.үч.чекит.
68 subscribers
119 photos
35 videos
1 file
269 links
Желедеги актуалдуу темалар тууралуу кеп салабыз 🔎
Бизге кошулуп, жеткиликтүү жана насаатсыз маалыматка ээ бол! 🤓
Download Telegram
📌Интернет-цензура - бул интернет-ресурстарынын мазмунун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу. Цензура мыйзамдарды бузган маалыматтарды (анын ичинде жалаа жабуу, кемсинтүү, улуттар аралык кастыкты козутуу, автордук укукту бузуу, порнография, уят сөздөр, нацисттик белгилер ж.б.) алып салууга жана өлкөдө же анык бир интернет-ресурста үстөмдүк кылган же алгылыктуу пикирлерден айырмаланган “башкача” пикирлерди басууга багытталат.

👤Мисалы, блогер Элмирбек Сыдыманов 2020-жылдын 17-февралында аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалган. Буга анын диалектилер жөнүндө түз эфирдеги билдирүүлөрү себеп болгон. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун сүйлөгөн сөздөрүндө аймактар ​​аралык кастыкты козуткан жана күч колдонууга чакырган белгилер болгон эмес. 2021-жылы мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту блогердин ишин карап чыгып, аны актаган.

🤫2020-жылы Кыргызстанда "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер социалдык тармактарда видеолорду жана сүрөттөрдү жарыялап, алар начар сапаттагы коргоочу шаймандары менен иштөөгө мажбур экендигин, эмгек шарттарына нааразычылыктарын жазып чыгышкан. УКМК ал дарыгерлерди таап, айтылган сөздөрүн төгүндөөгө жана "жалган маалымат таратканы үчүн" кечирим суроого мажбурлаган.

🧐 Кандай ойлойсуз, мындай иш-аракеттер сөз эркиндигине шек келтиреби?
💁‍♀️Бүгүнкү күндө биз интернетти байланышуу үчүн гана эмес, бизнес баштоодо, инвестиция кылууда, көркөм чыгармаларды жаратууда, жада калса төңкөрүш жасоодо ж.б. көп нерселер үчүн колдонобуз.

Кызыгы, кадимки дүйнөдө бардык иш-аракеттерди белгиленген мыйзамдар менен өлчөй алсак, интернетте болсо бирөөлөрдүн автордук укугун бузбай мемдерди колдонсо болобу-болбойбу – түшүнбөйбүз. Эң кыйыны – ар бир өлкө өзүнүн санарип мыйзамдарынын эрежелерин өзү аныктайт.

Бирок, санарип укуктарыбыздын бузулганын тааный билүү маанилүү. Ошондуктан биз интернеттеги укуктардын бузулушунун беш белгисин тизмектедик.👇
🤔Интернеттеги жарнама: бөгөт коюу керекпи же жокпу?

🤡Тармакта жарнама көп болуп кетти. Келечекте, албетте, андан дагы көбөйө баштайт. Бирок интернет сыналгы эмес да, мында жарнамадан арылуунун жолдору бар эмеспи.

💻Кээ бир сайттар жарнамадан акча табуу үчүн гана иштейт. Ар кандай казинолордун жана букмекердин баннерлери чыга берген пираттык киносайттар эсиңиздеби? Тажаткан жарнамаларды жайгаштырууну кыянаттык менен пайдаланган сайттар дал ушулар. Анын үстүнө мындай сайттарда жарнама блокаторун аныктоочу детекторлор көп кездешет жана блокатор өчүрүлмөйүнчө, кино сизге көрсөтүлбөйт. Тасманы акысыз көргөнүңүз үчүн акы ушул.

☝️Бирок, бир четинен, жарнама көптөгөн татыктуу ресурстар үчүн акча табуунун жалгыз жолу болуп келет. Жарнама эсебинен көптөгөн платформалар жана адамдар, көз карандысыз маалымат каражаттары жашашат. Алардын сайттарындагы жарнамаларга бөгөт коюу менен, сиз аларга тыйын табууга тоскоол болосуз.

Жарнамаларды бөгөттөө – бул нормалдуу эле нерсе, бирок сайттардагы бардык жарнамаларды көрсөтпөй салуу – өтө адилеттүү эмес. Ал тургай, популярдуу жарнама блокатору "AdBlock" муну баса белгилейт.

👉Жарнама блокаторун орнотуу үчүн жөн гана браузериңиздин "AdBlock" кеңейтүүсүн издеңиз. Ал толугу менен акысыз, бирок ыктыярдуу төлөмдөрдү кабыл алат. Бул плагиндин жөндөөлөрүндө «разрешить ненавязчивую рекламу» деген опция бар. Аны иштетсеңиз, блокатор бардык жарнамаларды толугу менен жаап салбайт жана ак ниет ресурстардын кирешесин сактап калат.

Ар кандай онлайн-платформалардагы жарнамалар сизге канчалык жолтоо болот? 10 баллдык шкала боюнча баалаңыз:
1- таптакыр жолтоо болбойт
10 - абдан тынчсыздандырат
Интернетте кандай жандыктарды кездештиресиңер?
#санарипжашоо
🕵️‍♂️Доксинг – бирөөнүн башына мүшкүл түшүрүү, зыян келтирүү же кооптуу абалга калтыруу максатында ал жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз ачыкка чыгаруу.

📑 «Doxxing» термини «документтер (docs)» деген сөздөн келип чыккан. Адам доксинг жасаган учурда кимдир бирөөнүн жеке маалыматын «документтейт»: дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин, соцтармактардагы профилдеги ысымдарын, иштеген жерин, туугандары, өнөктөштөрү жана балдары жөнүндө маалыматтарды, кат алышуулардын фрагменттерин, кылмыш иштери боюнча документтерди, медициналык маалыматтарды ж.б. чогултат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, доксинг – адамдардын жашоосунун деталдарын изилдөө, андан кийин – жарыялоо.

👤Доксинг – онлайн алдамчылык куралдарынын бири. Бул таанышуу сайттарында көп колдонулат. Алдамчылык схемасы төмөндөгүдөй:
Алдамчы популярдуу таанышуу сайтына сүйкүмдүү кыздын аккаунтун каттайт, курмандыктары тез табылат. Интимдик кат алышууларды жана жылаңач сүрөттөрдү көрсөтмөкчү болуп, байланышты соцтармактарда улантууну сунуштайт.

Соцтармакта манипуляция аркылуу жабырлануучуну жылаңач сүрөттөрүн жиберүүгө мажбурлайт. Сүрөттө жыныс мүчөлөрү да, бети да көрүнүп турушун талап кылат. Кат алышуу социалдык тармакта жүргөндүктөн, жабырлануучунун жеке маалыматтары дароо алдамчыга жеткиликтүү болуп калат – иштеген жери, досторунун, туугандарынын тизмеси ж.б. Бул жерде шантаж башталат: алдамчы жабырлануучуга анын сүрөтүн досторуна, туугандарына жиберем деп коркутуп баштайт.
Жабырлануучу, албетте, өзүнүн мындай сүрөттөрүнүн жакын адамына көрүнүшүн каалабайт жана алдамчыга акча төлөп берет.

Жеке маалымат менен бөлүшүүдөн мурун, коопсуздугуңуз жөнүндө ойлонуңуз – өзүңүз жөнүндө маалымат өзүңүзгө эле каршы курал болуп калышы мүмкүн.

Доксинг сөз эркиндигин чектей алат деп ойлойсузбу?
⚖️Тармактык бейтараптуулук – интернет-провайдерлер адамдарга бирдей ылдамдыкты жана бардык интернет-ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек болгон принцип.

📨Элестетип көрсөңүз, X почта кызматы бирдей категориядагы жана салмактагы бардык каттарды Москвадан жана Стокгольмдон Нью-Йоркко бирдей ылдамдыкта жеткирет. Бул бейтараптык. Эми, почта кызматында жарнамалык каттарды жөнөтүүчү агенттик бар дейли. Эгерде почта кызматы жарнама каттарын жөнөтүүчүлөрдүн каттарына караганда тезирээк жеткирсе, бул бейтараптуулуктун жоктугунун мисалы болот. Тармакта да ушундай эле.

️ Тармактык бейтараптуулукту сактабоо интернет эркиндигин одоно бузуу болуп саналат. Мисалы, азыр Россияда Твиттердин иштеши мезгил-мезгили менен жай болуп атат. Твиттер – адамдар маалымат алмашкан Россиядагы негизги платформалардын бири. Анын ишинин жай болуп жатканын колдонуучуларды чет элдик маалымат булактарына кирүүдөн арылтуу аракети катары караса болот, анткени Твиттерди бийлик көзөмөлдөй албайт. Колдонуучулардын жергиликтүү, көзөмөлгө алынган ресурстарды окуганы бийлик үчүн жакшы эмеспи.

🤔Сиздин оюңуз боюнча, Кыргызстанда тармактык бейтараптуулук барбы?
🔥Фаервол (firewall – күйүп турган дубал) – компьютер менен Интернетке туташуу ортосундагы фильтр. Ал колдонуучу уруксат берген трафикти гана өткөрөт. Фаервол бир эле түзмөктү же бүтүндөй өлкөнү курчай алат.

Дүйнөдөгү эң белгилүү фаервол бул Кытайдын «Алтын калканы» («Золотой щит»), аны дагы «Кытайлык улуу фаервол» деп атап коюшат. Ырас, «Алтын калканды» сиздин компьютерде же смартфонуңузда орнотулган фаервол менен салыштырууга болбойт. Анда трафикти жөнгө салуудан тышкары, коопсуздукту башкарган, атайын кызматтарга мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берген жана тармакка кирүүнү жана чыгууну көзөмөлдөгөн бир нече татаал тутумдар бар.

💥Кытайдын улуу фаерволу жалпыга ачык Интернеттин көпчүлүгүн жаап салгандыгы менен белгилүү. Кытайда 2010-жылы медиагиганттар, анын ичинде Google, Facebook ж.б. тосмолонгон. Дүйнөдө теңдеши жок кытайлык интернет-цензура да, көпчүлүк учурда, фаерволдун айынан болот.

👉Түзмөгүңүздүн коргонуу каражаты болгон фаервол жөнүндө бир гана нерсени билишиңиз керек. Ал компьютериңиздин негизги коргоосунда орнотулган болот, эгер сиз Windowsту колдонсоңуз, ал брандмауэр деп аталат. Операциялык тутумдун компоненттерин жаңыртып туруу жетиштүү, аны Windows автоматтык түрдө жаңылайт же колдонуучуга жаңыртууга убакыт келгенин билдирип турат.

🕵Сиз «пиратка» колдоносузбу же лицензияланган Windowsпу?
Кутула албайсың.
#санарипжашоо
SMMчилер үчүн
Контент автордук укук менен корголгонун кантип билсе болот

🕸Интернетте өтө эле көп контент бар. Аны адамдар жаратышат, ага акы төлөшүң керек. Бирок биз көп учурда бул жөнүндө ойлонбостон, керектүү нерселерди – сүрөт, музыка, видеолорду Google'дан жүктөп алабыз. Чынында минтүүгө болбойт, социалдык тармактар ​​бул жөнүндө кыйытып билдиришет. Мисалы, Инстаграм роликтерге койгон музыкаңыз үчүн видеолоруңузду блоктоп койгон учурлар болду беле?

🔹Эмне кылуу керек?
Тигил же бул автордук контентти колдонуу үчүн лицензия болушу керек. Мисалы, YouTube'да 2 миллиард жолу көрүлгөн хит ырды колдонууну каалайсыз дейли. Сиз бул тректи пираттык сайттан жүктөп, өзүңүздүн видеоңузга кошуп, ошол эле YouTube'га жүктөдүңүз. 5 мүнөттөн кийин видеоңуз бөгөттөлүп калганын байкайсыз. Бул түшүнүктүү, анткени трек автордук укук менен корголгон. Тректи IiTunes’дан сатып алган күндө дагы, аны видеоңузда колдоно албай каласыз. Буга анча деле капаланбаңыз, анткени акысыз лицензия менен таратылган музыка бар! Ал «Creative Commons» деп аталат.

🎼Интернетте акысыз музыка толтура, аны жөн гана туура издеңиз. Эгерде сизге рэп-трек керек болсо, анда Гуглда «rap music creative commons» деп жазыңыз. Чындыгында, көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн, акысыз лицензия боюнча көбүнчө анча-мынча сапаттуу эмес чыгармалар жарыяланат. Эгер сиз акысыз, бирок сапаттууну кааласаңыз, анда убакытты бөлүп, изденүү керек.

💸Эгерде сиз акысыз контенттин сапатына нааразы болсоңуз, анда «Royalty-Free» лицензиясынын негизинде таратылган материалдарды сатып алсаңыз болот. «Free» (бекер) деген сөзгө карабастан, ал бекер эмес, бирок арзан. Бир жолу төлөп коюп, контентти өз максаттарыңыз үчүн колдоно бересиз. Мисалы, бул лицензия менен бир сүрөт болжолдуу түрдө 1 - 10 доллар, музыкалык трек 1-50 доллар турат. Ал жерде көптөгөн варианттар бар.

🔹Эгер сиз хитти колдонууну кааласаңызчы?
АКШнын мыйзамдарында «Fair Use» – акыйкат пайдалануу деген пункт бар. Эгер сиз контент аркылуу акча табууну максат кылбасаңыз, анда хит ырдын фрагментин колдонсоңуз болот (толугу менен болбойт!). Ошондо социалдык тармактар ​​аны бөгөттөбөйт. Доомат коюшу мүмкүн, бирок сиз акыйкат пайдаланууга шылтап, текшерүүгө жиберсеңиз болот. Көпчүлүк социалдык медиаплатформалар АКШнын мыйзамдарына баш иет, ошондуктан материалды жарыялоого мүмкүнчүлүк берилет.

🔹.үч.чекит. кандай контент колдонот ?
Биз, сиз сыяктуу эле, короодо акча өстүрбөйбүз, бирок автордук укук бузууларды кыянаттык менен жасабайбыз. Материалдарды алууга боло турган ресурстардын тизмебиз бар. Ошондой эле кээде акыйкат пайдалануу укугубузду ишке ашырабыз. Ресурстарга шилтемелер👇

Көңүл буруңуз, материалды колдонуунун шарттары бар.

Акысыз музыка:
YouTube Music Library - https://studio.youtube.com/channel/UCE9zt1B_5fZWxwEYbkCCWWw/music

Facebook Sound Collection - https://business.facebook.com/creatorstudio/?tab=ct_sound_collection&collection_id=all_pages

Акысыз сүрөт:
https://www.freepik.com/
https://www.flaticon.com/

Музыка royalty-free:
https://audiojungle.net/

Сүрөт royaty-free:
https://ru.depositphotos.com/
https://www.shutterstock.com/ru/
Сөз жок
🎣Кликджекинг түзмө-түз «баскычты (клик) урдоо» дегенди билдирет. Бул төмөнкүдөй иштейт: экранда жарнамалуу терезе чыгат, колдонуучу адатта крест менен белгиленген "жабуу" баскычын басат, бирок терезе жабылбастан анын ордуна такыр түшүнүксүз сайт ачылат. Чындыгында баягы кресттин үстүндө спам, жарнама, порно жана башка ызы-чууларга өткөрүп жиберүүчү дагы бир көрүнбөгөн баскыч кошулган. Бирок жарнама кликджекингдин эң зыянсыз түрү. Мындай схема маалыматтарды уурдоо, көрүүлөрдү жана жактырууларды көбөйтүү үчүн же колдонуучуларга билгизбей аккаунттарга жана ресурстарга жаздыруу үчүн колдонулат.

🤓 Сиз ушундай көрүнүшкө туш болгонсузбу?
🔹 «Постчындык» – адамдар объективдүү фактыларга караганда, эмоциялар жана жеке ишенимдеринин негизинде маалыматка ишенген жагдай.

🖋 Бул сөз биринчи жолу 1992 -жылы америкалык драматург Стив Тесич тарабынан колдонулган. Ал эми термин 2016 -жылы гана Brexitтен кийин (Британиянын Европа Биримдигинен чыгышы) кеңири жайылган.

👉Эксперттердин айтымында, Brexit – бул постчындыктын эң көрүнүктүү мисалы, анткени эл чындыкка дал келбеген, эмоцияга таасир эткен «Биз ЕБге күн сайын 50 миллион фунт жөнөтөбүз, келгиле, бул акчаны өзүбүздүн саламаттыкты сактоого жумшайлы!» деген пропагандаларга ишенген. Кийинчерээк Британиянын Финансы министрлиги бул сандарды четке какты.
Ошол эле учурда, эксперттер сандар жана фактылар менен Brexitтин максатка ылайыксыздыгын түшүндүрүшкөн, бирок алар натыйжасыз болуп чыкты.

📖Постчындык доорунда эмоциялар фактыларга караганда адамдарды ишендирүүдө эффективдүү болуп чыгат. Ал эми санариптештирүү жана маалыматтын агымы анын өнүгүшүнө салым кошот. Бул термин англис тилдүү маалымат каражаттарында ушунчалык кеңири колдонула баштагандыктан, 2016-жылы Оксфорд сөздүгүндө «постчындык» сөзү «Жылдын сөзү» наамына татыган.

🤔Постчындыкка кандай мисалдарды келтире аласыз?
✏️Биз кичинекей редакциябыз менен бир күн бою сөз эркиндиги тууралуу пост даярдап жатканбыз. Алгач жөн гана мамлекеттердин маалымат каражаттарын цензуралагандыгы жана Твиттердин Дональд Трампты бөгөттөгөнү жөнүндө кезектеги пост пландаштырылган. Бирок процесс башка жакка бурулуп, биз өзүбүзгө суроолорду бере баштадык. Сөз эркиндиги деген эмне? Мамлекет кепилдеген адамдын укугубу же айткан сөзүң үчүн коопсуз болом деген ички сезимби? Же экөө теңби?

👥Командабыздын жарымы сөз эркиндигинин укуктук аныктамасын айта баштады - адамдын өз оюн эркин билдирүүсү, өз пикирин коргоо жана маалымат таратуу эркиндиги. Бул нерсе мамлекет тарабынан кепилденет, демек, мамлекет гана аны бузуп, цензураны киргизе алат. Цензура бийликтин тик вертикалы бар жерде гана болушу мүмкүн.

🙋Команданын экинчи жарымы сөз эркиндигин "юридикалык" жактан тышкары да бузууга болот деп эсептейт. Мисалы, жумушта жетекчилер жумушчуларга өзүн кандай алып жүрүшү керектигин айтып, айрым темаларды талкуулоого тыюу салышат. Бул деле бийликтин вертикалы, бирок ал мамлекетке тиешелүү эмес. Муну цензура деп атоого болобу? Башка мисалды карап көрөлү. Зордукка кабылган аял зордукчуну жазалоо үчүн өзүнүн окуясын ачыкка чыгаргысы келет, бирок анын чөйрөсү: “Үйдөгү урушту сыртка чыгарба”, - деп тоскоол болот. Бул цензурабы? Цензура болбосо, анда адам маалымат менен бөлүшүү эркиндигин жоготуп жатпайбы.

🤓Бүгүнкү күндө жеке адамды, адамдардын тобун жана ал тургай уюмдарды массалык түрдө айыптоо (кэнсел) маданияты күч алууда. Мунун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. "Айыпталып калуудан" коркуу өзүн-өзү цензуралоого алып келет. Өзүн-өзү цензуралоо цензура эмеспи?

Сөз эркиндиги темасы аябай татаалдашты. Биз бири-бирибизге берип, так жооп таба албаган суроолорубузду эми сизге узатабыз. Бүгүн бизде сөз эркиндиги барбы?
Эркиндик - бул мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүкпү же адамдын ички сезимиби

#сөзэркиндиги
#санарипжашоо
Жүзүң албырып...
Параллель ааламда

Пост же комментарий үчүн акча төлөөгө макулсузбу? 🤔
Сиздин вариант:
"Wi-Fi барбы?" 👀
Кайда гана барбайлы, ушинтип сурайбыз. Албетте, көптөгөн адамдар мобилдик интернетти колдонушат, бирок ноутбукта иштөөгө келгенде, Wi-Fi колдонууну туура көрөбүз. Же смартфондогу мобилдик интернет айрым жерлерде жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн, андыктан кээде Wi-Fiга туташууга туура келет. Аны колдонуу боюнча бир нече кеңешибиз бар👇:

📌Wi-Fi колдонулбаган учурда, аны өчүрүңүз – өзүңүздү коргойсуз, батарея кубатын үнөмдөйсүз. Телефонуңуздагы же планшетиңиздеги Wi-Fi’ га автоматтык тутуашуу мүмкүнчүлүгүн өчүрүп салганыңыз туура.
📌Сырсөз сурабаган, текшерилбеген Wi-Fi байланыштарына ишенбеңиз. Көбүнчө, киберкылмышкерлер ушундай тармактарды колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдоо үчүн колдонушат.
📌Кайда жүрсөңүз дагы – дүкөндө, ресторанда же музейде – дайыма мекеменин кызматкерлеринен тармактын туура атын жана сырсөзүн сурап, анан туташыңыз.
📌Электрондук каттарды ачуу, эсептерге кирүү, онлайн-банк операцияларын жүргүзүү, документтерди же башка жашыруун маалыматтарды жөнөтүү үчүн ачык Wi-Fi колдонбоого аракет кылыңыз. Бардык маанилүү операциялар үйдөн же башка ишенимдүү тармак бар жерде жүргүзүлүшү керек.
📌 Мүмкүн болушунча аккаунттарыңызга эки факторлуу аутентификацияны коюп алыңыз. Бул кадам коопсуздуктун дагы бир катмарын кошот.

😎Эң жакшысы – VPN туташтырып алыңыз.
жизагүл 😎
Эч качан көрүлбөй турган видеону тартпай коюуга эркиңиз жетеби? Мисалы бүгүн 😉

🎉Эгемендүүлүк күнүбүз менен!

#санарипжашоо
Киберкоопсуздук жана санарип укуктар боюнча августтагы башкы жаңылыктар👇

1️⃣Августтун башында француз чалгын кызматтары бир нече журналисттердин телефондорунда Pegasus шпиондук программасынын издерин аныкташкан. Бул 17 ММКнын эл аралык иликтөөсүнүн корутундусун бийликтин биринчи жолу тастыкташы болду. Пегасус - Израилдин террорчуларды көзөмөлдөө программасы, бирок аны бир нече өлкөлөр журналисттерге жана активисттерге каршы колдонушкан. Түзмөктү жуктуруу үчүн телефон ээсинин эч кандай аракети талап кылынбайт, бардыгы алыстан башкарылат. Ошол эле учурда, программа чалууларга, галереяга, байланыштарга мүмкүнчүлүк берет жана камера менен микрофонду башкара алат. Кээ бир өлкөлөр Pegasusту башка мамлекеттердин саясатчыларын аңдуу үчүн кодонушу мүмкүн, мисалы, көзөмөлгө алынган телефон номерлеринин тизмесинин арасында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун номери болгон.

2️⃣Нирвананын легендарлуу Nevermind альбомунун сүрөтүндөгү балакай Нирвана тобун балдар порнографиясын таркатканы жана анын сүрөтүн макулдугусуз колдонгону үчүн сотко берген. Отуз жаштагы Лос-Анжелестин тургуну Спенсер Элден айыпталуучулардын ар биринен жеке сексуалдык мүнөздөгү ачык материалдарды таркатканы жана 18 жашка чейинки коммерциялык сексуалдык аракеттерди мажбурлаганы үчүн 150 миң доллар талап кылып жатат. Баса, ал альбомдон Нирвана тобунун жана студиянын мүчөлөрү азыркыга чейин пайда көрүп келишет. Наристенин сүрөтүн эмодзи менен жапкан ата–энелерге болгон мамилебиз бул окуядан кийин өзгөрүшү шексиз.

3️⃣Беларустун "киберпартизандары" Беларустун Ички иштер министрлигинин көптөгөн базаларына киришти. Августтун башында хакерлер "Беспорядки" маалымат базасынын фрагменттерин коомчулукка көрсөтүшкөн, ал жерде, кыязы, наразылык акциясында кармалгандар тууралуу маалыматтар чогулган. Ал эми айдын аягында Беларустун Тергөө комитетинин кызматкерлеринин маалымат базасын бузуу тууралуу маалымат пайда болду. Буга чейин "киберпартизандар" Лукашенконун жана анын уулдарынын паспорттук маалыматтарын, нааразылык акцияларын басууга катышкан чиновниктер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматтарын жарыялаган. Ошол эле учурда хакерлер маалымат фрагменттерин жарыялоо менен кармалгандардын маалыматтарын жашырышат.

4️⃣Жасалма интеллект кекиртек рагынан аман калган актёр Вэл Килмердин үнүн кайра жаратты. 2014 -жылы актёр трахеотомИя, химиотерапия жана нур терапиясынан өткөн, андан кийин өзү белгилегендей, башкалар анын сүйлөгөн сөзүн дээрлик түшүнбөй башташкан. Килмер оорусун бир нече жыл жашырып, ал тууралуу ушактарды четке кагып келген. 2020 -жылы Килмердин өкүлдөрү актердун үнүн кайра жаратуу үчүн Sonantic үн синтези компаниясы менен байланышкан. Килмердин үнү жасалма интеллектин жана эски пленкалардын жардамы менен кайтарылды.

5️⃣Россияда “Акылдуу добуш берүү” сайтында жана оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен байланышкан башка платформаларда катталган адамдарга полиция көңүл бөлө баштады. Колдонуучулардын маалыматтары 2021 -жылдын июнь айында жалпыга жеткиликтүү болуп калган. Биринчи мындай учурлар тууралуу OVD-Инфонун журналисттери 17-августта кабарлашкан. Кээ бир учурларда полиция адамдардан жеке маалыматтарды мыйзамсыз берүү боюнча Алексей Навальныйга каршы арыз жазууну суранган.

6️⃣Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 100дөн ашуун саясатчылардын жана активисттердин телефондорун тыңшады. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Facebook баракчасында өзү жана башка 100гө жакын активисттер, оппозициялык саясатчылар жана укук коргоочулар соттун уруксаты менен Ички иштер министрлиги тарабынан тыңшалганын билдирди.
«Сот актысына ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А.Жумабаевдин чечими негиз болгон, анда ал соттон телефондорду тыңшоого уруксат берүүнү суранган жана сотко чейинки өндүрүштүн жүргүзүлүп жаткандыгын жүйө келтирген. Клара Сооронкулованын айтымында, октябрь окуясына эч кандай тиешеси жоктор да "тыңшалган" тизмеде болгон: алар адвокат Нурбек Токтакунов, юристтер Сания Токтогазиева жана Таттыбүбү Эргешбаева.
👀 Эгерде мессенджерде жашыра турган нерсеңиз бар болсо (😎 бар экени шексиз), анда бул пост сиз үчүн. 👇

Telegram’да “Жашыруун чат” функциясы бар экенин билчү белеңиз? Анда билдирүүлөр шифрленет, алар кайра жөнөтүлбөйт жана таймер менен өчүрүлөт.

Жашыруун чаттын өзгөчөлүгү эмнеде

🔸Эгер жашыруун чатта маектешиңиз скриншот тартып алса, сизге бул тууралуу билдирүү келет.
🔸Эгер аккаунтуңуздан чыгып кетип, чатты жаппай калсаңыз, ал автоматтык түрдө өчүрүлөт.
🔸Ал жаратылган түзмөктө гана жеткиликтүү жана башка жерден ага кирүүгө болбойт.
🔸Бир колдонуучу менен чексиз сандагы жашыруун чаттарды түзө аласыз.
🔸Билдирүүнү же бардык кат алышууларды жок кыла турган убакытты белгилей аласыз. Сиз койгон өчүрүлө турчу мөөнөттө алар эки түзмөктө тең жок болуп кетет.
🔸Эгер сиз чаттан билдирүүнү же сүрөттү өчүрсөңүз, ал маектештин чатынан да өчүрүлөт.
🔸 Жашыруун чаттан келген билдирүүнү эч жакка жөнөтүү мүмкүн эмес.
🔸Телефондо гана иштейт. Веб-интерфейс (компьютер) аркылуу баарлашуу мүмкүн эмес.
🔸Бардык маалыматтар сиздин түзмөктө жана маектештин телефонунда гана сакталат. Тиркеменин жаратуучулары буга кепилдик беришет.

🤔 Сиз кайсы мессенджерди көп колдоносуз?