар жана укук коргоочулар соттун уруксаты менен Ички иштер министрлиги тарабынан тыңшалганын билдирди.
«Сот актысына ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин чечими негиз болгон, анда ал соттон телефондорду тыңшоого уруксат берүүнү суранган жана сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүп жаткандыгын жүйө келтирген. Клара Сооронкулованын айтымында, октябрь окуясына эч кандай тиешеси жоктор да "тыңшалган" тизмеде болгон: алар адвокат Нурбек Токтакунов, юристтер Сания Токтогазиева жана Таттыбүбү Эргешбаева.
👀 Эгерде мессенджерде жашыра турган нерсеңиз бар болсо (😎 бар экени шексиз), анда бул пост сиз үчүн. 👇

Telegram’да “Жашыруун чат” функциясы бар экенин билчү белеңиз? Анда билдирүүлөр шифрленет, алар кайра жөнөтүлбөйт жана таймер менен өчүрүлөт.

Жашыруун чаттын өзгөчөлүгү эмнеде

🔸Эгер жашыруун чатта маектешиңиз скриншот тартып алса, сизге бул тууралуу билдирүү келет.
🔸Эгер аккаунтуңуздан чыгып кетип, чатты жаппай калсаңыз, ал автоматтык түрдө өчүрүлөт.
🔸Ал жаратылган түзмөктө гана жеткиликтүү жана башка жерден ага кирүүгө болбойт.
🔸Бир колдонуучу менен чексиз сандагы жашыруун чаттарды түзө аласыз.
🔸Билдирүүнү же бардык кат алышууларды жок кыла турган убакытты белгилей аласыз. Сиз койгон өчүрүлө турчу мөөнөттө алар эки түзмөктө тең жок болуп кетет.
🔸Эгер сиз чаттан билдирүүнү же сүрөттү өчүрсөңүз, ал маектештин чатынан да өчүрүлөт.
🔸 Жашыруун чаттан келген билдирүүнү эч жакка жөнөтүү мүмкүн эмес.
🔸Телефондо гана иштейт. Веб-интерфейс (компьютер) аркылуу баарлашуу мүмкүн эмес.
🔸Бардык маалыматтар сиздин түзмөктө жана маектештин телефонунда гана сакталат. Тиркеменин жаратуучулары буга кепилдик беришет.

🤔 Сиз кайсы мессенджерди көп колдоносуз?
Бүгүн Гугл байкеден эмнени билдиңиз? 🙃

#санарипжашоо
👾Троян – бул өзүн коопсуз программа катары көрсөткөн зыяндуу программанын бир түрү. Ал көбүнчө киберкылмышкерлер тарабынан интернет колдонуучунун маалыматын уурдоо, аңдуу же системаларына кирүү үчүн колдонулат.

🕸Троянды вирус деп атоо анча так эмес, анткени вирустан айырмаланып, троян файлды файл артынан жаралабайт. Троян колдонуучунун аракеттерине көз салуу мүмкүнчүлүгүн алууга умтулат. Мисалы, колдонуучу бир нерсени онлайн сатып алып жатса, троян анын аракеттерин каржылык маалыматы менен кошо серверге жөнөтөт.

🤓Трояндыктар сиздин компьютериңизге кирүү үчүн уруксат сурагандыктан ушундай аталып калган. Ошондуктан, трояндан коргонуу үчүн, эгерде сиз программанын коопсуздугунан күмөн санасаңыз, эч кандай тиркемелерди же программаларды ишке киргизбешиңиз керек.
Сиз фрейпингге туш болдуңуз беле

📱Бирөө сизге билгизбей каттоо эсебиңизге кирсе – бул фрейпинг. Кароосуз калган түзмөк же аккаунтуңуздун логини жана сырсөзүңүз дагы кылмышкерлердин колунда болсо, ал дагы фрейпинг деп эсептелет.

🧟Фрейперлердин негизги максаты – жабырлануучунун имиджин бузуу, коомчулукту жана жазылуучуларды ага каршы козутуу. Бул үчүн фрейпер жабырлануучунун атынан жана анын чыныгы аккаунтунан провокациялык маалыматтарды же мазактоочу билдирүүлөрдү жарыялайт.

🤭Фрейпингдин коркунучу – жарыяланган маалымат кандайдыр бир жол менен жок кылынгандан кийин да, дипвэпдеги архивде кала берет. Экинчи жагы, коомго белгилүү инсандар өздөрүнүн туура эмес же жаңылыштык билдирүүлөрүн инструментализациялоого аракет кылышы мүмкүн жана коомчулуктун сынынан кийин бардыгын фрейпингге шылтап коюу оңой болуп калат.

☝️Өзүңүздү фрейпинден коргоо үчүн ар дайым түзмөктөрүңүздү көзөмөлдөп туруңуз же аларды бөгөттөңүз. Башка адамдардын түзмөктөрүнөн аккаунтарыңызга кирбөөгө аракет кылыңыз, бирок абдан керек болсо, түзмөк сиздин логин менен сырсөзүңүздү эстеп калбаганын текшериңиз. Анан, албетте, маал-маалы менен сырсөзүңүздү жаңыртып турууну унутпаңыз.
😏Кана, айткылачы, Инстаграмда бирөөнү аңдуу үчүн кимиңер "сол" аккаунт ачкан эмессиңер? Дээрлик баарыбыз эле, туурабы? Болбосо, стористи көргөндөрдүн тизмесинде @nogotochki_1234 сыяктуу шектүү аккаунттар эмне кылып жүрөт?
🕵️‍♀️Сatfishing – адам сизди анонимдүү түрдө ээрчибестен, сиз менен байланыш түзүп, өзүн башка адам көрсөтүп, романтикалык кат алмашууга аракет кылат. Көбүнчө, түгөйлөр өнөктөшүн текшерүү үчүн бул ыкманы колдонушат: "Ал кимдир бирөө менен таанышат болду бекен?", – деп.
🎣Кээде, кэтфишинг адамды кыйноо үчүн колдонулат. Көбүнчө мындай учурлар мектепте өспүрүмдөр арасында кездешет. Кээ бирөөлөр ушинтип көңүл ачышат. Кандай болбосун, кэтфишинг – бул адамды психикалык тең салмактуулуктан чыгаруучу калптын өтө агрессивдүү түрү.
🤡Маектешиңиздин кэтфишер экенин аныктай турган бир нече белгилер бар. Мисалы: силер кат алышуу аркылуу гана баарлашасыңар, видеобайланышка чыкпоо үчүн маектештин көптөгөн шылтоолору табылып турат, мамилеңер абдан тез өнүгөт, маектешиңиз өтө акылга сыйбаган нерселерди айтат. Бул эми толук тизме эмес, андыктан ким менен баарлашып жатканыңызды текшерип алганыңыз оң.
А балким...👀 Ыя?
👤Ransomware хакерлери чоң суммадагы акча талап кылыш үчүн көп учурда чоң жана өтө маанилүү маалыматтарды "издешет". Мисалы, банктын кардарларынын маалымат базалары же мамлекеттик кызматтардын сайтында чогултулган жарандардын маалыматтары ж.б. Акыркы бир жылдын ичинде мындай кол салуулардын мисалдары көп болду. Бирок, бул жөнөкөй колдонуучуну хакерлерди кызыктырбайт дегенди билдирбейт.

👾Түзмөктү спам-кат, компьютерди "коргоо" же "тазалоону" сунуш кылган калкып чыкма терезелер аркылуу, же кооптуу байланыш жана шектүү сайттарга кирүү аркылуу "оорутуп" алуу мүмкүн. Хакерлер колдонуучунун маалыматына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, дароо жеке файлдарды же бүтүндөй түзмөктү кулпулап, анын кулпусун ачуу үчүн акча талап кылышат.

☝️Чабуулдардан коргонууга болот. Эрежелер башка кол салуулардан коргогондой эле жөнөкөй жана универсалдуу: белгисиз жөнөтүүчүлөрдүн каттарын ачпаңыз, аларга тиркелген файлдарды эч качан жүктөбөңүз жана ачпаңыз, шектүү сайттардан оолак болуңуз, программалык камсыздоону жаңыртып туруңуз, атүгүл кол салуу болгон күндө да акча берүүгө дароо макул болбоңуз жана таптакыр төлөбөөгө аракет кылыңыз, анткени бул мыйзамсыз аракеттерге гана түрткү болот.
Кандай китеп окусам?🤔

📖«Первому игроку приготовиться»
Эрнест Клайн
2045 -жылы чыныгы дүйнө жагымдуу жер эмес. Уэйд Уоттс чындыгында OASISте – адамзаттын көбү күндөрүн өткөргөн чоң виртуалдык мейкиндикте өзүн тирүү сезет. OASISтин жаратуучусу өлөр алдында оюн негизинде бир топ татаал табышмактарды түзөт. Ким аларды биринчи чечсе, анын эбегейсиз байлыгын жана OASISтин көзөмөлүн мураска алат.

📖«Цифровая крепость»
Дэн Браун
Суперкомпьютер «Цифровая крепость» программасы аркылуу түзүлгөн кодду чечмелей албайт. Мыкты адистер чече албаган тамгалар менен сандардын жыйындысы атайын кызматтын мурдагы адиси тарабынан иштелип чыккан. Бул ишти АКШнын алдыңкы криптографтарынын бири Сюзан Флетчер чечүүгө киришет. Ал туура жолго түшкөндө, АНБнын жашыруун иштеп чыгуулары жана миллиондогон адамдардын өмүрү коркунучта экени белгилүү болот.

📖 «Т’Эрра»
Нил Стивенсон
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандары бар көп ролдуу оюн. Күн сайын «Т’Эрра» көптөгөн виртуалдуу дүйнөгө чөмүлгөн күйөрмандарды көбүрөөк тартат. Ал эми хакерлер тобу оюндун ийгилигинен пайдаланууну чечет. Кибергангстерлер вируска чалдыккан компьютердеги бардык маалыматтарды шифрлеген уникалдуу REAMDE вирусун жаратышат.

📖«Полдень, ХХII век»
Аркадий Стругацкий
2119-жыл. Жүз жыл мурун рейске чыгып, кырсыктан кийин үйүнө кайткан астронавттар келечектеги Жер менен таанышат: тамак-аш жеткирүүчү линиялар, робот багбандар, птерокарлар – XXII кылымдын жашоочулары үчүн күн сайынкы кадимки көрүнүштөр. Бул кызык дүйнөгө кечигип калган каармандар эми кантишет? Роман 1960 -жылдардагы адамдар жашагысы келген дүйнөнү сүрөттөйт.

📖 «Нимформация»
Джефф Нун
Келечек. Аң-сезимди укмуштуудай кеңейтүүчү виртуалдык реалдуулук жана жаңы «каражаттар» убактысы. Оюндун "Anno Domino!" урааны Манчестер асманында жаңырып турат. Жеңүүчү баарын алат дешет. Бирок Оюндун эрежелери айланадагы дүйнөнү түбөлүккө өзгөртө турган жерде, эч ким жеңишке жете элек.

🙂Сиз кандай китептерди сунуштайсыз?

#санарипжашоо
Чынында мындай тесттер эмне үчүн керек? 🤷‍♂️

#санарипжашоо
👾Киберсталкингди бир нерсе менен салыштыруу кыйын, анткени бул аңдуунун агрессивдүү түрү жана көпчүлүк учурларда кадимки сталкингдин куралы болуп саналат.

📸Биз, адатта, өзүбүз жөнүндө көп маалыматты башкалар кандай максатта колдонорун ойлонбой туруп жарыялай беребиз. Мисалы, жолугушуудагы сүрөттөрдү, машыгуу залындагы чекти, үйдүн сырты ж.б. Элестетсеңиз, бул маалыматтын баарын чогултуп, кийин сизди аңдууну чечкен бир адам табылсачы? Ал адам интернетте маалымат чогултса киберсталкер болот, ал эми сизди көчөдө аңдып баштаары менен, кадимки сталкер болуп калат жана бул абдан коркунучтуу.

👀Биз үйдөгү же эртең менен чуркап бараткандагы сүрөттөрдү чыгарып койсок эчтеке болбойт деп эсептейбиз, бирок, эгер кимдир бирөө сизге көз салып жүргөнүн байкасаңыз, дароо аккаунтуңузду купуя кылып, учурдагы же келечектеги пландар тууралуу маалыматты чыгарганды токтотуңуз, досторуңуздун тизмесин тазалаңыз, өзүңүзгө ишенгендерди гана калтырыңыз.

😎Кадимки сталкингдегидей эле, киберсталкинг тууралуу жакындарыңыздын көбүнчөсүнө кабарлоого аракет кылыңыз. Кайра сталкерди издеңиз (көбүнчө алар жеке билдирүүлөрдү жазышат), анын атын жана фамилиясын, окуган же иштеген жерин, дарегин билип алыңыз. Эгерде коркутуп-үркүтүүлөр болсо, полицияга кайрылып, чогулткан маалыматыңызды бериңиз.

🤔Сизде сталкингге же киберсталкингге кабылгансызбы?